Киргизско-русский словарь Юдахина
же I
довольно!, будет!;
же, токтот! довольно, останови!;
же, жетишет! будет, хватит!;
же, эми болду! ну, довольно!, ну, перестань!;
же-же! довольно, довольно!;
жеби? довольно?
же II
то же, что жээ I 2;
в отриц. обороте ни;
же төгүнбү? разве неправда?
же ары эмес, же бери эмес ни туда ни сюда; ни тпру ни ну;
же чок эмес, же жок эмес ни рыба ни мясо (букв. ни уголья горящие, ни ничто).
же- III
есть, кушать, вкушать;
тамак же- принимать пищу;
албаны аким жеди, таякты жетим жеди погов. халву съел правитель, а побит был сирота; в чужом пиру похмелье;
өлө жегенче, бөлө же погов. чем есть до смерти (обжираться), лучше ешь, делясь (с другими);
мен Сыргагымды жеп алдым своего Сыргака (богатыря) я загубил (я явился причиной его гибели);
Алооке катуу сүйлөнүп, жеп ийчүдөй күүлөнүп фольк. Алооке грубо вдруг заговорил, изготовился, будто сожрать собрался;
кул жебес или күң жебес лакомый кусочек (то, что не давалось рабу, рабыне);
акча же- присвоить деньги, совершить растрату;
акымды жеп кетти он меня обсчитал; он мне не отдал принадлежащего мне по праву;
муш же- получить удар кулаком; быть побитым;
жара же- получить ранение, быть раненным;
найза же- или айза же- получить удар копьём, быть раненным копьём;
көп айза жеп өлбөдүм фольк. я много раз был ранен копьём, но не умер;
таяк же- быть побитым палкой; быть побитым;
жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же погов. чем выслушивать брань от дурного, лучше быть побитым хорошим;
сокку же- получить ответный удар, получить отпор;
суук же- мёрзнуть (о ком-л.);
кулак мээмди жебей, тынч коёсуңбу? ты перестанешь мне жужжать в уши, оставишь меня в покое?
суу жеп кетти вода размыла (напр. берег);
суу жеген арык размытый арык;
кам же- проявлять заботу, заботиться;
убайым же- беспокоиться, тревожиться, опасаться чего-л.;
эч бир убайым жебей, барып тынч алгыла вы ничего не бойтесь, идите и успокойтесь;
жапа же- или жапаа же- см. жапаа 1;
баш (ын, -ыңды и т.д.) же- см. баш;
жеп салды! караул! убивают!;
ит жегир! чтоб тебя собака съела! (напр. о плохой или не дающейся в руки пище);
ий, ит жегирдин көмөчү! (из сказки) эх, чтоб тебе неладно было, колобок!;
бок же- см. бок;
ичип-жеп жиберди см. ич- III.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I жээ менен бирдей.
ЖЕ II байл. Сүйлөм мүчөлөрүн жана татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштыруучу божомолдогуч байламта.
ЖЕ III этиш. 1. Тамактануу, тамак ичүү, тамагы үчүн пайдалануу. Тамак же. Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла (макал).
  1. 2.           Башка бирөөнүн акысын, башкага, көпчүлүккө таандык болгон мүлктү өз пайдасына жумшап, сиңирип кетүү. Акымды жеп кетти. Кудайдан коркушса, сенин эмгегиңди жешпес (Аалы). Күндө жейсиң айыптап, Бүтүн журттун баарысын (Токтогул).
  2. 3.           Жемирип кетүү, кемитип, кемтик кылып кетүү, оюп кетүү, алып кетүү. Суу жеп кетти. Сатар менен Абаз кыян жеген аңдан өтө албай буйдала түшүштү (Таштемиров). Колумду акиташ жеп кетти.

¨ Кулак-мээни жейт к. мээ. Кам жеш к. кам I.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
же I
союз
1. противит. ал эми, болсо, ал... болсо;
он остаётся, я же уезжаю ал калат, мен болсо кетемин;
2. присоед. болсо;
с тех пор как я его знаю, знаю же я его с детства, я не переставал дружить с ним мен аны билгенден бери, аны болсо мен бала чагымдан бери билемин, мен аны менен достук байланышымды үзгөн жокмун;
всё же ошондой болсо да;
всё же мне не хочется идти ошондой болсо да, менин баргым келбей турат.
же II
частица
1. усил. деги, -саңчы, эмес беле (-м, -н и т.д.), ай, да, экен го (сөздүн маанисин күчөтөт);
когда же вы будете готовы? силер деги качан даяр болосуңар?;
пойдём же! жүрсөңчү деги!;
уходи же! кетсеңчи деги!;
ну и хитёр же ты! ай, куу экенсиң да сен!;
мы поёдем сегодня же биз бүгүн эле барабыз;
ведь выдумал же ты! сенин ойлоп тапканың ай!;
есть же такие счастливцы! ушундай да бактылуулар болот экен го!;
2. (при указании тождества) эле;
тот же ошол эле;
такой же ошондой эле;
на той же странице ошол эле бетте.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамак ичүү, тамактануу, тамагы үчүн пайдалануу, азыктануу, оттоо. Барпы муздак эт менен нан жеп жатып алды (Байтемиров). Карды тээп, тулаң жеп кара кырда жылкысы (Үмөталиев). Бирөөнүн тоогун жесең каз байла (макал). Боорсок, эт алып келдим, кыздарың менен жегин (Сасыкбаев). 2. өт. Башка бирөөнүн акысын же башкаларга, көпчүлүккө таандык болгон мүлктү, акчаны ж. б. кыянаттык менен ач көздүк кылып өз пайдасына жумшоо, өз кызыкчылыгы үчүн каражаттоо менен зыян келтирүү. Басып жеген калкымды, Бай-манаптар куулду (Бөкөнбаев). Белектин жеп-ичкени жүз миң сомго жакындап барат имиш (Жантөшев) 3. Башкалардан акча, мүлк ж. б. алуу. Сенден кара байлап, калың жеп, Катарлап ат-төө жетелеп (Үсөнбаев). 4. Суу алып кетүү, жемирип, жырып кетүү, оюп жар кылып кетүү. Сатар менен Абаз кыян жеген аңдан өтө албай, бир азыраак буйдала түшүштү (Таштемиров). 5. Кандайдыр бир соккуга учуроо, бир нерсе тийүү, урунуу. Таяк жеп, кордук көргөн жигит кантип, Унутат жонундагы камчы тагын (Үмөталиев). Жөн жүрбөгөн жигиттер, Көрүнгөндөн тепки жейт (Токтогул). Мен акырегиме бычак жеген экенмин (Абдукаримов). 6. Кириптер болуу, дуушар болуу. Караңгы тамда кайгы жеп, Ойлосом күйөм от болуп (Токтогул). Камыгып, кайгы басып, убайым жеп, Ким тартты кара күндү сенден артык (Элебаев). 7. Нааразылык билдирүү, тилдөө, жекирүү, каргап-шилөө, коркутуу, жаман көрүү иретинде айтылган сөз тизмектеринде колдонулат. Ой ырысыңды, жегир! Сен качанкы Акмансың(Сыдыкбеков). Нээти жаман ач түлкү, Бизди жебей, жегин таш (Осмонов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аягына чейин абдан так бүтпөй, бир жаңсыл болбой, орто жерде, илең-салаң, ара бек болуп турган ишке ж.б карата колдонулат. Акыры үй ээсинин чыдамы жептей буркан-шаркандады! - Же ары эмес, же бери эмес, кайда, силердин көкөлөткөн куйөө балаңар! Анын Айылчы агасы не ыңгыранат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аягына чейин абдан так бүтпөй, бир жаңсыл болбой, орто жерде, илең-салаң, арабөк болуп турган ишке ж. б. карата колдонулат. Акыры үй ээсинин чыдамы жетпей буркан-шаркандады! – Же ары эмес, же бери эмес, кайда силердин көкөлөткөн күйөө балаңар! Анын Айылчы агасы не ыңгыранат (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стрела;
жаа менен жебе лук и стрела;
сыр жебе менен койгулап, далайын шондо кырды эми фольк. он там многих уничтожил, пуская то и дело гладкие стрелы;
ал, аңгыча болбостон, жебеден мурун жетти эми фольк. не успели оглянуться, как он нагнал быстрее стрелы;
жебедей созулуп вытянувшись как стрела;
2. (также южн. жебе мылтык) лук (оружие);
жебенин огу стрела;
жебенин огун аткандай фольк. (так быстро) будто стрелу пустили;
жебе тарт- натянуть лук; пустить стрелу;
3. наконечник, жало стрелы;
сааттын жебеси стрелка часов;
кетмендин жебеси остриё и вся плоская часть кетменя (за исключением обуха).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жаа. Жебе тарт. Алтын жаак сыр жебе («Эр Төштүк»).
2. Жаанын огу. Чопкутту тешип өтө албай жебе жерге түштү («Советтик Кыргызстан»). Искендер хандын жебеси тешип өткөн калкандын тешигинен балбылдап күйгөн беш жашыл ташты көрдү (Баялинов).
¨ Кетмендин жебеси — кетмендин мизинен тартып бардык жалпак жайыгы, жалкыны.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕБЕ — жаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шилби, кайыңга окшогон ийилчээк катуу жыгачтан жасалган. Тийген жерине кирип кетиши үчүн Ж-нин учуна кийгизген металлды (коло, жез, коргошун, темир) колок же кыма дешкен. Ал ар кандай формада жасалып, эки, үч же төрт кыр чыгарылып, тийген нерсеге сайылып же тешип өтүүгө ылайыктанат. Жасалгалуу формасына жараша «бөрү тил» Ж., ышкырык Ж. болуп бөлүнөт. Согуштук беттешүүлөрдө Ж-нин учуна айрыкча көңүл бурулган. Ж-нын кологу менен сабынын кошулган жери бири-бирине сайылып кийгизилгенден кийин желим менен жабыштырылган же тарамыш менен кылдат чырмалып бекемделген. Кээде ушул кошулган жерге атайын көзөнөктөрү бар томпок, ичи көңдөй шакекче кийгизилип коюлган. Ж. атылганда ал абага урунуп «ышкырык» үн чыгарган. Мындай Ж-лер жоокерлердин бири-бирине кабар берүүдө, чабуулга өтүүдө, жыйналууда жана чегинүүдө белги катары колдонулган. Чабуул учурунда жабыла атылганда Ж-лерден пайда болгон ышкырык душмандын үрөйүн учуруп, шаштысын кетирген. Кээде бийлик ээлеринин Ж-синин кологу алтындан же күмүштөн жасалган. Аны бир эл менен экинчи элдин ортосундагы мамилени оңдоодо же бузууда «бийликтин символу» катары пайдаланышкан. Бул Ж-ни алган тарап же багынууга же касташууга мажбур болгон. Ж. үй-бүлөлүк турмушта да колдонулган. Асманга атылган 2К. кайсы жерге түшсө ошол жерге кыздын үйүн тигүү салты да болгон. «Манас» эпосунда Ж. жоо куралы катары кеңири баяндалган.
К. Айдаркулов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаанын огу. Көпчүлүк учурда сыр жебе түрүндө сыпаттамасы кошо айтылат. Сыр жебе жаанын огунун жылмаланган абалын туюнтат. Алеңгир жаа, сыр жебе («Манас» С. О.). Алеңгир жаа, сыр жебе, Кошо тартат Чынкожо («Семетей»). Жебе зуулдап жетүүчү, Токсонун тешип өтүүчү («Сейтек»). 2. Жаа. Бугунун сөөгүн тилдирип, Жебеге кере тарттырып («Семетей»). Жай күнү төккөн мөндүрдөй, Жаадырган огун жебенин (Бөкөнбаев). 3. Жаа огунун учундагы учтуу темири. 4. Өлчөгүч, ченегич, көрсөткүч буюм, аспаптардагы керектүү сан, белгилерди көрсөткүч (мисалы, саатта, таразада ж. б.). Сааттардын жебелери тирелип, Жаңы гана он экиде турганда (Токомбаев). 60 грамм эт салынгандыгын таразанын адилеттүү жебеси көргөзүп турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч-дем берүү. 2. Сылап-сыйпап тартипке келтирүү (атты). 2. Бапестеп багуу, ардактап күтүү, дайым көңүл буруу. 4. Иреттөө, ирети менен иштөө, тартипке келтирүү. Камчы салып жебелеп («Манас» С. О.). 5. Өзгөчө көңүл коюп, дыкаттык менен иш бүтүрүү. 6. Артынан сая түшүү, аягына чыгаруу. Жетимдердин баарысын, Жебелеп багып өстүрдү («Манас» С.О).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көчкөндө же кыз бергенде жүктөр жүктөлүүчү малга (атка, төөгө) жабылган үртүктүн, жасалгалуу жабуунун кооздолгон түймөлүү узун чачыктары. Миңден-миңден жылкы алып, Жебилгеси жер чийип, Жетик кылды Сарыбай («Эр Төштүк»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз мааниси боюнча да, чыгыш теги боюнча да бежире сөзүнө уңгулаш. Алардын б жана ж тыбыштары орундарын алмашып, жайгашуудан бирдей маанидеги бежире жана жебире сөздөрү жаралган. Булардын алгачкысы бежире түрү дешке болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар. рел.
архангел Гавриил (встречается и в значении Азирейил ангел смерти);
Жебирейил - жан тарткыч Гавриил - вытягиватель души;
Жебирейил жалаңкыч берущий душу Гавриил, ангел смерти Гавриил;
Жебирейил жалаңкыч беттеп каршы келгенде фольк. когда ангел смерти Гавриил станет лицом к лицу (с кем-л.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакасы жок, төштөн өйдөрөөк топчуланган карылар кийчү көйнөк. Оодарып кийди жегдесин, Кылычты тартып кынынан («Эл адабияты»). Ал жегде көйнөктүн сыртынан көк чыт чапан кийген, башында төбөлүү тепчиме ак топу, эти качкан субагай жүзүн бырыш баскан (Токтоналиев)

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерседен кооптонгондой, сары санаа болуп тынчы кетүү, санаасы тынбай бушайман боло берүү, санааркап айласы кетүү. Байкуш Сабира күнү бүгүнгө чейин жегени желим, ичкени ирим болуп кан-какшап жүргөн имиш (Абдукаримов). Ыр тараса, Эрмекбай как баштын жегени желим, ичкени ирим болор (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерседен кооптонгондой, сары санаа болуп тынчы кетүү, санаасы тынбай бушайман боло берүү, санааркап айласы кетүү. Байкуш Сабира күнү бүгүнгө чейин жегени желим, ичкени ирим болуп канкакшап жүргөн имиш (Абдукаримов). Ыр тараса, Эрмекбай как баштын жегени желим, ичкени ирим болор (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от же- III,
то же, что жедир-;
короодон малды сойдурбай, Кожожаш этти жегизген фольк. (охотник) Коджоджаш кормил мясом, не допуская, чтобы резали скот из загона;
таяк жегиз- побить палкой; побить;
иттин этин жегизип, иттин терисин кийгизип (или башына каптап) всячески изругав, нанеся ужасные оскорбления, подвергнув невероятным издевательствам (букв. накормив собачьим мясом, одев в собачью шкуру или собачью шкуру на голову ему напялив).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Соргок, тамакты көп жеген. Өтө жегич, соргок көрүнөт. Бул жигит жегич көрүнөт.
2. өт. Шылуун, паракор, бирөөнүн акысын, көпчүлүккө таандык болгон мүлктү өз пайдасына жумшаганды жакшы көргөн, арам тамак. Жегичтерге убал жок (Тоголок Молдо). Пайда жегич кишиге, Малыңды берип саттырба (Осмонкул). Багыңды ачып, малайлар, Ленин тапты акылды. Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1; Соргок, тамакты көп жеген. Өтө жегич, соргок көрүнөт. 2. өт. Шылуун, паракор, бирөөнүн акысын, көпчүлүккө таандык болгон мүлктү өз пайдасына жумшаган арам тамак, алдым-жуттум. Жегичтерге убал жок (Тоголок Молдо). Пайда жегич кишиге, Малыңды берип саттырба (Осмонкул). Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеп-ичкенди, көп ичкенди жакшы көргөндүк. 2. өт. Шылуундук, паракорлук, алдым-жуттум жагына берилгендик, башканын, көпчүлүктүн мүлкүн, байлыгын өз пайдасы үчүн жумшагандык. Жегичтиги белгилүү болду. Жегичтиктин азабын тартуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: жедеп очень, в высшей степени; совсем;
жедеп маш болгон он здорово наловчился, здорово напрактиковался;
кесибине жедеп машыгып, тыныккан ишмер киши человек, полностью постигший своё ремесло, знаток своего дела;
жедеп тил уга берип, кулагы чой болгон он так много выслушивал брани, что она на него (уже) не действует;
жедеп киши катарынан чыгыптыр он совершенно потерял авторитет (потерял власть и т.п.).

Словарь переводов пользователей Эл-Создук
сыйкырчы, дүгөй, жайчы.
"Жаду" - "сыйкыр, дуба", "гөр" - сөз жасоочу куранды, "-чы" маанисинде.

Атаң көрү, эр деп ушуну айт, акылдуу десең кеменгер, каардуу десең жедигер, өзүм деген кишиге, үйрүлүп түшөт үстүнө деген атка ким конгусу келбесин. Чыңгыз
Хусаин Карасаевдин - "Камус Наама" сөздүгүнөн алынды.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕДИГЕР — этноним. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз урууларынын бири катары учурайт: «Кыргыз уулу бу дагы, Улугу Багыш Жедигер» (Сагымбай Орозбаков, 3. 53). Сагымбай Орозбак уулу айткан варианттагы айрым саптарга («Казак, кыргыз, катаган, Жедигер, нойгут, думара Баарыбыз бир атадан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 53) жана тектеш элдердин санжыра маалыматтарына караганда Ж. түрк элдеринде алгачкы пайда болгон ири урууга кирет. «Мажму аттаврихте» Ж-лер отузуулдун ичиндеги уруу деп айтылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от же- III
1. заставить есть; кормить;
2. то же, что ашат- II 1;
3. (в играх) поддать (фигуру, пешку);
акысын жедир- дать себя обсчитать; не получить или недополучить того, что причитается;
акысын жедирди его обсчитали; ему недодали следуемого;
кишиге акысын жедирбейт он своего не упустит; он не позволит, чтобы ему не отдали или недодали следуемого;
калың жедир- допустить, чтобы взяли калым;
Карачач, атасына калың жедирбей, Жээренче чечендин уулуна барганы жатыптыр Карачач собирается выйти замуж за сына Джээренче чечен'а (см.) без уплаты калыма (букв. без того, чтобы её отец взял калым);
той жедир- см. той I.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. медь, латунь; жесть;
жез най медная флейта;
2. (в эпосе) украшение, отделка на дорогой одежде;
жакасы алтын, жеңи жез фольк. воротник золотой, на рукавах жез;
жездей (о лице) пожелтевший, испитой;
санааркап, бир жай жездей болуп, өңүнөн азып жүрдү горюя, он одно лето был пожелтевшим, спавшим с лица;
жездей саргарып, өңүнөн азып пожелтев как медь и исхудав лицом;
жез бура- см. бура- I 1;
жез-кемпир то же, что жез тумшук (см. тумшук);
жез тырмак см. тырмак.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«жез 1. медь, латунь; жесть; жез най медная флейта; 2. (в эпосе) украшение, отделка на дорогой одежде; жакасы алтын, жеңи жез фольк. воротник золотой, на рукавах жез; өӊү жездей (о лице) пожелтевший, испитой; санааркап, бир жай жездей болуп, өңүнөн азып жүрдү горюя, он одно лето был пожелтевшим, спавшим с лица; жездей саргарып, өңүнөн азып пожелтев как медь и исхудав лицом» (Юдахин 1965:243). Монгол тилдеринен да кездешүүчү бул сөз орус тилине жесть «листовое железо, покрытое тонким слоем олова» болуп өткөн (Фасмер).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү, камчы), салттуу буюмдарга (ала бакан, жагдан, сандык), ашкана буюмдары (чыны кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк) жана башкалардын беттерине чаап, шөкөттөөдө жез арбын колдонулат.
      Сары жез — таза жез. Күмүштөй чоюлуп, бирдемелерге пайдаланууга ийкемдүү келет. Үзөңгүнү туюк куюуга да жез бирден-бир жердик катары тандалат. Илгерки самоор, чылапчын, чайнек сары жезден болгон да, аны эритип, уютуп алып, күмүштөй чайкоого (темирди жабуу) жана жалатууга да өтө ийкемдүү келген. Жез бат эрийт, бат муздайт. Мисалы, бир тегерекче жасап туруп , сары жез чоюлуп сынбайт, коло сынып кетет.
      Чеберлердин үзөңгүнү такай сары жезден уютуп жатышы — таза жездин нарктуулугу. Муну эритүүнүн табын усталар билет. Алсак, «жез өзү эле эмне болуп баратканын шыбырап турат». Жез эрий баштаганда жашыл түтүн чыгат. Бул заттын чала эригенин баамдатат. Ал даана эриген кезде анын үстү ак күлгө (карагайдын күлүнө) окшошот. Мына ошол тапта «чий көбүгүн» (үстүндөгү ыпласын) алат. Ошондон кийин кайра ак күл чыгат. Мына ошол боюнча ысык калыпка куят. Эгер калып муздак болсо, эритинди бытыроондой чачырайт.
      Сары жез азыр шартка байланыштуу күмүштү алмаштырууда. Өтүмдүү жана иштетүүгө ийкемдүү аны салттуу, нарктуу, алгылыктуу жердик катары карайбыз жана баалайбыз. Жез күмүштөй жашыбайт, эрийт, чоюлат. Аздыр-көптүр анын касиетин сактайт. Бул «күмүштү кармоочулар жезди да так ошондой даражада кармоого болот» — деген ишенимди берет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кызгылтым сары түстөгү металл. Алтын, күмүш, жез, калай, Түрдүү нефти кенге бай (Калык). 2. Мылтыктын ок-дары салынбаган патрону, гильза. Мусабек мылтыгынын жезине дары салды (Сасыкбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЗБИЛЕК — эпизоддук кейипкер. Курама вариантыда Семетей Букардан Таласка көчүп келгенде Кожонун кызы Ж. Каныкей, Чыйырды менен кубанып, ыйлап көрүшкөнү, Семетейдин ордосун тигишкени айтылат (Курама варианты, «Семетей», 124—125).

Киргизско-русский словарь Юдахина
зять (по отношению ко всем родственникам и родичам жены, если они младше; ср. күйөө);
эжеңди бергин Дарбазга жезде кылып аласың фольк. отдай свою старшую сестру за Дарбаза и сделай его своим зятем;
эсиң болсо, эстеп бил: энеңдин сиңдисинин жездеси ким? загадка если у тебя есть ум, подумай и узнай: кто будет у тебя зятем младшей сестры твоей матери? (отгадка атасы её отец).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЗИТ (арабча язид) — ислам дининдеги төртүнчү халиф Алинин баласы имам Хусейинди Йрандын Кербала чөлүндө өлтүрткөн Шам (Дамаск) шаарынын акими. Ошондон улам өтмө мааниде, залим, канкор деген мааниде кеңири таралып бизге чейин жеткен. Эпостогу «Жете албай жүргөн жезит бар» деген сапта ушул мааниде айтылат. Бул термин турмушта жок жаныбарлардын катарында да саналат: «Алайман, жезит дагы бар, Тумшугу жез киши бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Арамза, жек көрүмчү, бузуку. Кээде турмушта жок, пери түрүндөгү өзүнчө эл маанисинде. Жексендеп жерге жапшырдык, Желмогуз душман жезитти (Бөкөнбаев). Жезит чалдын тукумун, Бир жолу үзүп койгун дейт («Семетей»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жомоктордо айтылуучу тырмактарынын, тумшугунун учу жез, сыйкырдуу, мыкаачы кемпир деген мааниде. Кээде жез кемпирлер укмуштуу сүрөттөлгөндө, абдан коркор элек (Шүкүрбеков). 2. өт. Колунан жакшылык келбеген, абдан катаал, ырайымсыз, митайым, шум (көбүнчө кемпирлерге, аялдарга карата). Ал жез кемпирден сен эмне жакшылык кутуп жүрөсүң? - деп, эжем мени жекирип, колдон алып жетелеп кетти («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жомоктордо айтылуучу тырмактарынын, тумшугунун учу жез, сыйкырдуу, мыкаачы кемпир деген мааниде. Кээде жез кемпирлер укмуштуу сүрөттөлгөндө, абдан коркор элек (Шүкүрбеков). 2. өт. Колунан жакшылык келбеген, абдан катаал, ырайымсыз, митайым, шум (негизинен аялдарга карата). Ал жез кемпирден сен эмне жакшылык күтүп жүрөсүң? – деп, эжем мени жекирип, колдон алып жетелеп кетти («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө жаандан кийин асманда күн нурунун чагылышуусунан пайда болуп, ар түрдүү түстө ийилген жаа мисалдуу көрүнгөн нур тилкелери. Кичине күндүн көзү бүркөлгөндө, Көрүндү жез кемпирдин кош желеси (Шимеев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. ист. жезл (бийликтин, атактуу абалдын белгиси болгон кооздолгон таяк);
фельдмаршальский жезл фельдмаршалдык жезл;
2. ж.-д. жезл (поезддин жүрүшүн жөнгө салып туруучу автоматтуу прибордун металл өзөгү);
3. геол. жезл (жердин бетин так өлчөө үчүн кол донулуучу прибор).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кийим тигүү, сайма саюу жагынан устат, чебер, колунан көөрү төгүлгөн уз, ишмер (аялдарга карата). Жез оймоктун ыктуусу, Ургаачынын мыктысы («Эр Төштүк»). Жез оймок аял өзү эле, Сарамжал менен үй кармап, Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Ыбырай тек-жайын айтып отурса, өзүнчө узун сабак, энеси жез оймок, сөзмөр эле (Ашымбаев). Жез оймоктун ыктуусу, Ургаачынын мыктысы («Эр Төштүк»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кийим тигүү, сайма саюу ж.б. иштерди аткарууну мыкты билген уз, абдан устат, иштүү. Ыбырай тек-жайын айтып отурса, өзунчө узун сабак, энеси жез оймок, сөзмөр эле (Ашымбаев). Жез оймок аял өзү эле Сарамжал менен үй кармап Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Жез оймоктун ыктуусу, Ургачынын мыктысы («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөзгө чебер, жеткен чечен, мыкты акын. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Токомбаев). Алтын жаак, жез таңдай, Ырчы болгон экенсиң (Токтогул). – Кана, жез таңдай! Баккоргонду мактоочу кезиң келди го, эми? (Осмоналиев). Музооке аке, «кылды тырмап мал тапкан, сөзү менен жан баккан» өнөрлүү жез таңдай эле (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сөзгө чебер, чечен, акындыгы жетик. Алтын жаак, жез таңдай Ырчы болгон экенсиң (Токтогул). - Кана, жез таңдай! Баккоргонду мактоочу кезиң келди го, эми? (Осмоналиев). Музооке аке, «кылды тырмап мал тапкан, сөзү менен жан баккан» өнөрлүү жез таңдай эле (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жомоктордо тумшугу, тырмактары жез, көбүнчө сулуу аял кебетесинде кубулуп көрүнгөн, кулак тундурган ачуу чаңырыгы бар деп айтылуучу укмуштуу жан. Мергенчи мылтыгын алып, карагайдын башында аңдып отурса, жез тумшук келип, чаңырып дөңгөчтү басып калат (Сыдыкбеков). 2. өт. Ырайымсыз, канкор, мыкаачы. Фашист деген - кан тырмактуу жез тумшук, Кара журөк, Эч кылмыштан кайтпаган (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. миф. Тумшугу, тырмактары жез, көбүнчө аял кебетесинде кубулуп көрүнүүчү, кулак тундурган ачуу кыйкырыгы бар укмуштуу жан, жез тырмак. Же жез тумшук кыйкырдыбы? (Токомбаев). Мергенчи мылтыгын алып, карагайдын башында аңдып отурса, жез тумшук келип, чаңырып дөңгөчтү басып калат (Сыдыкбеков). 2. Ырайымсыз, канкор, мыкаачы. Фашист деген – Кан тырмактуу, жез тумшук, Кара жүрөк, эч кылмыштан кайтпаган (Маликов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЗТУМШУК (жез тырмак, жез кемпир) — кыргыз элинин кереметтүү жөө жомокторундагы салттуу терс каармандардын бири. Ж. кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмагы курч (болоттон, жезден). Ж. адам жүрбөгөн алыскы жайлардан жолугат. Адамдар амалкөйлүк менен Ж-ту өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. «Манас» эпосунда Ж. тууралуу толугу менен маалымат берилбесе да, алыскы жайларда жолуга турган тумушугу жез жапайы адам катары айтылып кетет: «Тумшугу жез киши бар — убара чаркоо дегени» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колунан эч нерсе чыкпаган, өтө зыкым, абдан сараң. Бир жез тырмак келини бар, менин күнүм ушунун колунда (Элебаев). Мамирмазиндин бул кызы кессең кан чыкпай турган бир жез тырмак эле (Элебаев). 2. к. жез тумшук 1.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кумдуу, чөлдүү жерлерде, талааларда жашоочу кийиктин бир түрү. Кулундай ойноп жүрүшкөн Кулан, жейрен ушу бар (Осмонкул). 2. Кызгылт саргыч, жээрде. Жейрен десем куладай, Желке чачың буладай (Тоголок Молдо).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЙТ-КАЙТ, Жет-Кайт — топоним. Ж.-К. кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында жердин бүткөн четиндеги укмуштуу өлкө, ага чанда бир гана өзгөчө адам каттабаса эч ким жете албайт. «Манаста» да ушул мааниде кеңири кездешет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жек I
то же, что жеке I;
жекме-жек один на один;
жекме-жек чык- или жекке чык- выйти на единоборство, на поединок;
жек-жаат (или жекжаат) родственники по таяке-жээн (ср. тай I, жээн); свойственники; приятели;
жек-жаат болуп сыйлашып, кадырды бекем сакташсак фольк. (хорошо было бы) если бы мы уважали друг друга по-родственному и укрепляли бы (свой) авторитет;
эки-үч ата өткөн жек-жаат родственники во втором-третьем поколении;
жек-жаатчыла- ездить по родственникам и родичам (в гости, проведать).
жек II
ненависть; отвращение; презрение;
жек көр- ненавидеть; питать отвращение; презирать;
жек көрүн- вызывать отвращение;
жек көрүнчү болбо не веди себя так, чтобы к тебе питали отвращение.
жек- III
то же, что чек- VII 1;
ат жек- запрягать лошадь;
күч жек- см. күч.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеке I
ир.
1. отдельный, особый; один; в одиночку; частный; только;
атты жеке байла привяжи лошадь отдельно (от других);
сураганга бекер бер, суусаганга жеке бер погов. просящему даром дай, а жаждущему - особо (и того больше);
жетимиш илек жоо келсе, жеке аралап, кол салган фольк. когда приходило несметное (см. илек I) вражеское войско, он один нападал, врезаясь в ряды врага;
жерге эмгек сиңиргин, жеке ырыскы - мал дебе стих. вкладывай труд в землю, не думай, что скот - единственный источник существования;
жеке гана бул эмес и не только одно это;
жеке иретте в индивидуальном порядке;
жеке адамга сыйынуу культ личности;
жеке террор индивидуальный террор;
жеке налог ист. индивидуальный налог;
жеке чарба индивидуальное хозяйство;
жеке киши частное лицо;
жеке капитал частный капитал;
жеке бийлик или жеке бийлөөчүлүк самодержавие, единовластие;
жеке менчик частная собственность, личная собственность;
жеке-жеке поодиночке;
2. единоборство, поединок;
жекеге чакыр- вызвать на поединок;
жекеге чык- выйти на поединок, принять единоборство;
жекеге чыкпай качышты стих. не приняв единоборства, они убежали;
3. выступающий в единоборстве, единоборец;
кимдин жекеси жыгылса, ал тарап багынчу сторона, чей единоборец бывал повержен, покорялась.
жеке II
ист.
1. (точнее көк жеке или жеке өтүк) дорогая мужская обувь (которую носили только правители; иногда высокие каблуки делались полыми и в них вкладывались бубенчики);
2. широкий боевой кожаный пояс (часто встречается только у одного крупного сказителя эпоса "Манас");
жекени белге курчанган фольк. он препоясался боевым поясом.
жеке III
жеке сан см. жекесан.
жеке IV
то же, что аке 3, жаке II;
жекелер, жаным соога! фольк. братцы, пощадите мою жизнь!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Эпостордо айтылуучу баалуу бут кийим. Жеке өтүк. Көк найза колдо койкоюп, Көк жеке бутта чойкоюп («Манас»).
ЖЕКЕ II сын. Жалгыз, өзү, жалаң өзү, жалаң гана, бир гана. Сураганга бекер бер, суусаганга жеке бер (макал). Жеке гана бул эмес. Жеке баштагы кайгы да оңой эмес экен (Бейшеналиев).
¨ Жеке бийлик — башкаруучу өкүлдүн өз колуна топтолгон, өзү гана жүргүзгөн бийлик. Жеке чарба — артелге бирикпеген, өзүнчө чарба жүргүзгөн үй-бүлө. Жанагы жеке чарба деген неме өз ара ынтымакты кетирип, ыркты бузуп, адамдарды жоолаштырып коё турган неме турбайбы (Убукеев). Жекеме-жеке — эки кишинин же эки тараптын башкаларды аралаштырбай өз ара бет алышуусу, өз ара кездешүүсү. Чыгыш жеңет, коркпойт алар өлүмдөн, Өлүм коркот жекеме-жеке келгенде (Аалы). Жекеме-жеке чакырсаң, Күчүң бирдей келеби? («Мендирман»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жеке (жалгыз)
жеке адам
жеке адамга сыйынуу
саясат
жеке адамдын чексиз
бийлиги саясат
жеке аманат (сактам)
жеке банк
жеке башчылык
жеке бизнес
жеке бийлик
жеке бюджет
жеке демөөрчүлөр
жеке-жеке
жеке жер ээлөөчүлүк
жеке жоопкерчилик
жеке жумуш
жеке ишкана
жеке ишкер
жеке ишкердик
жеке казына
жеке камсыздандыруу
жеке капитал
жеке карыз
жеке киреше
жеке киреше салыгы
жеке кирешени бөлүштүрүү
жеке киши
жеке компьютер
жеке менчик
жеке менчик ишкана
жеке пайда
жеке сан
жеке соода
жеке талам
жеке кызыкчылык
жеке товар өндүрүүчү
жеке турак
жеке турак-жай
жеке турмуш
жеке убай
жеке фирма
жеке чарба
жеке эмгек
жеке эсеп
жеке ээлик
жекеме-жеке

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
(көк жеке) 1. Баалуу бут кийим, көбүнчө кадырлуу, тектүү адамдар кийүүчү өтүктүн бир түрү. Көк найза колдо койкоюп, Көк жеке бутта чойкоюп («Манас»). 2. Эндүү кайыш кур. Жекени белге курчанган, Жети түмөн кол келсе, Желбегей кирип кол салган («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалгыз, жалгыз өзү гана, жалаң өзү, жалаң гана, бир гана. Көкөтөйдүн көп байге, Өзүң жеке ала көр, Төштүк («Эр Төштүк»). Жемени жеке сиз айткан эмессиз (Сыдыкбеков). // Айрым, бөлөк, башкалар менен аралашпаган же кошулбаган абалда, өзүнчө. Сени менен жеке сүйлөшөмүн (Сыдыкбеков). 2. Жекеме-жекеге чыккан кармаш, жекеме-жекеге чыккан беттешүү. Деп Мендирман кашкайып, Жекеге баарын чакырды («Мендирман»). Жер дүңгүрөп, калмактар, Жекеге чыкпай качышты («Курманбек»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ АДАМДАРДАН КИРЕШЕ САЛЫГЫ – КРдеги жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Кирешиси бар, КР резиденттери жана резидент эместери – жеке адамдар салык төлөөчүлөр болуп саналышат. Ж. а. к. с-ынын салык алуу объектиси салык төлөөчүнүн жалпы жылдык кирешеси менен КР мыйзамдарында аныкталган салыктарды чыгарып салуунун айырмасы катары эсептелген киреше болуп саналат.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
Personal Area Network (noun)
A small, Internet Protocol (IP)-based network. It is usually used for short-range, ad-hoc communication between devices and computers. A PAN may also be used to enable connectivity to a larger Local Area Network (LAN), Wide-Area Network (WAN), or the Internet. Windows XP supports the Bluetooth PAN service so you can create Personal Area Networks using Bluetooth.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ АЙЫПТОО – жабырлануучунун арызы боюнча гана козголуучу жана анын айыпкер менен элдешип алганы үчүн токтотулушу тийиш болгон кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш таризи. Айыптоо жабырлануучунун өзү тарабынан колдоого алынат жана ошон үчүн «жеке» деп аталат. КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык Ж. а. тартибинде: саламаттыкка атайылып жеңил залал келтирүү; көгала кылуу; ушактоо; шылдыңдоо; психатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткыруу; жарандардын тең укуктуулугун бузуу; адамдын жеке жашоосунун колтийгистигин бузуу; кат алышуунун, телефондо сүйлөшүүнүн, почта, телеграф же башка байланыштардын купуялыгын бузуу; туракжайдын колтийбестигин бузуу; шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын иштерине тоскоолдук кылуу; шайлоочулардын добуштарын сатып алуу; шайлоо, референдум документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес саноо; динге ишенүү жана дин тутуу эркиндигин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу; аралаш жана автордук укуктарды, патент ээлеринин укуктарын бузуу; мыйзамдуу журналисттик кесипке тоскоолдук кылуу; мыйзамдуу ишкердик кылуу ишине тоскоолдук кылуу; коммерциялык же банк сырларын ачыкка чыгаруу; мыйзамсыз камакка алуу же кармап туруу жөнүндөгү иштер каралат. Ж. а. иштери боюнча алгачтергөө жана алдынала тергөө иштери жүргүзүл-бөйт, иш козгоо судья тарабынан (эгер анын жабырлануучу менен үстүнөн арыз түшкөн кишини элдештирүү аракеттери натыйжасыз болсо) ишке ашырылат; жабырлануучу жүйөлүү себептери жок эле сотко келбей койсо, иш токтотулат, ошентсе да соттолуучунун өтүнүчү боюнча жабырлануучунун катышуусу жок эле карала берүүсү ыктымал.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түшкөн киреше, пайда, өзүнүн тегерегиндеги мал-мүлк, материалдык байлыктарга карата өзүмчүл, башкалар жөнүндө ойлобоочу, «мага», «меники болуш керек» деп ойлоочу: жеке ээлик кылганды жакшы көргөн сапат жана ушундай сапаттагы адам. – Жалгыз балаң түшкүр көзүн караган ата-энесинин жанында «мага», «меники», «мен үчүн» деп жүрүп өзүмчүл, жекебасар болуп, жаман көнүп калат окшобойбу,– деди Сонунбүбү байбиче саал улутуна («Адабий Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ БАШЧЫЛЫК – кандайдыр бир органдын, уюмдун жетекчисине өз милдетин аткаруу үчүн, ошондой эле иш натыйжасына анын жеке жоопкерчилигин арттыруу максатында зарыл болгон ыйгарым укуктарды берүү чарасы.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Обезличенный металлический счет (Depersonalized metallic account) —Счет, открываемый банком для учета драгоценных металлов без указания индивидуальных признаков и совершения операций по привлечению и размещению драгоценных металлов.  

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕКЕГЕ ЧЫГУУ — чоң беттешүүлөр алдында эки тараптан эки тандамал жоокер ортого чыгып салгылашканы. Ж. ч. эпосто кеңири орун алган. Мисалы, «Нескара менен Манастын урушу» окуясында душман жоокери Даң-Даң менен Күнөс балбандын Ж. ч-су сүрөттөлөт. Алар адегенде найза менен сайышат. Андан кийин күрсү менен чабышат. Калканга күрсү тийгенде добушу күндүк жерге угулуп турат. Акырында жакадан кармап эңишет. Бул Ж. ч-да Даң-Даң Күнөстү жеңет. «Ажалыңды сагынган адам болсоң келгин», — деп Даң-Даң кайрадан жекеге чакырып айгай салат. Даң-Даң жекеге чыккан Айдаркандын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 219—222). Ж. ч. эпосто Манастын Чүйдөгү Акунбешимди жеңген бөлүмүндө да кенен кесири сүрөттөлөт. «Ак жалдуу кара ат минип, айчыгы алтын тон кийип, көмкөрө калкан тартынып, көпкөк темир артынып, Акунбешимдин Кегети деген жайсаңы жекеге чыкты. Ага каршы Манастын Абдылда чечен баатыры барды. Адегенде ал экөө ээринин кашы, как жүрөктүн башы — деп бири-бирине найза сайышып өтүштү. Найзаларын тирешип, үзөңгүнү чирешип, аянбастан сайышып, аттардын бели майышып, көпкө кармашты. Найза менен жеңише албай, албрас кылыч алышып, аркы терки салышып, алтымыш, элүү жолу чабышты. Андан да бири-бирин алыша албай, айбалта жондон чечишип, айкырышып жетишип, айбалта менен элүү, кырктай жолу чабышты. Мындан да айла болбоду, күүлөп күрсү алышты, күчү менен салышты. Күрсү күчтүү чабылып, туулгага калкан жабылып, болотко болот тийгенде тутанган оттой көк жалын, туш-тушка чагылып, толгонушуп турушту, токсон-сексен урушту. Андан да арга болбоду. Жааны колго алышып, күчүгөн жүндүү сыр жебе, киричине чалышып, элүүдөн огу түгөнгүчө атышты. Анда да бирин-бири жеңбеди. Мылтыктарын октошуп, милтелерин чоктошуп, эки бөлөк турушуп, мылтык атып урушуп, жүздөн огу түгөндү. Күн тийгенде салышкан ал экөө бир бирине жеңише албай күүгүм кирип күн батып жай жайына барышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 130—133). Бул үзүндүдө Ж. ч-га мүнөздүү негизги белгилер толугураак чагылдырылган. Ж. ч. «Манас» эпосунда гана эмес жалпы түрк-моңгол элдеринин эпосторунда чагылдырылган согуштук эреже болуп саналат. Ал биринчиден, бардык элдердин эпосторунда апыртуу менен коштолот. Тоолор түздүккө айланат, деңиздер чайпалат жана башкалар Мындай апыртуулар «Манаста» да учурайт: «Күүлөп күрсү алышты, Күчү менен чабышты, Күндүк турган эл укту, Күрс деп чыккан дабышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 131) жана башкалар Ж. ч-нун алдында жоокерлер бири-бирин шылдыңдап, кордоп, коркутуп сүйлөшөт. Бул душманынын кыжырын келтирип, жинине тийүү максатын көздөгөн. Ж. ч-да эгерде душман картаң болсо, карысың деп, жаш болсо, али баласың деп кордойт. Кошой менен Жолойдун балбан күрөшүндө Жолой Кошойду «Кара сакал агында, Карууңдун кеткен чагында, Казаң жакын табында... Жашыңдан киши чыга албай... Карганда түшүп балбанга... Бир башында Кошоюм, Миң жаның болсо коёмбу. Ичип канга тоёмбу»,— деп кордоп, коркутат. Ага жооп катары Кошой Жолойду канча жолу кармаштарда жеңип уят кылгандыгын айтып, азыр да жерге киргизе чабарын эскертет. Күрөштө Кошой жеңип байгени алат. Мындай кордоолор, коркутуулар эпостогу жекеге чыккан окуяларда арбын учурайт. Жогоруда келтирилген «Ажалыңды сагынган, Адам болсоң келгин» деген сап Ж. ч-дагы коркутуунун бир үлгүсүнө жатат. Ж. ч-дагы курал алмашып салгылашуу жалпы түрк-моңгол элдеринин эпосторуна мүнөздүү. Ж. ч-да курал алмашып салгылашуу, куралдын сынып, жарабай калгандыгына, көбүнчө бир курал менен салгылашып жеңишке жете албай калгандыгы менен байланыштуу. Же болбосо бардык куралдар менен салгылашып бири-бирин жеңе албаган соң куралсыз кармашуу көпчүлүк түрк-моңгол элдеринин эпосторунда кездешет. Мисалы, огуздардын «Коркуд ата китеби» эпосундагы Ж. ч. күрөш менен аяктайт. «Манаста» да Даң-Даң менен Күнөстүн Ж. ч-су эңишүү менен бүтөт. Эпостогу көптөгөн Ж. ч-ларда жеңген баатыр жеңилген баатырдын минген атын олжого алат. Душман жоокери Жамыра менен болгон жекеде Көкчө жеңишке жетишип, анын аты Алагерди алып кетет. Эр Тулус менен болгон жекеде согушта Манас аны өлтүрүп, атын алып келгендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 139).
А. Абилов

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ДАТТАНУУ – КР процесстик укугунда иштин катышуучуларынын биринин сот жыйынында чыгарылган соттун аныктамасына, же судьянын токтомуна карата берген даттануусу. «Жеке» деген аталгы даттануу соттук иш-аракетке же өзүнчө маселе боюнча чыгарылган чечимге берилгенин билдирет. Ж. д.: кылмыш-жаза ишин козгоодон баштартуу; доо арызын кабыл алуудан баштартуу; иш козгоо, иш боюнча өндүрүштү токтотуу; сот жыйынында тартип бузгандыгы үчүн айып салган ж. б. токтомдорго (аныктамаларга) карата берилиши мүмкүн. Ж. д. укугуна иштин баардык катышуучулары, жана даректерине карата ошол аныктамалар чыгарылган башка адамдар ээ. Жеке даттанууларды же сунуштарды берүү жана кароо сот чечимин апелляциялык бузуу үчүн берилген тартипте жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ДОО ЖҮРҮМҮ – кылмыш-жаза иштеринин эң байыркы түрү; жабырлануучу өз укуктарын коргоого өзү чара көргөн, жеке кылмыш-жаза куугунтугу менен мүнөздөлгөн. Орусияда иштин мындай түрү XIV кылымга чейин өкүм сүргөн. Кылмыш-жаза артынан түшүү жабырлануучунун арызы боюнча козголгон; ал өзү далилдерди чогулткан жана айыпталуучуну сотко алып келүүгө өзү кам көрүүсү тийиш болгон. Соттук тергөө атаандаштык негизде жана ачык болгон. Иш тараптардын келтирген далилдеринин (кошуналардын күбөлөөсү, актык анттары ж. б.) негизинде чечилген. Сот тараптардын атаандашууларына байкоо салып гана турган жана өз чечиминде анын жыйынтыгын чыгарган. Жеңүүчү туура деп таблыган. Ж. д. ж. Англиядагы, АКШ дагы жана башка жалпы укук өлкөлөрүндөгү иштин азыркыдай атаандаштык түрлөрү келип чыккан.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ЖАКТАРДЫН ЖЕКЕЧЕ МЫЙЗАМЫ – эларалык жеке укуктагы кеңири тараган коллизиялык байламта. Анын 2 түрү бар: а) улуттук мыйзам же жарандык мыйзам (lex nationalis, lex patriae ); б) жашаган жердин мыйзамы (lex domicilii ). КР мыйзамдары боюнча ал адам жарандыгын алган өлкөнүн укугу Ж. ж. ж. м. болуп эсептелет. Эгер ал адамдын 2 же андан көп жарандыгы болсо, ал жак көбүрөөк байланыш жасаган өлкөнүн укугу жеке мыйзамы болуп эсептелет. Жарандыгы жок адам үчүн ал туруктуу жашаган өлкөнүн укугу Ж. ж. ж. м. болот. Ал эми качкындар үчүн башбаанек берген өлкөнүн укугу Ж. ж. ж. м. болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ЖООПКЕРСИЗ МЕТАЛЛ ЭСЕБИ – баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча жекече белгилери менен аткарым жасагандынын көрсөтпөстөн туруп, баалуу металлдардын эсеби үчүн банк тарабынан ачыла турган эсеп. Эреже катары, Ж. ж. м. э. боюнча банк кардарларга сыйакы төлөйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ИЗКУБАР – мыйзамда белгиленген тартипте жеке аңдуу ишмердигин жүргүзүүгө лицензия алган жана төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтүп жаткан КР жараны: иштин катышуучулары менен келишимдик негизде жарандык иштер боюнча маалыматтарды жыйноо; базарды иликтөө, ишкер сүйлөшүүлөр үчүн маалыматтарды жыйноо, кредиттөөгө жарамсыз же ишеничсиз өнөктөрдү ачып көрсөтүү; жеке ишкердикте фирмалык белгилерди жана аталыштарды мыйзамсыз пайдаланууларды, абийирсиз атаандаштыктарды, ошондой эле коммерциялык сыр болгон маалыматтарды жайылтуу жагдайларын аныктоо жана башка мыйзамда белгиленген иш-аракеттерди көрсөтпөө. Аңдуу иши Ж. и-дын ишмердигинин негизги түрү болуусу тийиш, аны мамлекеттик кызмат, болбосо коомдук бирикмелердеги акы төлөнүүчү шайланган кызматтар менен айкалыштырууга улуксат берилбейт. Жеке иликтөө ишмердигине лицензия тийиштүү ички иштер органдары тарабынан берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ИШКЕРДИК (ИШКЕРДИК) – КР жарандык мыйзамдары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте ушундай максатта каттоодон өткөн, жактардын пайда табуусуна багытталган өзалдынча, өз тобокелчилиги менен ишке ашырылган ишкердик. Ошентсе да, мыйзам жарандык Ж. и-ти мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле ишке ашыруусуна жол берет. КР жөндөмдүүлүктөрү чектелбеген жарандары, четөлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар Ж. и-тин субъектери боло алышат. Коммерциялык эмес уюмдар Ж. и. менен алардын уставдык максаттары үчүн зарыл болгон үчүн гана алектене алышат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или жекей боз или жекей)
1. боевое одеяние богатыря;
кыз арстан Куялы, жекейбоз тандап тон кийип фольк. лев-девица Куялы выбрала и надела на себя жекейбоз;
кийгени жекей, кара бөрк, эрдиги эпсиз, кара көк фольк. надел он жекей, чёрную шапку, мужество его невиданное, богатырь он знаменитый;
Желмаянды мингизип, жекей бозду кийгизип фольк. посадив его на быстроногую верблюдицу, одев в жекейбоз;
балбандардын баарына жекейбоз тонун кийгизип фольк. всех своих богатырей одев в жекейбоз;
2. пояс богатыря;
жекейбоз белге курчанып фольк. препоясавшись жекейбоз'ом.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ КЕПИЛДИК – КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарында тыюу салуу чарасы, мында ишенимге татыктуу адам шектүүнүн (айыпталуучунун) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун чакыруусу боюнча келүүсүн жана ойдогудай жүрүм-турумунун кепилдигин жазуу жүзүндө өз моюнуна алат. Андай болбосо сот кепилдикке алуучуга 100дөн 500гө чейинки эң аз айлык акы өлчөмүндө айып сала алат. Тыюу салуу чарасы катары Ж. к-ти тандап алууга кепилдикке алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүч каты жана айыпталуучунун, соттолуучунун макулдугу менен гана жол берилет. Кепилдикке алуучулар 2ден кем болбоого тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ КОЛДОНУУДАГЫ МЕЛИОРАТИВДИК ТУТУМДАР – жеке адамдын же юридикалык жактын менчигиндеги же аларга колдонууга берилген мелиоративдик тутумдар, ошондой эле көрсөтүлгөн жактардын керектөөлөрү үчүн гана зарыл болгон коргоочу токой өсүмдүктөрү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ КОЛТИЙБЕСТИК – адамдын фундаменталдуу жана ажыратылгыс жеке укуктарынын бири. Ж. к. институту кугунтуктоо чараларын көрүүдө зомбулукка жол берилбөөсүн болжолдойт. Ж. к-тин конституциялык кепилдиктери, эреже катары, төмөнкүлөрдөн турат: а) кылмыш курамы мурда чыгарылган мыйзам менен аныкталууга тийиш; б) кармоо сотко даттанылышы мүмкүн жана кармоонун эң узак мөөнөтү соттун чечимисиз эле белгиленет; в) камакка алуу сот буйругунун же прокурордун санкциясынын негизинде гана жүргүзүлөт; г) эркиндигинен ажыратуу адамга бардык белгилүү процесстик кепилдиктерди сактоо менен жүргүзүлгөн тергөөнүн жүрүшүндө жана сотто анын күнөөсү аныкталгандан кийин гана берилген жаза болууга тийиш. Ж. к. укугу КР Конституциялык мыйзамы менен кепилденген. Ар бир кармалган же камалган адамга кечиктирилбестен, анын кармалуусунун жана камалуусунун себептери билдирилип, укуктары түшүндүрүлүшү жана кармалган учурдан тартып өзүн коргоо жана адвокаттын укуктук жардамынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Частные кредиторы (Private Creditors) —Кредиторы, не являющиеся органами государственного управления или учреждениями государственного сектора. В число таких кредиторов входят частные держатели облигаций, частные банки, другие частные финансовые учреждения, а также производители, экспортеры и другие поставщики товаров, имеющие финансовые требования.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ КҮЗӨТ ИШМЕРДИГИ – ички иштер органдарынын атайын улуксатына (лицензиясына) ээ болгон уюмдар күзөтүү боюнча кызматтарды (акы төлөөчү келишимдик негизде) көрсөтүүсү. Күзөтүү максаттарында кызмат көрсөтүүнүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет: жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо; менчик ээлеринин мүлктөрүн, анын ичинде аны ташып жеткирүүдө коргоо; өрттөн сактоочу кабарландыруу каражаттарын долбоорлоо, чогултуу жана пайдалануу; кардарларды укукка каршы колсалуулардан укук чегинде коргонуу маселелери боюнча кеңештерди берүү жана сунуштарды иштеп чыгуу; массалык иш чараларды өткөрүүчү жерлерде тартипти камсыз кылуу. Күзөт уюмдарына жарандардын өмүрүнө жана саламаттыктарына жана курчап турган айлана-чөйрөгө зыян келтирбей турган техникалык каражаттарды жана башка ыкчам радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга улуксат берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ КЫЙРОО (АВАРИЯ) – деңиз укугунда жалпы кыйроонун белгилерине жатпаган чыгымдар. Мындай чыгымдар кеме, жүк жана киреакы ортосунда бөлүштүрүүгө жатпайт, аларды жабырлануучу же анын себептерине жооптуу тартат. Кээбир өлкөлөрдүн мыйзамдары Ж. к-го жаткан чыгымдардын түрлөрүн атайы белгилейт: деңиз соодасынын салттарын жана эрежелерин бузуу менен кемеде ташылып баратканда борттон сыртка серпилип салынган жүктөрдүн наркы; каттамдын узактыгынын созулуп кетүүсүнө байланыштуу тартылган чыгымдар жана жоготуулар (токтоп туруудан, бааларды өзгөртүүдөн ж. б.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жеке-жеке болуп аракет кылуу, жалгыз өзү чыгуу. Жекелеп жоого кирбесем! («Манас»).
2. Жалгыз кишиге эки же андан көп киши каршы чыгуу, көптүгүнө салып, жалгыздап кетүү. Экөө жекелеп кетти. Жекелесе сени жоо, Найза сунар, болушар (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жекеле- I
1. действовать в одиночку;
жекелеп жоого кир- идти на врага одному, ринуться в бой одному;
2. нападать вдвоём (или втроём и т.д.) на одного;
экөө жекелеп кетти они вдвоём напали на одного.
жекеле- II
аке-жекелеп с подобострастием, униженно;
аке-жекелеп айткан өтүнүчүнө карабады на его униженную просьбу он не обратил внимания.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеке-жеке болуу, өзүнчө болуу, өзү жалгыз чыгуу, жалгыз аракет кылуу, жеке бөлүп коюу. Сейтек ок өтпөс тонду кийинип, Жекелеп элден бөлүнүп («Сейтек»). Жекелеп жоого кирбесем! («Семетей»). Тууган койду жылуулап, Жаткырып койдук жекелеп (Осмонкул). 2. Жалгыз кишиге эки же андан көп киши каршы чыгып, көптөп кетүү, жалгыздап, жалгызсынтып кетүү. Экөө жекелеп кетти.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от жекеле- I;
жекелеше турушуп, жеке сайыш кылалык фольк. давай-ка встанем один на один и будем колоться в поединке;
жекелешкен душманды койбой турган дөө деген фольк. он такой богатырь, который не оставит (в живых) врага, сражающегося с ним один на один.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ МЕДИЦИНАЛЫК ИШМЕРДИК – түзүлгөн келишимдерге ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо тармагынын мекемелеринен сырткары жерлерде, жарандардын же уюмдардын, анын ичинде медициналык камсыздандыруу уюмдарынын каражаттарынын эсебинен медициналык жардамдарды көрсөтүү. КРде Ж. м. и. менен алектенүү укугуна медициналык жогорку жана орто билими тууралуу диплом алышкан адамдар ээ болушат. Ж. м. и. жүзөгө ашырууга лицензия берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ МЕНЧИК – менчиктин түрлөрүнүн бири, жарандын жана юридикалык жактын конкреттүү мүлккө, өндүрүш каражаттарына дагы мыйзам тарабынан корголгон, чексиз укугун билдирет. Укук институту катары Рим укугунда калыптанган. КР мыйзамдарында таанылган менчиктин негизги үч түрлөрүнүн бири. КР менчиктин ар кыл түрлөрүн жана алардын тең укуктуу корголушун кепилдейт. Ж. м. институту атамекендик мыйзам чыгарууда (узак мезгилден кийин) 1990-жылы калыбына келтирилген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ МҮЛКТҮК ЭМЕС УКУК – жарандык укуктардын (мүлктүк укук менен бир катардагы) бир түрү. Материалдык эмес ыңгайлуулуктар боюнча пайда болот, инсандан бөлүнгүс келет, экономикалык маани-маңызга ээ эмес. Ж. м. э. у. өзүнө төмөнкү укуктарды камтыйт: ысымга; өздүк ойлоп табуусуна; автордук; жашаган жерин тандоо; абийрин жана ар-намысын коргоо ж. б.). Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте маркумга таандык Ж. м. э. у. башкалар тарабынан, анын ичинде укук ээсинин мураскорлору тарабынан ишке ашырылышы жана корголушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сазда өсүүчү, сабагы жумуру жана узун келген өсүмдүк. Ал жердин арпа, сулуу, буудайы.. жел соккон жекендей болуп чайпалып турат (Байтемиров). Ээлесек сени, Ысык-Көл, Жээгиңде жекен сазыңды («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сабагы жумуру жана узун келип, суу жээгинде, сазда өсө турган өсүмдүк. Көлдүн айланасына өскөн камыш, балгын, жекендер көлдүн көркөмдүгүн арттырат (Жантөшев). Жер кыдырып жел жүрсө, Желпилдеп турган жекени («Семетей»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или жеке сан)
(в эпосе)
1. род сапог;
жекесан бутта чойкоюп фольк. на ногах жекесан красуются;
2. колокольчик, подвешиваемый на шею верблюда;
жекесан үнү баш жарып фольк. громко раздавался звук колокольчиков.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕКЕСАН — 1) эпосто баатырлардын кооздолуп жасалган өтүгү: «Жекесан бутта чойкоюп, Желектүү найза койкоюп» (Сагымбай Орозбаков, 2. 53); 2) кербен баштаган атан төөгө тагылган коңгуроо: «Коңгуроолуу кара нар колго көчү барабар». Ж. кыргыздарда музыкалык аспап милдетин да аткарган: «Жебилгеси жер чийип, жекесаны баш жарып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 157). Мындай аспаптар октавага күүлөнгөн; көлөмүн чоңойтуп, үнүн төмөндөтүүгө, кичирейтүү менен бийиктетүүгө жетишилген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргыздардын коңгуроо сымал тилдүү байыркы музыкалык аспабы. Жекесандын конус түрүндө жасалган түрү кеңири тараган. 2. Көбүнчө төөнүн мойнуна тагылуучу коңгуроо. Кош коңгуроо жекесан, Тийип койсоң шаңгырап («Саринжи-Бөкөй»). 3. Өтүктүн бир түрү (эпостордо). Жекесан бутта чойкоюп («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ СЕРВИТУТ (ЖОЛАЧКЫ) – мүлккө карата эмес (буюм жолачкысы сыяктуу), жеке бир адамга карата багытталган сервитут; ага бирөөнүн буюмун өмүр бою пайдалануу укугу кирет. Ж. с-ка көбүнесе бирөөнүн үйүндө өмүрбою жашоо укугу таандык. Ал КРде колдонулбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ТУРАКЖАЙ ФОНДУ – а) жарандардын өздүк менчигинде турган фонд: өздүк туракжайлар, менчиктештирилген, курулган жана сатылып алынган квартиралар жана үйлөр, туракжай жана туракжай курулуш кооперативдеринин үйлөрүндөгү үлүш мүчөлүк акысы толук төлөнгөн квартиралар, шериктештик үйлөрүндөгү жеке ээликтеги квартиралар; жарандардын мыйзамдарда каралган башка негиздерде сатып алган квартиралары жана үйлөрү; б) юридикалык жактардын менчигинде турган, ошолордун каражаттарына, анын ичинде туракжай, туракжай курулуш кооперативдеринин каражаттарына, толук эмес төлөнгөн үлүштүк мүчө акылары ме-нен курулган же сатылып алынган фонд.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ТУРМУШ КОЛТИЙБЕСТИГИН БУЗУУ – анын макулдугусуз кишинин жеке жашоо-турмушу анын жеке же үйбүлөлүк сырлары) тууралуу маалымат жыйноо жана таратуу, анын ичинде ал жосундар кыңыр максат же башка кызыкчылыктардан улам иштелген жана жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирген эл алдында чыгып сүйлөөлөр, көпчүлүккө көрсөтүлгөн чыгармалар же жалпыга маалымдоо каражаттарындагы таркатуулар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ ТУРМУШТУН КОЛТИЙГИСТИГИ – адамдын негизги конституциялык жеке укуктарынын бири. КР Конституциясына ылайык, ар адамдын жеке турмушуна колтийгистик жана ар-намысын сыйлоо жана коргоо укугу бар. Ж. т. к-нин кепилдиги иретинде, белгилүү бир жактын улуксатысыз ал жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултууга, сактоого, таратууга, колдонууга жол берилбейт. Өзалдынча конституциялык укукка жатуучу кат жазышуу ж. б. кабарлашуулар да Ж. т. к. не кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ УКУК – укуктун жарандардын, жеке менчик ээлеринин, ишкерлердин, аркыл бирикмелердин (корпорациялардын), жалпы кызыкчылыктарды теске салуучу жана коргоочу жарыя укуктан айырмалуу, алардын мүлктүк ишмердиктериндеги жана жеке мамиле-лериндеги кызыкчылыктарын теске салуучу тармактарын билдирүүчү, жамдама түшүнүк. Ж. у. өзөгүн мүлктүк чөйрөнү, алар менен байланышкан мүлктүк эмес мамилелерди, камтыган жарандык укук, ошондой эле ар кыл түрлөрүндө соода укугу (соода укугу иштеген өлкөлөрдө) түзөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
особый; не общий; частный; индивидуальный, личный;
жекече адамдар частные лица;
жекече же группалык түрдө консультация өткөрүп турушат они проводят индивидуальные или групповые консультации;
жекече турак жай курулушу строительство индивидуальных жилых домов;
жекече укук личное право.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ КАМСЫЗДОО ЭСЕБИ – камсыздандырылган жактын баардык эмгек ишмердүүлүгүнүн мезгил аралыгындагы жана бааракыны дайындоо, өлчөмүн аныктоо же кайра эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыз кыла турган камсыздандырылган жак жөнүндө социалдык камсыздоо органдары тарабынан топтолгон малыматтардын жыйындысы; камсыздандырылган жактын далдаштырылган номери ал эсептин номери болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ КОРГОНУУ – башка мамлекеттин куралдуу колсалуусунан улам бузулган өзүнүн саясий көзкарандысыздыгын, аймактык бүтүндүүлүгүн жана колтийгистигин калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан колдонула турган жооп иретиндеги куралдуу аракет (БУУ Уставынын 51-статьясы).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ ПИКИР – кылмыш-жаза принциби; Ж. п. – ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коомго коркунучтуу жосун жасаган жакты кылмыш жоопкерчилигине тартып, ага жаза дайындоо маселесинин чечилишинде, жасаган кылмышы менен анын кесепеттерине карата күнөөкөрдүк мамилеси гана көңүлгө алынбастан, кылмыш жасоо маалындагы кылмыштын жекече тарабынын факультативдик белгилери да (жүйөсү, максаты, эмоциялык абалы) эске алынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ ТИНТҮҮ – бажы көзөмөлүнүн адаттан тыш таризи. КР бажы мыйзамдарына ылайык, КР мамлекеттик чегарасынан өтүп бараткан жана бажы көзөмөлүнүн аймагында же аэробекеттин эларалык катнаш үчүн ачылган транзиттик тилкесинде турган жеке жак КР бажы аймагына ташылып кирүүгө жана ташылып чыгууга тыюу салынган товарды жашырып койгондугуна же мыйзамда каралган тартипти бузуу менен өтүп бараткандыгына негиз болгондо гана бажы органынын башчысынын же аны алмаштырган кызмат адамынын чечими боюнча Ж. т. жүргүзүлөт. Ж. т. бирдей жыныстагы бажы органынын кызмат адамы тарабынан ошол эле жыныстагы эки күбө-калыстын көзүнчө санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген өзүнчө жайда жүргүзүлөт. Тинтилген адамдын денебоюн медициналык кызматкер гана карай алат. Ж. т. жөнүндө КР мыйзамдары боюнча аныкталган таризде акт түзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ УКУК – жекече кызыкчылыгын канагаттандырууга байланыштуу максаттарга жетүүгө багытталган жарандардын же уюмдардын мүмкүн болгон жүрүм-туруму мыйзам тарабынан камсыз кылынган чаралар. Укук жөндөмдүүлүгү, т. а. укукка ээ болууну жалпы (шарттуу) жөндөмдүүлүгү Ж. у-тун белгиси болуп саналат. Ж. у. – айкын укук мамилелеринин зарыл катышы, демек, юридикалык фактынын негизинде келип чыгат. Ж. у. өзалдынча белгилүү бир аракеттерди (жүрүм-турумду) жасоо мүмкүнчүлүгүн да, ошондой эле башка жактардан белгилүү бир жүрүм-турумду (аракет кылуу же андан кармануу) талап кылуу мүмкүнчүлүгүн да өзүнө камтып турат, анткени, мындай жүрүм-турум Ж. у-ту жүзөгө ашырууну шарттап турат. Ж. у-ту бузуучуларга карата сотто же ыйгарым укуктуу органдарда кине коюу жолу менен, Ж. у. мыйзам тарабынан корголот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ УКУК – адамга туулгандан тартып эле таандык болгон жана анын кандайдыр бир мамлекет менен байланышына көзкаранды болбогон табигый жана ажыратылгыс негизги укук менен эркиндиктеринин жыйындысы. Ж. у. менен эркиндик адамдын укуктук статусунун негизин түзөт. Ага адамдын жашоо, эркиндик, денебой жактан бүтүндүүлүк жана жекече колтийбестик укуктары; кыйноого алынбоо же адамдык беделине катуу доо келтире турган жазалоолорго алынбоо укуктары; ар-намысын жана өз атын таза сактоо, эркин жүрүү жана жашоочу жерин эркин тандап алуу укуктары; өз өлкөсүнөн кетүү жана каалаган учурунда кайрылып келүү укуктары; соттук коргоого жана сот акыйкатына, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө укук объектиси катары таанылууга укуктары; өз оюн ачык билдирүү, адептик жана ишеним эркиндиги; сөз эркиндиги жана аны билдирүү укуктары; өз улутун эркин аныктоо жана эне тилин пайдалануу ж. б. укуктар кирет. КРде Ж. у. мыйзам тарабынан кепилдикке алынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ ЭМГЕК ТАЛАШТАРЫ – КР эмгек мыйзамдарына ылайык, жумуш берүүчү менен жумуш аткаруучунун ортосундагы жөнгө салынбаган төмөндөгү маселелер кирет: кызматчыга жаңы эмгек шартын түзүү же болгон шартты өзгөртүү; эмгек жөнүндөгү мыйзамдарды, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди, уюмдардын жергиликтүү ченемдик актыларын, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарын (доо мүнөзүндөгү талаштарды) колдонуу Э. т-н кароо органдары, же болбосо сот тарабынан каралат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куда-сөөк, таяке-жээн сыяктуу тууган-туушкан адамдар. Кошой менен жек-жаат болуп калышы – Калтабайдын күтпөгөн таалайы (Токомбаев). Кайын энеси жек-жаатына айылчылап кетип, үйдө Жийдегүл калды (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир маалыматка караганда, «жек» – кебезден токулган кездеме. Андан сырт кийим тиккен экен; бир маалыматка караганда, «жеке» – булгаары, кайыш. Жекени белге курчанган, Жети түмөн кол келсе, Желбегей кирип кол салган («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман көрүү, көргүсү келбөө, кодулоо, кыжырдануу сезиминде болуу. Жалкоолукту жек көрүп, Сүйбөгөн элди карачы (Токтогул). Чыркыраткан, аябаган баланы, Ошондуктан желдеттерди жек көрдүк (Үмөталиев). Сыдык Айгүл менен Абылбекти жек көрөт (Жантөшев). Каныбек жек көргөндөй бир карап алды (Жантөшев). Капитан бирөөнүн наалып сүйлөгөнүн өлгөндөй жек көрөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.:
жер менен жексен кыл- стереть кого-л. с лица земли; уничтожить кого-л.;
жерге жексен болдум я погиб;
жексенге сал- уничтожить;
эми барсам сексенге, сексен салат жексенге стих. когда достигну восьмидесяти (лет), восемьдесят меня уничтожат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: жексен кылуу — жоготуу,жок кылуу. [Гүлайым].. чөнтөгүндөгү көк конвертти,. жексен кылуунун айласын издеп чыкты (Бейшеналиев).
Фашистти жексен кылууга Балбандар турат тирелип (Бөкөнбаев). Жексен болуу — жок болуу, жоголуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жекте I
чатк.
то же, что жегде.
жекте- II
ненавидеть, презирать; поносить;
бөрү карысын жектейт погов. волки своих стариков презирают (говорят о человеке, который плохо относится к своим родителям, к старикам).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жек көрүү кодулоо, жаман көрүү, кагажытуу. Кудакени жактырбай, Жектеп жүргөн андан көп («Олжобай менен Кишимжан»). Сөз которуп сени жектер мен эмес, Тил укканда келбей койчу сен эмес (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Көпчүлүктүн демилгеси боюнча жекшемби күнү (дем алыш күнү) иштелүүчү кандайдыр бир коомдук пайдалуу иш. Мекемелердин, ишканалардын комсомолдору февраль айында бир нече жекшембиликтерди уюштурушкан («Советтик Кыргызстан»). Жекшембиликте өзүм да иштейм дедиң эле, эсиңдеби? (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көпчүлүктүн демилгеси боюнча жекшемби күнү (дем алыш күнү) иштелүүчү кандайдыр бир коомдук пайдалуу иш. Мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери февраль айында бир нече жекшембиликтерди уюштурушкан. Жекшембиликте өзүм да иштейм дедиң эле, эсиңдеби? (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина

жел I
1. ветер (небольшой, не очень сильный; ср. шамал I);
жел согот или жел жүрөт ветер дует;
жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт погов. ветерок не подует, верхушка травы не пошевелится; нет дыма без огня;
жүргөнүмдү жел билет, конгонумду сай билет погов. (говорит перекати-поле) где я хожу - (только) ветер знает, где я ночую - (только) сухое русло знает (о человеке непостоянном);
кабар желден мурун шаар ичине тараган весть быстрее ветра разнеслась по городу;
жел аргы небольшой ветерок;
жел аргы жүрдү подул ветерок;
жел аргыга эгин сапырат на ветерке веют зерно;
сыдырым жел тихий прохладный ветерок перед рассветом или вечером;
сыдырым жел болуп турат дует прохладный ветерок;
коңур жел приятный ветерок;
жайдын коңур жели приятный летний ветерок;
сары жел
1) суховей;
санаа эрди саргайтат, сары жел чөптү кубартат погов. забота молодца изнуряет, суховей траву сушит;
2) утренний или вечерний ветерок;
жазгы желдей таза кристальной чистоты (букв. чист, как весенний ветерок);
желдей (о человеке) ветреный, легкомысленный;
желдей ыкчам очень ловкий, очень поворотливый;
сырттын желиндей или кырдын желиндей (о коне) с твёрдой и быстрой поступью;
2. ветры (газы в желудке и кишках);
жели чыкты перен. он осекся, оскандалился, поджал хвост (напр. лишившись прежнего общественного и имущественного положения);
жели чыга түштү перен. он вдруг осекся, вдруг осрамился;
чыгарсам бейм желиңди, айбалталап кыймалап, чаптырсам бейм белиңди фольк. сбить бы с тебя спесь, исполосовать бы тебе поясницу секирой;
сага окшоп көпкөндүн далайынын желин чыгарган перен. он со многих таких, как ты, зазнаек, спесь сбил;
аттын желин чыгар- перен. утихомирить (жирного и горячего) коня, согнав жир;
аттын желин чыгарт- понуд. от аттын желин чыгар-;
алабарман салдырып, аттын желин чыгартып, ачуу терин кургатып фольк. приказав гонять коня разным ходом, утихомирить его, согнав семь потов;
шинанын жели чыгып кетти перен. шина спустила;
3. название некоторых болезней в народной медицине (ср. тадж. бод); простуда; сев. прострел;
желдин чанчуусу жаман, сөздүн каңкуусу жаман погов. в простреле скверно колотьё, в слове скверно ехидство;
эттин желин тарт- или теринин желин тарт- лечить от простуды потением (больного заворачивали в шкуру только что зарезанной овцы или козы мездрой к телу, чтобы вызвать обильный пот);
этинин желин тартсын деп, эки тери жапты эми фольк. вот завернули его в две шкуры, чтобы выгнать простуду из тела;
териге алып тердетип, теринин желин тарттырып фольк. приказав заворачивать в шкуру и вытягивать простуду из кожи (больного);
кан жел тяньш. болезнь человека, выражающаяся в кровоточивости, распухании и разрушении носа;
жел кабыз сев. название послеродовой простудной болезни;
кургак жел кабыз сев. название болезни, выражающейся в опухолях;
жел тийди разбило параличом (частичным - напр. искривило рот);
желге, күнгө тийгизбей өстүр- лелеять, нежить, пестовать;
куру желге семирген фольк. его распирает от самодовольства (ещё прим. см. жеткир I);
жел или жел сөз пустословие; бахвальство, хвастовство;
ооздун жели пустой разговор, громкое заявление (без последующего выполнения);
оозуңдун желин аяйсыңбы? что ж, тебе трудно слово сказать (замолвить словечко) ?
оозуңдун желин аяба ты уж замолви словечко;
оозунан жел чыга электе эле не успел он ещё и рта открыть, не успел он ещё и слова вымолвить;
жел жетпес (о коне) быстроногий;
жел таман см. таман I;
жел өпкө см. өпкө.
жел- II
возвр.-страд. от же- III;
тамак желип, эл жатар мезгилде после принятия пищи, когда народ ложился спать.
жел- III
бежать трусцой, лёгкой рысью;
чапсаң - чарчарсың, желсең - жетерсиң погов. поскачешь - устанешь, побежишь трусцой - догонишь;
желе-жорто или желип-жортуп см. жорт-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирде катуулап, бирде акырындап согуучу абанын агымы, шамал. Коңур жел. Капчыгайдан сыдырым жел сого баштады (Абдукаримов). Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт (макал).
¨ Жел сөз — куру сөз. Жел өпкө — ала көөдөн, жеңил мүнөз. Баарыдан да, Талканбаевдин жел өпкөлүгүн! («Чалкан») Жел таман — көп баскан, бир жерде тура албаган, кыдырып эле басып жүргөндү жакшы көргөн. Парман менин Айымханым силер айткандай жел таман эмес (Бөкөнбаев). Жел таман желип-жортуп айылдап жүр, Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Жели чыгуу — көөп жүрүп, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей жүрүп бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келүү, сынын, басына түшүү. Жел бакан — шамал болгондо боз үйдүн ичинен тиреп бекитүүчү башы ачакей бакан, шыргый. Жел боо — түндүктүн капшыт жаккы эки жанына тагылып, үйдү шамал учурбас үчүн коломтонун башына кагылган казыкка бекитип байлануучу жиптер. Жел кайык — шамал менен жүрүүчү кайык. Тор салып Иван азамат, Айдаганы жел кайык (Үсөнбаев). Жел тегирмен — желдин күчү менен жүрүүчү тегирмен.
ЖЕЛ II этиш. 1. Катуу басыктан ылдам, текиреңге жетпеген жүрүш менен жүрүү , жорто жүрүү. Бөрүчө желип бөксөлөп жөнөдү («Чалкан). Желип жүрүп отуруу.
2. өт. Үстүртөн кайып өтүү, тереңдеп барбоо. Жети күнкү жаандан, желип өткөн суу жакшы (макал).
ЖЕЛ III же этишинин туюк мамилеси.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жел (шамал)
жел аппарат
жел аяк
жел бакан
жел боо (желбоо эмес)
жел жетпес
жел-жорто
жел кабыз (оору)
жел кайык
жел колтук
жел көз (кереге)
жел кыймылдаткыч (тех.)
жел май
жел оо-
жел оору
жел өпкө
жел сөз
жел таман
жел тегирмен
жел туруу
жели чыгуу
жел электр станциясы
жел энергетикасы

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирде катуулап, бирде акырындап туруучу абанын агымы, акырын жүргөн шамал. Күн батса да үлп эткен жел жок, үй да, сырт да дем болуп турду (Каимов). Капчыгайдан сыдырым жел сого баштады (Абдукаримов). Жел болбосо, чөптүн башы ыргалбайт (макал). Ойгоно элек азыр анда желаргы, Камыш үнсүз, ойгоно элек каз-өрдөк (Карагулова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу басыктан ылдам текиреңдеп жүргөнгө жетпеген жүрүш менен жүрүү, жорто жүрүү. Эңкейиш жолдо аттар желе басса, дөңгөлөктөр көзгө илешпей чимирилет (Сыдыкбеков). Бөлпүлдөп желген жээрде атты минип келе жаткан – Сансыз (Жантөшев). || Ылдамдай өтүү, ылдамдаган жүрүштө болуу. Жети күнкү жаандан, Желип өткөн суу жакшы (макал). 2. Ныгыра-ныгыра басуу. Желип-желип койду эле Элеманы курусун («Эр Төштүк»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
каалоо, тилек;
иметь желание каалоо;
гореть желанием абдан каалоо;
при всем моём желании менин тилегиме карабастан;
против желания тилекке каршы;
по желанию каалоо боюнча;
исполнение желания тилектин орундалышы;
его желание ислолнилось анын тилеги орундалды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
безл. в знач. сказ. с неопр. и с союзом "чтобы"
зарыл, жакшы болор эле, ырас болор эле;
желательно закончить работу сегодня иш бүгүн бүтсө, жакшы болор эле;
желательно, чтобы вы пришли сиз келсеңиз жакшы болот эле.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. кому чего, с неопр. и с союзом "чтобы"
каалоо, тилөө, тилек кылуу;
сильно желать чего-л. бир нерсени абдан каалоо;
я желал бы знать менин билгим келет;
желаю вам успеха в работе мен сиздин ишиңиздин ийгиликтүү болушун каалаймын;
желать добра кому-л. бирөөгө жакшылык каалоо;
оставляет желать лучшего анчалык жакшы деп айтууга болбойт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки жеңин кийбестен, үстүнө жеңил жамынган абал. Кенжегүл пальтосун желбегей жамынып короого чыкты (Элебаев). Букен үстүнө желбегей жамынган бучкак ичигин бир өңүрүн силке тартып койду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп, ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине асыл таштар чөгөрүлүп, мунун эки учу күмүш зымдар менен чынжырланат. Ошондой эле торчолонгон бир нече сеңселген тал-тал чачылары төгүлүп турат. Ага жумурулган сүйрү жука темир илинип, анын сырты ипичке эшилген күмүш зымдар менен жиксиз торчолоно кынапталат. Мындан да жогорудагыдай кайрадан күмүш зымдар чынжырлана чыгып, анын араларына шуру тизилет. Андан төмөн учтарына сүйрүлөнгөн жука күмүш кулакчандар түйүлүп турат. Ушундай аземделип бүткөн желбирөөчтүн эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу, же жүрөкчө түрүндөгү зер жасалгасы ошол эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.
      Мында күмүш бетине из түшүрүүгө, акак таш, айнек өңдүүлөрдү чөгөрүүгө да ойдогудай мүмкүнчүлүк болот. Ага «кыял», «жарым кыял», «мүйүз», айчык», карга тырмак» сыяктуу оюмдун өз ара ыргактуу элементтеринен турган кооздуктар кылдат берилет.
      Желбирөөч ар кандай түрдө жасалып келинген. Анын көйнөктүн сыртынан моюнга тага турган чаканыраак, башкалардан айырмаланган түрдө кармалган түспөлдөрү да бар. Мындай буюмда чыны шуру басымдуулук кылып, анын жүзүн ачат. Тал-тал бөлүнгөн бул шурулардын араларын бөлүп, беттери өтө майда-майда жылбырчыктата «чегелеген», «сиркелетилген» жана «тогуз төбөлөнгөн» кооздуктар менен тутумдашат. Кызыл шуру менен зер биринин кооздугун бири толуктап, ого бетер кулпунтат. Буга катар бой тумардын бүтүндөй бөлүктөрү түшөт. Анда тиш чукур, искек өңдүүлөрү болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чачык сыяктуу желбиреп, асылып турган абалда кооздук үчүн тагылган ар түрдүү жасалга. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү күнгө чагылышып жалтылдайт. 2. Короз, тоок, индюк сыяктуу үй куштарынын алкым жагындагы эт сыяктуу кызыл желбиреги. Желбирөөчүн салбыраткан кызыл короздор моюндарын керкейтип кыйкырышат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(түндүк боо) — таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, азыр көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө — түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Бул көбүнчө уук-керегеге кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп туруу үчүн аны эки жүздүү терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме жиптен деле жасалат.
      Эшик боо түндүк боого окшош согулат. Көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берген. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да «жел боодой» (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат. Натыйжада, эки жүздүү терме кылып согулат.
      Же мунун жөнөкөй эле сызмадан, кара таардан, эшме жиптерден бүткөрүлгөн үлгүлөрү да болот. Буюмдун эки четине экиден бир-төрт жип кетет да, «ургаачы» (астыңкы жип) 26 тал болот. Анын көк жиби алты жип экиден саналат. «Эркеги» (үстүңкү) да жыйырма алты тал жип келет. Көк жип экиден алты жип да экиден жупталат. Мында такай көк жип терилет. Демек, «аркакты» салбай туруп, кол менен астына кете турган бирөөн үстүнө чыгарат. Анан үстүңкү бир жипти астына түшүрүп, аркак салып согот. Муну курганда эриштин эки башына каалаган көчөттү түшүрүп, «күйөө чыбыкка» терилүүчү көк жип экиден чалынат. Эркек жип күзүктө түшөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атка артылган чаначтын оозуна тыгындалып, анда-санда жел чыгарыш үчүн алып, кайра сайып коё турган жыгач шиш, тыгын. Тоодон айылга келгичекти үч-төрт жолу чаначтын желгүүрүн алып, кайра сайды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. подниматься - о ветре;
күн желдей түшүп, мөндүр жаады погода стала ветреной, и пошёл град;
2. то же, что желден- 1;
желдеп келеличи давайте-ка немного проветримся, освежимся;
жуунуп муздак сууга, басты желдеп стих. умывшись холодной водой, он ходил (чтоб) проветриться;
3. перен. широко распространяться;
атагым журтка желдеген фольк. слава обо мне распространилась среди народа;
4. то же, что желден- 2;
тамыры желдеп турат тяньш. у него температура повышена.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛДЕЙБОЗ — эпизоддук кейипкер, Көз-камандардын бири. Кыргыздар чабылганда сүрүлүп кетип калмак болуп калган. Түбү кыргыз. Манастын аталаш туугандарынан. Манасты өлтүрүп келгиле деп Эсенкан атайын тапшырма менен жибергенде Ж. да тогуз уулу менен келген. Манаска алдап уу беришкенден кийин, Акаярды орго салып, Манастын ордосун талап алып, кытайга кайра качып баратышкан Көзкамандар Амбал тоону этектеп өргүп жатышканда кароолдо турган Ж. Бакай баштаган Манастын кырк чоросу аркасынан кууп жеткенин Көзкаманга кабарлайт. «Көзкамандар окуясынын» башында Чаңдуу аяк деген ат менен айтылып, Манаска уу беришкенден баштап Ж. делет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189 — 210; Курама варианты, 1. 267—292). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардын ичинде мындай ысымдагысы жок.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. обветриваться, подвергаться действию ветра; охлаждаться на ветру;
2. перен. возноситься, зазнаваться, мнить о себе;
желдеңге болуш болгон Семиз бала желденди, билемин деп, жалгыз даара стих. Семиз бала, став волостным управителем (рода) джелденг, зазнался, мол, я один всё знаю;
3. перен. стремиться, сильно желать; возбуждаться;
сен эмине желденип калгансың? что это ты так разошёлся?, что ты так беснуешься?
тамашаны көрүүгө желденгендер кыргыз арасында көп болот среди киргизов много таких, которые охочи посмотреть развлечения;
желденген кыз-келиндер, чогулуп, оюн салат охочие до забав девушки и молодухи собираются и устраивают игры.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. желде этишинин өздүк мамилеси. Көйнөгүнүн топчусун чыгарып, бир аз желденди. 2. өт. Күүлөнүү, көкүрөгүн көтөрүп менменсинген абалда болуу, желигүү. Томуктай эт жебесе да тамашасын көрүүгө желденгендер көп болот эмеспи (Жантөшев). Жабыккан, кылар иш жок жигиттери, Желденип, өздөрүнчө бүркүт болот (Токомбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛДЕҢБАЙ — кейипкер. Манаска келип кыргыз менен туруп калган калмак. Манасты баласындай көргөн Ж. «алты арам» Манастын бүлөсүн чапканда: «Калаабыз Манас барында, Көр Көбөш качан жан элең» — деп Көбөшкө каршы сөз айтат. Жга жинденген Көбөш аны карматып алып, мойнунан байлап сүйрөтүп өлтүрөт (Курама варианты, «Семетей», 14).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. прям. , перен. палач;
падышалык желдеттер царские палачи;
2. ист. рында (оруженосец), драбант (в этом значении наиболее часто встречается в богатырском эпосе);
желдет менен кароолчу телохранители и стражи;
Эсенканга кат берип, чоң желдетти жөнөттү фольк. написав письмо Эсенхану, он отправил старшего телохранителя.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Эзүүчүлөр тарабынан өлүм жазасына тартылгандарды өлтүрүү, уруп кыйноо кызматын аткарган адам, баш кесер. Желдеттерге кердирип, Сазайымды бердирип (Тоголок Молдо).
2. тар. Кандайдыр бир жогорку мансаптагы адамды, көбүнчө монархты кайтаруучу сакчы, аны ээрчиген, тейлеген адам. Үй көтөрүп, бээ союп, Желдеттерин ээрчитип (Тоголок Молдо).
3. өт. Ырайымсыз, таш боор, зулум. Биздин жерге желдеттин Буту эркин баса албайт! (Аалы).
ЖЕЛДЕТ II желде этишинин аркылуу мамилеси.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛДЕТ (арабча жаллад) — аким, эмирлердин буйругу боюнча өлүм жазасына же башкача бир өкүмүн жүзөгө ашыруучу кызматкер. Эпосто ушул маанисинде жана кызматчы жигит маанисинде учурайт: «Анда желдет кеп айтат, Ачууланып бек айтат» (Сагымбай Орозбаков, 3. 358).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эзүүчүлөр коомунда өлүм жазасына тартылгандарды өлтүрүп, уруп кыйноо кызматын аткарган адам, баш кесер. Бул кара мүртөз желдеттер өлтүрүп коюудан да кайра тартышпайт (Абдукаримов). Желе баскан желдеттер машкедей жойлошуп, Таабалдынын колу-бутун кишендешип түн катырып айдашты (Бектенов). 2. Кызматчы жигит. Желдет болуп барганы («Манас» С. О.). 3. тар. Кандайдыр бир жогорку мансаптагы адамды, көбүнчө монархты кайтаруучу сакчы, аны ээрчип, көбүнчө зордук-зомбулук көрсөтүүчү кызматкери, жигити. Желдеттер тепсеп кетпесин, Алтын такка тура тур («Эл адабияты»). Үй көтөрүп бээ союп, Желдеттерин ээрчитип (Тоголок Молдо). Кырк вазир, кырк жигит, Кырк желдетиң дагы бар (Токтогул). Кандын желдеттери «алал зекет», «түндүк зекет» дедиртип налогдорун жыйнашкан («Ала-Тоо»). Атын желдет алганы («Манас» С. О.). 4. өт. Киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган ырайымсыз, таш боор, канкор. Биздин жерге желдеттин, Буту эркин баса албайт! (Токомбаев). Чоң желдетин жиберип («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлмөнүн абасын жаңыртып туруу үчүн жасалган терезенин ачылып-жабылган көзү. 2. Ысык кезде бөлмөдөгү абаны салкындатууга атайын арналып жасалган курал, вентилятор. 3. Өндүрүш орундарын желдетүүдө аэропровод же трубопроводдор менен ташууда ж. б. абаны же башка газдарды жылдырып отуруп орун алмаштыруу үчүн алардын ашык кысымын туудура турган курал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кабат-кабат шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү. Желдиги жок ат минсең, Өркөч, бели жоор болот (Осмонкул). Алты кабат бир желдик Айлана басып капшырдым (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Желдиги жок ат минсең, өркөч, бели жоор болот» (Осмонкул). Бул — ээр токумдун бир бөлүгү. Тердиктин үстүнө коюлат. Ал — ээрдин эки каптаргасына кынала өлчөнүп жасалган кош кийиз. Муну чеберлер эки-үч каттай катуу шырып жасайт. Анын кайыштан кошогу болот. Бышык болушу үчүн мунун сыртына көбүнчө булгаары капташат. Көчмөңдүү турмушта кыз-келиндер токулуучу желдиктин бурчтарын жылдызчалап чегелеп, ээрдин астынан жалтылдап көрүнүп тургандай кылып койгон. Ал «музтердик» деп аталат. Муну айрым жерлерде «ээрдин жаазы» дейт. Анын оң жагы ээрдин оң актасына, сол жагы ээрдин сол актасына кынаптала түшө турган белгилери болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кат-кат кылып шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү. Алты кабат бир желдик, Айлана басып капшырды (Бөкөнбаев). Желдиги жок ат минсең, Өркөч, бели жоор болот (Осмонкул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Токулганын биринен болгон желдик сөзүн тердик сөзү менен салыштырып, тердик сөзү тер+дик бөлүктөрүнөн турарына таянып, желдик сөзүн да жел>дик деген морфемаларга ажыратууга болот. Бирок мунун жел уңгусунун мааниси эмнени билдиргени белгисиз бойдон калат. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде желдик сөзү жагелдирик (жәгәлдирик) болуп да айтылат (Юдахин, 210). Ушуга караганда сөздүн алгачкы формасы жагалдырык түрүндө болгон деп эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Сөздүн уңгусун түзгөн жагал сөзү алгачкы такал этиши болгон. Сөз башындагы т тыбышы й тыбышына өтүшүнүн натыйжасында такалдырык деген сөз йакалдырык> йагалдырык>йәгәлдирик>желдик болуп өзгөргөн. Желдиктин жээги кырданып, саал дөмпөйүп турат. Ошондуктан ээр ал кырууга такалып, алга же артка жылып кетпей, ээрдин эки капталы менен бирге болот. Кыргыздын «найза саймак эрдиктен, ат жоорутмак тердиктен» макалы кыруусу начар тердиктен ээр чыгып кетишине же тердиктин жука жасалышына байланыштуу айтылган. Сөзүндүн аягында келген -дырык мүчөсү кыргыз тилинде көмөлдүрүк, тамандырык, кычкылдырык, сагалдырык, моюнтурук, кескелдирик, бөлтүрүк, көкүлдүрүк, булдурук, чымылдырык, түйүлдүрүк, кыпчылдырык сыяктуу сөздөрдө кездешет. Айрым сөздөрдө -дырык мүчөсүн кыскартып, -дык түрүндө айтууга да болот. Мисалы: суулдурук – суулук, чымылдырык – чымылдык, кашкалдырык – кашкалдык, кыпчылдырык – кыпчылдык, кычкылдырык – кычкылдык ж. б. Ушуга караганда азыркы кыргыз тилиндеги -дырык жана -дык мүчөлөрү чыгыш теги боюнча бирдик түзөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. 1. Ыр уйкаштыгындагы ар кылдуулук, уйкаштыктын бир формасын (шыдыр, аттама, жуп, аксак уйкаш) карманбай, ыңгайына жараша ар түрдүү уйкаштыкка салып ыр куроочулук. 2. Мазмундук байланышка караганда уйкаштык байланыш биринчи орунга коюлуп, бир эле ойду бир канча вариацияга салып желдирип ыр куроочулук. «Алтындай сака калчадың ботом, Айлыңа жетпей чарчадың ботом, Күмүштөн сака калчадың ботом, Күнүңө жетпей чарчадың ботом» («Карагул»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о погоде, месте) ветреный;
күн желдүү болуп турат стоит ветреная погода;
желдүү жер место или местность, где дует ветер;
2. перен. ветреный, легкомысленный;
желдүү жигит ветреный парень;
желдүү болсо боз бала, аны акыр мактаба, - жетпес анын акылы тамашадан башкага стих. если паренёк легкомыслен, ты его не хвали, его ума хватает только на развлечение;
3. этн. (о пище) то же, что суук (см. ысылык 2).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жел жүрүп турган, жел согуп турган. Сары өзөн жумшак желдүү салкын жайда... (Осмонов). Күн желдүү болуп турат. 2. өт. Мүнөзү жеңил, көкүрөгүн өргө айдаган, желикме. Желдүү боз бала. Желдүү жигит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
желе I
1. привязь для жеребят (натянутая между двумя колышками);
2. привязь для скота;
желеде малым, уюм деп, сандыкта зарым, булум деп фольк. на привязи у меня, мол, скот, коровы, в сундуке у меня, мол, золото, деньги;
желеси менен бээ берем фольк. я дам косяк кобылиц;
өрүштөн кыркпа желемди, өксөтпө курган энемди фольк. не перерезай привязь на моём пастбище (т.е. не лишай меня скота), не доводи мою мать до горьких слёз;
желе узарт- увеличить количество скота (букв. удлинить привязь);
туугандары жергелеш конушат, желесин узартышат их родичи селятся рядом и тем увеличивают (в данном месте) количество скота;
3. силки, расположенные в ряд;
4. паутина;
жөргөмүш желе тартыптыр паук протянул паутину;
желе тарт- вытягиваться в ряд, двигаться вереницей;
каркыра-туруна, желе тарт! журавли, вытягивайтесь в ряд! (напутствие, которым дети сопровождают отлетающих журавлей);
желе тартып, каркыра, чубай учкан чуркурап стих. летят вереницей журавли один за другим и курлыкают;
желе бою келгенде когда подъехал (подошёл) почти вплотную;
жез кемпирдин желеси или көк желе радуга.
желе II
желе.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1.Эки башы эки казыкка керилип, көбүнчө саала турган бээлердин кулундары тизмектелип байлануучу аркан. Желе тартып бээ байлап, Жердеген колхоз айылы (Бөкөнбаев). [Күмүшай].. көнөгүн каруусуна илип, желеге карай басты (Аалы).
  1. 2.           Жөргөмүштөн бөлүнүп чыгарылган жабышкак суюктуктан пайда болгон жипчелер аркылуу тордолгон тор. Жөргөмүш желе тартыптыр. Жөргөмүштүн желеси.
  2. 3.           Кырка тизмек, катар. Каркыра-турна желе тарт. Келе жаткан кербендей желе тартып (Үмөталиев).

¨ Жез кемпирдин желеси к. кемпир.
ЖЕЛЕ II зат. Жемиштин суусунан жасалган килкилдек таттуу тамак.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кулун байлаган желе менен жөргөмүштүн желеси, чымчыкка желе тарт деген учурдагы желе сөзүнүн эң алгачкы мааниси «тузак сыяктуу илмек» болушу мүмкүн. Анткени азыркы чуваш тилинде йала сөзү «тузак», «илмек» маанисинде гана айтылат (ЧРС, 120). Ушуга караганда алгачкы мааниси ал тилде сакталып кала берген. Кийин желе сөзүнүн мааниси кеңейип, «тузак» гана эмес, ага окшош жасалган нерселерди, маселен, «кулундун желесин» туюнтуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки башы эки казыкка керилип, көбүнчө саала турган бээлердин кулундарын тизип байлай турган аркан. Желе тартып, бээ байлап, Жердеген колхоз айылы (Бөкөнбаев). Желеден айгыр минишип («Манас» С. К.). Топ-топ болуп бир басып, Желеге барып бээ саашып («Эл адабияты»). Күмүшай көнөгүн каруусуна илип, желеге карай басты (Токомбаев). // Убактылуу мал байлоо максатында керип тартылган аркан. Жакшы атасаң баланы, Желеси менен бээ берем («Сейтек»). Желеңде калды чүлүгүң (Тоголок Молдо). Желеден өзүң тандаган жалдуу жылкы кармап жетелет (Сыдыкбеков). Желедеги уйлар кулгуп кепшеп көздөрүн сүзөт (Жантөшев). 2. Жөргөмүштөн бөлүнүп чыгарылган жабышкак суюктуктан пайда болгон жипчелер аркылуу тордолгон торчо. Жөргөмүш желе тартыптыр. Тамдын бурчунан жөргөмүштүн желеси көрүндү. 3. Кырка тизилген тизмек, катар. Келе жатат жолоочулар тынымсыз, Каркырадай желе тартып чубалып (Бөкөнбаев).

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(анат.) белоктук без; жумуртканын агын чыгаруучу без, жыныстык бездердин кошумча бир бези. Ж. вилочковая — к. Вилочковая железа. ж. Гермафродитная (анат.) — кызтекелик без, аталык жана энелик клеткаларды жаратуучу без; ж. Глазная (анат.) — көз бези, сөөлжан сымак айбандардын баш жагында болот; ж. Гроздевидная (морф.) — тобурчаксымак без, түзүлүшү тобурчакка окшош без; ж. грудная — к. ж. молочная; ж. зобная — к. Вилочковая железа; ж. лимфатическая (анат.) — лимфа бези, тикен терилүү деңиз жандыктарынын амебоцит клеткаларын жаратуучу без; ж. Молочная (анат.) — сүт бези, желиндүү айбандардын сүт жаратуучу бези, желин; ж. ножная (анат.) — бут бези, сууда жашоочу кээ бир үлүлдөрдүн бутундагы без, былжыр чыгарат; ж. паращитовидная — к. Железы околощитовидные; ж. паутинная (анат.) — желе бези, жөргөмүштүн желесинин суюктугун чыгаруучу без; ж. поджелудочная (анат.) — уйку бези, желиндүү айбандардын айланчык (үч таман) ичегисинин жанында жаткан, тамак эритүүчү ферменттерди жана бөтөнчө гормон, инсулин жаратуучу без; ж. предстательная (анат.) — простата бези, желиндүүлөр классындагы эркек айбандардын бездеринин бири; ж. преутеральная (анат.) — жатын алдындагы без, жумуру мите курттардын жыныс органдарына жакын жаткан бир бези; ж. Синусная (анат.) — синус бези, крабдын ички секрециялык органдарынын бирөө; ж. Скорлуповая (анат.) — кабык бези, жумуртканын кабыгы болуучу затты чыгаруучу без, ж. Хвостовая (анат.) — куйрук бези, жумуру мите курттардын, мисалы, аденофореялардын куйругунун учундагы бездер, ж. цементная (анат.) — цементтик без, пипа бакаларынын көнөкпаштарын бир жерге жабыштырып туруучу орган; ж. шейная (анат.) — моюн бези, жумуру мите курттардын моюн жагында жаткан без, ж. щитовидная (анат.) — калкан сымак без; желиндүү айбандардын мууздоосунун үстүндө жаткан, гормон жаратуучу без; ж. клетки (цит.) — без клеткалары, бездерди түзүүчү клеткалар, бездердин функциясына жараша клеткалардын формалары да ар кандай болот; ж. орган (анат. ) — безден турган орган, без клеткаларынан жаралган орган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕМИРЖОЛ УНААСЫ – башкарууну транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жүзөгө ашырган жалпы пайдалануудагы транспорттун түрүнүн бири, өзүнө кирген өндүрүштүк жана социалдык багыттагы уюмдары бар бирдиктүү өндүрүштүк-техникалык топтолгу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. железо-го т.,
железный лом темир сыныгы;
железная кровать темир кровать;
железная крыша тунуке чатыр (үйдүн чатыры);
2. перен. (твёрдый непреклонный) темирдей, мыкты, катуу, чың;
железная воля темирдей кайрат, катуу кайрат;
железная дисциплина темирдей катуу дисциплина; катуу тартип;
3. перен. (сильный, крепкий) темирдей, мыкты, катуу, чың;
железные мышцы темирдей булчуңдар;
железное здоровье мыкты ден соолук;
железная дорога темир жол;
узкоколейная железная дорога тар колеялуу темир жол;
подземная железная дорога жер астындагы темир жол;
железный век ист. темир кылымы;
железное дерево бот. темир жыгач;
железный купорос хим. темир купоросу;
за железной решёткой түрмөдө.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. темир; тунуке (листовое, кровельное);
2. собир. темир-тунукеден жасалган буюмдар, темир-тезек;
3. мед. темир (дарынын бир түрү);
куй железо, пока горячо посл. темирди кызуусунда сок.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(анат.) бездер; организмдин биохимиялык процесстерине жана физиологиялык функцияларына катышуучу бөтөнчө заттарды жаратуучу органдар. Ж. анальные (анат.) — анус бездери, кээ бир муунакбут жандыктар коргонуу заттарды арткы тешигинен бөлүп чыгаруучу бездер; ж. андрогенные (анат.) — андрогендик бездер, эркектик кийинки белгилерди калыптоого себепкер гормондорду жаратуучу бездер; ж. антеннальные (анат.) — антенналык бездер, рак сымалдуулардын заара чыгаруучу бездери; ж. бронхиальные — колко бездери; былжыр чыгаруучу бездер, ж. бруннеровы (гист.) — Бруннер бездери; айланчык (үч таман) ичегинин былжыр челиндеги бездер; ж. височные (анат.) — чыкый бездери, жыландын уу жаратуучу бездери, ж. внешней секреции (физиол.) — сырткы секреция бездери, заттарын түтүкчө аркылуу чыгаруучу бездер, ж. внутренней секреции (физиол.) — ички секреция бездери, гормон жаратуучу бездер; ж. восковые (анат.) — мом бездери, мом затын жасоочу бездер; ж. выделяющие кислоту (анат.) — кычкылдык чыгаруучу бездер, мисалы, үлүлдөрдө болот; ж. головогрудые (анат.) — баш көкүрөк бездери, чалгыбут жөргөмүштөрдүн коргонуу суюктугун жаратуучу бездер; ж. желудка (анат.) — карын бездери, карындын зилин жаратуучу бездер; ж. кишечника (анат.) — ичеги бездери, ичегилердин зилин жаратуучу бездер; ж. клейкие (анат.) — желимдүү бездер, кээ бир үлүлдөрдүн желим жаратуучу бездери, ж. кожные (анат.) — тери бездери, ар кандай айбандардын тери бездери ар түрдүү функция аткарат, мисалы, кээ бир амфибиялардыкы уу чыгарат; ж. коксальные (анат.) — көчүк бездери, муунакбут жандыктардын кээ бир тукумдарында калдык бөлүп чыгаруучу функцияны аткаруучу бездер; ж. лобные (анат.) — маңдай бездери, боолукбут жөргөмүш сымалдуу жандыктардын бир органдары; ж. максиллярные (анат.) — максилла бездери, жаак бездери, рак сымалдуулардын бездери; ж. мускусные (анат.) — мускустук бездер, сасык зат чыгаруучу бездер, мисалы, сасык таш бакада болот; ж. носовые (анат.) — мурун бездери, игуаналардын денесинен туз бөлүп чыгаруучу бездер; ж. околоушные (анат.) — тарсылдак бездери, кулак бездери, кулактын тарсылдагын сыртынан жаап жаткан, шилекей жаратуучу бездер; ж. околоушные ядовитые (анат.) — тарсылдактын уулуу бездери, курбаканын кулагынын жанындагы уулуу бездери; ж. оолошиговидные (анат.) — калкан сымак бездердин жандоочтору, калкан сымак бездердин үстүндө жаткан бөтөнчө майда без эндокрин системасына кирет; ж. пахучие (анат.) — жыттуу бездер, кээ бир жандыктардын, айбандардын жыты күчтүү заттарды жаратуучу бездери; ж. пищеварительные (анат.) — аш эриткич бездер, жем эриткич бездер, тамак эритүү үчүн керектүү заттарды жаратуучу бездер; ж. Половые (анат.) — жыныс бездери, жыныс клеткаларын жаратуучу бездер; ж. потовые (анат.) — тер бездери, желиндүү айбандардын көпчүлүгүнүн терисинде жайгашып, тер жаратып, сыртка чыгарып туруучу бездер; ж. предротовой полости (анат.) — ооз босогосундагы бездер, муунак бут жандыктардын, мисалы, жөргөмүштөрдүн тамак эритүүчү заттарды жаратуучу бездери, ж. Прядильные (анат.) — жибек жасоочу бездер, жибек курттардын жибек суюктугун жаратуучу бездер; ж. "ректальные" (анат.) — "ректум" бездери, каскак жандыктардын суу соруучу бездери; ж. сверлильные (анат.) — көзөгүч бездер, кээ бир мите үлүлдөрдүн кабык көзөөгө жардам берүүчү бездери; ж. слезные — жаш бездери; көздүн жаш суюктугун жаратуучу бездер; ж. слизистые (гист.) — былжыр бездери, былжырдуу челдердин былжыр жаратуучу бездери; ж. цементные (анат.) — цемент бездери, чаптоочу желим жаратуучу бездер; ж. шелкоотделительные — к. Железы прядильные; ж. ядовитые (анат.) — уу бездери, айбандардын, жандыктардын уу жаратуучу бездери.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. флаг;
2. лёгкая верхняя мужская одежда (на подкладке и без стёжки);
3. детская безрукавка;
4. (в эпосе) наконечник флагштока;
желеги алтын туу фольк. знамя с золотым флагштоком;
5. ист. то же, что байрак 2 (но вместо пики шест, а вместо бунчука кусок материи);
желегим моя надежда, моя опора (ласк. обращение к маленькому сыну; букв. бунчук мой!);
аркамда калган желегим, алты жашар белегим фольк. ты, оставшийся после меня, моя надежда, мой дар шестилетний;
найзага таккан желегим, асылдан калган белегим! фольк. ты мой бунчук на копье, ты мой дар, оставшийся от моего дорогого! (т.е. от мужа).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Түрлүүчө түстөгү, формадагы кездемени таякка же узун жыгачка байлап, бир нерсенин белгиси, символу катарында колдонула турган байрак. Желек көтөрүп жүргөн келин Настен эле (Убукеев). Кызыл желек.
ЖЕЛЕК II зат. диал. Эркектердин кебез салынбай тигилген жука күрмөсү. Бир маалда.. үстүнө ак желек кийген.. жигит келди (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түрдүүчө формадагы жана түрдүүчө түстөгү кездемеден таякчага же узун жыгачка байланып, бир нерсенин белгиси, символу катарында колдонула турган байрак, тилке кездеме. Желек көтөрүп жүргөн келин Настен эле (Убукеев). Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап (Тоголок Молдо). Аттын келер жолуна, Ак желек алсын колуна («Манас»). Бул күндө Октябрдын ийген кези, Кедейге кызыл желек тийген кези (Токомбаев). Желеги алтын туу менен («Манас» С. О.). 2. Желекче. Найзага таккан желеги, Аяш атаң Алмандын («Манас»). Сары желектерин булгалактатып, сурнайларын созолонткон вагончулар камбыл кыймылдоодо (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желеге байлоо, желеге тизүү. Желелеп кулун байлаган. 2. Желе тартуу, желе жасоо, желе тор пайда болуу. Чаң басып, жөргөмүш желелеп, өңү өчкөн буюмдар эсимде («Ала-Тоо»). 3. Катар тизүү, катарлашып тизмектелген абалга келтирүү. Желелеп жибек түйөрмүн, Кеминде жети жылы күйөрмүн («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желик I
трусца, лёгкая рысь (ход лошади);
желиги жакшы ат лошадь с хорошей (мягкой) рысью.
желик- II
раззадориться, не знать удержу;
өз атыңды мингенсип, өз тонуңду кийгенсип, эмине мынча желиктиң? фольк. что это (ты) так разошёлся, будто сел на своего коня, будто надел свою одежду?
жейрен болсо, аталы, желиккенди басалы фольк. если будут джейраны, постреляем, душу отведём (букв. своё возбуждение успокоим)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ээлигүү, токтоно албоо, делебеси козголуп, бир орунга тура албоо, күүлөнгөн, эргиген көңүлдө болуу. Акылы жарым азамат, Алты сом тапса желигет (Осмонкул). Желигип калган экенсиң, Жериңден жетик кол жыйып, Ээлигип калган экенсиң («Манас»). Совет өкмөтү чыккандан бери бала да, чоң да окуу деп желигет (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсени жабыштыруу, чаптоо үчүн колдонулуучу жабыштыргыч зат; клей. Сары желим. Желим кыл.
¨ Ичкени ирим, жегени желим болуу — ичкен-жегени аш болбоо, тынчы кетүү санааркап, айласы кетүү. Эми алардын ичкени ирим, жегени желим болот (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Чиркей сыяктуу чага турган майда чымын. Чиркейи да чагат, көгөнү да кан сорот, жадаганда желимчи да тынчтык бербейт (Аалы).
ЖЕЛИМЧИ II зат. Желим жасоочу, желим сатуучу адам. Кадакчы менен желимчи, Куюшкан, жүгөн өрүмчү («Кедейкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чага турган майда чиркейдин бир түрү. Чиркейи да чагат, көгөнү да кан сорот, Жадаганда желимчи да тынчтык бербейт (Токомбаев). Мындай фонарлар чиркей, желимчи сыяктуу зыяндуу курт-кумурскаларды жоготуу үчүн эң пайдалуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вымя;
кара желин сухое вымя, вымя без молока;
уй кара желин тууптур корова отелилась, но молока у неё нет;
куу желин уйлар малоудойные коровы;
желин сал- набирать вымя (напр. о корове перед отёлом);
желин кап подвязка на вымени овцы, не дающая ягнёнку сосать;
2. сосок вымени;
желини карыш бээ кобылица с длинными сосками.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сүт эмүүчү айбандардын (мисалы, уйдун, койдун ж.б.) эмчектер аркылуу сүт чыгара турган сүт бези. Бээлердин желиндери жарылып кетмек болду (Сыдыкбеков). Байлоодо жулунуп турган музоо томураңдаган бойдон барды да, энесинин желинин сүзүп алды (Убукеев).
Желин салуу — желини чоңоюу, желиндөө (тубарына жакындаган бооз мал жөнүндө). Ой Калыйпа, билбейсиң, Арык кой желин сала албайт (Осмонкул). Кара желин — сүтү аз, сүтү кем желин. Эчкиче опо бербеген Кара желин уйлардан Каймак сүтүн алышат (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүт эмүүчү жаныбарлардын (уй, кой, жылкы ж. б.) сүт бездери орун алып, сүт жыйноочу эмчектүү органы. Желининде чака-чака сүтү бар, Өгүзүндө атан төөнүн күчү бар (Осмонкул). Уйлар басса желини чатына батпай ары-бери чайпалат (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көпкөлөң тартып, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей журуп, бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келуу, жини кагылып, козу ачылуу, мурдагысындай болбой калуу. Дардаңпостун жели чыксын дегенби, Тоймат кескин жооп кайтарды (Каимов). Желиң чыгып, демиңдин бөксөргөнү ушул (Сасыкбаев). Ошентип, өзүнчө ээлигем деп жели чыккан Тазабек, журш башына оор күн түшкөндө да айлына анча арка-тирек боло алган эмес (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көпкөлөң тартып, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей жүрүп, бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келүү, жини кагылып, көзү ачылуу, мурдагысындай болбой калуу. Дардаңпостун жели чыксын дегенби, Тоймат кескин жооп кайтарды (Каимов). Желиң чыгып, демиңдин бөксөргөнү ушул (Сасыкбаев). Ошентип, өзүнчө ээлигем деп жели чыккан Тазабек, журт башына оор күн түшкөндө да айлына анча арка-тирек боло алган эмес (Сыдыкбеков). Эми жели чыккан, Поп, молдо, душман (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желиш I
и. д. от жел- III
трусца, лёгкая рысь (ход лошади);
бөрү желиш волчья переступь (ход лошади);
калмак желиш тряская рысь;
бөкөн желиш размеренная, спокойная рысь;
кара желиш быстрая рысь;
бүлкүлдөк желиш тихая и мелкая трусца, спокойная трусца.
желиш- II
взаимн. от жел- III
совместно бежать лёгкой рысью, трусцой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. затылок, загривок;
чачын желкесин көздөй тарап зачесав волосы назад;
желкенин чуңкуру затылочная впадина;
көк желке место соединения шеи с затылком;
2. кожа затылка, загривка;
жээн эл болбойт, желке тон болбойт погов. жээн (см.) сородичем не станет, загривок на шубу не годится;
3. зад, задняя часть, задняя сторона чего-л.;
айылдын желке жагында за аулом;
коломтонун желкеси противоположная от входа сторона очага в юрте;
коломтонун желкесине келип олтурду он подошёл и сел за очаг (т.е. на почётном месте);
желкесинин чуңкуру жок скупой, неотзывчивый;
үйүн желкемдин чуңкуру көрсүн! ноги моей у него в доме не будет!;
жегени желкесинен чыгарылсын! чтоб ему подавиться (моим, твоим и т.д.) добром!;
элдин желкесине минип сидя на шее народа; эксплуатируя народ;
желке сугат с.-х. второй полив посевов;
желкесинен өткөрө тикте- см. тикте- 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. I. Моюндун арт жаккы бөлүгү, кежиге.[Эже].. уйпаланган чачын сылап, желкесине кайрыды (Байтемиров). Бай баласы муштап кетсе желкеге, Төгүп жашын, мөгдөп жерди караган (Бөкөнбаев).
  1. 2.           Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт (макал).
  2. 3.           Арт жак, бир нерсенин арка жагы. Айылдын желке жагында. Копер мунарасы дөбөнүн желкесинде болучу (Сасыкбаев). Бул таштын желкесине салган короо (Маликов).

¨ Желкемдин чуңкуру көрсүн к. чуңкур.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Моюндун арт жаккы бөлүгү, шили, кежиге. Эне уйпаланган чачын сылап, желкесине кайырды (Байтемиров). Бай баласы муштап кетсе желкеге, Төгүп жашын, мөгдөп жерди караган (Бөкөнбаев). Базыл малакайын желкесине түшүрө кийип, адырайып тиктеп турат (Касымбеков). 2. Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы, шили жагы. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт (макал). 3. Бир нерсенин арка жагы, арт жагы. Копер мунарасы дөбөнүн желкесинде болучу (Сасыкбаев). Бул таштын желкесине салган короо (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желкеден алуу, желкеден кармоо.
2. Бирөөнү алдына салып айдап алуу, бир жакка барууга, иштөөгө, айтканына көнүүгө аргасыз кылуу. Солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). «Баскын» деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. идти сзади;
кырк желдетим жетелеп, кырк увазир желкелеп фольк. сорок моих телохранителей впереди, сорок министров позади;
2. нести на загорбке;
желкелеп алып кет- унести, посадив себе на шею, на загорбок;
3. бить по затылку, по загривку;
эми желкелеп мени минбейсиң фольк. (говорит конь) теперь ты уже не будешь ездить на мне и хлестать по загривку;
кайын энем урса желкелеп, солубайбы жаш өмүр убагы-нан эртелеп! фольк. разве не завянет рано моя молодая жизнь, если свекровь будет бить по затылку!;
4. сев. с.-х. давать посевам второй полив.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желкеден алуу, желкеден кармоо. Томаякты желкелеп, Бай көрсөткөн мушту айт (Барпы). 2. Бирөөнүн артынан түшүп, ыкыстатып, демитип алуу, алдына салып айдап алуу. Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Баскын деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул). 3. Ыкыстатып жакын кирип келүү, аз калуу, жакын калуу, чукулдап калуу. Ошентип бул окуя жашым алтымыштан ашып, жетимишти желкелей барганда башыма келип отурат («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көргүм келбейт, экинчи муну көрбөйүн, мындан ары көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Экинчи бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн (Бөлөкбаев). Адам сөөктөрүн көргөндө көздөрү чанагынан чыгып, экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн деп, качып жүргөндөр андан көп (Бейшеналиев). Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев). В.: Көрөйүн деген көз желкенин чуңкурунда. Базарбайдын Акылбекти көрөйүн деген көзү желкесинин чуңкурунда.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Такыр көрбөйүн, ага кайрылбайын, экинчи көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ачуусу келуу, тырчый түшүү. Желкеңиз тырышпасын тууган. Сиздин оюңузча, ал киши оокат да жебесинби? («Чалкан»). Менин тилимен чыкпаган Субандын бул ишине таң калып, желкем тырыша түштү. Көрсө, сууну ылайлаган киши бар экен (Жантошев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуусу келүү, тырчый түшүү. Желкеңиз тырышпасын тууган. Сиздин оюңузча, ал киши оокат да жебесинби? («Чалкан»). Менин тилимен чыкпаган Субандын бул ишине таң калып, желкем тырыша түштү. Көрсө, сууну ылайлаган киши бар экен (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жакты карай жапырыла жыгылып сеңселүү, желп-желп этип бир калыпта теңселгендей абалда болуу. Жер кыдырып жел жүрсө, Желкилдеп турган жекени («Семетей»). Желкилдеген төө жедиң, Желини карыш бээ жедиң (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жеңил мүнөз, туруксуз. Жел колтук, ала көөдөн, ала канат Үчөө тең бир мүнөздөн орун алат (Тоголок Молдо). Дал ошо жел колтуктар... өзүңүз эшиткен жанытма казалдарды какшап жаттагандары мындай турсун, ...не бир шумдуктарды таркатууда (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жеңил мүнөз, туруксуз. Жел колтук, ала көөдөн, ала канат, Үчөө тең бир мүнөздөн орун алат (Тоголок Молдо). Далай жел колтуктар... өзүңүз эшиткен жанытма казалдарды какшап жаттагандары мындай турсун, ...не бир шумдуктарды таркатууда (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛКЫЗЫЛ — Тейиш кандын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта байгелүү орунду ээлеген тулпар катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).

Киргизско-русский словарь Юдахина
миф.
верблюд-скакун, верблюд, отличающийся быстрым ходом, неутомимостью и силой;
агар алтын, ак күмүш, Желмаян, билге жүктөп кет фольк. чистое золото, белое серебро увези, навьючив на Желмаян'а, на слона.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛМАЯН — төөнүн күлүгү. «Манас» эпосундагы зооморфтук образдардын бири. Байыркы кыргыздарда төө урмат-сыйга ээ. Илгери ал ботологондо сүйүнчүлөп, жентек беришчү. Аны адам сыяктуу эле ботосу өлсө же жоголсо кайгы тартууга, ал эмес жоктоого да жөндөмдүү деп эсептешкен. Казактарда да ак төө ыйык деп эсептелет. Аны аябай бир кубанычтуу учурларда курмандыкка чалышкан. Эки элдин диний ишениминен орун алган жогоркудай жалпы көз караштар алардын көркөм ойлоосунда окшош мотивдерди жараткан. Дегеле кыргыз фольклорунда Ж-дын образы аңыз-уламыштан баштап, «Манас» эпопеясына чейин орун алган. Манас өлгөндө Ж. «Аза күтүп, ээй, от жебей, Армандуу болуп ээй, суу ичпей» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 223), чөгүп, "адам сыяктуу кайгы-муңга батат. Семетей эр жетип элине келе жатканда алдынан тосуп чыгат жана аны ал курмандыкка чалганда: «Караса көзгө илинбейт, Кайда экени билинбейт... Жерге тамган каны жок, Желмаяны дагы жок» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 548-инв., 154-б.), кайып болуп жоголуп кетет. Эпос боюнча Ж. жөнөкөй эле төө эмес, аны Манаска Шай ата (Шаймерден) кайыптын элинен алып келгенин айтып тапшырат. Айрым этнографиялык маалыматтарга караганда кыргыздар кээ бир касиеттерин адамга окшоштурушкан, ага арнап ар түрдүү ырым-жырымдарды иштешкен. Ошондуктан мындай түшүнүктөр качандыр бир убактарда төө кыргыздарда (түркмөндөр сыяктуу) тотем болгондугун айгинелейт. Касиеттүү эсептелип, сыйынуунун объектилеринен болгон жер-суу, тоо-таш, булак ээлери да ак тайлак делип, төөгө байланыштырылгандыгынан да тотемдин калдыгын көрүүгө болот. Ж. кайып болуп кеткенден кийин бейшемби, жума күндөрүндө Манастын күмбөзүнө келип тургандыгы айтылат. Демек, эпостун негизги варианттарында баяндалган Ждын образы Манастын күмбөзүнүн колдоочу ээси катары элес берет.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Төөнүн түрү – күлүк жана чыдамдуу, күчтүү төө. Желмаянды чөгөрүп, Жез казанды көмкөрүп («Манас» С. О.). Жекейбоз тон кийгизип, Желмаянды мингизип («Сейтек»). Жети куржун бүктөтүп, Желмаянга жүктөтүп («Сейтек»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Төөнүн ургачысынан чыккан күлүгүн желмаян деп коёт. Мая сөзү «ургаачы төө» маанисинде казак, өзбек тилдеринде колдонулат. Кыргыз тилинде анын аягына артык баш н тыбышы кошулуп, маян түрүнө келген. Кыргыз тилинде жел сөзү айрым сөздөрдүн астына келип айтылат: «жел таман» десек, «көп басканды жакшы көргөн, бир жерге тура албаган» деген маани берет. Жел өпкө десек, «мактанчаак» деген маанини түшүнөбүз. Желмаян сөзүндө да жел сөзү «желдей сызган күлүк» деген маани берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. миф. баба-яга;
жети баштуу желмогуз семиглавая баба-яга;
жети баштуу желмогуз болот, анын жети башын тең кыя чапмайынча өлбөйт есть семиглавая баба-яга, она не умрёт, если не отрубить семь её голов;
2. перен. обжора.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жок нерсеге ишенген адамдардын түшүнүгү боюнча: адамды жеп-жутуп жиберүүчү коркунучтуу жаныбар. Жалгыз көздүү желмогуз Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Ажыдаар болуп атырылат да, Желмогуз болуп умтулат (Шүкүрбеков).
2. Түрү суук, балакет; ырайымсыз, жырткыч. Диндин өкүлдөрүн Токтогул желмогуздай көргөн (Бөкөнбаев). Жалгызынан айрылган Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛМОГУЗ (түрк-моңголчо) — мифтик жандык. Көп элдердин фольклорунда киши кебетесиндеги Ж-дун образы кезигип, ал көпчүлүк учурларда башкы оң каармандар менен согушат. Адам баласынын байыркы мезгилдеги түшүнүгүнө байланышкан Ж-дун образы көп белгиси, аткарган кызматы жагынан түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында негизинен бирдей, окшош. Ал тургай мифтик бул кейипкердин ысымынын аталышынын үндөштүгү да алардын образынын теги бир экендигин айгинелейт. Мисалы, кыргыз мифологиясындагы Ж. казактарда «желмауз», өзбектерде «ялмогиз», алтайлыктарда «моңуз» («моос», «маңыз»), туваларда «маңгыс» («моос»), хакастарда «моос», моңголдордо «маңгас» («мангус»), буряттарда «мангадхай» деп аталат. Ж. элдик чыгармаларда тектеш, типтеш чагылдырылган менен көркөм образ катары улуттук мүнөздөгү айырмачылыктарга ээ. Алар дайыма элдик баатырларга каршы туруп, кыянаттык кылат. «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө чагылдырылган Желмогуз уулу Сарыбай дөө менен болгон күрөш (Курама варианты, «Сейтек», 210—229) бөтөнчө көркөм сүрөттөлүп, Ж-дун типтүү образы мүнөздөлөт. Ж-га каршы күрөш поэманын баатырдык багытын жогорку бийиктикке чыгарат. Сарыбай желмогуздун жеңилиши адилетсиздикти акыйкаттык, жамандыкты жакшылык жеңиши, эл мүдөөсүнүн жүзөгө ашышы болуп эсептелет. Бул сыяктуу жомоктук мифологиялык мотивдер Ж-дун эпосто чагылышын, учкул кыял көркөм сөздүн мыйзамына ылайык апыртмалуу, укмуштуу-кереметтүү жагдайда (сыпатта) баяндалышын көрсөтүп турат.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргыз, казак, элдеринин оозеки чыгармаларында картаң кемпир кебетесиндеги көпчүлүк учурда жети баштуу тири укмуштуу мифтик жандык. Байыркы түрк тилинде жел – карасанатай дух, жин-шайтандуу жандык. Бир желмогуз өттү деп («Манас» С. О.). Соргон сайын желмогуз түк тойбоду, Жумуруна али жук болбогондой (Үмөталиев). Жалгыз көздүү желмогуз, Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Жез кемпир сурап алып өгөөнү, Желмогузга бериптир, Төштүк («Эр Төштүк»). 2. өт. Түрү суук, ачкорок, соргок, залим, опкок, мыкаачы. Жалгызынан айрылган, Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»). Жетилип, кедей, кутулдуң, Желмогуздун оозунан (Токтогул). Желмогуз жетим тойбойт деп, Жек көрүмчү болорсуң (Осмонкул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз. Айдараалы жел өпкө мушташпаган киши калбагандыр (Абдукаримов). Жел өпкө көйрөң теңебейт Өзүн катардагы кишиге (Бейшеналиев). Бир жагынан жел өпкө жаштарды ээрчип кеткенине иренжиди (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз. Айдараалы жел өпкө мушташпаган киши калбагандыр (Абдукаримов). Жел өпкө көйрөң теңебейт өзүн катардагы кишиге (Бейшеналиев). Бир жагынан жел өпкө жаштарды ээрчип кеткенине иренжиди (Укаев). Жел өпкө көйрөң деген бар, Өпкөсү батпай ичинде (Тоголок Молдо). Айылдагылар аны Айдараалы жел өпкө деп аташчу (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
подражание лёгкому движению, лёгкому колыханию;
желп эт- колыхнуться, шевельнуться;
сакалы менен муруту желп эте түштү его борода и усы (от ветра) колыхнулись;
желп эткен жел чуть повеявший ветерок;
желп эткен жел, кылт эткен куурай, чыңылдаган чымындын баарынан коркот (из сказки) он боится всего: чуть повеявшего ветерка, хрустнувшей травинки, жужжащей мухи;
желп дегиз- колыхнуть, заставить колыхнуться.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I : жеңил-желпи — оңой, оңой-олтоң, оор эмес, ит бекер, анча убарасы жок. — Сиз үйлөнүүнү ошончолук жеңил-желпи нерсе деп ойлойсузбу (Каимов). Жеңил-желпи иштен койчудай иш табылар бекен? («Чалкан»).
ЖЕЛПИ II этиш. Ары-бери серпип желдетүү, шамалдатуу. [Жеңе].. колу менен
бетин желпиди (Убукеев). [Салык].. мадырайган башын калпагы менен желпип отурду (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ары-бери серпип желдетүү, шамалдатуу. Салык мадырайган башын калпагы менен желпип отурду (Каимов). Жеңе колу менен бетин желпиди (Убукеев). 2. Сапырган сыяктуу кылып экчөө, экчеп кебектерин, пыр-сырын учуруу. Чоң эне акшак желпип отурат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. развеваться;
желек желпилдейт флаг развевается;
2. (о верблюдё) трусить, идти мягкой трусцой;
желпилдеген төө жедиң, желини карыш бээ жедиң фольк. ел ты (мясо) верблюда с мягкой трусцой, ел ты (мясо) кобылицы с сосками (толщиной) в четверть.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желге ыргалып желп-желп этүү, делбелектеп, ыргалган кыймылда болуу, желбирөө. Жыйылып үймөк чөптөр дөбө-дөбө, Желпилдеп желге эркелейт сайда камыш (Шүкүрбеков). Эки этеги желпилдеп, кулакчыны силкинди (Сасыкбаев). 2. өт. Токтоно албаган жеңил мүнөздө болуу, жеңилдик кылуу, ээлигүү, оолугуу. Жээниңмин деп желпилдеп, Жер чардаган эрсиңби? («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желп-желп этип желге ыргалуу. Кең талаа, тым -тырс болду токтоп жели, Токтолду камыштардын желпингени (Үмөталиев). Бой теңешип эгин, кызылча, Желпинишет жерде өсүмдүк дүрүлдөп («Советтик Кыргызстан»).
2. Жеңилдик кылуу, мактанып, курулай күчөнүү, орду жок күүлөнүү. Кыйратып салган эмедей Кудаке сүйлөйт желпинип («Манас»). Желпинип катуу оолукту, Калыкбай менен Аманга (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от желпи- II
1. обмахиваться, овеваться;
2. перен. возбуждаться, горячиться;
эмне желпинесиң? ты что горячишься?
желпинбе! не горячись!;
жете келди эр Манас, желпине тосту кең Талас фольк. прибыл богатырь Манас, встретил его с душой весь Талас.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. желпи этишинин өздүк мамилеси. Бек көйнөгүн желпинип, скамейканы көздөй басты. (Каимов). 2. өт. Токтоно албоо, желпилдөө, жеңилдик кылуу, жеңил мүнөздө болуу, оолугуу, күүлөнүү. Оргу-баргы орой, желпинип жел өпкө, көпкөлөң, көйрөң болот (Убукеев). Кыйратып салган эмедей Кудаке сүйлөйт желпинип (Үсөнбаев). Желпинип катуу оолукту, Калыбай менен Аманга (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желпиниш I
и. д. от желпин-
возбуждение, сильное желание, стремление;
ылдам кадам - эпкин иш, зуулдаган желпиниш стих. быстрый шаг - ударная работа, стремительный бег.
желпиниш II
1. столкновение; встреча;
2. (чаще жердин түбү желпиниш или жер тугөнгөн желпиниш) край света, неизведанный страшный край (в эпосе, в сказках);
3. запад;
желпиниш менен күн чыгыш - өзүм чапкан жол эле фольк. запад и восток - это дорога, которую я сам проложил.
желпиниш- III
взаимн. от желпин-.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛПИНИШ — топоним. Эпосто күн батыш тагы жердин түгөнгөн чеги, бүтүшү:
Жер урунту Желпиниш
Ага кирип кетерсиң.
Канаты бардан жин жүрөт,
Кайраты бардан пил жүрөт
Андан бөлөк ким жүрөт? (Сагымбай Орозбаков, 3. 93)
— делип, жин-пери дөө сыяктуу жомоктук жандыктын жери катары сүрөттөлөт. Ж. барган жанды аман койбогон бороон-чапкын, шамалдын мекени, же түшкөн адам кайра чыга албаган туңгуюк маанисинде да айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. жетимурук деген мифтик элдин мекендеген жери, мифтик өлкө. «Жердин түбү Желпиништи жердеген Жаман элдин ээсине, Жарманас деген дөөсүнө» Манас карындашы Кардыгачты күйөөгө берет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 259—279).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. опахало, веер;
желпирүүн табак
1) тонкий поднос, который может служить и веером, опахалом;
2) черпак (лоток) для муки;
2. этн. большое неглубокое с тонкими стенками блюдо (служившее для очистки зерна провеиванием);
желпирүүн табак менен ыргачу, эми калбыр чыкпадыбы раньше очищали в желпирүүн'е, теперь появилось решето.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Салкындаш үчүн колдонулуучу бүктөлмө, жайык, жука кылып жасалган желпингич, желпүүгө ылайыкталган жазы, жука нерсе. Экөөбүзгө желпүүр болуп бүткөндөй, Жумшак желге ыргалганда дарагың (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Желпип салкындата турган же желдете турган, ар кандай желпигич нерсе, жыйналып бүктөлө турган, желпинүүгө туура келгенде жайылып жазы болуп кетүүчү, жука калакчалардан атайын ылайыкталып жасалган желпигич. Желпүүрүн кармап магдырап, Семиз бай шалдай жалдырап (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ишке ашпай турган, аткарылбай, орундалбай турган куру сөз, жалган сөз. Кайра куруу, жаңылануу, маалымдуулук, ачык айтып ак сүйлөө-мурдагыдай жел сөздөр эмес («Ленинчил жаш»). Бирок, жел сез жанга дары болмок беле (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куру сөз, орундалбай турган, аткарылбай турган жөн эле ооз көптүрүп айтылып коюлган сөз. Бирок жел сөз жанга дары болмок беле (Сыдыкбеков). Кайра куруу, жаңылануу, маалымдуулук, ачык айтып ак сүйлөө – мурдагыдай жел сөздөр эмес («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак. Жел таман желип-жортуп айылдап жүр. Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Арбакурган жел таман балдарды ээрчитип кайда кетип калды («Ала-Тоо»). 2. Жеңил мүнөз, туруксуз, шайкелең. - Анын эмнесине аза күтөсүң? Андай жел тамандар фронтовиктен айлансын! (Абдукаимов). Ал жел таман ойсоктогон мүнөздөрүнө жараша эң болбогондо коз жашы кылып тынуу керек («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак. Жел таман желип-жортуп айылдап жүр. Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Арбак урган жел таман балдарды ээрчитип кайда кетип калды («Ала-Тоо»). 2. Жеңил мүнөз, туруксуз, шайкелең. – Анын эмнесине аза күтөсүң? Андай жел тамандар фронтовиктен айлансын! (Абдукаимов). Ал жел таман ойсоктогон мүнөздөрүнө жараша эң болбогондо көз жашы кылып тынуу керек («Чалкан»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (становиться жёлтым) саргаруу, саргаюу;
листья уже желтеют жалбырактар саргара баштады;
2. (виднеться - о жёлтом) саргарып көрүнүү;
вдали желтела пшеница буудай алыстан саргарып көрүндү.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛТИЙБЕС — эпизоддук кейипкер. Эсенкандын атайын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан келген Көзкамандардын бири. Алооке кыргыздарды чапканда сүрүлүп кетип, калмак болуп калган. Түбү Манастын аталаш тууганы. Манаска алдап уу бергенден кийин аны өлдү деп, ордосун талап алышып кытайга кетип баратышканда аркасынан кууп жеткен кырк чоронун колунан өлөт (Курама варианты, 1. 267 — 292; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189—210).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Seriola) сары куйруктар; ставрида балыктарынын бир уруусу, булардын өкүлдөрү катары желтохвост кубинский (Ocyurus chrysurus) — Куба сары куйругу, ж. пятилучевый (Seriola quinqueradiata) — беш нурдуу сары куйрук ж. б. белгилүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. корм, зерновой корм, хлебный корм;
бир тоокко да жем керек погов. и одной курице корм нужен;
жем-чөп корма, совокупность зернового и травяного корма;
2. корм, пища хищной птицы, хищного зверя;
ак жем водянина (мясо, вымоченное в воде, которым кормят ловчую птицу, чтобы она не жирела);
жем чач- (о ловчей птице) извергать пищу;
сасык жемдин баарысын чачып кетти Акшумкар, кайып болуп көрүнбөй, качып кетти Акшумкар фольк. извергнул всю зловонную пищу Акшумкар, исчез Акшумкар, стал невидимым, улетел;
3. насадка, приманка (на удочке);
4. южн. зерно, которое сыплется из потряска в вечею (см. көз 6);
кам-жем албай без отдыха;
кишиге жемин жедирбейт он своего не упустит;
жем салды кыл- прикармливать; соблазнять взяткой;
бирөөгө жем бол-
1) быть кому-л. пищей;
2) быть кем-л. эксплуатируемым; быть в унижении;
мен ага жем болдум он меня эксплуатировал, мною помыкал;
жем кыл-
1) сделать что-л. кормом;
2) эксплуатировать, помыкать;
жем түшүптүр сел на ноги, охромел (о коне, когда пускают к корму потного, без выстойки);
оң бутум жем түшкөн аттын бутундай дабдырактаганын байкаган чыгарсың ты, вероятно, заметил, что моя правая нога волочится, как у севшей на ноги лошади;
ит жеминдей олжо нестоящая добыча, пустячная добыча;
мен айдаган алдымда, ит жеминдей олжо бар фольк. у меня есть пустячная добыча, которую я гоню;
кош жем болгон страдающий несварением желудка (о хищной птице);
жем баштык см. баштык II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Малга берилүүчү дан, тоют. Койлор арпа, күнжара, урпак аралашкан жемди бурдуга сугунушту (Убукеев). Жемдик арпа, сулу кампаларда толуп турду (Сасыкбаев).
2. Канаттуулардын жей турган жалпы эле азыгы, тамагы. Балдарына жем издеп, Каркыра кетти бечара (Тоголок Молдо). Тоокторго жем чачуу.
¨ Жем болуу — алдануу, бирөөгө акысын же башка бирдемесин алдырып жиберүү, талоонго калуу. Кыргыздар көрүнгөнгө жем болуптур, Көзүнөн жашы агып сел болуптур (Турусбеков). Жабыр көрдүк бир далай Кан соргучка жем болуп (Тоголок Молдо). Жем салды кылуу — аз гана, болор-болбос гана таткантып коюу. Ак жем — алгыр куштар семирбесин үчүн сууга салып берилүүчү эт. Кош жем болуу — жемди, тамакты көп жеп, күптү болуп калуу, жемге, тамакка көңүлү тартпай калуу. Алымдын жанында отурганы чыныны колуна алып, кош жем болгон кулаалыча кекейип туруп, чайды бир ууртады (Жантөшев). Жемин жедирбөө — башка бирөөгө акысын кетирбөө, алдатпоо. [Жамийла да].. бирөөгө жемин жедирбеген өжөр (Айтматов). Андай учурда Жылдызкан жемин жедирмек беле (Байтемиров).
ЖЕМ II зат. Тегирмендин чанагынан түшүп жаткан данды кичинеден жана бир калыпта чубурта турган, чанактын алдына орнотулган бөлүгү. Жемден шыркырап чубурган кайрактын кызыл буудайы үбөлүп аппак ун болуп, чоң ящикке эленүүдө (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Малга берилүүчү дан, дан аралашкан тоют. Койлор арпа, күн жара аралашкан жемди бурдуга сугунушту (Убукеев). Саадат уй сааса, энеси жанында туруп, уйга жем даярдайт (Айтматов). 2. Канаттуулардын жана айбандардын жей турган жалпы эле азыгы, тамагы. Балдарына жем издеп, Каркыра кетти бечара (Тоголок Молдо). Канаттуу куштар жем үчүн, Торго түшөт асмандан (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тегирмендин чанагынан түшүп жаткан данды кичинеден жана бир калыпта чубурта турган, чанактын алдына орнотулган бөлүгү. Жемден шыркырап чубурган кайрактын кызыл буудайы үбөлүп аппак ун болуп, чоң ящикке эленүүдө (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө акысын же башка бирдемесин алдырып жиберүү, алдатуу, башкаларга олжо болуу, талоонго калуу. Жабыр көрдүк бир далай, Кан соргучка жем болуп (Тоголок Молдо). Илгерки сиздин агаңыз, булардын бабасы Музооке комузчу жок, аларга жем болгудай (Бейшеналиев). Балким, мен, өмүр бою ойлогон оюма, тилеген максатыма жетпей, көрүнгөнгө жем болуп жүрүп өтөрмүн (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө акысын же башка бир нерсесин алдырып жиберүү, алдатуу, башкаларга олжо болуу, талоонго калуу. Илгерки сиздин агаңыз, булардын бабасы Музооке комузчу жок, аларга жем болгудай (Бейшеналиев). Балким, мен, өмүр бою ойлогон оюма, тилеген максатыма жетпей, көрүнгөнгө жем болуп жүрүп өтөрмүн (Абдукаимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
упрёк, попрёк;
жемеге ал- или жеменин алдына ал- то же, что жемеле-;
жемеге калтыр- подвергнуть упрёкам, вызвать упрёки, явиться причиной упрёков;
теги кемпиримдин жемесине мени калтырбасаң эле болду одним словом, если ты не допустишь, чтобы меня моя старуха попрекала, уже хорошо;
кер жеме
1) постоянные упрёки и попрёки;
2) ворчун; бранчливый;
ал көр жеме - катынына да, балдарына да күн көрсөтпөйт он такой ворчун, что ни жене, ни детям житья не даёт;
кургак жеме пустой, необоснованный упрёк;
жеме-жука упрёки и попрёки;
жеме-жукадан кулагыбыз тынч болот упрёков и попрёков мы не будем слышать, нас ничем не будут попрекать;
жеме кара талас. штраф в одной из детских игр.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. обжорство;
2. перен. взяточничество;
3. перен. тунеядство.
жемеле- бранить, упрекать; журить;
акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт; акылсыз (или акмак) ката кетирсе, жолдошун жемелейт погов. если умный допустит ошибку, себя упрекает; если глупый допустит ошибку, спутника своего упрекает.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жемжебил, жемжевил
ир. южн.
(ср. жанжемил)
травянистое растение (напоминающее чекенде (см.), идёт на корм рогатому скоту; при высыхании уносится ветром, а потому хранят его под тяжестью).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө алдатып ийбөө, жеңилип калбай өз укугун, өз намысын талашып теңтайлашкандай кудурети болуу. Осмонго жемиңди жедирчү болсоң, тилиңди бууйбуз (Осмоналиев). Жамийла да бирөөгө жемин жегизбеген өжөр, айтышканы менен айтыша турган (Айтматов). Неткен менен бири-бирине жемин жедире койчу да эмес (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башка бирөөгө акысын кетирбөө, оңой эле жеңилип калбай өз укугун, өз намысын талашып теңтайлашуу, кем калышпоо. Жамийла да бирөөгө жемин жедирбейт, айтышканы менен айтыша турган (Айтматов). Андай учурда Жылдызкан жемин жедирмек беле (Байтемиров). Балдарынын кичүүсү Мамат кишиге жемин жедирбей турган азамат болот го деп үмүттөнөт (Каимов). Осмонго жемиңди жедирчү болсоң, тилиңди бууйбуз (Осмоналиев). Неткен менен бири-бирине жемин жедире койчу да эмес (Өмүрбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. плод, фрукты;
жемиш багы фруктовый сад, плодовый сад;
2. (также жер жемиш) ягоды;
токойдон жемиш жыйноо сбор ягод в лесу;
3. пища. корм;
бырпыраган бөдөнө - турумтайдын жемиши стих. порхающая перепёлка - корм кобчика.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кээ бир жыгачтардын, бадалдардын желе турган мөмөсү. Жемиши чексиз, кени көп, Түштүгүм, сендей кайда! (Аалы). Жемиш бактары.
2. өт. Ийгилик, жакшы натыйжа. Машиналар — социалисттик оор индустриянын жемиши (Сасыкбаев). Унуттум, кур кыялга убакыт аз, Билимдин жемишине кол узатып (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мөмө берүүчү бактардын, бадалдардын желе турган мөмөсү. Жемиши чексиз, кени көп, Түштүгүм, сендей жер кайда! (Токомбаев). Жол боюнда өскөн дарактардын жемиштери эчак бышкан (Баялинов). Жер жемиштин жыты буруксуйт (Бейшеналиев). 2. өт. Кандайдыр бир нерсенин ийгилиги, жакшы натыйжасы. Техника – акыл, билимдин жеңиши, Катуу тарткан мээнеттин жемиши таттуу болот. Кыргыз спортчуларынын мелдеши эң сонун жемиштерди берип жатат («Агым»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о дереве, кусте, растении) плодовый, ягодный;
2. перен. плодотворный, продуктивный;
жемиштүү иш плодотворная работа;
жемиштүү чыгармачылык плодотворное творчество;
жемиштүү кызматташтык плодотворное сотрудничество.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жемиши бар, жемиши көп, мөмөлүү. Биздин Тянь-Шандын бардык жери Чүй өрөөнүндөй жемиштүү болсо (Аалы). Көксөп жүргөн алыстан Жемиштүү жерим аманбы? (Бөкөнбаев).
2. өт. Ийгиликтүү, натыйжалуу. Жемиштүү иш. Мектепте окуп билим алдым жемиштүү (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жемди көп жеген, жемге жутунуп турган, жемге үйрөнүп алган (мал жөнүндө). Колдон жем жеп жемкор болуп үйрөнгөн козу-улактар. 2. өт. Паракор, бирөөнүн акысын жеген алдым-жуттум. Арам тамак жемкорду, Айдап элден сүрүңүз («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Канаттуулардын, айрым курт-кумурскалардын, үлүлдөрдүн ж.б. жеген жеми аш казанга түшүүдөн мурда жыйналып, жумшартылып тура турган кызыл өңгөчтөн моюн жакка орношкон кең бөлүгү. Кексе карт жорулар.. чоң жемсөөлөрүн көтөрүшүп, коомай кыймылдары менен айланасын карап, сактанган болушат (Аалы).
¨ Кара жемсөөэл жегич, зулум. Кара жемсөө калкка зыян келтирет. Өткөн менен кеткенди Канап-бутап жоготкон, Кара жемсөө хан кайсы («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттуулардын жеген жеми ашказанга түшүүдөн мурда жыйналып, жумшартылып тура турган кызыл өңгөчтүн моюн жакка орношкон кең бөлүгү. Жорулар чоң жемсөөлөрүн көтөрүшүп, коомай кыймылдары менен айланасын карап, сактанган болушат (Токомбаев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. жемчуг-га т.;
жемчужная раковина бермет раковинасы;
2. перен. бермет, берметтей болгон;
жемчужные зубы берметтей болгон тиштер;
жемчужная болезнь вет. үй айбандарынын жана канаттууларынын туберкулёз оорусу.

Русско-кыргызский словарь юридических терминов и иных понятий (2014)
фонограмма чыгаруучулардын кызыкчылыктарын алардын фонограммаларын мыйзамсыз кайра чыгаруудан коргоо тууралуу Женева конвенциясы

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
женщина-га т.;
Международный женский день Эл аралык аялдар күнү;
женский труд аялдар эмгеги;
женские болезни аял оорулары;
женский род грам. женский род (кээ бир тилде болуучу грамматикалык категория).

Киргизско-русский словарь Юдахина
этн.
угощение, устраиваемое по случаю рождения ребёнка или когда верблюдица приносит верблюжонка (в предвидении рождения ребёнка в юрте будущей матери готовят в кутырях топлёное масло для угощения; поздравляющие обычно приносят подарки);
жентек бер- устраивать жентек;
жентек же- угощаться на жентек'е;
жентек жейбиз деген аялдар үйдү үч көтөрүп жатышты женщины, которые собираются пойти угощаться на жентек'е, весь дом переворачивают вверх дном.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бала төрөлгөндө же төө тууганда элге той катарында берилүүчү сары май же кошкон май жана башка даам-татым, тамак-аш. Кыз тапканда жентек бер («Ала-Тоо»). Жентек той. Бермек болду Чыйырды Сегиз бээ союп жентекти («Манас»).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Кыргыз адабий тилинде жана көпчүлүк говорлорунда жентек түрүндө айтылган сөз Талас өрөөнүндө жээнтек болуп айтылат. Жаӊы төрөлгөн баланын тай энеси май жана талкан алып келип, аны ошол айылдагы кишилерге таратып берет. Май кошкон талкан жээн табак деп аталат. Той берген учурда да жээн табак аттуу табак ар бир жээнге өзүнчө тартылат. Ушуга караганда алгачкы жээн табак деген сөздөр биригип, ортосундагы тыбыштары түшүп, жээнтек түрүнө келип, кийин созулма үндүүсү да кыскарып, жентек болуп калган» (Сейдакматов 1988 :99).

Энциклопедия "Манас". ч.1.

ЖЕНТЕК — бала төрөлгөндө той берүү салты. «Манаста» да сакталган. Манас төрөлгөндө Жакып той берип, тийиштүү жөрөлгөлөр менен коштолуп өткөрүлгөндүгү сүрөттөлөт. Карыганча баласыз арманда жүргөн Жакып карыя менен Чыйырды байбиче тилегине жетип, балалуу болот да бул тойго күн мурунтан даярданып, камдап жүргөн тамак-ашы (сары май, кошкон май, курут, бал-шекер жана башкалар), боорсок жасалып, көп мал союлганы айтылат:

Чакырып журтка бериптир
Сегиз бээ союп жентекти.
Тоюнбаган тоюнуп,
Топтогон малдар союлуп
Ачтын баары тоюнуп (Сагымбай Орозбаков, 1. 79).

Радлов жазып алган вариантта төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Жаткенден келген жети элчи, Жентегин мыктап жеп кетти, Манас желмогуз чыгат деп кетти».

 

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы төрөлгөн баланын кубанычына арналып берилүүчү сый тамак. Мурда берилүүчү тамактардын ичинде сары май болушу шарт болгон, карынга салынган май бузулган. Чакырып журтка бериптир, Сегиз бээ союп жентекти. («Манас» С. О.). О, бешик боо бек болсун! Уулдуу болуптур деп угуп, жентек жейли деп келдик («Ала-Тоо»). Жыт чыгарып, боорсок жасап, элге жентек берип жатышкан экен (Байтемиров).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Кыргыз адабий тилинде жана көпчүлүк говорлорунда жентек түрүндө айтылган сөз Талас өрөөнүндө жээнтек болуп айтылат. Жаңы төрөлгөн баланын тай энеси май жана талкан алып келип, аны ошол айылдагы кишилерге таратып берет. Май кошкон талкан жээн табак аталат. Той берген учурда да жээн табак аттуу табак ар бир жээнге өзүнчө тартылат. Ушуга караганда алгачкы жээн табак деген сөздөр биригип, ортосундагы тыбыштары түшүп, жээнтек түрүнө келип, кийин созулма үндүүсү да кыскарып, жентек болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куда-сөөк, көңүлү жакын жакшы санаалаш адамдар тарабынан төрөлгөн баланы куттуктоо иретинде тамак-аш, ар кандай белектер алып келүү. Баласын төрөгөндө ушул комуз менен өзүн жентектеп барам («Эл акындары»). Айылдагы жеңелер, Кубанып келген жентектеп («Мендирман»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕНТЛМЕН (ЖИГИТТИК) МАКУЛДАШУУ – эларалык бейформал макулдашуунун (келишүүнүн) өзгөчө түрү. Кадимки келишимдерден айырмаланып, Ж. м-ну бузуу, эреже катары, адеп-актык гана жоопкерчиликке кириптер кылат. Ж. м. жазуу жүзүндө же оозеки түрдө түзүлөт да, эларалык милдеттенмелерди абийирдүүлүк менен аткаруу принцибине жатат; эки тараптуу жана көп тараптуу укук мамилелеринде колдонулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жең I
рукав;
кол сынса, жең ичинде погов. сора из избы не выносить (букв. если сломается рука, то внутри рукава);
жең ичинен или жен учунан или жең учу менен тайком, тайно (пришло от базарных маклеров, договаривающихся о цене по пальцам всунутых в рукав друг другу кистей рук);
жең ичинен тымызын баа бычышып секретно договорившись о цене;
жең ичинен сүйлөшүп или жең учу менен сүйлөшүп секретно договорившись;
жен ичинен бүтүш- прийти к полюбовному соглашенню (тайком, не доводя до сведения других);
жеңден көрүн- стать явным, не тайным;
жең түрүп иш кыл- работать засучив рукава, работать энергично;
бир жеңден кол чыгар- жить в согласии;
жең-жуң остатки-ошмётки, рожки да ножки;
этеги бүтөлүп, жеңи узарды см. бүтөл-.
жең- II
победить;
акылым жеңип, барбадым благоразумие взяло верх, и я не пошёл.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кийимдин колго кийилүүчү бөлүгү. Көйнөктүн жеңи. Чапандын жеңи. Жеңи чолок бешмант.
¨ Жең ичинен — башкаларга билгизбей, жарыя кылбай, тымызын.
ЖЕҢ II этиш. 1. Багынтуу, баш ийдирүү, жеңишке ээ болуу, жеңилүүгө аргасыз кылуу. Биз жеңебиз душманды, Убадасын бузганды (Тоголок Молдо). Совет эли жеңди деп, Тарыхта аты жазылды (Осмонкул).
2. өт. Күч, чебердик, өнөр ж.б. жагынан үстөм кылуу, беттешкен, каршы турган тараптан артыкчылыгы бар экендигин көрсөтүү (мис., спортто); ийгиликке жетишүү, жакшы натыйжага ээ болуу, басымдуулук кылуу. Кайсы команда жеңип чыкты экен? («Ала-Тоо»). Айтышып-айтышып отуруп, акыры силер жеңдиңер («Чалкан»). Иш бүткүл кайгыны жеңет, көңүлдүн кирин кетирет (Байтемиров). Кирипсиңер колхозго, Жокчулукту түбү менен жеңип сал! (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Согушта, салгылашууда жеңишке жетишүү, жоосун, душманын багынтуу, баш ийдирүү. Октон мөндүр жааса да. Жоону жеңбей кайтпайбыз (Токомбаев). Совет эли жеңди деп, Тарыхка аты жазылды. (Осмонкул). 2. Элдик, спорттук оюндарда, чебердиги, өнөрү ж. б. жагынан күч сынашууда артыкчылыгы бар экендигин көрсөтүү, беттешкен, каршы турган тарабын жеңилүүгө дуушар кылуу, алдыңкы орундарды ээлөө. Ошол күнү да жеңген, Оодарыш менен сайышта («Мендирман»). Финалдык оюнга катышып, мында жеңип чыккан команда гана Кыргызстандын чемпиондугуна жетмек («Ленинчил жаш»). 3. Өз ара жарышта, эмгек күрөшүндө ж. б. жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү, ийгиликке ээ болуу. Алдына киши салбай теримчиден, Бардыгын иши менен жеңип жүрдү (Үмөталиев). 4. Кандайдыр бир кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан өтүүдө, каршы турууда ж. б. ийгиликтерге жетишүү, үстөм келүү. Иш бүткүл кайгыны жеңет, көңүлдүн кирин кетирет (Байтемиров). Бышыкпаган чунакты, Чындап уйку жеңген соң («Семетей»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жең- II
дать себя победить, быть побеждённым, поддаться, покориться;
суукка жеңдирди его холод донял, он промёрз;
акылга жеңдир обдумать, поступить благоразумно;
мастыкка жеңдир опьянеть, быть в состоянии опьянения;
балалыкка жеңдир- поступить по-ребячески, по-мальчишески;
ойго жеңдир- задуматься, быть в задумчивости;
сөзгө жеңдирбейт он в споре не поддастся; он не даст себя поймать на слове; он за словом в карман не полезет;
баатырлыкка жеңдирип фольк. надеясь на своё богатырство.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жеңдир-,
то же, что жеңдир-;
ал кишиге жеңдиртпейт он не допустит чьей-л. победы над собой;
мен да оңойлук мекен кишиге жеңдиртпейм я тоже легко не дамся кому-нибудь; меня тоже нелегко взять.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. жена старшего брата по отношению ко всем родственникам мужа;
агам кимди алса, жеңем ошол погов. та, на которой женился мой старший брат, мне и жеңе; а мне кто ни поп, тот и батька;
ага өлсө, жеңе бар, жеңе жерде калабы фольк. если умрёт старший брат, останется жеңе, ведь жеңе зря не пропадает (по обычаю левирата она переходила к младшему родственнику мужа);
жеңеме (или энеме) ишенип, эрсиз калдым погов. понадеялась я на жеңе свою (или на мать свою), да без мужа и осталась (они обещали выбрать мне мужа);
жеңе-желпи собир.
1) все родственницы жены старшего брата;
2) тётушки;
жеңе-желпим чуркурап калганын кошуп ырдайын пропою я и о том, как все тётушки мои громко плакали;
жеңе-желпи, карындаш-жергеси менен келишти фольк. родственницы старшие и младшие пришли все скопом;
2. этн. старшие родственницы невесты (которые руководят её проводами в дом жениха или организуют тайное посещение женихом невесты в добрачный период, за что получают жеңкетайлык, см.);
жолу болор жигиттин жеңеси алдынан чыгат погов. к удачливому парню жеңе сама выйдет навстречу; на ловца и зверь бежит.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Агасынын аялы. Жеңеси уй саап, сүт көтөрүп киргичекти, Зарыл кайнаткан.. самоор да.. шуулдап калат (Сыдыкбеков). Жеңем апама айтканы кетти (Абдукаримов).
  1. 2.           Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялы, же өзүнөн улуу аялдарга кайрылганда айтылуучу сөз. — Билбедик, жеңе! Кыйкырсак кантет, Токтогул, Тигил кызыл-тору жеңени? (Үсөнбаев).
  2. 3.           Кыз менен жигиттин ортосунда жүрүүчү аял. Жеңең менен сүйлөшүп, үн саласың, өзгөчөм (Барпы). — Жанымда жеңе акылчы Башка жеңелеримден Сенин пейлиң жакынчы («Олжобай менен Кишимжан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аганын аялы. Жеңеси уй саап, сүт көтөрүп кирди (Сыдыкбеков). Өзүм Кундуздун жеңеси, чабан агасынын зайыбымын (Бейшеналиев). 2. Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялына же өзүнөн улуу аялдарга карата кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Кыйкырсак кантет, Токтогул, Тигил кызыл тору жеңени? (Токтогул). – Жүрү жеңе, бүгүн колхоздун жумушу жок го. Көл боюна сейилдеп келели (Сыдыкбеков). 3. Кыз менен жигиттин ортосунда жүрүүчү аял. Жеңелер колтукташып күйөө кызды, Жөнөштү ак өргөөгө жаткызууга (Үмөталиев). Жанымда жеңе акылчы, Сенин пейлиң жакынчы («Олжобай менен Кишимжан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жеңеге кайрылуунун сылык түрү. Барбайм, жеңеке! («Советтик Кыргызстан»). Эмгектин досу жеңеке, Көйнөгүң болор жибектен (Бөкөнбаев). Күзүн көрдүм — көл элинде береке, Капа болот барбай кетсең, жеңеке (Осмонов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕҢИЖОК, Өтө Көкө уулу (1860, Таластагы Сары-Көбөн деген жер, азыркы Манас району —1918, Жаңы-Жол району, Кара-Суу айылы) — акын. Ата-энесинен эрте ажырап, көрүнгөндүн эшигин сагалап, эптеп жан сактап жүрүп «ала» оорусуна (тери оорусуна) чалдыккан Өтө айыл билермандары тарабынан куугунтукталып, Аксыдагы таякелерине качып барат. Ырга болгон шыгы жаш кезинен эле ойгонот. Ошол учурларда Анжыян тарапта чоң той болуп, Өтө жеңи жок кемселчен айтышка чыгып, Нурмолдону баш кылып бир нече ырчыны жеңип, калайыкка таанылат. Мына ошондон баштап анын Өтө аты калып, «Жеңижок» деген ылакап ат (псевдоним) менен аталып калган. Кыргыз элинде 5К. деген ат менен кеңири белгилүү болгон бул адам аалам, жер-суу, адам баласынын турмуштагы орду, милдети, жаратылыш менен катышы жөнүндө ырдалган философиялык маанайдагы термелери менен өзгөчө таланттын ээси экенин айкындап турат.
Т. Садыков. Жеңижок. Скульптура эскизи. 1990.
Т. Садыков. Жеңижок. Скульптура эскизи. 1990.
Ж.— элдик эпосторду да аткарган акын. Ал «Семетей» эпосунан «Семетейдин Таласка жөнөшүнөн» үзүндү айтканы бизге белгилүү. Үзүндү боюнча Каныкейден өзүнүн ата-тегин сурап билгенден кийин Семетей эл-жерин издеп жөнөйт. Анын туулган жери Таласка, атпай кыргыз элине келиши толгон жышааналар менен байланышкан. Бала баатыр Семетейди эл карысы Бакай баш болуп Манастын Акшумкары, Желмаяны, Кумайыгы да зор кубаныч менен тосуп алышат. Булар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл баатыры келди, элдин күткөн тилеги ишке ашты деген ой берилген.
Б. Кодоров

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеңил I
в разн. знач. лёгкий;
жеңил жүк лёгкий груз;
жеңил тарт- или жеңил ал- получить облегчение;
оорусу жеңил тартайын деп калды ему (больному) как будто немного легче;
жеңил барып, оор кел! отправившись налегке, возвратись с ношей! (пожелание вернуться с богатой добычей или вообще с удачей);
жеңил өнөр жайлар предприятия лёгкой промышленности;
колу жеңил у него рука лёгкая (удар его не так болезнен, зарезанное им животное недолго мучается);
ат жалы жеңил грива коня легка (т.е. приносит облегчение; по старым киргизским представлениям верховая езда приносит облегчение даже больному);
ат жалы жеңил эмеспи деп, сапарга чыгып кеттик полагая, что "грива коня легка", мы двинулись (верхом) в путь;
жеңил-желпи лёгонький;
жеңил жигит
1) ловкий парень;
2) легкомысленный парень;
жеңил автомашина легковая автомашина;
жеңил айта сал- необдуманно допустить вольность в словах;
мен кырк кыздардын бири эмес, женил айта салууга фольк. я ведь не рядовая девица из сорока (ханских прислужниц), чтобы со мной так вольно разговаривать;
жеңилин жерден, оорун колдон алып проявляя о нём большую заботу; любовно и заботливо помогая ему;
жеңилдин астын, оордун үстүн издеп калды он начал искать, где бы поменьше работать, да побольше получать;
жеңилдин асты, оордун үстү менен оокат кылганкиши человек, который живёт лёгким, но прибыльным трудом.
жеңил- II
стать лёгким; получить облегчение;
конокторду жөнөтүп, бир аз жеңилип калдык проводили мы гостей, и нам стало немного легче.
жеңил- III
возвр.-страд. от жең- II
быть побеждённым, потерпеть поражение;
душманга жеңилбейбизмы не дадим врагу победить себя;
биз сага жеңилдик ты победил нас; мы тебе сдаёмся.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Салмагы аз, оор эмес. Быйыл торпоктор былтыркыдан арык, салмагы да алда канча жеңил болуп чыкканына биз аябай өкүнөбүз («Ала-Тоо»). Атка жеңил тайга чак (макал).
  1. 2.           Коркунучтуу эмес, коркунучу жок, катуу эмес (мис., оору). Чочуба, Касым баатыр, менин жарам жеңил (Токобаев). Оорусу жеңил тартайын деп калды (Маликов).
  2. 3.           Оңой, кыйын эмес, жөнөкөй. — Сиз үйлөнүүнү ошончолук жеңил нерсе деп эсептейсизби? (Каимов). Бирок менин башыман өткөн кыйынчылыктар айтууга жеңил, угууга оор (Жантөшев). Окууга жеңил китеп. Жеңил стилдеги чыгарма.
  3. 4.           Шамдагай, баскан-турганы, кыймылы элпек. Мага караганда сен жеңил эмессиңби, жүгүрүп барып алып келе кой («Ала-Тоо»).
  4. 5.           өт. Мүнөзү шайкелең, ойлобой иш кылган адам. Жеңил жигит. Артык жеңил, дардаңкүү, Эң эле чаңдаак жан экен («Эр Төштүк»).

¨ Жеңил өнөр жайы — кеңири керек кылынуучу буюмдарды чыгаруучу өнөр жай тармактары. Кыргызстандын жеңил өнөр жайы.. ири тармак болуп саналат («Коммунист»). Жеңил машина — жүргүнчүлөрдү, жеңил жүктөрдү ташууга арналган машина. Алыстан бир жеңил машина келе жатат (Каимов). Колу жеңил — 1) соода-сатык жайларындагы, базардагы товардан өзү сатып алгандан кийин сооданы жандандырып, артынан көбүрөөк сатып алуучуларды ээрчите ала турган адамдарга карата айтылат; 2) мууздаганда малдын жаны тез чыкпай турган болсо, аны мууздаган адам эски ишеним боюнча «колу жеңил » деп аталат; 3) эмдом, дарылоо, төрөтүү ж.б. жагынан ийгиликке ээ болуп, элдик ишенимге кирген табып, дарыкер, бала төрөтүүчү аял ж.б. айтылат. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Жеңил баа — баркы жок, кадырсыз, өйдө-төмөн ишке, майда-чуйдага орду жок киришкен, баркын кетирип алган. Болбогон ишке киришем деп, өзүн жеңил баа кылып алды («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Салмагы аз, оор эмес. Быйыл торпоктор былтыркыдан арык, салмагы да алда канча жеңил болуп чыкканына биз аябай өкүнөбүз («Айыл чарба»). Жеңил эле экен, кыйыктанбай ала барчы («Чалкан»). || Калың эмес, жука (көбүнчө кийимге карата). Алар жеңил кийимчен (Каимов). Кырктай адам келди жеңил кийинип (Осмонкул). 2. Коркунучтуу эмес, коркунучу жок, анча катуу эмес (мис, оору). Атамдын оорусу жеңил эле өңдөнөт, көңүлү ачык («Ден соолук»). Чочуба, Касым баатыр, менин жарам жеңил (Токобаев). 3. Анчалык кыйын эмес, татаал эмес, оңой, колдон келе тургандай, кыйынчылыгы жок. Азыр шахтёр эмгеги үнөмдүү да, жеңил да болуп бара жатат (Сасыкбаев). Сенин ишиң жеңил, дурус (Шүкүрбеков). 4. Шамдагай, баскан-турганы, кыймылы элпек. Бектай ачык-айрым, чепилдеген жеңил бала (Бейшеналиев). Адамдан жеңил, эң эстүү, Сүйлөп турса бал кептүү («Эр Төштүк»). Мышык жеңил секирип, эки арткы аягы менен тура калды (Сыдыкбеков). || Акырын, бек эмес, катуу эмес, үстүртөн, жумшак. Таттуу кызынын маңдайынан жеңил өөп, күлүңдөп тиктеп турду (Байтемиров). 5. Токтоо эмес, мүнөзү шайкелең. Артык жеңил, дардаң күү Эң чандаак жан экен («Эр Төштүк»). Жеңил кыялдуу адамдарга сүйүүнүн не баркы бар (Жантөшев). 6. Күчү жок, жөнөкөй гана, күчтүү эмес, анча-мынча, аз эле. Уктар алдында жеңил тамактануу керек («Ден соолук»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Анчалык оор абалда болбоо, азая түшүү, оордугу азаюу. Машинадагы жүктөрдөн бир топ алгандан кийин жеңилдей түштү («Ала-Тоо»). Тердеймин деп тартынба, Тер чыкса денең жеңилет (Маликов). Кол орок кетип музейге, Кол эс алды жеңилип (Үмөталиев). 2. Өзүн жакшы сезүү, сергий түшүү, кандайдыр бир оор нерседен, оор абалдан кутулгандай болуу, эс ала түшүү, жеңилдей түшүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орунсуз сүйлөп, болор-болбос, өйдө-төмөн иштерге орду жок киришип, туура эмес иш кылып кадыр-баркын кетирип, баасын төмөндөтүп алган. Езеф бул саам чолок акылга жеңдирип, көпчүлүккө жеңил баа боло түшкөнүнө кейиди (Ашымбаев). Койчу, мени ошончолук эле жеңил баа деп ойлойсуңбу? (Бейшеналиев). Болбогон ишке киришем деп, өзүн жеңил баа кылып алды («Чалкан»). Өзүнүн туруксуздугунан жеңил баа болуп алды («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Орунсуз сүйлөп, болор-болбос, өйдө-төмөн иштерге орду жок киришип, туура эмес иш кылып кадыр-баркын кетирип, баасын төмөндөтүп алган. Езеф бул саам чолок акылга жеңдирип, көпчүлүккө жеңил баа боло түшкөнүнө кейиди (Ашымбаев). Койчу, мени ошончолук эле жеңил баа деп ойлойсуңбу? (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕҢИЛГИС КҮЧ – жарандык укукта келишимдин шарттары аткарылбай, бир тарап башка тарапка аргасыз зыян тарттырган өзгөчө кырдаалдардын жана болтурбай коюуга болбос жагдайлардын пайда болушу. Ж. к. аныктоонун жалпы принциптерине милдеттенмелердин аткарылышына тоскоолдук кылган жагдайлардын – таасир этүүчү факторлордун объективдүү жана абсолюттук мүнөзүн киргизүүгө болот. Алар зыян келтирүүчүгө эле тийиштүү болбостон, баардыгына таралышы керек. Ж. к. КР мыйзамдарында жана келишимдик иш тажрыйбада адамдын азыркы билим жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээлинде алдынала аныктоого же болтурбай коюуга болбос (болбосо алдынала аныктоого болсо да, болтурбай коюу мүмкүн эмес) табигый кырсыктар (жер титирөө, суу ташкыны) кирет. Баардык жарандык-укуктук тутумдарда Ж. к. жоопкерчиликтен бошотуучу жагдай болуп саналат

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Оордугу азаюу, салмагын азайтуу, жеңил болуу. Чолпон жеңем жеңилдеген: Элечегин таштаган (Бөкөнбаев).
2. Оңолуу, түзүк абалга келе баштоо. Оорусу мурдагыдан жеңилдеп, айыгайын деп калды.
3. Сергектенүү, өзүн жеңил сезүү. Жуунганда денеси чыйралып, жеңилдей түштү («Эл акындары»).
4. Оңой, жөнөкөй болуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оордугу азаюу, салмагы азаюу, жеңил болуу. Чолпон жеңем жеңилдеген, Элечегин таштаган (Бөкөнбаев). Чал чоң ичигин чечкенге жеңилдей түштү («Ала-Тоо»). 2. Өзүн жакшы сезүү, сергий түшүү, кандайдыр бир оор абалдан кутулгандай болуп эс ала түшүү. Денеси чыйралып жеңилдей түштү («Эл акындары»). Муңдар үшкүрүк менен кошо алда кайда чачырап кеткендей жеңилдене түштү (Элебаев). Залда отурган көрүүчүлөргө үйүр ала түшкөндөй болуп, азыраак жеңилдей түшкөнсүдү («Эл акындары»). 3. Оңолуу, түзүк абалга келип өйдөлөй баштоо, кыйын оор абалдан чыга баштоо. Оорусу мурдагыдан жеңилдеп, айыгайын деп калды. 4. Оңойлоо, жөнөкөй боло баштоо, солгун тартуу. Иш жеңилдеп, бүтөйүн деп калды.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Льготные кредиты и займы (Concessional Loans) —Кредиты и займы, предоставляемые на значительно лучших для заемщика условиях, чем рыночные кредиты и займы. Льготность обеспечивается либо за счет установления процентных ставок на более низком уровне, чем уровень ставок на рынке, либо за счет предоставления льготного периода, либо за счет сочетания и того, и другого. Льготные кредиты и займы, как правило, предусматривают длительные льготные периоды.  

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
Lightweight Directory Access Protocol (noun)
The primary access protocol for Active Directory. LDAP is an industry-standard protocol, established by the Internet Engineering Task Force (IETF), that allows users to query and update information in a directory service. Active Directory supports both LDAP version 2 and LDAP version 3.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. лёгкость, облегчение;
2. перен. легкомыслие, неосмотрительность;
жеңилдик кылып койдуң ты неосмотрительно поступил, слишком поспешил; эх, дёрнуло тебя!;
3. льгота; привилегия;
жеңилдик бер предоставить льготу;
жеңилдик шарттары льготные условия.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Салмагы аздык, оор эместик, салмактуу эместик. Канча кылган менен жыгачтын суудан жеңилдик касиети бар.
2. Жөнөкөйлүк, кыйын эместик, оңойлук. Предметтердин бардык бөлүмдөрү бирдей көлөмдө жана бирдей оор, жеңилдикте эмес («Мугалимдерге жардам»).
3. Оор -басырыктуу эместик, шашмалык, шайкелеңдик, олутсуздук. Ушундай жеңилдик кылуу жарайбы? (Жантөшев). Жеңилдик кылып койдуң.
4. Башкаларга карата жеңилдетилген шарттар, артыкчылыктар, оор шартта калтырбоочулук. Жеңилдик берүү керек, жаш эмеспи, оңолуп кетер дедик эле («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеңил болгондук, салмагы аздык, оор эместик, анчалык оор эмес салмакта болгондук. Канча кылган менен жыгачтын суудан жеңилдик касиети да («Советтик Кыргызстан»). 2. Жөнөкөйлүк, татаал эместик кыйын эместик, оңойлук. Айрым темалардын оор жеңилдигине карай сааттарды биринен бирине жылыштырууга болот. Бул иш аларга жеңилдик кылат. 3. Оор басырыктуу эместик, шашмалык, токтоо эместик, жеңил мүнөздө болгондук. Анан сага ушундай жеңилдик кылыш жарайбы? (Жантөшев). 4. Кандайдыр бир оор абалдан, кыйынчылыктан жеңилдей түшкөндүк. Бирок андан менин жүрөгүмө жеңилдик боло албайт («Ала-Тоо»). 5. Башкаларга караганда жеңилдетилген шарттар, артыкчылыктар. Налогдорду төлөө боюнча жеңилдиктер.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Льготный период (Grace Period) —Льготный период в отношении основной суммы— это период с момента подписания соглашения о займе или выпуска финансового инструмента до первого платежа в погашение основной суммы.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Уровень льготности (Concessionality Level) —Выраженный в виде процента от номинальной стоимости долга расчет чистой приведенной стоимости, производимый на момент предоставления кредита или займа, с целью сопоставления непогашенной номинальной стоимости долга и будущих платежей по обслуживанию долга, дисконтированных по процентной ставке, применимой для валюты операции. Уровень льготности долга на двусторонней основе (или связанной помощи) рассчитывается аналогичным образом, однако вместо номинальной стоимости долга берется нарицательная стоимость займа, то есть с учетом как предоставленных, так и не предоставленных кредитором средств, а разница называется грант-элементом. (См. также Грант-элемент и Чистая приведенная стоимость.)  

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оор эместикти, оңойлукту, жеңилдикти жалпылай көрсөтүүдө колдонулат. Сиз үйлөнүүнү ошончолук жеңил-желпи нерсе деп эсептейсизби? (Каимов). Кезигип кээ бир кыздар тийишсе да, Үзүлүп, жеңил-желпи сөз катпаган (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каралашуу, жардамдашуу, ишин жеңилдетүү, керегине жароо. Ушул үчөө чоңойсо, жеңилимди жерден, оорумду колдон алар деген үмүттү алдыма койдум («Ленинчил жаш»). Белек абам үй-бүлөсү менен келип, жеңилин жерден, оорун колдон алып, өзүнө тээк болсо деген тилегинин четин чыгарат, энем, мага («Кыргызстан маданияты»). Чарбанын жеңилин жерден, оорун колдон алган жаштар («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каралашуу, жардамдашуу, ишин жеңилдетүү, керегине жароо. Ушул үчөө чоңойсо, жеңилимди жерден, оорумду колдон алар деген үмүттү алдыма койдум («Ленинчил жаш»). Белек абам үй-бүлөсү менен келип, жеңилин жерден, оорун колдон алып, өзүнө тээк болсо деген тилегинин четин чыгарат, энем, мага («Кыргызстан маданияты»). Чарбанын жеңилин жерден, оорун колдон алган жаштар («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жеңил- II;
жеңилтип этин кызытса, жейренге жетпей калбаган аттары сонун кыргыздын стих. прекрасны кони киргизские: если их потренировать и разгорячить, то они обязательно догонят джейрана;
эмгек чыйралтат, жеңилтет труд укрепляет, облегчает (жизнь человека).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын, жашыруун. Ошол күнү эле Абил бий элеттин билермандарын илашылыш чогултуп, Бекназардын жең ичинен жүргүзүп жаткан аракетин чийинден чыккандык деп айыптады (Касымбеков). Ал эми сатуучулар болсо, жең ичинен жылдырып коюп, биз көрүп турсак да, өзүнө эч нерсени жүүткүсү келбейт («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын, жашыруун. Жең ичинен, эчен-эчен, Калың үчүн акча алдым (Маликов). Чеке тердетпес оңой оокат издеген адам жең ичинен алып сатарлыкка өтөт да (Касымбеков). Ошол күнү эле Абил бий элеттин билермандарын шашылыш чогултуп, Бекназардын жең ичинен жүргүзүп жаткан аракетин чийинден чыккандык деп айыптады (Касымбеков). Ал эми сатуучулар болсо, жең ичинен жылдырып коюп, биз көрүп турсак да, өзүнө эч нерсени жууткусу келбейт. В.: Жең учунан. Жакшылардын жең учунан мүлтүлдөтүп жегени үчүн, үчөө тең кечээ мандикерге жөнөп кетти (Жантөшев). Жең учу менен. Ишти акырын, биротоло өчүрүү максатында жең учу менен кам көрүп жатышат («Советтик Кыргызстан»). Жең учу менен сүйлөш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеңиш I
и. д. от жең- II
победа; завоевание;
Октябрь революциясынын жеңиштери завоевания Октябрьской революции.
жеңиш- II
взаимн. от жен- II
состязаться; стараться победить друг друга.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Согушта, жоокерчиликте ээ болгон ийгилик, жеңип алуу салтанаты. Фашисттик Германия менен болгон согушта биздин элибиз улуу жеңишке ээ болду («Ала-Тоо»).
  1. 2.           Спортто, жарышта, мелдеште ээ болгон, жеңип алынган, жетишилген ийгилик, жакшы натыйжа. Спорттук жеңиш. Шахмат оюнунда ээ болгон жеңиш.
  2. 3.           Кандайдыр бир иште, эмгекте же белгилүү бир максатка карата жетишилген ийгилик, түзүк натыйжа. Ленинизмдин туусу астында.. партиябыз зор жеңиштерге ээ болду («Коммунист»). Куттуктайм эмгек балбанын Эмгекте жеңиш алганын (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Согушта, жоокерчиликте, салгылашууда ээ болгон ийгилик, жеңип алуу салтанаты, жеңип чыгуу натыйжасы. Элдин эңсеген тилеги орундалып, көптөн күткөн жеңиш күнү да келди («Кыргызстан аялдары»). Фашисттик Германия менен болгон согушта биздин элибиз улуу жеңишке ээ болду («Ала-Тоо»). 2. Спортто, жарышта, мелдеште ээ болгон, жетишилген ийгилик, жеңип алынган жакшы натыйжа. Спорттук жеңиш, Шахмат оюнунда ээ болгон жеңиш. 2. Кандайдыр бир иште, эмгекте, алдыга коюлган максатты ишке ашырууга ж. б. жетишилген ийгилик, жакшы натыйжа. Куттуктайм эмгек балбанын, Эмгекте жеңиш алганын (Сасыкбаев). Жашасын ленинизм – жеңиш жолу! (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеңкетай, жеңгетай
1. невестушка, сношенька (ласк. обращение к старшей по возрасту женщине);
2. этн. то же, что жеңкетайлык;
барып жеккетай алып, тоюн жел келебиз пойдём покушаем свадебного угощения и получим жеңкетай;
кызды алып барышты, жеңелер төшөк салышты, желип келген жеңелер, жеңкетайын алышты фольк. невесту повели, жеңе (см.) постель постлали, прискакавшие жеңе подарки получили.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча демейде жеңе болуп айтылган сөз бул жерде жеңке түрүнө келет. Ага кошулган той сөзү тай түрүнө келип, жеңкетай сөзү жаралган. Болжолу, кыздын жеңелерин сыйлап, аларга той сыяктантып бир нерсе берүү салты кыргыз элине казак, татар элдеринен келген окшойт. Аны жеңкетай деген сөздүн өзү айтып турат. Анткени кыргызча жеңе сөзү казак, татар тилдеринде жеңге түрүндө айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кызды алганы келгенде же күйөөлөп келген кезде жигит же күйөө жолдоштор тарабынан кыздын жеңелерине берилүүчү акча, белек. Желип келген жеңелер, Жеңкетайын алышты (Тоголок Молдо). Жеңем кандай жеңкетайларды алгандыгы жөнүндө энеме төкпөй-чачпай айтып берди («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеңкетайлык, жеңгетайлык
этн.
подарки жениха старшим родственницам невесты (которые руководят проводами невесты в дом жениха или помогают жениху при его тайных посещениях невесты в добрачный период; см. жеке 2).

Киргизско-русский словарь Юдахина
усиление к словам, начинающимся на же;
жепжеке один-одинёшенек, совершенно один;
Анжыянда Алооке, аким болгон жепжеке фольк. Алооке был в Андижане единовластным правителем;
жепжеңил очень лёгкий; очень легко;
жепжеңил көтөрүп алды он поднял очень легко.
жепен (или жепен чүкө) альчик со стёртыми алчы (см.) и таа (см. таа 1), употребляемый при игре в жедирмек (см.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай каарданган, жекире карагандай, жаалын төккөндөй, жек көргөндөй кебетеде. Езеф чукулдап келип Шволикти жеп жиберчүдөй карады (Ашымбаев). Шарапат көзүнүн кыйыгы менен Чечейбайды жеп жиберчүдөй тиктеп, эмне кыларын билбей турду (Абдукаимов). В.: Жеп ийчүдөй. Сурданып, жеп ийчүдөй болуп турган Айдакени тааныды (Осмоналиев). Жеп жибере жаздоо. Түшкө чейин жатканың эмнең? – деп аялын жеп жибере жаздады (Укаев). Жеп коё жаздоо. Аялдар Аннаны тытмалап жеп коё жаздашты. (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай каарданган, жекире карагандай, жаалын төккөндөй, жек көргөндөй кебетеде. Езеф чукулдап келип Шволикти жеп жиберчүдөй карады (Ашымбаев). Шарапат көзүнүн кыйыгы менен Чечейбайды жеп жиберчүдөй тиктеп, эмне кыларын билбей турду (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жапыз, жалпайып, кичине болуп көрүнүү. Азыр келген шаардык кыштактын жакшы салынган жаңы үйлөрүнүн катарындагы жепирейген жер кепелердин жөнүн сурады (Убукеев) Мына бул жепирейген үйлөргө корогон кайран каражат! (Шимеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. быть низеньким, приплюснутым; быть невзрачным;
жепирейген там низенький, вросший в землю домишко;
жепирейген карт согнувшийся старикашка;
2. перен. унижаться;
кызматы кичинеге кекирейип, чоңго жепирейип, жасакерленип турат стих. пред теми, кто чином невелик (букв. по службе мал), важничая, пред большими (чинами) унижаясь, им льстит.

Киргизско-русский словарь Юдахина

1. земля; место;
жер айда- пахать землю;
эр эмгегин жер жебейт погов. земля не поглотит труд молодца (т.е. труд, вложенный в землю, не пропадёт);
телегейи тептегиз жери жакшы кыргыздын фольк. благодатна, хороша земля киргизов;
жерин карап качкан он бежал на свою родину;
жер шары земной шар;
сени жер да албайт (ты такой пакостный, что) тебя (после смерти) и земля-то не примет;
бир жерден экинчи жерге с одного места на другое;
кайсы жерден? из какого места?, откуда?
бир жерге
1) в одно место;
2) куда-нибудь;
жер-жерлерде по местам; на местах; то там то сям;
жер-жерлерге жөнөй кетишти они разбрелись кто куда;
барбаган жерибиз калбады не осталось места, где бы мы не были, мы всё исходили (изъездили);
жер бас-
1) топтать землю, ходить по земле;
2) перен. жить;
кегимди мыктап албасам, кишимсип кантип жер басам? как я буду жить и считать себя человеком, если как следует не отомщу (врагу) ?
жер менен жер болуп кал-
1) сровняться с землёй;
мүрзөлөр жер менен жер болуп калган могилы (могильные насыпи) сровнялись с землёй;
2) перен. быть уничтоженным, стёртым с лица земли;
жер менен жер кылып кой-
1) сровнять с землёй;
2) перен. разрушить до основания, сровнять с землёй;
ак жер сев. каменистая почва со значительным содержанием подпочвенной влаги;
жер-суу
1) земля-вода (земля и условия, где можно вести земледельческое или скотоводческое хозяйство);
жер-суу толгон многое множество;
2) Жер-Суу миф. Земля-Вода (древнетюркское божество);
Жер-Суу тайы- этн. приносить жертву (умилостивительную или благодарственную) божеству Земля-Вода;
Жер-Суу, колдой көр! Земля-Вода, помоги!;
жер кепе сев. или жер төлө южн. землянка;
2. расстояние;
беш күндүк жер пять дней пути;
3. (или кара жер) перен. (о человеке) никудышный, дрянь;
атаңдын көрү, ар Кыяз! эр Кыяз эмес, жер Кыяз! фольк. чтоб тебе, богатырь Кыяз! (ты) не богатырь Кыяз, а дерьмо Кыяз!;
мейлиң жакшы, мейлиң шер, мейлиң жаман, мейлиң жер - жаралган адам баласы фольк. пусть знатный, пусть лев (т.е. богатырь), пусть простолюдин, пусть никудышный (все они) сотворённые люди;
кара жер (кара - часто встречающийся эпитет земли) земля;
жер баскан скот (общее название);
жер басканы скот его; скот, который он имеет;
жер басканы ондон ашпайт скота у него не больше десяти (голов);
ак таноонун үйрүндө, ашып кетсе жер басканы жыйырма бардыр в косяке белохрапого (жеребца), пожалуй, самое большее двадцать голов;
жерге кал- или жерде кал- пропасть зря;
эрге кылган жакшылык жерге калбайт погов. добро, сделанное молодцу, не пропадёт зря;
бул окуя жерге калбайт зтот случай так не пройдёт;
сиздин сөзүңүз жерде калбас, дейм думаю, что ваши слова не пропадут зря (т.е. возымеют действие);
жерге калтыр- бросить на произвол судьбы, не проявить заботы;
жакшы жери... хорошая его сторона..., хорошо в нём то, что...;
жаман жери... плохая его сторона..., плохо в нём то, что...;
жакшы жери - кир көтөрөт, бирок жаман жери - бат оңот хорошо в нём то, что оно не маркое, но плохо то, что быстро линяет;
жаман жеринин бири одна из дурных сторон этого;
жер (и, -ин и т.д.) жок (у него, у тебя и т.д.) нет никаких оснований;
таарына турган жериң жок у тебя нет оснований обижаться, тебе не на что обижаться;
мунун эч бир арсарсый турган жери жок тут нет ничего такого, что могло бы вызвать сомнение;
жер (и, -ин и т.д.) бар (у него, у тебя и т.д.) есть, это (за ним, тобой и т.д.) водится;
ошондой жери бар за ним это водится, с ним это бывает;
жер баспай турган ат быстроногий конь;
жер баспай турган кезде когда он был в расцвете сил;
жер баспай калды он вознёсся, нос задрал;
аз эле жерден өлбөй калды или аз жерден кайтты или өлбөгөн жерде калды он чуть было не умер, он был на волосок от смерти;
албасаңар тилимди, келди өлөр жериң! - деп фольк. мол, раз вы не послушались меня, значит, настало время вашей смерти!;
күнөөсүз жерден без вины;
күнөөсүз жерден кесилген фольк. он невинно осуждён;
кара жерден облыжно, по ложному доносу;
кара жерден кармалып, кайран баш элден сүрүлдү фольк. схвачена по ложному доносу и сослана бедная голова (моя);
ак жерден невинно;
жок жерден ни с того ни с сего, без всяких оснований (обвинять, наказывать и т.п.);
жок (или ак) жеринен жаман атты кылды его охаяли совершенно напрасно;
кутпөгөн жерден неожиданно, нежданно-негаданно;
салган жерден или чукул жерден вдруг, сразу; ни с того ни с сего;
аз жерден или аз эле жерден чуть было не...;
барып турган жери высшая степень чего-л.;
бир жерине жеткен кедей крайне бедный;
жерине жеткир- проучить кого-л. как следует; показать кому-л., где раки зимуют;
мен аны жерине жеткирем! я ему покажу!; он у меня будет знать!;
...жеринен в тот самый момент, когда...;
аны мен күлүп турган жеринен чакырдым я его позвал в тот момент, когда он смеялся;
жери ошол как раз тот момент, когда он...;
акчадан өлүп бараткан жерим жок я не в таком положении, что мне без денег - смерть; я не так уж и нуждаюсь в деньгах;
бардыгынын кабары бир жерден чыгат сообщения всех их сходятся, совпадают;
кирерге (или жанын коюуга) жер таппай калды трудно ему пришлось; ему небо с овчинку показалось;
баш жерге киргиче пока жив, до самой смерти;
жемелеп жерге киргизген он заел, замучил попрёками;
жерге кирсин! глаза бы мои его не видали!; провались он совсем!;
жерге кир! провались ты!; пропади ты пропадом!;
жер үстүнөн көрүнбөсөм если я не останусь в живых;
жер карап опустив, понурив голову (напр. от страха, стыда);
тиги киши айыптуудай жер карады тот человек опустил голову как виноватый;
жер карабай жооп бергиле отвечайте прямо, не отводя глаз;
жер карат- поставить в неловкое положение, осрамить;
жер каратып койбочу не осрами, не допусти до срама (меня, его и т.д.);
жерди кара очертания едва виднеющегося вдали предмета, силуэт; привидение, призрак;
тиги көрүнгөн - киши эмес, жөн эле жерди кара то, что виднеется - не человек, а видимость, призрак;
орто жерде бойлуу (человек) среднего роста;
...жерде (при умножении): эки жерде эки дважды два; беш жерде беш пятью пять;
жерден чыга калгандай как с неба свалился;
жерге-сууга тийгизбей макта- или жерге-сууга батырбай макта- превозносить;
жерге амал кирди сев. земля ожила (сошёл снег, начала пробиваться зелень);
жер-жебир см. жебир;
жер-жемиш см. жемиш 2;
жер каймактап бүткөндө см. каймакта-;
көр-жер см. көр II;
жер каптыр- см. каптыр-;
жер тыңшаар см. тыңша-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу Күндөн кийинки үчүнчү планета. Жер күндү тегеренет.
  1. 2.           Кургактык (океан, деңиз ж.б. сууларга карама-каршы түшүнүктө). Моряктар горизонтто жерди көрүштү.
  2. 3.           Биздин планетабыздын үстүнкү бети, үстүнкү катмары; кыртыш, топурак. Шаарда уй жайылып жүрөр эле, Мөңгүрөп жер челишип убап-чубап (Шукүрбеков). Суу мол болуп, жаан жааса, Жайык төш, семиз жер бүрдөйт (Токобаев).
  3. 4.           Айдоо, жайыт ж.б. катарында пайдаланылган белгилүү аянт, участок. Айдоо жерлер кеңиди, Ак буудай арбын себилди (Үмөталиев). Жайыт жер. Кайрак жер.
  4. 5.           Өлкө, мамлекет, мекен. Казакстандын жери элсиз ээн талаа болуп келген («Коммунист»). Мыскал жаш өмүрдүн кымбат доорун Украина жеринде өткөрүп келди (Сыдыкбеков).
  5. 6.           Орун, жай; аралык. Бул жерде райкомдун өкүлү да отурат (Убукеев). Киндик каным тамган жер. Күнчүлүк жер. Айчылык жер.
  6. 7.           Дененин айрым бөлүгү. Бир жериңиз ооруган жокпу? Оорубаган жерим жок.

¨ Жер-жеберине жетүү — 1) аябай тилдөө, абдан тилдөө; 2) майда -чуйдасынан бери, эчтемесин калтырбай. Анын жер-жеберине жетүүнүн бизге кереги эмне? («Чалкан»). Жер төлө — жерди казып салынган жапыз там, үй; малга даярдалган жер там. Жер соорусу — мыкты, сонун, бай, семиз жер. Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе ногой тунбайбы («Семетей»). Жер каймактагандан бери — капкачантан, атам замандан бери, көптөн бери. Биз дал ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди угуза турган, аны иш жүзүнө ашыра турган адамбыз (Байтемиров). Жер кароо — уялуу, айласы кетип, тике карай албоо. Амантур наалып жер карады (Убукеев). Кандайдыр бир кара сакалдын доосу менен эл караган бетим жер карап олтурса эмненин тамтыгы! (Каимов). Өлбөгөн жерде калуу к. өл II. Жер чечегин безөө к. безе. Жер семирткич к. семирткич.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жер
жер айдоо
жер алмурут
жер астын-үстүн болуу
жер астындагы суулар
жер атмосферасы
жер балансы
жер банкы
жер баскан
жер баспай калуу
жер бастырбоо
жер бетеге
жер босого
жер бүргөлөрү
жер буурчак
жерге батпоо
жерге берүү
жерге жайгаштыруу
жерге жашыруу
жерге калтырбоо
жерге кир фраз.
жерге кирип кете жаздоо
жерге-сууга тийгизбөө
жерге таштабоо (калтырбоо)
жерге түкүрүү
жерде калбоо
жерден алып, көргө уруу
жерден башын албоо
жерден боорун көтөрүү
жерден чукугандай
жерден чыга калгандай
жерди жакшыртуу
жерди жекече пайдалануу
жерди пайдалануу
жердин айлануусу
жердин баасы
жердин жети катары
жердин келбети
жердин күрдүүлүгү
жердин магнит талаасы
жердин огу (физ.)
жердин түбү
жер дүлөй (бот.)
жер жаздануу
жер жамандап барбасын
жер жаңгак
жер жарым шарлары
жер-жебер
жер-жебир
жер-жемиш
жер-жерлерде
жер жүзү
жер иштери
жер кадастры
жер казарлар зоо.
жер казыгы (жердин
уңкул-чуңкулу)
жер казык (чикит) (диал.)
жер каймактаганда
жер карама
жер каратпоо
жер кароо
жер картасы
жер каттоо
жер кезүү
жер кене
жер кепе
жер китеби (а. ч.)
жер которуу (миграция)
жер которуштуруу
жер көң
жер көчкү
жер курут жөргөмүш
жер май (нефть)
жер майышуу
жер менен жексен кылуу
жер мителери
жер оо
жер оодаруу
жер ооштуруу
жер паана (бомбоубежище)
жер рентасы
жер рентасынын генезиси
жер реформасы
жер сабоо
жер салыгы
жер семирткич
жер соорусу
жер сүзүү
жер-суу
жер-сууга батпоо
жер сыйпалатуу
жер сыйпалоо
жер там
жер таянуу
жер титирөө
жер титирөөгө туруктуу
жер товары
жер төлө (жер там) (диал.)
жер түпкүрү
жер түрлөрүнүн теңдеми
жер тыңшаар
жер укугу
жер үстүндөгү суулар
жер участогу
жер үшө-
жер үлүшү
жер фондусу
жер чечегин безөө
жер чукуурлар (зоол.)
жер шары
жер электр талаасы
жер эсеби
жер ээлиги
жер ээлөө
жер ээси

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР – негизги табигый байлыктын бир түрү, айыл чарбасындагы өндүрүүнүн башкы каражаты. Ал өзгөчө укукка ээ болуу менен, келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн калтырууну камсыз кылууга жана жер байлыгы катары сактоого жатат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу күндөн кийинки үчүнчү планета. Жер Күндү тегеренет. 2. Кургактык (океан, деңиз ж. б. сууларга карама-каршы түшүнүктө). Моряктар горизонтто жерди көрүштү. 3. Биздин планетанын үстүнкү бети, үстүнкү катмары, кыртыш, топурак. Борпоң жер. Кара топурактуу жер. Ак чополуу жер. Таштуу жер. Семиз жер. 4. Айдоо, жайыт, чабык катарында пайдаланыла турган аянт, белгилүү бир участок. Чабынды жерлерибиздин көпчүлүгүнө машина жүрө албайт (Убукеев). Айдоо жерлер кеңиди, Ак буудай арбын себилди (Үмөталиев). 5. Өлкө, мекен, мамлекет. Ошентип, Мыскал жаш өмүрдүн кымбат доорун Украина жеринде өткөрүп келди (Сыдыкбеков). Киндик каным тамган жер, Кеңеши бирге тууган эл (Нуркамал). Туулган жер Мыскалдын көзүнө алда эмнедей көрүнөт (Сыдыкбеков). 6. Орун, белгилүү бир жай. Тандап алган жери – береги көлгө кирип барган булуңча (Сыдыкбеков). Ар жерден боз үйлөрдү көзүң чалат (Шүкүрбеков). // Кандайдыр бир өлчөмдүү аралык. Алтын Чолпонду кыйла жерге узатып барды (Байтемиров). Дал суунун орто жерине келгенде карады эки жакты (Шүкүрбеков). || Көбүнчө келген тарап же келин болуп келүүчү кыздын төркүндөрү, куда тарап. Келин жаман эмес, келген жер жаман (макал). Арзыган жерден кыз алса, Адамга ушул жыргал да («Олжобай менен Кишимжан»). 7. Дененин же кандайдыр бир нерселердин айрым бөлүгү. Бир жериңиз ооруган жокпу? (Байтемиров). Көйнөгүнүн бир жери айрылып калыптыр («Жаш ленинчи»). 8. Кандайдыр бир нерселердин, иштин, жөнүн, шартын, ал-абалын билдирүүдө колдонулат. Андрейдин аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров). Бурулча иштин ток этер жерине өттү (Байтемиров). Капа болом баарыңа, Ак жерден өлгөн Сарыга (Токтогул). Жакшы жери анча алыс эмес (Сыдыкбеков). Барпы жок жерден алтын тапкандай сүйүнүп кетти (Байтемиров).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕР АЛДЫ — байыркы мифологиянын негизинде пайда болгон түшүнүк. Байыркы адамдардын диний түшүнүгү боюнча дүйнө үчкө бөлүнгөн: биринчи — асман (кудайлар өлкөсү), экинчи — адамдар жашаган дүйнө, үчүнчү — жер астындагы дүйнө (өлүктөр дүйнөсү). Айрым адабиятчылардын пикири боюнча мифологиялык түшүнүктөрдүн алгачкы учурун таза диний мифология катары кароого болбойт. Кийинчерээк адамдар тапка бөлүнгөндөн кийин, бул элдик түшүнүк таптык кызыкчылыкка баш ийдирилип, мусулман дининин куралына айланган. Байыркы кыргыздар да кыял менен жаратылышты бул тирүү адамдар жашаган дүйнө, өлгөн адамдар жашаган тигил — Ж. а-ндагы дүйнө деп экиге бөлүшкөн. Эпосто сүрөттөлгөн Ж. а-ндагы дүйнө жер үстүндөгү турмуштан эч бир айырмаланбайт. «Бокмурун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү коигону» деген окуяда Ж. а-ндагы дүйнө төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Күтүнүп турсаң ашыңа
Күлдү журт келер кашыңа.
Жердин өзү дөңгөлөк
Жеткен жан келер жөрмөлөп.
Жер астында эрлер бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 67).

Мында кыргыз эпосундагы Ж. а-ндагы дүинө жөнүндөгү түшүнүк, башка түрк элдеринин көз карашындай эле бул элдин поэтикалык гана көз карашы деп жыйынтык чыгарууга болот.
9-кылымга чейин кыргыздарда, Алтайда, Батыш Сибирде жашаган элдерде тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүк абдан күчтүү болгон. Алтайлык жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармачылыгында Ж. а-ндагы кудайлар, шамандар менен болгон согуш учурайт. Башкы каарман тагдырына багышталган аялды алуу үчүн Ж. а-на түшүү, болбосо алыскы бир жерге чоочун элге саякат жасоо башка элдердин эпикалык оозеки адабияттарында да кезигет. Бул мотив алардын өтө байыркылыгын белгилейт.
Академик В. В. Радлов алтайлыктардын элдик чыгармалары менен таанышкандан кийин, бул түрк урууларынын оозеки чыгармаларында кеңири кезигүүчү Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндөгү түшүнүктөрдү шаманизмдин теңири катары карабастан, шамандык көз караштан өзгөчөлөнүп турган алтайлыктардын поэтикалык көз карашы катары караш керектигин эскерткен.
Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндө кыргыз элинин жөө жомокторунда, «Манас» эпосунда, негизинен «Эр Төштүктө» кеңири кездешет. «Эр Төштүк» эпосундагы Ж. а-ндагы турмуш жөнүндөгү мифологиянын өнүгүшү тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүктүн чыгышы, тактап айтканда, жан адамдын денесинен бөлөк жашайт деген түшүнүктүн келип чыгышы менен байланыштырылган. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да Төштүк Ж. а-на түшүп барып, кайра келген баатыр катары сүрөттөлөт:
Элемандын эркеси
Жер алдына түшкөнү
Жети жыл болгон чагы экен,
Жер үстүнө чыкканы
Жети күнчө бар экен
Ошо Төштүк келгени (Саякбай Каралаев, 2. 12, 40; Сагымбай Орозбаков, 3. 106).

Төштүктүн Ж. а-на түшүшүн шамандык мифология катары карабастан, байыркы адамдардын түшүнүгү катары караш керек.
Ы. Кадыров

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө кыйын, абдан оор абалга дуушар болуп, эмне кыларын билбей, көзү караңгылап, сендиректей түшүү. Айдакенин эси оой түшүп, жер астын-үстүн болуп кеткенсиди (Осмоналиев). Жакшылыктан үмүт үзүп, жер астын-үстүн болуп чайпалат (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кыйын, абдан оор абалга дуушар болуп, эмне кыларын билбей, көзү караңгылап, сендиректей түшүү. Айдакенин эси оой түшүп, жер астын-үстүн болуп кеткенсиди (Осмоналиев). Жакшылыктан үмүт үзүп, жер астын-үстүн болуп чайпалат (Бердикеев). В.: Дүйнө астын-үстүн болуу. Дүйнө астын-үстүн болуп, жер көчүп бараткансып, кулак-башы чуулдайт (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дубалдын түбү. Тамдын аркасында кардын эриндиси көлкүлдөйт. Белгилүү – жербайында муштумдай таш же шапалактай кыш жок, ылай дубал алды, үстүнөн суу чылпылдап турса, кантип туруштук берет (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсени көзүнө илбей, текеберленип, дөөгүрсүнүп, көтөрүлүп турган абалда болуу, мен-менсинип, мурдун көтөрүп, көөп кетүү. Жаңыдан бийликке келишкендердин акылсыздары тез эле дердейип, жер баспай калышат (Осмоналиев). Чочуганым мен-менсинип жер баспай калган чунак, окус шартым жок деп коебу дейм (Бейшеналиев). Бул атагыма жер баспай, таноом дердейип калса керек (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсени көзүнө илбей, текеберленип, дөөгүрсүнүп, көтөрүлүп турган абалда болуу, менменсинип, мурдун көтөрүп, көөп кетүү. Жаңыдан бийликке келишкендердин акылсыздары тез эле дердейип, жер баспай калышат (Осмоналиев). Чочуганым: Менменсинип жер баспай калган чунак, окус шартым жок деп коёбу дейм (Бейшеналиев). Бул атагыма жер баспай, таноом дердейип калса керек (Осмоналиев). В.: Жер бетине сыйбоо. – Пах, пах! Мына бул жамандын жер бетине сыйбай турганын карасаң! (Укаев). Жер баспоо. Анын жер баспай турган кезин көрдүм.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ряд, строй;
жерге тарт- строиться в ряд (напр. о войске);
Желкайып өзуң бар элең, жети сан кошуун жергеңде фольк. ты, Джелькайып, сам был в рядах семидесятитысячного войска своего;
Жерге-Тал геогр. Джерге-Тал (букв. ряд вётел, верб);
2. (или айыл-жерге или жээк-жерге или жерге-жээк) население нескольких родственных аулов, родичи, близкие; своя компания; свой народ;
жээк-жергем бар, жалгыз жүргөн жан эмесмин у меня есть родня и близкие, я не одинок;
аскерди арбын баштапсыз, жетим, тул катын, жергеңди каран таштапсыз фольк. вы повели большое войско, сирот, вдов и родичей своих оставили вы беспризорными;
жети күн тартты толгоону, жергеси чарчап болгону фольк. семь дней у неё были родовые схватки, все окружающие её измучились (помогая ей);
жерге-жээктеги эл эмес, алыстагы элге да ылакап боло баштады разговор о нём начал распространяться не только в своей округе, но среди населения дальних аулов;
той жүктөп бир күн келбесин, кыз оюн кыльп, кыйкыртып атамдын айыл-жергесин фольк. как бы он не прибыл с навьюченными свадебными дарами, как бы не устроил шумные свадебные игры в ауле моего отца;
жергеден чык-
1) выйти из чьих-л. рядов, из какой-л. среды, выйти из народа;
2) перен. порвать со своей средой, отбиться от родичей и близких;
жергеден чыккан порвавший со своей средой, отбившийся от родных и близких, отщепенец;
жеринен азган эл оңбос, жергеден качкан эр оңбос фольк. несдобровать народу, бродящему не по своей земле, несдобровать молодцу, бежавшему от своего народа;
жергеге кошулган он слился со своей средой, стал равным в своей среде, он стал своим человеком;
3. стойбище;
"жоо жергеге келди" - деп, Жакыптын үрөйү учуп калыптыр фольк. думая, что враг пришёл в стойбище, Джакып перепугался.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир жер, өлкө, аймак. Берекелүү Ала-Тоо Жергемден салам айтамын (Үмөталиев). Бактылуу элдин жергеси, Менин сүйгөн республикам (Үмөталиев). || Конуш, турак-жай. Жергеси короо, жети бак, Кандай хандын ордосу («Сейтек»). Конушу шибер көпкөк чөп, Келишкен экен жергеси (Токтогул). 2. Эл-журт, ага-тууган, айыл-апа. Нусканы өзүң үчүн кылба, жергең үчүн кыл (Жантөшев). Желикпегин Канчоро, Жергеге эсен жетелик («Сейтек»). Тобуңдан кетсем аман бол, Толгон кыргыз жергеси (Токтогул). || Белгилүү бир чөйрөдөгү адамдар, айлана-тегеректегилер. Жергеси чарчап болгону, Алты күн тартып толгоону («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлгөн адамдын кийим-кечесин чечиндирип көмгөнгө чейин коё турган ордуна жайгаштыруу (боз үйгө же башка жайга). Өлүктү жерге алып койгондон кийин, өлүк каадасы кылып жакындары жоктой баштады («Ала-Тоо»). В.: Чийге алып коюу. Өлүктү чийге алып коюптур.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көмүү, сөөктү жерге коюу. Түш оогондо Чорону жерге беришти (Айтматов). Далай баласын жерге берип, жүрөгү калган энеде жан жок (Укаев). В.: Жерге жайгаштыруу. Жолонду жерге жашыргандан бери төрт күн өттү (Жоошбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйып кетпөө, эстен чыгарбоо, айтылган сөздү же өтүнүчтү унутуп койбой орундатуу. Ошол эл-жер жөрөлгөсүн жерге калтырбай эмки жаштар силер, айыл даңкын чыгарып жатасыңар (Жусупов). Досуң сени эч качан жерге калтырбайт. В.: Жерге таштабоо. Ал силерди эч качан жерге таштабайт, – деп Алымкул да толкундана сүйлөдү (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилдөө, жемелөө же жактырбоо маанисинде колдонулат. Бала болбой жерге кир, карган ата-энеңе боор оорусаң боло! – деп, эжем мени уруша баштады. Малың менен жерге кир. Малың башыңда калсын, – деп апасынын каргап-шилеген сөздөрү кулагына даана угулду (Мырзаев). Айтканымды азыр бил, Малың менен жерге кир! («Эр Төштүк»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тилдөө, жемелөө же жактырбоо маанисинде колдонулат. Бала болбой жерге кир, карган ата-энеңе боор оорусаң боло! - деп, эжем мени уруша баштады («Ленинчил жаш»), Малың менен жерге кир. Малың башыңда калсын, - деп апасынын каргап-шилеген сөздөру улагына даана угулду (Мырзаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге катуу уят болуу, аябай уялып баш көтөрбөө, эмне кыларын билбей өтө кыжалат болуу. Акбала жерге кирип кете жаздады (Укаев). Ал досунун бул сөзүн укканда укса да укпамышка салып, жерге кирип кете жаздады (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге катуу уят болуу, аябай уялып баш көтөрбөө, эмне кыларын билбей өтө кыжалат болуу. Акбала жерге кирип кете жаздады (Укаев). Ал досунун бул сөзүн укканда укса да укпамышка салып, жерге кирип кете жаздады (Абдукаимов). Атамдын кеңешин жерге калтырбай тил алдым (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
располагаться в ряд;
жергелей талды сыдырып, жердин үстүн кыдырып фольк. (о героине эпоса, обернувшейся лебедем) паря над рядами деревьев и оглядывая (с высоты) поверхность земную.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эли-журту көп, эл-журттуу, урук-туугандуу, түптүү, ата мекени бар, Жергелүү журтум чабам деп, Бу кебиңди ким уксун («Сейтек»). Желпинтип тууну көтөрдүң, Жергелүү кыргыз тоосунан (Токтогул). Жеңишин тилейт ишиңдин, Жергелүү журтуң (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
безродный; не имеющий родичей и близких, утративший или порвавший связь со своим народом;
жергесиз жетим дебесең, жетилсем, сени багамын фольк. если ты не гнушаешься тем, что я безродный сирота, то когда вырасту, я буду тебя кормить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан сүйүнүү, толкундоо, көңүлү көтөрүңкү, жайдары абалда болуу. Мен жерге-сууга батпай, көңүлүм куунак болуп, өтө жайдары жүрдүм (Абдукаримов). Жерге батпай антаңдаган мени апам коңур үнү менен тосуп алды (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан күчөтүп, көтөрө чалып мактоо, ашыра мактоо, аябай жеткире мактоо. Эл эмчилигиңди жерге-сууга тийгизбей макташат экен (Бейшеналиев). Чоң энеси Алмазды жерге-сууга тийгизбей мактап, ошондо кандай гана сүйүнбөдү дейсиң (Саякбаев). В.: Жерге тийгизбөө. Сөздү чекир көз Шаршен алды, Баланы жерге тийгизбей мактап салды («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан күчөтүп, көтөрө чалып мактоо, ашыра мактоо, аябай жеткире мактоо. Эл эмчилигинди жерге-сууга тийгизбей макташат экен (Бейшеналиев). Чоң энеси Алмазды жерге-сууга тийгизбей мактап, ошондо кандай гана сүйүнбөдү дейсиң (Саякбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕРГЕ-ТАЛ — топоним. «Жерге-Тал ылдый жүгүрүп, Энеңдин тизеси жерге бүгүлүп» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 32),— деп, Каныкей Чыйырды менен Семетейди көтөрүп, төркүнүнө качып баратканда Ж.-Т. аркылуу өткөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандагы бир катар жер, суулар Ж.-Т. аталары белгилүү.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө бир нерсени жактырбагандай, жек көргөндөй мааниде таңыркоо, таң калуу. Анын бул кылыгын кайнатасы угаары менен жерге түкүрдү (Ашымбаев). Орозбайдын бул жоругуна таңыркаган эл жерге түкүрүп, толкуя токтогон (Өгөбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
в разн. знач. местный; коренной;
жергиликтүү эл местное, коренное население;
жергиликтүү тил местный язык;
жергиликтүү убакыт боюнча по местному времени;
жергиликтүү уюмдар местные организации;
жергиликтүү өнөр жай местная промышленность.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ушул жерлик, ушул жерде мурдатан туруктуу жашап келген, башка жактык эмес. Жергиликтүү эл. Жергиликтүү жашаган калктар.
  1. 2.           Жалпы мамлекеттик эмес, белгилүү территорияга, районго таандык, ошол территорияга тиешеси бар. Эмгекчилер депутаттарынын жергиликтүү советтери. Жергиликтүү бюджет.
  2. 3.           Башка жактан алынып келбеген, ушул жердин өзүндө өндүрүлгөн, даярдалган, ушул жерде мурдатан бар болгон. Жергиликтүү продуктылар. Жергиликтүү товарлар. Жергиликтүү өнөр жай.
  3. 4.           Белгилүү бир жайга, жерге, шартка таандык, мүнөздүү болгон, ошого ылайыкташылган. Жергиликтүү шарттар.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жергиликтүү
жергиликтүү базар
жергиликтүү бийлик
жергиликтүү бюджет
(экон.)
жергиликтүү валюта
(экон.)
жергиликтүү жамаат
жергиликтүү инфляция
(экон.)
жергиликтүү кеңештер
жергиликтүү климат
геогр.
жергиликтүү коомдоштуктар
жергиликтүү мал (а.)ч.
жергиликтүү мамлекеттик мекеме
жергиликтүү өзүн өзү
башкаруу
жергиликтүү өнөр жай
жергиликтүү согуш

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ушул жерлик, мурдатан ушул жерде туруктуу жашап келген, башка жактык эмес. Жергиликтүү эл. Чаңкайган ак сарай үйлөргө алды менен жергиликтүү бечараларды орноштурушту (Элебаев). Кербен сарайда конгон кишилердин кимиси жергиликтүү, кимиси келгин экенин билбейсиң (Абдукаримов). 2. Белгилүү бир жайга, территорияга гана мүнөздүү болгон, ошого таандык (көрүнүш, салт ж. б. карата). Жергиликтүү тил. Жергиликтүү салт. || Жалпы мамлекеттик эмес, белгилүү территорияга, районго таандык, ошол чөйрөгө тиешеси бар. Жергиликтүү уюмдар. Жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү совет. || Башка жактан алынып келбеген, ушул жердин өзүндө өндүрүлгөн, даярдалган, ушул жерде мурдатан бар болгон. Жергиликтүү товарлар. Жергиликтүү сырье. Жергиликтүү өнөр жай.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН ЧЫГАШАЛАРЫ – жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын максаттарын жана милдеттерин каржылык жактан камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТ – айылдык, кыштактык, шаардык кеңештердин аймактарында туруктуу жашаган, өзүнүн өкүлчүлүктүү, аткаруучу-бөлүштүрүүчү жана башка органдары аркылуу жергиликтүү маселелерди чечүүнү өз жоопкерчиликтерине алган, жалпы кызыкчылыктар баш коштуруп турган калк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫМДАР – КР мыйзамдарына ылайык бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан жарандардан, уюмдардан аларга кызмат көрсөтүүлөргө, же аларга бир жолку аткарылуучу бир ишти жүзөгө ашырууга укук берүүгө байланышкан чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн белгиленген төлөмдөр. Ж. ж-дын тизмеси атайын мыйзам менен аныкталган. КР мыйзамында төмөндөгүдөй жыйымдар аныкталган: а) ит ээлеринен алынуучу жыйымдар; б) коммерциялык максаттарда өткөрүлүүчү жергиликтүү конкурстарды жана көргөзмөлөрдү, аукциондорду жана лотереяларды өткөрүү укугу үчүн жыйымдар; в) автоунаа каражаттарын коюп коюудан жыйымдар; г) чийки зат-соода сатык биржаларында түзүлгөн бүтүмдөрдөн алынуучу жыйымдар; д) калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташыгандыгы үчүн жыйымдар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУКТУН МҮЧӨСҮ – административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашап турган жана жергиликтүү коомчулук менен өзара милдеттенмелер менен байланышкан адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ КЕН-БАЙЛЫКТАР – кору (запасы) жакын жайгашкан жергиликтүү керектөөчүлөрдү гана камсыз кыларлык, кеңири таралган жана башка металл эмес (көмүр, гипс, туз кени, өзү уюган күкүрт, тальк жана пирофиллит, графит) пайдалуу кен байлыктары чыккан жер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ – КРде жергиликтүү бирлештиктердин бийлик органынын өкүлчүлүктүү (кеңештер) жана аткаруучу (мэрлик, шаар башкармалыктары, айыл өкмөттөрү), ошондой эле жарандардын түздөнтүз катышуулары аркылуу жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу укугу жана иш жүзүндөгү чыныгы жөндөмдүүлүгү. Ж. ө. б. органдары, эреже катары, мамлекеттин бийлик органдарынын тутумуна кирбейт, бирок ишке ашырылышы мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө туруучу бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АТКАРУУ-ТЕСКӨӨ ОРГАНЫ – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынын чечимдерин даярдоо жана аткаруу, белгилүү бир аймакта аткаруу бийлигин жүргүзүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Ж. ө. б. а.-т. о. айыл өкмөтү, шаар башкармалыгы жана мэриялар болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН КЫЗМАТ АДАМЫ – жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында такай же убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин ишке ашыруучу, же болбосо уюштуруу-тейлөө-тескөө, административдик-чарбачылык иш-милдетин аткаруучу адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАНЫ – КР мыйзамдары боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун тийиштүү административдик-аймактык бөлүнүштүн эли тарабынан түздөнтүз шайлануучу жана жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү ыйгарым укугу берилген жамаатык орган. Ж. ө. а. б. о. жарандардын кызыкчылыктарын жактоо жана анын атынан муниципалдык түзүлүштүн аймагында колдонулуучу чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ. Айылдардагы, кыштактардагы, шаарлардагы, райондордогу жана облустардагы Ж. ө. а. б. о. жергиликтүү кеңештер болуп эсептелишет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ШАЙЛАНА ТУРГАН КЫЗМАТ АДАМЫ – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө ыйгарым укук берилип, жергиликтүү тургундар же жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланган адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иштерди өз жоопкерчилигине алуу менен чечүү үчүн калктын өзү тарабынан түзүлгөн өкүлчүлүктүү, аткаруу-тескөө жана башка органдар. КРде Ж. ө. б. о. өз ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө муниципалдык менчикке ээ болот. Ж. ө. б. о. аларды ишке ашырууда зарыл болгон материалдык, каржылык ж. б. каражаттарды өткөрүп берүү менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ боло алышат. Өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктар боюнча Ж. ө. б. о. мамлекеттик органдарга эсеп беришет. Жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруу-башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү, шаар башчылары, мэриялар), аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары, калктын өзү тарабынан түзүлгөн башка органдар, ошондой эле жарандардын жыйындары жана чогулуштары Ж. ө. б. о. болуп саналат. Ж. ө. б. о-нын тутуму КР административдик-аймактык бөлүнүшүнө ылайык курулат. КРде Ж. ө. б. о. конституциялык жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган иштерди жасоого, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген жана күч колдонуу менен коштолуучу улуттар аралык жана диний каршылашууларды тутандыруучу, массалык тартип бузуучулукту уюштурууну үгүттөөгө акысы жок. Тийиштүү органдар тарабынан көрсөтүлгөн аракеттер жасалганы аныкталган учурларда КР Президенти Ж. ө. б. о-дын жана ага күнөөлүүлөрдүн ишмердигин токтотуп коюуга жана ошол аймакка түз мамлекеттик башкаруу киргизүүгө акылуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАН ЗАЙЫМЫ – зайым келишимин түзүү же муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу аркылуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынып, ал боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кайта кайырып берүү жана/же колдонгондугу үчүн үстөк пайызын төлөө милдеттенмеси менен акча каражатын ала турган келишимдик мөөнөттүү милдеттенме.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАР – өз ишмердүүлүктөрүн өздөрүнө баш ийген аймактарда жүзөгө ашырып жатышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары – жергиликтүү кеңештер аныктаган тартипте жана шарттарда салык төлөөчүлөр тарабынан жергиликтүү бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр. Ж. с. жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджетке алынуучу салык төлөмдөр тутумунун бир бөлүгү болуп саналат. Ж. с. тизмеси атайын мыйзамда аныкталган жана анда каралбаган башка салыктарды киргизүүгө жол берилбейт. Ж. с. өлчөмү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. КР Салык кодексинде төмөнкү Ж. с. белгиленген: а) курорттук салык; б) кыймылсыз мүлк салыгы; в) жарнама салыгы; г) кумаржай салыгы; д) чекене соода жана калкка акылуу кызмат көрсөтүү салыгы; е) пайдаланылбай турган өндүрүштүк жана соода-турмуш тиричилик аянттарынан же алардын бир бөлүгү үчүн салынуучу салык; ж) жергиликтүү символиканы пайдалануу укугу үчүн салык; з) күнөскана шарттарында гүл өстүрүп, элге сатуучу жарандардан алынуучу салык; и) мейманкана салыгы; к) балык уулоо жана аңчылык кылуу укугу үчүн салык; л) алыскы чет өлкөлөргө чыгуучу туристтерден алынуучу салык; м) унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык; н) көрмө салондордон жана көңүл ачуучу-концерттик ишчараларга салык салуу. Чарба жүргүзүүчү баардык субъекттер, чет өлкөлүктөрү дагы, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын аймактарында тигил же бул ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан жарандар Ж. с. төлөөчүлөр болуп саналышат. Кирешелер; белгилүү товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасы; салык төлөөчүлөрдүн айрым ишмердүүлүктү түрлөрүнө укуктары жана мыйзам актылары менен белгиленген жана башка объекттер салык салуунун объекттери болуп саналат. Юридикалык жактар Ж. с. банк мекемелери аркылуу накалай эмес эсептешүү тартибинде төлөшөт. Жеке жактар аларды накалай каражат түрүндө Аманат банк мекемелерине же башка калктан төлөмдөрдү алуу милдети тагылган мекемелерге төгүшөт. Ал каражаттарды салык органдарынын алуусуна жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ СИМВОЛДОРДУ ПАЙДАЛАНУУ САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Юридикалык жактар дагы, жеке жактар дагы – тийешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү символдорду (энтамгалар, шаарлардын, жерлердин, тарыхый эстеликтердин көрүнүштөрү) пайдаланган аргандай өнүмдөрдү өндүрүүчүлөр салык төлөөчү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШЕРИКТЕШТИКТИН УСТАВЫ – мыйзамдарга ылайык иштелип чыгып жана кабыл алынып, жергиликтүү маанидеги иштерди жөнгө салуучу жергиликтүү шериктештиктин укук документи.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жить, проживать; обитать; водиться;
Текести жердедик мы жили на Текесе;
жердеген жери Талас место, где он живёт,- Талас;
кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырда погов. на чьей земле живёшь, того и песню пой; на чьём возу сижу, того и песенку пою;
жердей көр ошол жериңди, кутө көр кыргыз элиңди фольк. живи на том своём месте, заботься о своём киргизском народе.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир жерде жашоо, белгилүү бир жерде туруу, ошол жерди мекендөө. Биз кыргызбыз, Ала-Тоону жердеген (Маликов). Ат-Башы, Нарынды жердеп, Омокан деген өткөн экен («Эр Табылды»). Бул арада илбээсин жок жердеген (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу тилдөө, абийрин кетирүү, жер-жеберине жетип аябай жемелөө. Акунжанды жерден алып көргө уруп, күн сайын Эрке кыздын көзүнө суук көргөзө берди (Байтемиров). Күйөө баласын эми жерден алып, көргө уруп, жамандап жүрдү (Садыбакасов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу тилдөө, абийрин кетирүү, жер-жеберине жетип аябай жемелөө. Акунжанды жерден алып көргө уруп, күн сайын Эрке кыздын көзүнө суук көргөзө берди (Байтемиров). Күйөө баласын эми жерден алып, көргө уруп, жамандап жүрдү (Садыбакасов). В.: Жерден алып, жерге уруу. Мукан ачуусу келип, Сайраны жерден алып, жерге уруп жатты (Саатов). Анын жер-жеберине жетип, жерден алып, жерге уруунун бизге кереги эмне? («Чалкан»). Көрдөн алып, жерге уруу. – Тигини карасаң! – Ороңбай көзүн чанагынан чыгара карап, Чоңбашевди көрдөн алып жерге урду («Чалкан»). Жерден алып, көргө салуу. Атам «менин бир эле балам болобу» деп бечара апамды жерден алып көргө салат («Советтик Кыргызстан»). Бечара Бүбүнү жерден алып, көргө салат (Сыдыкбеков). Көрдөн алып, көргө салуу. Тилдептир көрдөн алып, көргө салып (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө тике, түз карай албай, башын салып төмөн караган абалда болуу (көбүнчө абдан уят болгон же күнөөлүү, кылмыштуу болгон учурларга карата). Ошондо да жерден башын албай, жакындарынын караанын көрөр бекемин деп кыңк этпейт (Абдукаимов). Ал биз кетер кеткиче башын жерден алган жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө тике, түз карай албай, башын салып төмөн караган абалда болуу (көбүнчө абдан уят болгон же күнөөлүү, кылмыштуу болгон учурларга карата). Ошондо да жерден башын албай, жакындарынын караанын көрөр бекемин деп кыңк этпейт (Абдукаимов). Ал биз кетер кеткиче башын жерден алган жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чоңоюу, өсүп жетилүү, эрезеге жетүү. Балдары да жерден боорун көтөрүп, мал-салды өз бет алдынча багууга жарап калышты. (Үмөталиев). Эңкейген карт баба жерден боорун көтөргөн неберелерине акылдашты (Бейшеналиев). Тагдыр аны жерден боорун көтөргөндө эле комуздан өмүрүндө ажырабай турган бир окуяга туш кылды (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоңоюу, өсүп жетилүү, эрезеге жетүү. Балдары да жерден боорун көтөрүп, мал-салды өз бет алдынча багууга жарап калышты. (Үмөталиев). Эңкейген карт баба жерден боорун көтөргөн неберелерине акылдашты (Бейшеналиев). Тагдыр аны жерден боорун көтөргөндө эле комуздан өмүрүндө ажырабай турган бир окуяга туш кылды (Каимов). В.: Жерден боорун алуу. Жерден боорун ала элек балдарына ким эмне жазат (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кылса да, кандай болсо да (сөзсүз табуу же орундатуу маанисинде). Ошол эле күнү булардын старчыны Кыдык деген келип: «Жерден чукусаң да табасың», – деп, эки кой, бир серке чыгым салышты да кетишти (Жантөшев). Бирок, бизден калып кутулуп кетем деп ойлобо, жерден чукусак да таап алабыз (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кылса да, кандай болсо да (сөзсүз табуу же орундатуу маанисинде). Ошол эле күнү булардын старчыны Кыдык деген келип: «Жерден чукусаң да табасын,» - деп, эки кой, бир серке чыгым салышты да кетишти (Жантөшев). Бирок, бизден калып кутулуп кетем деп ойлобо, жерден чукусак да таап алабыз (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капыстан, күтүлбөгөн жерден пайда боло калгандай. Буга чейин үн-сөзсүз келип, эми жерден чыга калгандай эмнеге туйлаганына айраң-таң эле (Укаев). Жерден чыга калгандай болуп, булар жанатан кайда эле? (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капыстан, күтүлбөгөн жерден пайда боло калгандай. Буга чейин үн-сөзсүз келип, эми жерден чыга калгандай эмнеге туйлаганына айраң-таң эле (Укаев). Жерден чыга калгандай болуп, булар жанатан кайда эле? (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жердик I
1. дикий;
жердик куш дикая птица;
2. ист. человек, откочевавший далеко от своего рода или аула; человек, живущий вдали от людей.
жердик II
(самостоятельно не употребляется) указывает на принадлежность к местности;
кайсы жердик? из каких мест (из какого города, села и т.п.) ?
мен ушул жердикмин я здешний.
жердик III
место жительства, пребывания; место обитания;
акыры таптым, мен көрдүм атамдын өлгөн жердигин фольк. наконец нашёл я, увидел место, где умер мой отец.
жердик IV
мощь, непоколебимая сила;
баракелде, кырк жигит! маашыр болдум эрдикке, ыраазы болдум жердикке фольк. хвала (вам), сорок витязей! доволен я (вашей) храбростью, доволен я (вашей) мощью;
калдайып турган кара жер айкөл Манас көкжалга жердигинен түткөндөй фольк. вспученная земля выдерживает Манаса своей мощью (потому, что она - земля).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюмдун түпкүлүгү, чыккан негизи, үлгүнүн материалы. Жердик — буюмдун туруш-турпаты. Буюм жердикти тандайт. Жакшы жердик кандай буюм кармоону өзү эле айтып турат. «Жердиги мыкты экен» — деген сөз мына ошондон калат. Кардар адамдар абалы дал ошол жердикти карап, мамиле кылышат. Демек, буюмдун чыккан башаты ошол жердик ойдогудай болсо, чебердин өзү да кызыга кармайт. Анткени, узанган жана узданган сайын кереметтүү сырлар ачылып, аны улам каалагандай өзгөртүүгө ийкемделет да, чебердин чыгармачылыгын арттырат.
      Начар жердик чебердин иш-аракеттерине шек келтирет. Көңүлдү кайт кылып таштайт. Аны адамдар да көңүлдөрү чөгөт кабыл алат. Мисалы, сынпостоо үчүн ээрди каптап, ага наар түшүрүүдө сөзсүз кара булгаары керек. Ат жабдыктарына кайыш, шөкөттөөлөргө күмүш, жез, нейзильбер, мельхиор, датчалбас өңдүү түстүү металлдар, оймочулукта кийиз, саймачылыкта баркут, үй жыгачтарына тал, терек, токуучулукта, түймөчүлүктө, өрмөчүлүктө жип, бычмачылыкта кездеме, чырмакчылыкта чий, эшмечиликте кыл, көн-шири буюмдарында тери жасалуучу буюмдун жердиги болуп саналат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Теги, чыккан жери, түпкүлүгү, негизи. Баатыр элден өскөн деп, Жердигиңди сүйгөмүн (Нуркамал). Товары жакшы, жердиги – бостон (Таштемиров). Атам эр, элим да эр, жердигим эр (Мидин). 2. Буюмдун түпкү негизи, материалы, негизги үлгүсү, негизги түсү. Жердиги боз, көк, кызыл оймолуу ала кийиздин үстүндө 7–8 жашар эки секелек кыз топ таш ойноп олтурушат («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРДИН БУЗУЛУШУ – КР кылмыш-жаза мыйзамында каралган экологиялык кылмыш. Анын объективдүү жагын чарбалык же башка ишмердиктин зыяндуу азыктары менен жерди ууландыруу, булгоо же жерди башка жолдор менен бузуунун натыйжасында адамдардын денсоолугуна жана айлана-чөйрөгө залал келтирүү түзөт. Бул кылмыштын себеби жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдүн өсүшүн тездетүүчү каражаттарды, уу химикаттарды жана башка кооптуу химиялык жана биологиялык заттарды пайдалануу, сактоо, ташуу эрежелерин бузуу болуп саналат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЕРДИН ЖЕТИ ТҮБҮ Шылкыйба, байкең аман болсо, асмандын ары жагынан, жердин жети катарынан таап берем (Абакиров). Жердин жети катарына чейин тешип өтчү жебе сыяктанып тик ылдый бүркүт келатты (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан алыс, өтө алыс. Жердин жети түбүнөн Баяке экөөбзү байманабыз ташыганынан келди дейсиздерби (Бейшеналиев). Жердин жети түбүнөн эсен соо кайтса, учурашканыңыз жөн («Кыргызстан маданияты»). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келген («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан алыс, өтө алыс. Жердин жети түбүнөн Баяке экөөбүз байманабыбыз ташыганынан келди дейсиздерби (Бейшеналиев). Жердин жети түбүнөн эсен соо кайтса, учурашканыңыз жөн («Кыргызстан маданияты»). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келген («Ленинчил жаш»). В.: Жердин түбү. Берсең бул жердин түбүнөн кайрылып бизди көрбөйт! – деп Кыргый эжем сыздады (Сыдыкбеков). Жолдон көргөн кордугун, ошол жердин түбүнөн жөө-жалаңдап келгенин айтты (Жусупов). Жердин жети катар түбү. Тоголок Молдонун бакисинин ардагыма айланганы, жердин жети катар түбүндөгү окуялардан, түшкө киргис түркүн элдин акын, дастанчыларынан, санжыралардан айткандыгы (Бейшеналиев). Жердин жети катары. Шылкыйба, байкең аман болсо, асмандын ары жагынан, жердин жети катарынан таап берем. (Абакиров). Жердин жети катарына чейин тешип өтчү жебе сыяктанып тик ылдый бүкүт келатты (Осмоналиев). Жердин жети катмары. Андай акмакты жердин жети катмарына житип кетсе да табам (Тойбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРДИН МАКСАТТУУ БАГЫТЫ – жер учаскасынын жер учаскасына карата укугун күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же дагы башка укук берүүчү документтерде көрсөтүлгөн максатта пайдалануу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРДИН ЧЕНЕМДИК БААСЫ – өзүн-өзү актоо мүмкүнчүлүгүнөн чыгып, белгилүү бир сапатка ээ болгон жерде жайгашкан жер участкасынын баасын мүнөздөй турган көрсөткүч. Ж. ч. б. натуралдык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн тутумунун жардамы аркылуу жүргүзүлөт да мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат. Ж. ч. б.: жерди пайдалануунун натыйжалуулук деңгээлин, жер салыгынын бычымын эсептөөнү, жер участокторун сатууда алардын адепки баасын, жерлерди мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда келтирилген коромжулуктар менен зыяндардын ордун толтурууну белгилөө үчүн жүргүзүлөт. Ж. ч. б-сы боюнча маалыматтар жерге баа берүүчү маалыматты түзөт. Жер участкасын жеке менчикке сатууда, ипотекалык келишимдерди түзүүдө, банк кредитин жолжоболоштурууда Ж. ч. б. жер мамилелерин жөнгө салат. Жер участкасынын ченемдик баасы КР Өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Aspius) койбалыктар; каңылтыр балыктардын бир экологиялык тобу, буларга кыйла түрлөр жана уруулар кирет: жерех амурский (Pseudaspius leptocaphalus) — Амур койбалыгы, ж. аральский (Aspius aspius aralensis) — Арал койбалыгы, ж. обыкновенный (Aspius aspius) — кадимки койбалык, ж. плоскоголовый (Pseudaspius leptocephalus) — жалпак баш койбалык, ж. северокаспийский — Түндүк Каспийдин койбалыгы, жерехи настоящие (Aspius) — кадимки койбалыктар (уруу), ж. щуковидные (Aspiolucius) — чортон сымак койбалыктар (уруу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө өлгөн адамдын терс көрүнүшүн, кыял-жоругун айтуудан мурда «өлгөн адамды жамандоочу эмес эле» дегендей мааниде эскертүү иретинде колдонулат. Жер жамандап барбасын, Мадылдын тору кашка атын агаң Дорбу үстүнө ысык аркан чырматып жиберип, кулан чаар ат кылып, кара өзгөйлүк менен тартып алды эле, ошону мойнуңа ал (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө өлгөн адамдын терс көрүнүшүн, кыял-жоругун айтуудан мурда «өлгөн адамды жамандоочу эмес эле» дегендей мааниде эскертүү иретинде колдонулат. Жер жамандап барбасын, Мадылдын тору кашка атын агаң Дорбу үстүнө ысык аркан чырматып жиберип, кулан чаар ат кылып, кара өзгөйлүк менен тартып алды эле, ошону мойнуңа ал (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ата-жотосунан бери козгоп, капкайдагы кемчилигин чукуп, аябай тилдөө, катуу жекирүү, жемелөө. Бирөөнүн жер-жебирине жетип, эшикти көздөй баратканын көрүп, көзүм умачтай ачылды (Жусупов). Кемпир жер-жеберине жетип тилдеп кирди («Ала-Тоо»). Бир жутум жарма берсе да, боору таш Масылкан капкайдагыны айтып, жер-жебирине жетип туруп анан берет (Баялинов). Маасылкан Мураттын жер-жеберине жетип, үйүнөн кууп чыкты (Баялинов) 2. Майда-чүйдөсүнө чейин, эчтемесин калтырбай айтып чыгуу, сөз кылуу. Анын жер-жебирине жетип, баарын терип-тепчип отуруунун кереги эмне? («Чалкан»). Ал жер-жеберине жетип, эл алдында анын абийирин кетирүүгө аракеттенди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ата-жотосунан бери козгоп, капкайдагы кемчилигин чукуп, аябай тилдөө, катуу жекирүү, жемелөө. Бирөөнүн жер-жебирине жетип, эшикти көздөй баратканын көрүп, көзүм умачтай ачылды (Жусупов). Кемпир жер-жебирине жетип тилдеп кирди («Ала-Тоо»). Бир жутум жарма берсе да, боору таш Масылкан капкайдагыны айтып, жер-жебирине жетип туруп анан берет (Баялинов). 2. Майда-чүйдөсүнө чейин, эчтемесин калтырбай айтып чыгуу, сөз кылуу. Анын жер-жебирине жетип, баарын терип-тепчип отуруунун кереги эмне? («Чалкан»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМДЕР ЖАНА «МАНАС» — табияттын кубулуштарын байкап,
ой жүгүрткөн адамдарды эзелтен бери жер бетинин түзүлүшү, анын өзгөчөлүктөрү кайдыгер калтырган эмес. Байыркы кыргыздардын жер кыртышынын кыймылдары жөнүндө ой жүгүртүүлөрү «Манас» эпосунун ыр саптарында кезигет:
Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок,
Ар канча деңиз жоголду (Курама варианты, 1. 2—3).
Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү,
Сай ташындай жан өттү,
Санаттагы кан өттү,
Санжыргалуу эл өттү,
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду,
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп тоо болду.
Калдайып жаткан бул жердин,
Кайсы жери соо болду?!
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз кургап чөп болду,
Чөл бузулуп көл болду
Түз бузулуп төр болду.
Чокусу көктү тиреген,
Зоо бузулуп саз болду,
Каз-өрдөгү ойногон
Какыр жерге көл бүттү (Курама варианты, «Семетей», 3-4).

Жер жөнүндөгү илимдер менен терең тааныш эмес адамдар бул мисалдарды «Манастагы» көп апыртмалардын бири, эпостогу негизги окуяларды кооздоо үчүн гана айтылган сөз ыкмалары деп коюшу ыктымал. Бирок, «Манас» эпосунун ушул саптары аркылуу табият чындыгы, жер жөнүндөгү илимдер тарабынан аныкталган процесстер баяндалган. «Манас» эпосунун материалдарына таянып төмөнкүдөй илимий маселелерди кароого болот: 1) жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар; 2) өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы; 3) мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр; 4) өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу; 5) мезгил жана табият.
1. Жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар. Эпостогу ырлардын жалпы мазмуну — жер бетинин түзүлүшү түбөлүк бир калыпта турбайт, дайыма бузулуп, өзгөрүлүп турат деген маанини түшүндүрөт. Бул — илимий чындык жана маанилүү жыйынтык. Мындай өзгөрүүлөр жер кыртышынын өйдө-ылдый кыймылдары (жердин ички процесстери, башкача айтканда эндогендик процесстер) жана сырткы геологиялык процесстер (суу, шамал, мөңгү жана башкалар тектерди талкалап, үбөлөнтөт, ал үбөлөндү чөгүндүгө айланат) менен байланышкан. Деңиз жээктеринен мындай кыймылдар өзгөчө жакшы байкалат. Мурун кургак жерде салынган курулуштар кийин, жер кыртышы чөгүп кеткендиктен, суунун астында калган учурлар көп. Мисалы, Кара деңиздеги Сухуми булуңунда байыркы гректердин колониясынын курулуштары суунун түбүндө калган. Азов деңизинин түндүк жээктеринде байыркы скифтердин мүрзөлөрү азыр деңиз менен жабылып турат. Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаар урандылары, ошондой эле карапалар, бышкан кыштар, куурлар да көпчүлүккө белгилүү. Арийне, мурунку турган деңгээлинен өйдө көтөрүлүп кеткен жерлер да көп учурайт: Жаңы-Жер аралында мурун жээкте салынган балыкчылардын тамдары жана кайык байлоочу мамылары азыр деңиз деңгээлинен бир топ бийиктикке көтөрүлүп калган. Суусамыр өрөөнүндөгү Айгыр-Жал деген дөңсөөгө мурда арык менен суу чыгарылып, айдоо жерлер сугарылчу. Кийинчерээк, ал жер тектирче болуп, өйдө жылып кетип, арыктагы суу бөгөлүп, айдоого жетпей калды. Азыр Айгыр-Жалда кайрак эгин айдалат.
Биз узагыраак геологиялык мезгил ичинде камтылган окуяларды алсак, эпостогу келтирилген ойлордун анык экенин даанараак көрөбүз. Палеогон жана бор мезгилдеринде (мындан 37 —137 млн жылдар мурун) биздин жерде азыркы аркайган кыргыз тоолору пайда боло элек, мелтиреген түз талаа жаткан. Климаты ысык жана кургак келип, өсүмдүктөр жок, азыркы Казакстандын Батпак Талаасы сыяктуу какыраган чөл болгон. Ал эми Фергана өрөөнү тарапта толкуган «көк деңиз» орун алган. Андан мурунураак, юра мезгилине (мындан 137 —197 млн жыл мурун) көз чаптырсак, климат нымдуу жана жылуу болгондуктан, субтропикалык өсүмдүктөр дүркүрөп өсүп турганын билебиз. Көп жерлерде чытырман токой, былкылдак саз, майда көлдөр, суулар болгон. Ал эми пермь мезгилинде жана карбон мезгилинин аягында (мындан 240—325 млн жылдар мурун) Орто Азияда мурункудан башкача жалпак тоолор, атылып турган жанар тоолор болгон. Улам өткөн доорлордун түпкүрүнө жылган сайын биздин жерибизде ар түрдүү тоолор, мелтиреген түздөр, чалкып жаткан деңиздер, какыраган чөлдөр орун алмашып, жер бети ала чакмак болуп өзгөрүп турганын геологиялык изилдөөлөр аныктоодо. Академик В. Е. Хаин мындай деп жазат: «Бардык жерде, ар убакта жер кыртышы тынымсыз кыймылдап турат: токумдай жер бети да кыймылсыз тынч турбайт жана турган эмес» («Общая геотектоника», М., 1964).
2. Өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы. «Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы», — деп «Манаста» айтылат. Элге караганда жер кыртышында болгон окуялар өтө жай өтөт деген түшүнүк берилип жатат. Бул да чындык. Маселен, (тиешелүү аспаптар менен) көптөгөн атайын илимий өлчөөлөрдүн натыйжасында Вильнюс шаары жылына 3,8 мм, Курск —3,6 мм, Харьков—3,9 мм, Донбасстын аймагы —10 мм өйдө көтөрүлүп, ал эми Витебск —1,4 мм, Москва —3,7 мм, Ленинград —2 мм ылдый чөгүп жатканы аныкталган. Жер кыртышы үчүн жылына 1—3 смге жеткен кыймылдар өтө катуу кыймыл катары эсептелинет. Ошентип, жердин жаңыланышы өтө акырындык менен жүргөнүнө карабастан акылга сыярлык көрүнүш. Элдин жаңыланышы бөлсө, жашоонун өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү менен мүнөздөлөт.
3. Мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр. Эпос «бардан жок болбойт» деген жаратылыш мыйзамы менен үндөшүп турат. Жогоруда келтирилген мисалдардын ар бир сабында мурунку жерлер өйдө көтөрүлдү да (сай — тоого, деңиз — чөлгө, түз — төргө), ошол эле көтөрүлгөн жерлер кайрадан ойдуң түзгө (тоо — коого, чөл — көлгө, зоолор — сазга) айланды деп аныкталат. Бул азыркы түшүнүк менен айтканда жер кыртышынын кыймылындагы биримдүүлүктү жана ритмдүүлүктү көрсөтүп турат деп айтсак болот. Жер жөнүндөгү илимдердин илимий тыянагы буларды ырастайт.
4. Өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу. «Манастын» табиятты сүрөттөгөн ыр саптары, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр асты-үстүнө айлануу жолу менен өтөт деген маанини берет. Бул жыйынтык геология илиминин азыркы учурдагы «жер кыртышынын кыймылы дайыма багытын өзгөртүп турат» — деген негизги тыянактарынын бирине туура келет. Терең чөккөн коо же сай бийик көтөрүлүп, тоо болорун билдирген жаратылыштык кубулуш геология илиминде «инверсия» деп аталат.
5. Мезгил жана табият. Убакыт жөнүндө ар бир адам же илимпоз ар башка түшүнүктөрдө болот. Алсак, адамдын жашын бир нече жылдан ондогон жылдар менен гана эсептейт. Тарыхчылар тарых жөнүндө сөз болгондо убакытты мындан 25, 50, 100, 150 жыл мурун деп санашат. Ал эми археологдор болсо убакытты кылымдар же маданият доорлору менен эсептешет. Геологдор болсо убакытты миллиондогон жылдар менен эсептешет. 19-кылымдын башында эле Европанын көпчүлүк окумуштуулары Библияда көрсөтүлгөн бар болгону 6000 жылды жер жаралгандан берки убакыт деп эсептешкен. Кийинчерээк, геология, физика илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында убакыт чынында абдан узак экендиги, жердин жаралышынан бери 4,5—5,5 млрд жыл өткөндүгү аныкталды. Мунун өзү манасчылардын «Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс эчен түн өттү, Эсеп жеткис жыл өттү», — деп мезгилдин эсеп жеткис узактыгын баяндаган ыр саптарынын табигый ырастыгын айгинелейт.
«Манас» эпосунда айтылган жер жөнүндөгү ойлор терең мааниде экендиги кийинки илимий ачылыштардын жыйынтыгынан улам билинип турат. Жалаң гана геологиялык баян эмес, илимдин башка тармактары (биология, физика, медицина жана башкалар) боюнча да кызык маалыматтар бул залкар эпостон табылышы мүмкүн. Бул келечектин иши. Илгерки замандардан бери кыргыз элинин ичинде табиятка көз карашы, дили реалдуу болуп, жер кыртышында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө дайыма байкоо жүргүзүп келген инсандар болгонун «Манас» эпосу да ырастап турат.
А. Бакиров. К. Осмомбетов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
«Өлгүр», «өлүп кеткир» деген мааниде тилдөө, наалат айтуу, жемелөө иретинде колдонулат. «Каскактай болуп, кайдан жетип келди эле бул жер жуткур» дешери айдан ачык (Касымбеков). В.: Жер соргур! «Үлүрөйгөн жер соргур!» – деп байбиче жаалдана баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жатыркоо, четтөө, качуу. Сайраса боюм эриди, Санааны жаным жериди («Семетей»). Казы, чучук жесем деп, Жарма, нанды жерибе! («Ала -Тоо»).
2. Өзүнүн баласын жанына жолотпой, эмизбей, бакпай коюу. Кой козусун жерип кетти. Антпесе козуну энеси жерип чатак салат (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чуждаться, отчуждаться, не признавать своим близким; покидать;
кыз быякта турсун, эми өзүн өзү жерий баштады не только девушек, он (даже) сам себя начал чуждаться;
антыңды бузуп, сен өзүң мени такыр жерипсиң стих. нарушив клятву свою, ты совсем покинул меня;
2. не подпускать к себе своего детёныша;
кой козусун жерип кетти овца не подпустила к себе своего ягнёнка;
козусун эмизбей, жерип кеткен койлорго кайра козусун алдырды он опять припустил ягнят к маткам, которые их бросили, не давали сосать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жатыркоо, четтөө, тажоо, көргүсү келбөө. Сайраса боюм эриди, Санааны жаным жериди («Семетей»). Казы, чучук жегем деп, Жарма нанды жерибе («Ала-Тоо»). Ата-эне бапестеп өстүргөн баласын эч качан жерип кете албайт (Бейшеналиев). // Өз баласын жанына жолотпой, эмизбей, бакпай коюу (көбүнчө малга карата). А дегенде уйлар музоолорду жерип эмизбеген учуру көп болду («Айыл чарба»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жерик I
то же, что талгак 1;
жетпей жолборс жүрөгү, жинди болуп, байбиче жеригинен жүдөдү фольк. (беременная) жена, когда всё не поступало сердце тигра (которого она желала), бесновалась и похудела от привередливости.
жерик- II
отвратиться, покинуть;
аракты арбын ичпесе, акыл кайдан жериксин фольк. если не пить много водки, то как ум покинет? (если теряют рассудок, то от пьянства).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР ИШТЕТҮҮ МЕНЕН ӨСҮМДҮК ӨСТҮРҮҮНҮ ХИМИЯЛАШТЫРУУ – өсүмдүктөрдүн үнөмдүүлүгүн жогорулатуу жана айылчарба өнүмдүрүнүн сапатын жакшыртуу максатында химия каражаттарын колдонуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАЗЫНАСЫ – жер үстүндө же топурак катмарынын төмөнкү чегинде, көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүндө геологиялык иликтөө жана өнөржайлык өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү болгон тереңдиктерге чейин жайгашкан (пайдалуу кендерди кошо камтыган) жер катмарынын бөлүгү. Ж. к. табигый объекттер гана –туташ кен тектери, суюк жана газ абалындагы кен тектери, жана кен тектеринин араларындагы табигый боштуктар кирет. КР аймагынын чектеринде Ж. к. мамлекеттик, муниципалдык, өздүк жана башка менчиктин түрлөрүндө турушу мүмкүн. Менчиктин муниципалдык, жеке жана башка түрүндө менчик ээлеринин жер участокторунун үстүнө чыккан, жалпы таралган пайдалуу кендер алынуучу майда жерлер гана болушу мүмкүн. Ж. к.: геологиялык иликтөө; тоо-кен байлыктарын, анын ичинде техногендик кен чыккан жерлерди иштетүү; пайдалуу тоо-кен байлыктарын казып алууга байланышпаган жер алдындагы курулуштарды куруу жана пайдалануу (мунайзатты, газ жана башка заттарды жана материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жер жылуулугун пайдалануу жана башка керектөөлөр); илимий, маданий, эстетикалык, санитардык саламаттыкты сактоо жана башка мааниси бар өзгөчө коргоодогу объектилерди (илимий жана окуу машмайдандарды, геологиялык коруктарды, үңкүрлөрдү жана башка жер алдындагы көңдөйлөрдү) түзүүгө берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАЗЫНАСЫНАН ПАЙДАЛАНУУ – жер түпкүрүн иликтөөгө, кен байлыктарын казып алууга байланышкан, ошондой эле жер түпкүрүн кен казып алуу менен байланышпаган курулуштарды куруу жана курулмаларды пайдаланууга байланышкан аракеттер.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кап-качан, алда качан эле, көптөн бери, илгертеден. Мындай расми жер каймактагандан бери жок эле дегеним да (Үмөталиев). Жер каймактагандан бери кошокторду бөктөрүп жүргөнсүп сүйлөйсүз да, жарыктык! («Ала-Тоо»). Биз ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди иш жүзүнө ашыра турган адамдарданбыз (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капкачан, атам замандан, алда качан, көптөн бери, небактан бери. Мындай расми жер каймактагандан бери жок эле дегеним да (Үмөталиев). Жер каймактагандан бери кошокторду бөктөрүп жүргөнсүп сүйлөйсүз да, жарыктык! («Ала-Тоо»). Биз ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди иш жүзүнө ашыра турган адамдарданбыз (Байтемиров). В.: Жер замандан бери. Алардын шилтээр шумкары баягы эле жер замандан бери кой багып атагы чыгып жүрчү эле, көрчү муну (Кыдырмышев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюн ачык айта албаган уяң, жалтак, чечкиндүү эмес, өтүмү жок. Жеме угуп жүрүп эле жер карама болуп калыптыр («Ала-Тоо»). Кыз сымал назик жана жер карама болуп калышына куу турмуштун зардабы тийди (Ашымбаев). Энеси мунун баарын сезип, кызы түгүл өзү да жер карама болуп калды (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Шагын сындырбоо, уят кылбоо, уятка калтырбоо. Жокчулук бир жагынан, белдүү туугандын жогу бир жагынан жер каратып, элден кем кылган (Ашымбаев). Каңгыган агасын кошоктогон мырзаларынын көзүнчө жер каратпай... тосконуна Байымбет маашырлана баржактады (Бейшеналиев). Колукту үлпүнчөк ичиненнестейиптиктеп, ордунан тура кала тургандай болуп барып, не уяты, не чарасыздыгы, не атаны жер каратпоо көйү этегинен басты белем, ошол бойдон селейе түштү (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шагын сындырбоо, уят кылбоо, уятка калтырбоо. Жокчулук бир жагынан, белдүү туугандын жогу бир жагынан жер каратып, элден кем кылган (Ашымбаев). Каңгыган агасын кошоктогон мырзаларынын көзүнчө жер каратпай... тосконуна Байымбет маашырлана баржактады (Бейшеналиев). Колукту үлпүнчөк ичинен нестейип тиктеп, ордунан тура кала тургандай болуп барып, не уяты, не чарасыздыгы, не атаны жер каратпоо көйү этегинен басты белем, ошол бойдон селейе түштү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге кыжалат болгондой шылкыюу, оңтойсуз абалда болуу, баш көтөрбөө, уялып бирөөгө тике карай албоо. Мүмкүн Ысак өзү болгондо планды мынчалык көкөлөтпөй эле алына чактап кабылдамак, эми минтип эл алдында жер карап отурабыз (Исмаилов). Ачууга алдырганын, ал. Эртең эле жер карайсың (Айтматов). Футбол талаасын өз күчүбүз менен куруп алабыз деген аракетибиз оңунан чыкпай, жер карап калдык («Советтик Кыргызстан»). Бир чети уялганынан жер карап, бир чети ороюраак болсо да арам сапаты жок тамашаны Данияр чын көрүп, көңүлүнө жакын алганын жактырбай келе жаттык (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге кыжалат болгондой шылкыюу, оңтойсуз абалда болуу, баш көтөрбөө, уялып бирөөгө тике карай албоо. Мүмкүн Ысак өзү болгондо планды мынчалык көкөлөтпөй эле алына чактап кабылдамак, эми минтип эл алдында жер карап отурабыз (Исмаилов). Ачууга алдырганың ал. Эртең эле жер карайсың (Айтматов). Футбол талаасын өз күчүбүз менен куруп алабыз деген аракетибиз оңунан чыкпай, жер карап калдык («Советтик Кыргызстан»). Кандайдыр бир кара сакалдын доосу менен эл караган бетим жер карап олтурса эмненин тамтыгы! (Каимов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАТМАРЫН КОРГОО – жер катмарын жана андагы пайдалуу кен-байлыктарды үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылуу, аларды мүмкүн болушунча жер катмарынан максатка ылайык алып чыгуу, кен чыккан жерди жана минералдык чийкизатты иштетүүнүн баардык баскычтарында аярдык менен пайдалануу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕРКЕН (Жаркент) — топоним. Эпосто кыргыздар эзелтеден ээлик кылып келген өрөөн, шаар.
Ээ боло албай малына,
Эми келди байыңыз
Кашкар менен Жеркендин
Как ортосу шаарына (Сагымбай Орозбаков, 1. 173),
— деп Жакыптын агасы Байдын Кашкар менен Ж-ди ортолоп келгени айтылат. Географиялык реалияда — Яркенд — Синьцзяндагы шаар жана суу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КОРУ – менчикке жана пайдаланууга берилбеген жердин баары Ж. к-на жатат. Ж. к. мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ж. к-н түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби КР Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана КР ЖК тарабынан бекитилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан көп, өтө оор. Жер көтөрө алгыс дүңгүрөгөн кол менен туш-тараптан Чыңгыс хандын кошуундары каптап кирип келди (Үмөталиев). Жер көтөргүс бул жорукту көрбөйүн деген Чөмүч молдо Жумгалга үй-бүлөсүн алып көчүп кетет (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан көп, өтө оор. Жер көтөрө алгыс дүңгүрөгөн кол менен туш-тараптан Чыңгыс хандын кошуундары каптап кирип келди (Үмөталиев). Жер көтөргүс бул жорукту көрбөйүн деген Чөмүч молдо Жумгалга үй-бүлөсүн алып көчүп кетет (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан оор абалга дуушар болуп өзүн начар сезип, эсин жоготуп бараткандай абалда айласы кетип туруу. Бир бутунан ажыраганын билгенде, Төлөмүштүн көңүлү караңгылап, жер көчүп кетти (Бердикеев). Шволиктин ыманы-заман болуп, алдынан жер көчтү (Ашымбаев). Бермет эстен танып, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жер көчүп, нары-бери басып жүрдү (Абдукаимов). Менин да башым айланып, жер көчүп бара жаткансыйт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан оор абалга дуушар болуп өзүн начар сезип, эсин жоготуп бараткандай абалда айласы кетип туруу. Бир бутунан ажыраганын билгенде, Төлөмүштүн көңүлү караңгылап, жер көчүп кетти (Бердикеев). Шволиктин ыманы – заман болуп, алдынан жер көчтү (Ашымбаев). Бермет эстен танып, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жер көчүп, нары-бери басып жүрдү (Абдукаимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жерлик I
то же, что жердик I.
жерлик II
то же, что жердик II;
ошол жерлик житель той местности;
биз жерликбиз мы местные жители;
кайсы жерликсиң? ты из какой местности (города, села и т.п.) ?

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Bombina) шаңкай курсактар; бакалардын бир уруусу, буларга жерлянка большая — ири шаңкай курсак, ж. дальневосточная (В. maxima) — Чыгыш шаңкай курсагы, ж. желтобрюхая (В. orientalis) — сары боор шаңкай курсак, ж. краснобрюхая (В. bombina) — кызыл боор шаңкай курсак кирет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай көп, сан жеткис, жер жайнаган. Жети-Өзөндө Жедигер, Жер майышкан көп элди, Жетик Чоро жыйды эми («Сейтек»). Душман жер майышкан кол менен, дүңгүрөгөн сансыз артиллерия менен таңга жуук чабуул жасады (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай көп, сан жеткис, жер жайнаган. Жети-Өзөндө Жедигер, Жер майышкан көп элди, Жетик Чоро жыйды эми («Сейтек»). Душман жер майышкан кол менен, дүңгүрөгөн сансыз артиллерия менен таңга жуук чабуул жасады (Абдукаимов). Баштагыдан беш бетер, Жер майышкан кол келет («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИ – мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын, жарандардын ортосундагы, ошондой эле жер ресурстарын мамлекеттик башкаруу боюнча коомдук мамилелер. КР жер мыйзамдарына ылайык мамлекет, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, КР юридикалык жактары жана жарандары Ж. м-нин катышуучулары болуп саналышат. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар КР мыйзамдарында каралган шарттарда гана Ж. м-нин катышуучулары боло алышат. Ж. м-дин объектиси жер участкалары жана аларга болгон укуктар болуп эсептелет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч нерсеси калбай тып-тыйпыл болуу, жоголуу, жок болуу. Бир кездерде сен да урап, жер менен жексен болорсуң! (Бектенов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе, жер менен жексен болчудай (Медетов). Ал тепсендиде бычырап, чирип, жер менен жексен болбодубу (Борбиев). 2. Өйдө карай албай, баш көтөрө албай катуу уят болуу, абдан кичирүү. Эмне кыларымды билбей, кирерге жер таппай, жер менен жексен болдум («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч нерсеси калбай тыптыйпыл болуу, жоголуу, жок болуу. Бир кездерде сен да урап, жер менен жексен болорсуң! (Бектенов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе, жер менен жексен болчудай (Медетов). Ал тепсендиде бычырап, чирип, жер менен жексен болбодубу (Борбиев). 2. Өйдө карай албай, баш көтөрө албай катуу уят болуу, абдан кичирүү. Эмне кыларымды билбей, кирерге жер таппай, жер менен жексен болдум. В.: Жексен болуу. Энеке! Ал дүйнө жексен болду, чырмалган эмгекчилер үздү торду (Турусбеков). Таштар кумдай быркырап, жексен болду далайлар (Үмөталиев). Жер менен жер болуу. Баш көтөрө албай жер менен жер болдук («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылуу, тып-тыйпыл кылып жоготуу, кыйратуу, талкалоо. Фашисттик жырткычты жер менен жексен кылмайынча, артынан тушкөнүм түшкөн (Баялинов). Бай-манаптар бейкам элди тарпка конгон жорудай канын соруп, жер менен жексен кылып, бейкут журтту кансыраткан (Бейшеналиев). 2. Баш көтөртпөй катуу запкы көрсөтүү, тебелеп-тепсеп колдон келет кылуу, кордук көрсөтүү. Алсыз кедейдин кызы болгону үчүн каардуу кайнене анда аны жер менен жексен кылып кордогон (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылуу тыптыйпыл кылып жоготуу, кыйратуу, талкалоо. Фашисттик жырткычты жер менен жексен кылмайынча, артынан түшкөнү түшкөн (Баялинов). Бай-манаптар бейкам элди тарпка конгон жорудай канын соруп, жер менен жексен кылып, бейкут журтту кансыраткан (Бейшеналиев). 2. Баш көтөртпөй катуу запкы көрсөтүү, тебелеп-тепсеп колдон келет кылуу, кордук көрсөтүү. Алсыз кедейдин кызы болгону үчүн каардуу кайнене анда аны жер менен жексен кылып кордогон (Сыдыкбеков). В.: Жексен кылуу. Фашистти жексен кылууну Баатыр аскер билүүчү (Бейшеналиев). Душманды жексен кылууга, Балбандар турат тирелип (Бөкөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР МОНИТОРИНГИ – терс таасирлердин кесепетин өз маалында таап, ага баа берүү, эскертүү жана жоюу үчүн жер фондуларынын абалына такай көзөмөлдүк кылуу тутуму. Ж. м. мамлекеттик бюджеттин эсебинен, жер корлорун пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Ж. м-н жүргүзүү түзүмдөрү, мазмуну, тартиби КР Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР НАРККАТТАМЫ (КАДАСТРЫ) – жерлердин укуктук жана табигый чарбалык абалдары тууралуу так маалыматтардын теске салынган тутумдашкан жыйындысы. Ж. н-нын маалыматтары жер пайдалануучуларга салык салууда, жер участоктору боюнча келишимдерди каттоодо ж. б. колдонулат. Ж. н. аэросүрөттопографиялык, сүрөтграмметриялык, кадастрдык долбоорлоо-изилдөөчүлүк сүрөттөрдү тартуу, картографиялык жана баалоо иштерин, кыртыштык, геоботаникалык жана башка изилдөөлөрдү жана иликтөөлөрдү, жер мониторингин, жердин санын жана сапатын эсепке алуу жана мамлекеттик жер кадастрын киргизүүгө байланыштуу башка жумуштарды жүргүзүү менен ишке ашырылат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башка бир жерден экинчи бир жерге орун которуу, жер которуп жайгашуу. Жетимдиктин залдарынан жер ооп, жыты таяке бирөөлөрдүн кӨзүн карап, күйпуйгөн учурунда Айылчы жолугуп калды (Бейшеналиев). Жер ооп орустар там куруп жатса, дубалына таң калышкан (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жер оодаруу менен бирдей. Жетимдиктин залдарынан жер ооп, жыты таяке бирөөлөрдүн көзүн карап, күйпүйгөн учурунда, Айылчы жолугуп калды (Бейшеналиев). Жер ооп орустар там куруп жатса, дубалына таң калышкан (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Буркан-шаркан түшүп, абдан ачуулануу, каарын төгүү. Аялыңды күтө албай башыңды аттатып жибердиң, тыякта ажы агаң андан жер сабап олтурат (Өгөбаев). Канайдын журтка таштап кеткен бул кылыгына Бишкек жер сабап өкүрдү (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Буркан-шаркан түшүп, абдан ачуулануу, каарын төгүү. Аялыңды күтө албай башыңды аттатып жибердиң, тыякта ажы агаң андан жер сабап олтурат (Өгөбаев). Канайдын журтка таштап кеткен бул кылыгына Бишкек жер сабап өкүрдү (Үмөталиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР САЛЫГЫ – КР жер участогун пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү максаттуу салыктардын бири. Салык салуунун негизги объекттери (мейли айыл чарбачылык, мейли айыл чарбачылык эмес) жер участоктору болуп саналат. Менчигинин түрүнө карабастан, жерди пайдалануу укуктары атайын белгиленген үлгүдөгү документ– мамлекеттик акты, убактылуу күбөлүк жана тастыктама менен аныкталган жер пайдалануучулар Ж. с. негизги төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. Аталган төлөөчүлөр үчүн салык салуу бирдиги гектар (1 га) айдоо жери алынган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жерси-
считать землю, местность удобной для жительства и обитать на ней;
Кочкорго барып, жерсинип туралбады он поехал в Кочкор, но жить там не мог (не мог освоиться).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашоого жайлуу жер (аба ырайы жагынан жашоого шартталган кара топурактуу дыйканчылыкка ылайыктуу жер, суусу менен чөбү мол, малга жайыты кенен жайлоо сымал жай). Ата конуш кең Талас, Жер соорусу турбайбы? («Сейтек»). Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе Ногой тунбайбы («Семетей»). Арык жок, айдагандын баары чыккан, Москва – соорусу экен бүтүн жердин (Үсөнбаев). Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жердин эң мыктысы, дыйканчылыкка, малга же башка тиричиликке ыңгайлуусу, кооз, көрктүү, өтө көркөм болуп көрүнгөн шарттары. Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Быкылдаган, жер жайнаган, абдан көп болуп көрүнгөн. Чак күндүз эле кедейлердин бапестеп өстүргөн эгинин жер союлткан, жутаган малга тебелетип, айматып кирди (Бейшеналиев). Манас жоосун багынтууга жер союлткан түмөндөгөн кол менен аттанат (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Быкылдаган, жер жайнаган, абдан көп болуп көрүнгөн. Чак күндүз эле кедейлердин бапестеп өстургөн эгинин жер союлткан, жутаган малга тебелетип, айматып кирди (Бейшеналиев). Манас жоосун багынтууга жер союлткан түмөндөгөн кол менен аттанат (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тиричиликке жана чарбачылык иштерин жүргүзүүгө ылайык шарттары менен бирге жалпы эле жерлерди, тоолорду, өзөндөрдү ж. б. жалпылоо иретинде колдонулат. Кедейлер жер-сууга ээ болгон заман. Жери-суусун сагынбай, жеңем аман жүрөбү («Семетей»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан сүйүнүү, көңүлү көтөрүлүп, абдан толкундануу, көңүлү ачык, жайдары абалда болуу. - Өзүм адам кейпине келип, кызматым гана тургай, бүт турмушум сонун боло баштаган үчүн жер-сууга батпай жүрөм (Эсенкожоев). Балалуу болгонумда жер-сууга батпай, көңүлүм кушбак болуп жүрдүм (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан сүйүнүү, көңүлү көтөрүлүп, абдан толкундануу, көңүлү ачык, жайдары абалда болуу. – Өзүм адам кейпине келип, кызматым гана тургай, бүт турмушум сонун боло баштаган үчүн жер-сууга батпай жүрөм. (Эсенкожоев). Балалуу болгонумда жер-сууга батпай, көңүлүм кушбак болуп жүрдүм (Абдукаримов). В.: Жерге батпоо. Калпа ажынын билермандарынын көзүнчө көтөрө чалганына, Бошкой жерге батпай калды (Бейшеналиев). Сабыр чоң атасынын мактаганына жерге батпай кетти (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу бакыруу, бакырып-өкүрүп катуу үн чыгаруу, кыйкыруу. Бир жылдан берки мээнетим канакей?! – деп Мария жер-сууну бузуп, Шволикти улам демите берди (Ашымбаев). В.: Жер- сууну жаруу. Аңгыча аялдын жер-сууну жарып чаңырганы жан бүткөндү жай-жайынан козгоду (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Баш көтөрө албоо, кыйроо, талкалануу. Ошонун жылма мамилесине алданып, жер сүзүп кала жаздадым э... э... (Бейшеналиев). Кызыл каармандардын соккусуна туруштук бере алышпай душмандын көп колу тумшугу менен жер сүздү (Бектенов). 2. Өзүн-өзү кармай албай шылк-шулк эткен же турууга шайы келбей, бутуна тура албай жатып калган абалда болуу (уйку менен алек болгон же мас болгон абалга карата). Куру ичегисин аракка каарытып жер сүзүп жатар эле кээде (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш көтөрө албоо, кыйроо, талкалануу. Ошонун жылма мамилесине алданып, жер сүзүп кала жаздадым э... э... (Бейшеналиев). Кызыл каармандардын соккусуна туруштук бере алышпай душмандын көп колу тумшугу менен жер сүздү (Бектенов). 2. Өзүн-өзү кармай албай шылк-шулк эткен же турууга шайы келбей, бутуна тура албай жатып калган абалда болуу (уйку менен алек болгон же мас болгон абалга карата) Куру ичегисин аракка каарытып жер сүзүп жатар эле кээде (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсесин калтырбай, тыптыйпыл кылуу, карайлатуу, куру алакан калтыруу. Деңкейген акын чалыш Молдону жер сыйпалатпасаң, ыраазы эмесмин (Бейшеналиев). Касымбек... Тогуз-Тородогу тезек, тагай элдеринин мол эгиндерин шыпырып жер сыйпалата тоноду (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсесин калтырбай, тып-тыйпыл кылуу, карайлатуу, куру алакан калтыруу. Деңкейген акын чалыш Молдону жер сыйпалатпасаң, ыраазы эмесмин (Бейшеналиев). Касымбек... Тогуз-Тородогу тезек, тагай элдеринин мол эгиндерин шыпырып жер сыйпалата тоноду (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда эч нерсеси жок, бүт баарынан ажырап, сызга отуруп калуу, эч нерсе таппай калуу. Эми минтип эки үйүргө жакын жылкысынан көз көрүнөө ажырап, жер сыйпалап отурат (Үмөталиев). В.: Жер сыйпоо. Жер сыйпап карайлаган мен кургур тоо булбулу Токтогулду алпештеп торолткон жеринен издеп өксүйүн (Тоголок Молдо). Эми кур жер сыйпап кайтканда, ого бетер куруйсуң го (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. ист. курман; курмандык;
приносить жертву курман чалуу;
2. перен. (самопожертвование) курмаң кылуу;
идти на жертвы курман болгонуна ыраазы болуу;
принести в жертву өз ыктыяры менен бир нерседен кечүү;
3. перен. бүлгүнгө учураган, азап тарткан, курман болгон, бирөөнун колунан өлгөн;
имеются человеческие жертвы адамдар курман болду;
он стал жертвой своей неосторожности ал өзүнүн этиятсыздыгынан азап тартты.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАПА ЧЕККЕНДЕР – кылмыштаанууда кылмыш аракетинин натыйжасында түздөнтүз же кыйыр түрдө материалдык же материалдык эмес зыян тарткан жеке же юридикалык жак; кең маанисинде алганда, социалдык топ (кара:Жабырлануучу, Виктимология ).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР – куралдуу жаңжалдын маалында каза тапкан карапайым калк, согуш туткундары, кеме чөккөндө өлгөндөр. Алардын укук абалы согушта жапа чеккендер жөнүндөгү 1949-жылкы Женева конвенциялары тарабынан жөнгө салынат: жаракат алган жана оорулуу аракеттеги армия катышуучуларынын шартын жакшыртуу жөнүндөгү I Конвенция; деңиз аскер күчтөрүнүн тутумунда туруп, кеме кыйроосуна учураганда жаракат алып ооруган адамдардын шартын шакшыртуу боюнча II Конвенция; согуш туткундарынын кайрылуусу жөнүндөгү III Конвенция; согуш убагында карапайым калкты сактоо боюнча IV Конвенция. 1977-жылы бул конвенцияларга кошумча, эларалык жана эларалык эмес мүнөздөгү куралдуу кагылышуулардын натыйжасында С. ж. ч-ди коргой турган кошумча I жана II протокол кабыл алынган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕР ТИТИРӨӨ — табигый күчтөрдүн таасиринен жер бетинин термелиши. «Манас» эпосунда да бул түшүнүк орун алган. Бирок Ж. т. кандайдыр бир чоң окуяларга байланыштуу болот, мисалы, Алмамбет төрөлгөндө, к. Зилзала.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УКУГУ – жер байлыктарын башкаруу жана пайдалануу, ээлик кылуу боюнча мамилелерди теске салуучу, ошондой эле аларды коргоо жана туура пайдалануу боюнча топтолгу укуктар тармагы. Жарандык укук ченемдери Ж. у-нун негизин түзөт; анда ошондой эле административдик жана экологиялык укуктардын ченемдери маанилүү роль ойнойт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУ – укукту күбөлөөчү документтердин негизинде, белгиленген тартипте менчик ээсине же жер пайдалануучуга бекитилип берилген чектелүү жер аянты. Ж. у-нун укуктук статусу мыйзамдуу ээлик кылуунун таризин жана пайдалануу улуксатын жана максатын өз ичине камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА БОЛГОН УКУГУН БЕРҮҮ – менчик ээсинин же жер пайдалануучунун жер участогуна болгон укугун ажыратуусу же жарандык-укук бүтүмүн жасоо жолу менен башка бир жактын убактылуу пайдалануусуна берүүсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА ӨМҮР БОЮ МУРАСКОРЛУК ЭЭЛИК УКУГУ – жер участогун пайдалануунун туруктуу (мөөнөтсүз) укугу менен бир катарда мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторуна карата чектелген буюмдук укук. Жер участогуна мөөнөтсүз ээлик кылуу жана белгилүү чарбалык (же жеке) максаттар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамда башка жобо болбосо, ал участокто аларга менчик укугун алуу менен, имарат, курулма жана башка кыймылсыз мүлктү курууга мүмкүнчүлүгү берилет. Жарандарга гана берилет. Мураска калтырылат. Тийиштүү жер участогун ижарага же акысыз кыска мөөнөттүү пайдаланууга жол берилет. Ажыратууга жана күрөөгө коюуга тыюу салынат. Жер участогун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алууда, ошондой эле укук ээси ойдогудай пайдаланбаган учурда токтотулат. КР жарандык мыйзамдарында бул институт 1999-жылы жоюлган жана ошого ылайык пайдаланылбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА УКУКТАРДЫ БЕРҮҮ – КР жер мыйзамдары боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участогун юридикалык жактарга же жеке адамдарга менчикке же пайдаланууга берүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУН ПАЙДАЛАНУУ УКУГУ – КР жер мыйзамдары боюнча жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же кыска мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга укук. Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер гана ээ болушат. Жер участогун кыска мөөнөттүү пайдалануу укугу, а. и. ижара келишиминин шарттарында пайдалануу 50 жылга чейинки мөөнөт менен чектелген. Чет өлкөлүктөргө жер участоктору кыска мөөнөттүү пайдаланууга гана берилет. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилет. Ж. у. п. у. КР жер мыйзамдарында каралган тартипте, эреже катары, тооруктар аркылуу гана берилет, ошентсе да бул укукту тооруксуз берүүгө жол берилген учурлар да бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОКТОРУНУН УНИВЕРСАЛДУУ УКУК МУРАСКОРЛУГУ ТАРТИБИНДЕ ӨТҮҮСҮ – мурастоодо же юридикалык жактардын кайра түзүлүүсүндө менчик укугунун же жер участогун пайдалану укугунун келип чыгуусу.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«жер үшө- (или жерүшө-) 1) тяготиться на чужбине; 2) сохнуть от тоски по родной земле; жер үшөдүм чужбина меня измучила» (Юдахин 1965:827). Мындагы мааниси түшүнүксүз үшө- этиши байыркы түрк тилинде «обыскивать, осматривать» дегенди туюндурган (ДТС 1969:628).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаңы жердин шартына көнө албай, чочуркоо, жатыркоо. Иниси жер үшөбөй, кара оокатка камбыл омоктуу эргулуна тартты (Бейшеналиев). Жер үшөбөй байырлагыла, Байымбет колумду узартып, чарбакты ээлесин, - деди Айылчы абасы (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы жердин шартына көнө албай, чочуркоо, жатыркоо, жүдөө. Иниси жер үшөбөй, кара оокатка камбыл омоктуу эргулуна тартты (Бейшеналиев). Жер үшөбөй байырлагыла, Байымбет колумду узартып, чарбакты ээлесин, – деди Айылчы абасы (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өтө уккулуктуу, мукам үн чыгарып сайроо, ырдоо, чечен сүйлөө. Чоор тиги кишинин оозуна тийгенде жер чечегин безейт, дүнүйө сырын чечип, айтып жаткандай болот (Жантөшев). Жигит жер чечегин безеп ырдады («Ала-Тоо»). 2. Кап-кайдагыны айтып безеленип сүйлөй берүү же безилдеп көп сүйлөө, тили буудай куруу. «Салаалап тарап сакалды, карылар айтсын макалды «деп сөзүн куюлуштуруп, анан булбулдай муңканып жер чечегин безейт эле (Осмоналиев). Тоголок Молдо жер чечегин безеп, хандан, бектен кайра тартпай, элди акыйкатка үндөп, жакырларга жан тарткан эр (Бейшеналиев). Калбубу буркурап ыйлап, жер чечегин безеп жалынат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтө уккулуктуу, мукам үн чыгарып сайроо, ырдоо, чечен сүйлөө. Чоор тиги кишинин оозуна тийгенде жер чечегин безейт, дүнүйө сырын чечип, айтып жаткандай болот (Жантөшев). Жигит жер чечегин безеп ырдады («Ала-Тоо»). 2. Капкайдагыны айтып безеленип сүйлөй берүү же безилдеп көп сүйлөө, тили буудай куруу. «Салаалап тарап сакалды, карылар айтсын макалды» деп сөзүн куюлуштуруп, анан булбулдай муңканып жер чечегин безейт эле (Осмоналиев). Тоголок Молдо жер чечегин безеп, хандан, бектен кайра тартпай, элди акыйкатка үндөп, жакырларга жан тарткан эр (Бейшеналиев). Калбүбү буркурап ыйлап, жер чечегин безеп жалынат (Жантөшев). В.: Жер безөө. Жер безеп сүйлөп жатты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жер, жер бетиндеги жан жаныбарга ичээрине тамак, киерине кийим, жашарына жай болгон жердин улуулугу, ыйыктыгы, камкордугу, берешендигинин ызаат менен Энеге салыштырылып айтылышы. Төрөгөн аялдай көшүлүп жатканыңдан, Жер-Энем. Мен сага бүгүн бүт өмүрүмдү айтып бердим (Айтматов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. идти в разведку (военную), разведывать, объезжать с целыо разведки;
жесекчи жесеп калды разведчик пошёл в разведку;
жесек жесеп билмекмин, Ордобайдын айылын фольк. я хочу разведать и узнать об ауле Ордобая;
жесек жесеп сыртынан, буларга дайым сакчы бол стих. ты за ними постоянно следи, установив тайно надзор;
жер жесе- обследовать местность;
2. сторожить, охранять.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕСЕ — эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Чоң казатта Сыргак кулата сайган Каражойду атка мингизип алып кетүүгө аракеттенген баатыр катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 2. 190).

Киргизско-русский словарь Юдахина
застава, сторожевой отряд; охрана, разведка (преимущественно для охраны табунов);
жесек атказдык мы поставили заставу, разведчиков;
жесек аттанды разведка выступила;
үч-төртөөнөр аттанып, жылкыга жесек болуңар фольк. трое-четверо из вас садитесь на коней и охраняйте табуны.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕСЕК — чалгын, кароол, сакчылык, күзөт. Ж-чи, чалгынчы, кароолчу, күзөтчү маанилерин билдирет. «Семетей» бөлүгүндө Ж. тууралуу мындай маалымат берилет:
Эл башкарып, жер болжоп
Жезекчи Жойку капыры,
Семетей башын кесүүгө
Кумарланган баатырың (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 286), к. Чалгын чалуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чалгын. Жесекке аттануу. Жесекке киши жиберүү. 2. Кароол, сакчылык, күзөт. Жесекте турган сен эмес, Жериңди чаап аламын («Курманбек»). Үч-төртөөңөр аттанып, Жылкыга жесек болуңар («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
разведчик; страж;
кароолчу кабар бергенде, жесекчи жете келгенде, Желкайып өзүң бар элең фольк. когда караульный дал знать, когда разведка прибыла, ты, Джелькайип, сам был (там).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕСЕТ, жасат —1) дене, келбет, бүткөн бой; 2) сөөк, өлүк. «Манас» эпосунда эки маанисинде тең учурайт: «Жесетин жерге токтотуп, Ак жоолуктун баарына Атакелеп жоктотуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 40), «Талаада бекен деп турам Табытка салып жөнөөрдө» (Сагымбай Орозбаков, 2. 331).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
(ср. тул, тулдуу)
1. вдова, вдовец (пожилые);
жамандын катыны болгуча, жакшынын жесири бол погов. чем быть женой дурного, лучше быть вдовой хорошего;
жесир калды алганым, жетим калды балдарым фольк. вдовой осталась моя жена, сиротами остались мои дети;
айгайын баспай, үн салды: "менин жанымды жечүү балабы? бай Жакып жесир калабы?" фольк. (роженица) непрерывно н громко кричала: "уж не погубит ли меня ребёнок? уж не останется ли бай Джакып вдовцом?";
жесир акы вдовья часть;
жесир доосу уст. иск к родственникам ушедшей от мужа жены о возврате калыма или его части;
2. южн. жена;
3. южн. степенная женщина (благонравная, целомудренная, отзывчивая);
олжо-жесир ист. военная добыча.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эри өлгөн аял. А дегенде бардык көңүл кадырман карынын жаш жесирине бурулду (Сыдыкбеков). Тамаша кылба жыртаңдап, Эри өлгөн аял жесирге (Токтогул). Караламан калк түгүл, Кашында жесир олтурат, Кайып сындуу каныңыз («Манас» С. О.). Анда мен, белсенип жесир калганым. Чарыкты бутка таңганым («Эл адабияты»). || сейр. Аялы өлгөн эркек. Менин жанымды жечү балабы, Бай Жакып жесир калабы («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
эск. Кетип калган аялдын төркүнүнөн калыңдын белгилүү бир үлүшүн кайтарып берүү жөнүндө коюлган талап. Кызымдын көз жашынан да жесир доонун зили күчтүү (Сыдыкбеков). Батыйнаны узатып Адыкенин жесир доосунан кутулсам, - деди Казак (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Кетип калган аялдын төркүнүнөн калыңдын белгилүү бир үлүшүн кайтарып берүү жөнүндө коюлган талап. Кызымдын көз жашынан да жесир доонун зили күчтүү (Сыдыкбеков). Батыйнаны узатып Адыкенин жесир доосунан кутулсам, – деди Казак (Сыдыкбеков).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. шилтөө, жакдоо;
решительный жест чечкиндүү жаңдоо;
2. перен. (поступок) жорук (атайы көрсөтүү максаты менен иштелген кылык, жорук);
благородный жест сыпайгерчилик менен болгон жорук.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (безжалостный) катаал, ырайымсыз, таш боор;
жестокий человек катаал киши;
2. (очень сильный) абдан катуу, айыгышкан, эң эле жаман;
жестокая борьба айыгышкан күрөш;
жестокие морозы катуу суук;
жестокое сопротивление катуу каршылык көрсөтүү;
жестокая необходимость абдан зарылдык.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЗГӨЧӨ МЫКААЧЫЛЫК – кылмыш-жаза укугунда инсанга карата жасалган биркатар кылмыштар мүнөздөлөт (киши өлтүрүү, денсоолукка атайылап оор жана анча оор эмес залал келтирүү, зордуктоо, жанкумарын кандыруу мүнөзүндөгү зомбулук аракеттери) ж. б. айыпталуучунун өзгөчө мыкаачылык кылганын күбөлөөчү жагдайлар. Жапа тартуучуга карата кыйноо, уруп-согуу колдонулганда, курмандыкты мазактаганда, болбосо айыпталуучу алдынала билүү менен жапа чегүүчүгө өзгөчө оор азаптарды тарттыруу (тирүүлөй өрттөө, узакка суусуз, ачка кармоо ж. б.) менен жасалганда Ө. м. орун алат. Ө. м. ошондой эле күнөөлүү, аларга өзгөчө кыйноо тарттырар аңдоо менен жабырлануучунун жакындарынын көз алдында жасалганда көрүнүшү мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Белгилүү бир жерге, орунга баруу. Шаарга жеттик. Чуу чыккан жерге элден мурун жетет (Байтемиров).
  1. 2.           Жетиштүү болуу, кемип калбоо, аз болуп калбоо. Кара нан жетпей ич ооруп, Турмушу кетти тарыга (Токтогул).
  2. 3.           Белгилүү куракка келүү, белгилүү жашка чыгуу. Өзү ушул жашка келсе, балдары эр жетип калгандыр (Касымбеков). Бойго жеткен уландар.
  3. 4.           Бир нерсенин учуру, убактысы, маалы келүү; акыркы чегине баруу. Күн жетти, мына эми жеңиш бизде (Нуркамал). Тубар койлор желиндеп, Туур маалы жеткенде (Осмонкул). Ажалы жетти.
  4. 5.           Тилеги, максаты ж.б. орундоо; ээ болуу. Анаржан, мен жете албай ал тилекке, Тарттырдым Касым арсыз эселекке (Абдыраманов). Даңкка жетти. Муратка жетти. Максатыңа жеткин! Жетпесе ар ким сүйгөнгө, Таалайы анын байланат (Жантөшев).
  5. 6.           Жеткиликтүү, жетиштүү болуу. Мага ушул айткандарың эле жетет, калганын жөн эле кой. («Ала-Тоо»). — Жетет, мындан кийинки келген машиналарды башка жакка жөнөткүлө («Ала-Тоо»).

¨ Төбөсү көккө жетүү к. төбө. Түбүнө жетүү — жок кылуу, ойронун чыгаруу, жоготуу. Опсуз тентек чырагым, Жеттиң менин түбүмө («Манас»). Жетимдин жетемин акыр түбүнө («Саринжи — Бөкөй»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. достигать, доходить, доезжать;
шаарга жеттик мы достигли города, мы прибыли в город;
муратка жет- достигнуть желаемого, достигнуть цели;
кууп жет- догнать;
кууп жетип, озуп кет- догнать и перегнать;
ат жеткен жер дальние края (букв. место, которого достигает лошадь);
ат жеткен жерге баарына кабар бердик мы широко оповестили; мы послали весть в самые отдалённые места;
ажалы жетти его смертный час пробил;
боюм жетпейт я не достану (мой рост мал для этого);
акыл жетпейт уму непостижимо;
көзү жетти
1) он охватил взглядом;
2) он убедился, удостоверился;
көз жетпейт
1) не видно, недоступно глазу;
2) перен. (это) не убеждает, неубедительно;
сөзүнүн чындыгына көзү жетти он убедился в правдивости его слов;
жетээр-жеткиче (о расстоянии) вплоть до..., до самого...;
Фрунзеге жетээр-жеткиче үчүнчү скорость менен айдап келген (шофёр) гнал на третьей скорости вплоть до Фрунзе;
жете
1) в достаточной степени;
жете окуган очень учёный;
2) с предшеств. дат. п. жете вплоть до...;
бүгүнгө жете эл оозунда келе жаткан сөз (об этом) до сего дня говорит народ;
кечке жете до вечера, вплоть до вечера;
ошол замандан баштап, бул заманга жете с того времени и вплоть до настоящего времени;
Дунай дарыясына жете вплоть до реки Дуная, до самого Дуная;
2. догнав, стать равным; сравняться;
жарды байга жетем дейт, бай кудайга жетем дейт погов. бедняк помышляет сравняться с богачом, а богач - с богом;
3. возыметь действие;
ага сөз жетпейт словами его не проймёшь;
кой каргышы бөрүгө жетпейт погов. овечье проклятие на волка не действует;
арамдыгың өз башыңа жетет твоя подлость против тебя;
4. обычно в отриц. обороте достигнуть чего-л., получить что-л.;
бир кезде нанга жетпеген одно время он (даже) хлеба не имел;
колум жетпейт южн. у меня времени нет, мне некогда;
жеткен митаам завзятый плут;
жет-кайтка за тридевять земель, на край света, в дальние-предальние края;
жет-кайтка жете өтөрбүз фольк. мы пройдём на край света;
бирөөн айдап жөнөттү жет-кайт жердин боюна фольк. одного из них он угнал на край света;
жете бербеген что-то около, почти, чуть меньше;
колумда онго жете бербеген кара, жыйырмадай майда жандыгым бар у меня есть что-то около десятка крупного и двадцать (голов) мелкого скота;
академиялык саатка саал жете бербейт чуть меньше академического часа;
кудайдан жетсин пусть бог рассудит; бог (ему, тебе) судья;
бойго жет- см. бой I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир орунга, жайга баруу, белгилүү бир жерге келүү. Чуу чыккан жерге элден мурун жетет (Байтемиров). Өзүлөрүнүн участогунун чет жагына жетип токтой калды (Байтемиров). 2. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, толук болуу. Кара нан жетпей ич ооруп, Турмушу кетти тарыга (Токтогул). Бир сыйра жеткенде, кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков). || Жеткиликтүү болуу. Мага ушул айткандарың эле жетет, калганын жөн эле кой («Ала-Тоо»). 3. Белгилүү бир куракка, жашка келүү. Мен Байымбет акынга, Карылык жетип асылды (Тоголок Молдо). Сиздин жашыңызга жетсек жаштардан сый көрөрбүз (Сыдыкбеков). || Белгилүү бир сан чегине келүү. Коюбуз 32 миңге жетти, – деди Курман (Убукеев). 4. Бир нерсенин учуру, убактысы келүү, маалы болуу. Тубар койлор желиндеп, Туур маалы жеткенде (Осмонкул). Күн жетти, мына эми жеңиш бизде (Нуркамал). || Белгилүү бир чекке чейин келүү, жетигүү. Камка үстүндөгү эскилиги жеткен чапанынын чөнтөгүнө колун салды (Сыдыкбеков). Арыктыгы жеткен соң, Ак себептен баспады (Тоголок Молдо). 5. Анык, абдан даана болуу, акырына чейин чыгуу. Жеңемдин сөзүнүн көпчүлүгүнө жете түшүнө албасам да ордуман тура калдым. Акылсыз адам көп чыгат, Өткөн ишти кектеген, Акырына жетпеген (Токтогул). 6. Тилеги, максаты, ойлогон ою ж. б. ордунан чыгуу, орундоо. Ал тилекке жеттик, кирдик окууга (Токомбаев). Эсен барсам элиме, Тилегиме жетемин (Токтогул). 7. Кандайдыр бир нерсеге, буюмга ж. б. ээ болуу. Көптөн көксөгөн буюмуна жетти. 8. Бир нерсени аткарууга, орундоого мүмкүнчүлүгү болуу, күчү келүү, орундай алуу, аткара алуу, колунан келүү. Алы жеткен оокатына каралашып турду (Токтогул). Чабышып чама жеткисиз, Кызыталак Төштүккө, Чарпышкан аман кежисиз («Эр Төштүк»). || Кадырлоо, сыйлоо, баалай. алуу сыяктуу мүмкүндүгү болуу. Карын бөлө болсо да, Кадырыма жетпесе, Көрүнөйүн көзүнө! («Семетей»). Бабабыз черткен бул комуз, Баркына жетип ырдайлы (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
предки; происхождение;
жетеси жаман со скверными задатками;
жетең жаман, киши болбойсуң у тебя плохие задатки, из тебя человека не выйдет;
жетеге жетчү кек месть, переходящая из поколения в поколение.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жети атанын бири – жетинчи ата. Жетинчи атаң – жетеңди билесиңби? (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү укум-тукуму, ата-бабасы, теги, түбү, негизи. Жигиттин гүлү Манапбай, Жетесин тарткан бек бекен? (Сыдыкбеков). Кекенип турган өкүнүч, Жетеге жетчү кек болуп («Семетей»). Жетеси акын эле... Тагдыр аны, жетелеп кудум сокур таягындай (Токтомушев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жетелөө, жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы. Жетекке жакшы жүргөн ат. Жетекке бош ат коштогун («Курманбек»). Жүрө берет жетекке, Жүккө бели талыбас, Катар басып жайылган Колхоздордун төөсү бар (Осмонкул).
2. Бирөөнүн айтканы менен болуу, бирөөнүн жетекчилиги менен жүрүү. [Чүкөбай] Зууранын жетеги, кеңеши менен иштээр эле (Баялинов). — Мен качанга чейин сенин жетегиңде жүрөм (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы. Жетекке бош ат коштогун («Курманбек»). Жүрө берет жетекке, Жүккө бели талыбас, Колхоздордун төөсү (Осмонкул). 2. Бирөөнүн айтканы, дегени менен болуучулук. Мен качанкыга чейин сенин жетегиңде жүрөм (Каимов). Көрүнгөндүн жетегине сүйрөлө берчү жарым эс эмесмин, – деди Самар («Ала-Тоо»). || Бирөөнүн жол көрсөтүүсү, жетекчилиги астында болуучулук. Чүкөбай Зууранын жетеги, кеңеши менен иштер эле (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коштоп алуу, жетелеп алуу. Күймөлбөй ат жетектеп жөнөп калдым (Үмөталиев). 2. Бирөөнү өзүнүн айткан-дегенине көндүрүү, оюндагыдай башкарып алуу. || Жетекчилик кылуу, башкаруу, жол көрсөтүү, сүрөөгө алуу. Нуралы өздүк көркөм чыгармачылык кружогун жетектеп, дал ошол жерде иштейт («Ленинчил жаш»). Начарды жетектеп, тыңды ого бетер кош колдоп колтуктайбыз (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаруучу, башчылык кылуучу, жетекчилик кылуучу, жол көрсөтүүчү. Адашкыс кенен, даңгыр жолго салып, Бардыгын бир жетекчи баштагандай (Үмөталиев). Курулуштун жетекчилери менен болгон чогулуштан кийин, Байсалов кошко кеч кайтты (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Башкаруучулук, жол көрсөтүүчүлүк, башчылык кылгандык. Биз да ошол Аким жетекчилик кылган колхозго саякатка барабыз, агай! (Сыдыкбеков). [Мукай] «Жаш гвардия» атындагы отрядга жетекчилик кылат (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаруучулук, жол көрсөтүүчүлүк, башчылык кылуучулук. – Биз да ошол Аким жетекчилик кылган колхозго саякатка барабыз, агай! (Сыдыкбеков). Мукай «Жаш гвардия» атындагы отрядга жетекчилик кылат (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Чаргын Айшаны антаңдатып жетелеп алган (Сыдыкбеков). Алды жакта атты жетелеп Алымкул баратат (Абдукаримов).
2. Жол баштоо, жол көрсөтүү, башкаруу, ээрчитүү. Комсомолдор алдыбызда Жол көрсөтөт жетелеп (Осмонкул). Жетелеп төтө менен алып барчу, Кулак сал, Лениндин партиясы (Турусбеков). Туйлаган азоо турмушту Ээрчиттик бүгүн жетелеп (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Маданият кичинекей бөбөгүн жетелеп ойноп жүрдү (Сасыкбаев). Коштоо атын жетелеп, Курман илгери жөнөдү (Убукеев). Ороктун үч эрден чыккан сойкусун жетелеп келген тура, мүшкүл (Сыдыкбеков). 2. Акыл айтуу, жол көрсөтүү, жол баштоо, ээрчитүү. Ар сабактан көмөктөш, Алга сени жетелеп (Нуркамал). Эрк таңына эмгекчини жетелеп, Бакты берип маңдайынан сылаган (Калык).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Тарыхый жагынан алганда жетеле этиши жет+еле морфемаларынан куралган. Байыркы түрк тилинде йет этишинин өзү эле «жетеле» маанисин берген (ДТС, 258). Ошол уңгу сөз кыргыз тилинде байыркы калыбында сакталбай, ага кыймыл-аракеттин көп кайталанганын билгизе турган -ала мүчөсү жалганган түрү менен бирге айтылганы гана колдонулуп калган. Ал эми жетек, жетекчи сөздөрүндө этиштин зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып, жетек сөзү жаралган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТЕЛЕК — мифтик кейипкер. Жомоктук-мифтик жаныбарлардын арасында суу адамы катары айтылат: «Дагы суунун адамы Жетелек деген жини бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жетеле-
1. быть ведомым в поводу, идти в поводу;
алчыланган Тайбуурул жетеленип калыптыр фольк. горячий (конь) Тайбурул (теперь) идёт в поводу (на нём уже не гарцует богатырь);
2. перен. идти на поводу;
эскичиликке жетелен- идти на поводу у старого (быта и т.п.), быть в плену у старого.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жетеле-
1. заставить вести в поводу;
айырмачка таңылып жетелеткен бала ребёнок, который (сидит на лошади, будучи) привязан к седлу и лошадь которого ведут в поводу;
төө жетелет- приказать вести в поводу верблюда или караван верблюдов;
2. перен. быть у кого-л. на поводу, позволить кому-л. вести себя на поводу;
чылбыр өз колубузда болбой, Саадатка жетелетипбиз ввиду того, что поводок оказался не в наших руках, мы допустили, что нами правит Саадат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өз атаңдан тартып жети эсебине чейинки (жетинчисин кошо алганда) аталардын ысмынын тизмеси – эсеби. к. Ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Жети атаңдын кимдер экенин аты-жөнү менен жаңылбай айтып берсең, алкыш менен ак батанын ээси болдум дей бер (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү теги, ата-бабасы. Жети атабыз башынан, Көргөн эмес мындайды (Токтогул). Менин жети атам тегирменчи болуп өткөн (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып, Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, – деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, - деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
Большая Медведица (другие названия этого созвездия: Жети Аркар и Жети Каракчы);
Ошол Жети Каракчынын аты Жетиген аталып калыптыр фольк. (с тех пор) эти Семь Воров стали называться Жетиген;
Жетиген жак или Жетиген тарап или Жетигендин тарабы северная сторона, север;
Жетиген кыям см. кыям.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИГЕН — эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:
Какандын шаарын каралап,
Каз моюл журтун аралап,
Жетиген жакка барбасын.
Жетимурук журту бар,
Желмогуздай ушулар (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).

Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган:
«Эми көчүп бул жерден
Жетиген жакка кетеби» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).

К. Сейдакматов

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Асмандын түндүк тарабында турган чөмүч сыяктанган формадагы жарык жылдыздардын тобунун атын билдирген сөз жети+хан деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан (Щербак, 1961, 102). Алтай тилинде жылдыз болуп калган жети хан жөнүндөгү легенда алигиче айтылат. Алгачкы жети+кан сөздөрү бириккенде к тыбышы жумшарып, а тыбышы алдыңкы үндүүлөрдү ээрчип э тыбышына өзгөргөн: жети кан>жетиген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Топ жылдыздын аты. Үркөр төбөдөн кыйшайып, жетиген жамбашта жүрсө, ай жаңы гана чыккан (Жантөшев). Жетиген жылдыз батканча, Жети айланып эмизген (Токтогул). 2. Кыргыздын бир уруусунун аты. Көк милтени чоктотуп, Жетигендин тарабын, Жеткизбестен токтотуп («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. достаточный;
жай күнү жетик оттобой, такыр жалдан айрылган фольк. (конь) летом вдоволь не пасся, подгривного жира лишился (т.е. похудел);
акылы жетик умственно созревший, умный;
акылы жетик жан эле он был умным человеком;
2. (о человеке) обладающий всеми достоинствами (мудрый, красноречивый, храбрый и т.п.);
жетик тууган уст. благородного происхождения.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыраакы, акылман, кылдат, даанышман. Акыл менен иш кылат, Адамдардын жетиги (Тоголок Молдо). Жетигиң Ленин куткарды, Жезиттин жаккан отунан (Токтогул). || Бир нерсеге жөндөмдүү, шыктуу, тетик. Кадыр билген жар болсоң, Өзүң жетик билимдүү, Убадалуу жан болсоң (Тоголок Молдо). Ушунчалык эл сүйгөн, Өнөргө жетик устасы (Осмонкул). || Мыкты, чыгаан, кыйын. Жетик күлүк Тоо кызыл, Желиктирип чуркатып («Сейтек»). Арстан Бакай олуям, Айласы жетик шер ошол («Семетей»). Жети баш кемпир сыйкырчы, Жетик амал салыптыр («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? - деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? – деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ КАШКА. 16-кылымга таандык Сейф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» деген кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарда Манас баатырдын ата-теги жана анын жакын туугандары жөнүндө маалымат берилет. Анда Каркарадан Якуб, андан Манас менен Карнас туулат. Каркарага тууган Ак-Темир деген кыпчактын Дөөлөт-Йар, Худа-Йар, Берди-Йар, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Түлө-Йар деген жети уулу болот. Жетөө тең көк кашка ат минип жоого чогуу кирчү экен. Ошондуктан алар Ж. к. аталып калганы айтылат санжырада.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ КЫЛЫМ (арабча иклим — бөлүк). Ислам дининин түшүнүгүндө бүтүндөй жер чөлкөмүндөгү кургактык жети кылымга (бөлүккө) бөлүнгөн. Мусулман дүйнөсүндөгү касиеттүү аталган ошол Ж> к. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1- иклим, Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү.
2- иклим, Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери.
3- иклим, Багдад менен Фейруз дубандары.
4- иклим, Кырым менен Урум (Византия аймактары).
5- иклим, Чин, Мачын жана Кытай калкы.
6- иклим, Көк ордо жана Едил журту.
7- иклим, Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү.

Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат.
Т. Ташмаматов

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, толуу, бышуу. Жетилген козу. Бала быйыл жетилип калган экен («Ала-Тоо»). Жыл сайын жетилесиң, көгөрөсүң, Бутактап, барча-барча көбөйөсүң (Нуркамал). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов).
2. Өсүп-өнүгүү, өсүп жетүү, баралына келүү, толуу, толукталуу. Кыргыздар өсүп жетилдиң (Бөкөнбаев). Жетекчиң Компартия катарына, Жетилди өзүңөрдөн нечен-нечен (Нуркамал). Мына, жетилет деген ушу, Маскөөгө кызың баратса, оңой жөрөлгө бекен? (Байтемиров). Кетилгени жетилип, Кемтиги жок болуптур («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. возвр.-страд. от жет-
быть достигнутым;
элге жетилген тамак еда, которой хватит для (собравшегося) народа;
2. созреть, вызреть; дойти до определённого состояния;
камыр жетилди тесто дошло.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жетиштүү болуу, бир нерсеге колу жетүү, оңолуу. Акыр өлбөсөң, да бир күн жетилип кетесиң,– деди кемпир (Элебаев). Жетилсин деп жардыны, Санабадың беш, каман (Токтогул). 2. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, бышуу, толуп жетүү. Карганын балапаны деле канаты жетилип өзүнчө кетти. (Шүкүрбеков). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов). Мен го анда кичине, Жетилбеген баламын (Шамшиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жетил-;
эл колу менен жетилдирген эл акыны народный акын, достигший совершенства благодаря заботам народа;
жетим элең, чоң кылдым, жетилдирип, мол кылдым фольк. сиротой ты был, я тебя взрастил, обеспечил и богатым сделал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өлгөн кишиге багыштап куран окутуп, эл чакырып, жети күндөн кийин берилүүчү тамак. Эртең азыраак май, күрүч берейин, ошону менен жетилик өңдөнтүп куран окуттуруп кой (Жантөшев).
2. Ойноло турган картанын жети очколуу кагазы. Карганын жетилиги. Чырымдын жетилиги.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлгөн кишиге багыштап куран окутуп, эл чакырып, жети күн толгондугун белгилеп берилүүчү тамак. Эртең азыраак май, күрүч берейин, ошону менен жетилик өңдөңтүп куран окуттуруп кой (Жантөшев). 2. Ойноло турган картанын жети белгиси бар кагазы. Карганын жетилиги. Чырымдын жетилиги. Ачанын жетилиги.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жетил-
совершенствовать, доводить до совершенства, способствовать развитию зрелости; восполнять недостающее;
жетилтемин кемчилигин тилимин стих. я восполню пробелы языка своего.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. сирота;
жетим өз киндигин өзү кесет погов. сирота сам себе пуповину обрезает;
жерге түшкөн - жетимдики погов. что на пол упало, то сиротское;
2. перен. короткий;
жетим кабырга самые короткие рёбра;
жетим сүмбө короткий шомпол;
жетим көпөлөк см. көпөлөк 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ата-энеси же алардын бири өлүп калган бала же жаш айбан. Сабыр атадан жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка сулады (Шүкүрбеков). Жетим өз киндигин өзү кесет (макал).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн төлөнүүчү акы. Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн аялдын төркүнүнөн же барган жеринен төлөнүүчү акы. Ак ойлоп, төп чечип, кеткен жетим акымды толугу менен кайрып бергиле,–деди Асантай бийлерге (Сыдыкбеков). Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жарыкты же шамды айланып учуучу кичинекей боз көпөлөк. Бир жетим көпөлөк лампаны, чарк айланып, дырылдап учуп жатты (Баялинов). В.: Шайтан көпөлөк. Жайында болот шайтан көпөлөк, Ал күндүз кашаят да, түнкүсүн көрөт (Шүкүрбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИМ-МОЙНОК — топоним. Эпос боюнча Букар шаарына жакын жерлердин бири, Семетей бала кезинде куш салып көңүл ачып жүрөт: «Жээк Акчийди басты эми, Жетим-
Мойнок төрт кыраң Муну бала ашты эле» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.)

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бар болуу, жетиштүү болуу, кенелип калуу. Тамакка, кийимге жетинип калдык. Жүдөөнүн жайын сураган, Эл жетинсе кубанган (Осмонов).
¨ Жетине албай калуу — кубанып, сүйүнүп калуу. Айымкан кызынын кебине жетине албай күлүп коёт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жет-
удовлетвориться, достигнуть желаемого;
тамакка, кийимге жетинип калдык едой и одеждой мы вполне обеспечены;
жетине албай обрадовавшись, растрогавшись;
биз барганда, жетине албай калды когда мы пришли, он очень обрадовался;
улукка жетинген экенсиңер вам попался хороший начальник.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кубануу, сүйүнүү, абдан ыраазы болуу. Өтө кадырман мейман уулуна назар салганына жетине албай маңдайы жарылды (Касымбеков). Бала жетине албай кубанды, бирок кандай алкыш айтаарын билбеди (Айтматов). Таякесинин тилегине жетине албай, Ашырбек күлүмсүрөп ичи элжирей карап турду (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубануу, сүйүнүү, абдан ыраазы болуу. Өтө кадырман мейман уулуна назар салганына жетине албай маңдайы жарылды (Касымбеков). Бала жетине албай кубанды, бирок кандай алкыш айтаарын билбеди (Айтматов). Таякесинин тилегине жетине албай, Ашырбек күлүмсүрөп ичи элжирей карап турду (Ашымбаев). Айымжан кызынын кебине жетине албай күлүп коёт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. быть до некоторой степени удовлетворённым, в известной мере достигнуть желаемого;
2. быть до некоторой степени достаточным;
жетиңкиребей турат немного не хватает, немного недостаёт.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
-Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! - деп, Дөөш күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). - Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! – деп, Дөөт күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). – Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненинмиң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненин миң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Жерге кирип жети өмүр, Уялгандан өлбөдү («Мендирман»). В.: Жети өмүрү жерге кирүү. Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов). Жети омурткасы жерге кирүү. Аны уккан сайын жети омурткам жерге кирип, ушу күндү көргүчө өлгөнүм жакшы деп кетчүмүн(Абдукаимов). Жети өмүрү жерге житүү. Чоң кишилер айтканда жети өмүрүбүз жерге житип, салбырап калчубуз (Медетов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ-СУУ (Жети-Өзөн) — топоним, кыргыздардын жана ага жамаатташ элдердин абалтан мекендеген жери катары эпосто көп эскерилет.
Жети-Суу жердин соорусу, Атынын жеми күрүчтөн, Намыс ойлоп мен турам Ага барбай жүрүштөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 154),— деп Айдаркан уулу Көкчөнүн ал жерди эңсегени айтылат. Географиялык реалияда Ж.-С. Казакстандын түштүк-чыгышындагы агын сууларга бай аймак. 18-кылымдын аягында—19-кылымдын башында Ж.-С. деп Илепсинин (Лепси) орто бөлүгүндөгү жерлер гана аталган. Архивдик даректе ал жер Семейден 700 чакырым алыс турат деп белгиленген. Кийин 19-кылымда бул ысым Аягүздөн Илеге чейинки кеңири аймакка таралган. Орто кылымдардагы чыгармаларда Ж.-С. топоними кезикбейт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ-ТӨР — топоним. Эпосто Манастын бабасы Бөйөн кан мекендеген жердин аталышы:
Жети-Төрдүн башында
Жеткилең тууган Бөйөн кан,
Бөйөн кандын баласы
Кайраттуу тууган Кара кан (Радлов жазып алган вариант, 1).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада журүппү? (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада жүрүппү? (Саатов). Жети түндө Суусамырда эмне бар (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жеткиликтүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, тиешелүү санда болуу. Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт. Эркеги жетишпей жаткансып, кыздары кошо энтеңдейт (Сыдыкбеков).
2. Үлгүрүү, өздөштүрүү, бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). Колхоз бардыгынан жетишип жатат, бир кемчилиги ушул водопровод аркылуу кыштакка сууну жеткирбегенинде (Таштемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от жет- 1.
совместно достигать желаемого;
жыйырма беш миң сом үнөмдөөгө жетише алышты они смогли добиться экономии в двадцать пять тысяч рублей;
жетишебиз баркына фольк. мы поймём его ценность, мы оценим его;
2. быть достаточным, иметься в достатке;
ат жетишпейт лошадей не хватает;
атам экөөбүзгө бир ат жетишет нам с отцом одной лошади хватит;
жетишет! хватит!, довольно!
жетишердик достаточный;
жетишердик билими бар знаний у него достаточно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, канааттандырарлык абалда болуу. Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). 2. Үлгүрүү, өздөштүрө алуу. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). || Бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү, мүмкүнчүлүгү болуу. Үлгүрүү. Колхоз иштин бардыгына жетишип жатат (Таштемиров).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ-ШААР — топоним. Жакыпбектин убактылуу мамлекетине (Бак-Дөөлөт) (1864— 78) баш ийип турган Чыгыш Түркстандагы шаарлардын санына (Котон, Жаркен, Жаңы-Гисар, Кашкар, Ак-Суу, Куча, Кара-Шаар) карата 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон жалпы географиялык ат. «Манас» эпосунун варианттарында сейрек айтылып, Чыгыш Түркстандын (Алты-Шаар) бир аты катары жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Жолой байгеге сайган малды талап жатканда Манас «Жети-Шаарың бөлүшөм, Жеткире кууп өлүшөм» (Саякбай Каралаев, 2. 71),— деп айтат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жетишилген ийгилик, ийгиликтүү натыйжа. Биздин максат так ушу жетишкендиктерге теңелүү (Байтемиров). Алдыңкы тажрыйбаларды жана илимдин жетишкендиктерин ар бир колхозго жана совхозго киргизүү («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеткиз I
то же, что жеткис;
бут жеткиз жерде там, куда нога (человека) не ступает.
жеткиз- II
то же, что жеткир- II;
бул кабарды колхозго мен жеткиздим это известие колхозу доставил я.

Киргизско-русский словарь Юдахина
совершенный; идеальный, не имеющий никаких дефектов и недостатков;
жеткилең тууган (в эпосе) высокородный (о человеке);
жеткилең ичик прекрасная шуба;
жеткилең бийик большая высота;
жеткилең кыйын иш очень трудное дело.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Бардык жагынан төп келишкен, жетик, билгич. Жесир жүрүп ат чапкан Жеткилең жеңең ушул эр («Манас»). Жетимиш уруу тил билген, Жеткилең чечен неме ошол («Манас»).
2. Толук жетиштүү, кемтиги жок. Ушундай жеткилең турмушту өзүбүз эле куруп алдык дейсиз го? (Убукеев). Дасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткилең (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бардык жагынан төп келишкен, жетик, билгич. Жеткилең бабаң зор Манас, Жердегени кең Талас («Сейтек). Жесир жүрүп ат чапкан, Жеткилең жеңен, ушул эр («Манас»). 2. Толук жетиштүү, жетишерлик даражада, жеткиликтүү. Абылдын оокаты тың, өз алдынча жеткилең, таза (Сыдыкбеков). Жети-Өзөндө жедигер, Кадимкидей беш ай болуп, Жеткилең кыйын той кылып («Сейтек»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮККӨ УКУК – автордун моралдык укуктарынын бири; көркөм сүрөт өнөр чыгармасынын жаратуучусунун, м.: картинадан анын менчик ээсинен автордук көчүрмө жасаганга мүмкүндүк берүүнү талап кылуу укугу. Ж. у. бир эле учурда чыгарманын автордук укук объектиси жана анын менчик ээси автору эмес болгон учурда материалдык баалуулук катары ажырагандыгынан улам келип чыгат. Автор ага картинаны алып келүүнү эмес, ага жеткиликтүү болууну талап кылууга укуктуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеткир I
ловкий; смышлёный;
өз журтума чуу салчу, жеткир бала десеңчи фольк. ловкий, скажи-ка, паренёк, (раз) он мой (собственный) народ будоражит;
узун сөздүн кыскасы, жел сөздүн жеткир устасы присказка краткость слова длинного, ловкий мастер пустословия.
жеткир- II
понуд. от жет-;
1. доставлять;
чаккан өлтүрөт, мактаган жеткирет погов. хула убивает, похвала (до цели) доводит (ободряет);
таяк тайга жеткирет, тай атка жеткирет погов. посох до жеребёнка доведёт, а жеребёнок до коня;
жеткире ойлоп көрдү он хорошо обдумал;
2. позволить догнать себя;
менин атым эч бир атка жеткирбейт мою лошадь ни одна лошадь не догонит.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – 1) сатып алуучу уюмга алып келип берилүүчү чийки заттарды, даяр продукцияларды, жабдууларды ж. б. товарларды сатып алуунун баардык баскычтары; 2) экономикалык ишмердикти жүргүзүүчү жак тарабынан товарларды жүктөп берүү (сатуу, белек кылуу, ошондой эле субъекттин салык салынуучу товарларды өзүнүн жеке максаты үчүн сатып алуусу), жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүүсү (менчигинен ажыратпастан туруп мүлктөн пайда алууну, жерди жалдоого жана ижарага, ошондой эле кошумча ижарага берүүнү кошо алганда).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БАЗИСИ (ШАРТЫ) (гр. basis – негиз) – товардын колдон-колго өтүшү боюнча сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүн, тийешелүү документтердин толтурулушу менен унаа чыгымдарынын төлөнүшүн, товарга карата менчик укугунун сатуучудан сатып алуучуга өтүү учурунун белгиленишин, товарды жоготуу же бүлдүрүү тобокелдигин жана ташып-жеткирүү мөөнөтүн алдынала аныктаган тышкы соода бүтүмдөрүнүн шарты.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ КЕЛИШИМИ – жеке ишкердикте колдонулуучу соода-сатык келишимдеринин өзгөчө түрү. Ж. б. к. боюнча ишкердик кылган сатуучу-товар берүүчү ишкерликке пайдалануу үчүн же жеке, үйбүлөлүк, үйдө жана башкача ушундай пайдалануу менен байланышпаган башка максат үчүн товарды шартташкан мөөнөттө же өзү чыгарган же сатып алган мөөнөттө сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮНҮН БАЗИСТИК ШАРТТАРЫ – товарды жеткирип берүү боюнча сатуучу менен сатып алуучунун өзара милдеттерин аныктоочу атайын шарттар. Ал товардын кокусунан жараксыз болуучу же зыянга учуроочу тобокел чегин дагы белгилейт (кара:Инкотермс).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮЧҮ – сөз маанисине жараша сатып алуучу уюм менен түзүлгөн сатып алуу жөнүндөгү келишимдин мүмкүн болуучу (товар өндүрүүчү, экспорттоочу же импорттоочу) же дайындуу тарабы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жеткир- II;
жүктөрүн төөгө жүктөтүп, Ошко жеткиртип койгон он приказал их поклажу навьючить на верблюдов и доставить в (город) Ош;
"кетемин" дегениңди элге жеткирттим о том, что ты хотел уехать, я довёл до (сведения) народа.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЫЙЫНДЫК – тыйынды алмаштыруучу (м.: аргандай автоматты пайдаланууда колдонулуучу) же кандайдыр бир нерсени алууга укук берүүчү төлөм белгиси (темир же пластмасса төгөрөкчө ж. б.). Т-ты өзалдынча жасагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что өрттөө;
2. что жагуу, күйгүзүү;
он всю ночь жёг лампу ал түнү менен лампа жагып чыкты;
3. кого-что куйкалоо, күйгүзүү, ачыштыруу;
солнце жжёт күн куйкалап турат;
крапива жжёт чалкан ачыштырат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеш I
и. д. от же- III
принятие пищи;
ичиш, жеш керек нужно пить и есть.
жеш- II
взаимн. от же- III;
дешпе, дешкенден кийин бок жешпе (или эвф. былжырашпа) погов. взялся за гуж, не говори, что не дюж (букв. не договаривайся, а если договорился, не ешь дерьма).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кыларын билбей, өтө оор абалга туш келгендей, денда-роо болуп аргасы түгөнгөндөй. Сапардын арамзалыгына эми түшүнгөн. Назгүл же ыйлай албай, же кулө албай, боз ала болуп бир пас турду да «сиз да кечириңиз» деп менин кучагыма жыгылды (Саатов). Батма апа же ыйлай албай, же күлө албай далдырайт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кыларын билбей, өтө оор абалга туш келгендей, дендароо болуп аргасы түгөнгөндөй. Сапардын арамзалыгына эми түшүнгөн Назгүл же ыйлай албай, же күлө албай, боз ала болуп бир пас турду да, «сиз да кечириңиз» деп менин кучагыма жыгылды (Саатов). Батма апа же ыйлай албай, же күлө албай далдырайт («Ала-Тоо»).