Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акыл айтып башкарар, «кой, ай» деп теске салар, жол көрсөтүп, тарбиялар кишиси жок. Ай дээр ажа, кой дээр кожо жок болсо, балдардын кылары ошол да. В.: Ай дээр ана, кой дээр кожо жок. Адам, ээй, бул кандай? Ай дечү ана, кой дечү кожо жокпу бу айылда? – дешип редакциядагылар таң калып жатышкан (Егиналиев). Ай дээр адам, кой дээр коңшу жок. Айла канча ай дээр адам, кой дээр коңшу жок (Бөлөкбаев).