Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБА — эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Чоң казатта Чубак ыргыта сайган кытай баатыры Канжарколду атка мингизип алып кетмекчи болгондо, Ажыбай А-дан мурун жетип Канжарколдун башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 192).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБАЛТА — согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6—9-кылымдан бери белгилүү.


Эпосто А. темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» А. дал ошондой курал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Колго багылган жана жапайы (көбүнчө жырткыч) сүт эмүүчү жаныбарлар. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»). Айбан эңкейсе, жер үрпөйөт (макал). Айбан аласы сыртында, адам аласы ичинде (макал).
2. өт. Адамгерчилиги жок, мүнөзү жаман, орой; ырайымсыз, таш боор. Айбан эмей эмне, Адамчылык кылбаса (Тоголок Молдо). Теңир урган Чонтойдун Жоругу айбан малда жок (Тоголок Молдо).
АЙБАН II зат. 1. Үйгө жанаштыра салынган, көбүнчө калканчы бар аянтча, секиче, бастырма. Токтор менен Култай айбанда отурган эле (Абдукаримов).
2. Калканч. Башында айбаны тар шапке (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бакма жана жапайы жашаган төрт аяктуу жаныбарлардын жалпы аты. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»), Кабылан, жолборс, карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). Үй айбандары. Жапайы айбандар. 2. өт. Мүнөзү жаман, адамгерчилиги жок, орой, ырайымсыз, наадан (кишиге карата). Айбандын ойрон кылып жаткан жайын, Берлинге улам жакын калган сайын (Осмонов). Жеткен айбан экенсиң го («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБАНБОЗ — Айкожонун тулпары. Валиханов жазып алган эпизодбоюнча Көкөтөйдүн ашында «Айбанбоздой күлүк ат» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 78-б.) алып келип чапсын деп айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБАНБОЗ — Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактардын соңунан кууп келген кытайларга каршы согушка А-ду минип кирүүгө мажбур болот. А. Манасты көтөрө албай Коңурбайдын көп колунун курчоосунда калат. Эпосто бул мотив аркылуу А-дун тулпарлык касиетинин начардыгы, Манасты Аккула менен Тайбуурулдан башка ат көтөрө албастыгы көрсөтүлгөн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Айбанга тиешелүү касиет, сапат. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың! («Эр Табылды»).
2.өт. Адамгерчиликке сыйбагандык, адамгерчилиги жоктук, жырткычтык. Көрдүңөрбү, агалар, Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айбанга таандык сапаттар, касиеттер. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың («Эр Табылды»). 2. Адамкерчилиги жоктук, наадандык. Көрдүңөрбү, агалар? Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»). Өлөрүн өзү билбеген Айбандык жайы дагы бар («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. что-либо не очень ценное, до известной степени заменяющее собой другое; что-либо могущее служить кое-какой опорой или острасткой (напр. хворостина вместо дубинки, перочинный нож вместо кинжала и т.п.);
жаман да болсо айбары бар у него всё-таки кое-какая опора есть;
кичине айбар кылып алайын (это) возьму я себе в качестве маленькой опоры (или защиты, или для острастки);
2. перен. острастка; угроза.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айбат, сүр. Жүзүндө айбары бар. Бактын бутактарын уй айдагандар чыбык, атка мингендер айбар кылыш үчүн сындыра беришет («Чалкан»). 2. Жөлөк калканч, жардамчы. Алы жокко айбар бол, Ашы жокко айран бол (Арстанбек).

Киргизско-русский словарь Юдахина
суровость, грозный вид; ярость;
доңуз айбат или чочко айбат показная храбрость.
айбаттан- иметь грозный, суровый вид; выглядеть гроза-грозой; разъяриться;
айбаттанып күркүрөп, кезене чапты Алакең фольк. разъярившись, (богатырь) Алаке (Алмамбет) яростно ринулся прямо (на врага);
айбаттанып көрүнсө казылган терең көргө окшоп фольк. если (богатырь) покажется в своём грозном виде, он подобен глубоко вырытой могиле.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кайрат, каар, сүр. Өзүбүз айбат кылбасак, Ким бизди кимден коргомок (Турусбеков). Арстан Манас баатыры Айбатын салып айкырып («Манас»). Алмамбет келип калыптыр Айбаты алгыр жолборстой («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн кол салышына, өкүмдүк, зордук кылышына каршы көрсөтүлгөн кайрат, каршылык. Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө, Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Айбаты бар жигиттин, Атагы калат артында (Токтогул). Доңуз айбат к. доңуз.