ЖЕҢИЛИН ЖЕРДЕН, ООРУН КОЛДОН АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Каралашуу, жардамдашуу, ишин жеңилдетүү, керегине жароо. Ушул үчөө чоңойсо, жеңилимди жерден, оорумду колдон алар деген үмүттү алдыма койдум («Ленинчил жаш»). Белек абам үй-бүлөсү менен келип, жеңилин жерден, оорун колдон алып, өзүнө тээк болсо деген тилегинин четин чыгарат, энем, мага («Кыргызстан маданияты»). Чарбанын жеңилин жерден, оорун колдон алган жаштар («Советтик Кыргызстан»).