Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күндүн чагылышкан нуру менен жарык болуп туруучу асман телосу, Жердин жандоочусу. Ай чачырап, жылдыз көп, Ажайып сонун турмуш көп («Олжобай менен Кишимжан»). Америкалык астронавт дүйнөдө биринчи болуп Айга барып конгон. Күн да болуп, Ай да болуп асманда, Жаркыраган рухун бизге чачар да (Акматалиев). 2. Айдын Жерди айланып чыгышында жаңыдан көрүнүп, толуп, кайра жоголгон мезгилдерге кеткен убакытты эсептөө бирдиги; жылдын он экиден бир бөлүгүн көрсөткөн чак, календарь боюнча 28–31 күндөн турган убакыт, мезгил өлчөмү. Март айында кош чыгып, Чүй өрөөнүндө жазгы талаа жумуштары кызый баштады. 3. Жалпы эле бир айлык (30 күнчөлүк) убакыт бирдиги. Бир ай жатты айлында, Кыз ала турган кайнында («Олжобай менен Кишимжан»). Ай бою кылган ишинин эсебин чыгарды (Мавлянов).