ЖЕЛКЕМДИН ЧУҢКУРУ КӨРСҮН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Такыр көрбөйүн, ага кайрылбайын, экинчи көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев).