Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жалмалоо. Ак мамаңды аймалап, Эмдим эле, энеке (Турусбеков).
2. Жыттагылап өпкүлөө. Чоң эне... кагылып-согулуп небересин аймалады (Сыдыкбеков).
3. өт. Илеби урунуу, тийүү. Бетти, колду бирде жылуу, бирде салкын жел аймалайт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
хватать ртом;
баласы эмчегин аймалап эмип жатат ребёнок сосёт, жадно хватая ртом её грудь;
ак мамаңды аймалап, эмдим эле, энеке стих. я, маменька, полным ртом сосала твою грудь;
жел анын беттерин аймалап, чачтарын сеңселтет ветер, овевая его лицо, треплет волосы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эриндер менен, тил менен жалмалоо. Ак мамаңды аймалап, Эмдим эле энеке (Турусбеков). Аймалап жыттап жүрөйүн, Ай сайын эмес, күнүнө (Үмөталиев). 2. Жыттагылап өпкүлөө. Чоң эне кагылып-согулуп небересин аймалады (Сыдыкбеков). 3. өт. Илеби урунуп, тийип кеткен абал (шамалга, желге карата). Бетти-колду бирде жылуу, бирде салкын жел аймалайт (Сыдыкбеков). Суук шамал Касейиндин беттерин каарып, колдорун аймалайт (Сыдыкбеков).