АЙКАЙ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 айгай менен бирдей. Каптал жактан чыккан тааныш үн айкай салып отуруп, үрккөн жылкынын алдын торой чыкты (Айтматов). Айкай салып «Алгалап!», Баягы эле барганындай ал барат (Эралиев).
АЙКАЙЛА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 айгайла менен бирдей. Кулак тунат калмактын Айкайлаган чуусуна («Манас»).