жет
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Белгилүү бир жерге, орунга баруу. Шаарга жеттик. Чуу чыккан жерге элден мурун жетет (Байтемиров).
¨ Төбөсү көккө жетүү к. төбө. Түбүнө жетүү — жок кылуу, ойронун чыгаруу, жоготуу. Опсуз тентек чырагым, Жеттиң менин түбүмө («Манас»). Жетимдин жетемин акыр түбүнө («Саринжи — Бөкөй»).
- 2. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, аз болуп калбоо. Кара нан жетпей ич ооруп, Турмушу кетти тарыга (Токтогул).
- 3. Белгилүү куракка келүү, белгилүү жашка чыгуу. Өзү ушул жашка келсе, балдары эр жетип калгандыр (Касымбеков). Бойго жеткен уландар.
- 4. Бир нерсенин учуру, убактысы, маалы келүү; акыркы чегине баруу. Күн жетти, мына эми жеңиш бизде (Нуркамал). Тубар койлор желиндеп, Туур маалы жеткенде (Осмонкул). Ажалы жетти.
- 5. Тилеги, максаты ж.б. орундоо; ээ болуу. Анаржан, мен жете албай ал тилекке, Тарттырдым Касым арсыз эселекке (Абдыраманов). Даңкка жетти. Муратка жетти. Максатыңа жеткин! Жетпесе ар ким сүйгөнгө, Таалайы анын байланат (Жантөшев).
- 6. Жеткиликтүү, жетиштүү болуу. Мага ушул айткандарың эле жетет, калганын жөн эле кой. («Ала-Тоо»). — Жетет, мындан кийинки келген машиналарды башка жакка жөнөткүлө («Ала-Тоо»).
¨ Төбөсү көккө жетүү к. төбө. Түбүнө жетүү — жок кылуу, ойронун чыгаруу, жоготуу. Опсуз тентек чырагым, Жеттиң менин түбүмө («Манас»). Жетимдин жетемин акыр түбүнө («Саринжи — Бөкөй»).