ЖЕҢ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Согушта, салгылашууда жеңишке жетишүү, жоосун, душманын багынтуу, баш ийдирүү. Октон мөндүр жааса да. Жоону жеңбей кайтпайбыз (Токомбаев). Совет эли жеңди деп, Тарыхка аты жазылды. (Осмонкул). 2. Элдик, спорттук оюндарда, чебердиги, өнөрү ж. б. жагынан күч сынашууда артыкчылыгы бар экендигин көрсөтүү, беттешкен, каршы турган тарабын жеңилүүгө дуушар кылуу, алдыңкы орундарды ээлөө. Ошол күнү да жеңген, Оодарыш менен сайышта («Мендирман»). Финалдык оюнга катышып, мында жеңип чыккан команда гана Кыргызстандын чемпиондугуна жетмек («Ленинчил жаш»). 3. Өз ара жарышта, эмгек күрөшүндө ж. б. жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү, ийгиликке ээ болуу. Алдына киши салбай теримчиден, Бардыгын иши менен жеңип жүрдү (Үмөталиев). 4. Кандайдыр бир кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан өтүүдө, каршы турууда ж. б. ийгиликтерге жетишүү, үстөм келүү. Иш бүткүл кайгыны жеңет, көңүлдүн кирин кетирет (Байтемиров). Бышыкпаган чунакты, Чындап уйку жеңген соң («Семетей»).