жекечилик Киргизско-русский словарь Юдахина 1. личная обособленность; замкнутость;2. индивидуальное хозяйство.
жекечилик Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Жекече болгондук, жекечил көрүнүш, бир адамдын таламын коомдун таламына каршы коюучулук. Ар түрдүү мещандык жекечилик көрүнүш («Советтик Кыргызстан»).
ЖЕКЕЧИЛИК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Өзүмчүлдүк, өзү жөнүндө гана ойлонгондук, коомдон, башкалардан четте туруучулук. Ар кандай жекечиликтен оолак болуу.