ЖЕЛДЕТ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЕЛДЕТ (арабча жаллад) — аким, эмирлердин буйругу боюнча өлүм жазасына же башкача бир өкүмүн жүзөгө ашыруучу кызматкер. Эпосто ушул маанисинде жана кызматчы жигит маанисинде учурайт: «Анда желдет кеп айтат, Ачууланып бек айтат» (Сагымбай Орозбаков, 3. 358).