ЖЕСЕТ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЕСЕТ, жасат —1) дене, келбет, бүткөн бой; 2) сөөк, өлүк. «Манас» эпосунда эки маанисинде тең учурайт: «Жесетин жерге токтотуп, Ак жоолуктун баарына Атакелеп жоктотуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 40), «Талаада бекен деп турам Табытка салып жөнөөрдө» (Сагымбай Орозбаков, 2. 331).