Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Этимология слова ЖЕЛМАЯН| Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Төөнүн ургачысынан чыккан күлүгүн желмаян деп коёт. Мая сөзү «ургаачы төө» маанисинде казак, өзбек тилдеринде колдонулат. Кыргыз тилинде анын аягына артык баш н тыбышы кошулуп, маян түрүнө келген. Кыргыз тилинде жел сөзү айрым сөздөрдүн астына келип айтылат: «жел таман» десек, «көп басканды жакшы көргөн, бир жерге тура албаган» деген маани берет. Жел өпкө десек, «мактанчаак» деген маанини түшүнөбүз. Желмаян сөзүндө да жел сөзү «желдей сызган күлүк» деген маани берет.