Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод жел в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

жел I
1. ветер (небольшой, не очень сильный; ср. шамал I);
жел согот или жел жүрөт ветер дует;
жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт погов. ветерок не подует, верхушка травы не пошевелится; нет дыма без огня;
жүргөнүмдү жел билет, конгонумду сай билет погов. (говорит перекати-поле) где я хожу - (только) ветер знает, где я ночую - (только) сухое русло знает (о человеке непостоянном);
кабар желден мурун шаар ичине тараган весть быстрее ветра разнеслась по городу;
жел аргы небольшой ветерок;
жел аргы жүрдү подул ветерок;
жел аргыга эгин сапырат на ветерке веют зерно;
сыдырым жел тихий прохладный ветерок перед рассветом или вечером;
сыдырым жел болуп турат дует прохладный ветерок;
коңур жел приятный ветерок;
жайдын коңур жели приятный летний ветерок;
сары жел
1) суховей;
санаа эрди саргайтат, сары жел чөптү кубартат погов. забота молодца изнуряет, суховей траву сушит;
2) утренний или вечерний ветерок;
жазгы желдей таза кристальной чистоты (букв. чист, как весенний ветерок);
желдей (о человеке) ветреный, легкомысленный;
желдей ыкчам очень ловкий, очень поворотливый;
сырттын желиндей или кырдын желиндей (о коне) с твёрдой и быстрой поступью;
2. ветры (газы в желудке и кишках);
жели чыкты перен. он осекся, оскандалился, поджал хвост (напр. лишившись прежнего общественного и имущественного положения);
жели чыга түштү перен. он вдруг осекся, вдруг осрамился;
чыгарсам бейм желиңди, айбалталап кыймалап, чаптырсам бейм белиңди фольк. сбить бы с тебя спесь, исполосовать бы тебе поясницу секирой;
сага окшоп көпкөндүн далайынын желин чыгарган перен. он со многих таких, как ты, зазнаек, спесь сбил;
аттын желин чыгар- перен. утихомирить (жирного и горячего) коня, согнав жир;
аттын желин чыгарт- понуд. от аттын желин чыгар-;
алабарман салдырып, аттын желин чыгартып, ачуу терин кургатып фольк. приказав гонять коня разным ходом, утихомирить его, согнав семь потов;
шинанын жели чыгып кетти перен. шина спустила;
3. название некоторых болезней в народной медицине (ср. тадж. бод); простуда; сев. прострел;
желдин чанчуусу жаман, сөздүн каңкуусу жаман погов. в простреле скверно колотьё, в слове скверно ехидство;
эттин желин тарт- или теринин желин тарт- лечить от простуды потением (больного заворачивали в шкуру только что зарезанной овцы или козы мездрой к телу, чтобы вызвать обильный пот);
этинин желин тартсын деп, эки тери жапты эми фольк. вот завернули его в две шкуры, чтобы выгнать простуду из тела;
териге алып тердетип, теринин желин тарттырып фольк. приказав заворачивать в шкуру и вытягивать простуду из кожи (больного);
кан жел тяньш. болезнь человека, выражающаяся в кровоточивости, распухании и разрушении носа;
жел кабыз сев. название послеродовой простудной болезни;
кургак жел кабыз сев. название болезни, выражающейся в опухолях;
жел тийди разбило параличом (частичным - напр. искривило рот);
желге, күнгө тийгизбей өстүр- лелеять, нежить, пестовать;
куру желге семирген фольк. его распирает от самодовольства (ещё прим. см. жеткир I);
жел или жел сөз пустословие; бахвальство, хвастовство;
ооздун жели пустой разговор, громкое заявление (без последующего выполнения);
оозуңдун желин аяйсыңбы? что ж, тебе трудно слово сказать (замолвить словечко) ?
оозуңдун желин аяба ты уж замолви словечко;
оозунан жел чыга электе эле не успел он ещё и рта открыть, не успел он ещё и слова вымолвить;
жел жетпес (о коне) быстроногий;
жел таман см. таман I;
жел өпкө см. өпкө.
жел- II
возвр.-страд. от же- III;
тамак желип, эл жатар мезгилде после принятия пищи, когда народ ложился спать.
жел- III
бежать трусцой, лёгкой рысью;
чапсаң - чарчарсың, желсең - жетерсиң погов. поскачешь - устанешь, побежишь трусцой - догонишь;
желе-жорто или желип-жортуп см. жорт-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирде катуулап, бирде акырындап согуучу абанын агымы, шамал. Коңур жел. Капчыгайдан сыдырым жел сого баштады (Абдукаримов). Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт (макал).
¨ Жел сөз — куру сөз. Жел өпкө — ала көөдөн, жеңил мүнөз. Баарыдан да, Талканбаевдин жел өпкөлүгүн! («Чалкан») Жел таман — көп баскан, бир жерде тура албаган, кыдырып эле басып жүргөндү жакшы көргөн. Парман менин Айымханым силер айткандай жел таман эмес (Бөкөнбаев). Жел таман желип-жортуп айылдап жүр, Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Жели чыгуу — көөп жүрүп, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей жүрүп бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келүү, сынын, басына түшүү. Жел бакан — шамал болгондо боз үйдүн ичинен тиреп бекитүүчү башы ачакей бакан, шыргый. Жел боо — түндүктүн капшыт жаккы эки жанына тагылып, үйдү шамал учурбас үчүн коломтонун башына кагылган казыкка бекитип байлануучу жиптер. Жел кайык — шамал менен жүрүүчү кайык. Тор салып Иван азамат, Айдаганы жел кайык (Үсөнбаев). Жел тегирмен — желдин күчү менен жүрүүчү тегирмен.
ЖЕЛ II этиш. 1. Катуу басыктан ылдам, текиреңге жетпеген жүрүш менен жүрүү , жорто жүрүү. Бөрүчө желип бөксөлөп жөнөдү («Чалкан). Желип жүрүп отуруу.
2. өт. Үстүртөн кайып өтүү, тереңдеп барбоо. Жети күнкү жаандан, желип өткөн суу жакшы (макал).
ЖЕЛ III же этишинин туюк мамилеси.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жел (шамал)
жел аппарат
жел аяк
жел бакан
жел боо (желбоо эмес)
жел жетпес
жел-жорто
жел кабыз (оору)
жел кайык
жел колтук
жел көз (кереге)
жел кыймылдаткыч (тех.)
жел май
жел оо-
жел оору
жел өпкө
жел сөз
жел таман
жел тегирмен
жел туруу
жели чыгуу
жел электр станциясы
жел энергетикасы

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирде катуулап, бирде акырындап туруучу абанын агымы, акырын жүргөн шамал. Күн батса да үлп эткен жел жок, үй да, сырт да дем болуп турду (Каимов). Капчыгайдан сыдырым жел сого баштады (Абдукаримов). Жел болбосо, чөптүн башы ыргалбайт (макал). Ойгоно элек азыр анда желаргы, Камыш үнсүз, ойгоно элек каз-өрдөк (Карагулова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу басыктан ылдам текиреңдеп жүргөнгө жетпеген жүрүш менен жүрүү, жорто жүрүү. Эңкейиш жолдо аттар желе басса, дөңгөлөктөр көзгө илешпей чимирилет (Сыдыкбеков). Бөлпүлдөп желген жээрде атты минип келе жаткан – Сансыз (Жантөшев). || Ылдамдай өтүү, ылдамдаган жүрүштө болуу. Жети күнкү жаандан, Желип өткөн суу жакшы (макал). 2. Ныгыра-ныгыра басуу. Желип-желип койду эле Элеманы курусун («Эр Төштүк»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
каалоо, тилек;
иметь желание каалоо;
гореть желанием абдан каалоо;
при всем моём желании менин тилегиме карабастан;
против желания тилекке каршы;
по желанию каалоо боюнча;
исполнение желания тилектин орундалышы;
его желание ислолнилось анын тилеги орундалды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
безл. в знач. сказ. с неопр. и с союзом "чтобы"
зарыл, жакшы болор эле, ырас болор эле;
желательно закончить работу сегодня иш бүгүн бүтсө, жакшы болор эле;
желательно, чтобы вы пришли сиз келсеңиз жакшы болот эле.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. кому чего, с неопр. и с союзом "чтобы"
каалоо, тилөө, тилек кылуу;
сильно желать чего-л. бир нерсени абдан каалоо;
я желал бы знать менин билгим келет;
желаю вам успеха в работе мен сиздин ишиңиздин ийгиликтүү болушун каалаймын;
желать добра кому-л. бирөөгө жакшылык каалоо;
оставляет желать лучшего анчалык жакшы деп айтууга болбойт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки жеңин кийбестен, үстүнө жеңил жамынган абал. Кенжегүл пальтосун желбегей жамынып короого чыкты (Элебаев). Букен үстүнө желбегей жамынган бучкак ичигин бир өңүрүн силке тартып койду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп, ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине асыл таштар чөгөрүлүп, мунун эки учу күмүш зымдар менен чынжырланат. Ошондой эле торчолонгон бир нече сеңселген тал-тал чачылары төгүлүп турат. Ага жумурулган сүйрү жука темир илинип, анын сырты ипичке эшилген күмүш зымдар менен жиксиз торчолоно кынапталат. Мындан да жогорудагыдай кайрадан күмүш зымдар чынжырлана чыгып, анын араларына шуру тизилет. Андан төмөн учтарына сүйрүлөнгөн жука күмүш кулакчандар түйүлүп турат. Ушундай аземделип бүткөн желбирөөчтүн эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу, же жүрөкчө түрүндөгү зер жасалгасы ошол эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.
      Мында күмүш бетине из түшүрүүгө, акак таш, айнек өңдүүлөрдү чөгөрүүгө да ойдогудай мүмкүнчүлүк болот. Ага «кыял», «жарым кыял», «мүйүз», айчык», карга тырмак» сыяктуу оюмдун өз ара ыргактуу элементтеринен турган кооздуктар кылдат берилет.
      Желбирөөч ар кандай түрдө жасалып келинген. Анын көйнөктүн сыртынан моюнга тага турган чаканыраак, башкалардан айырмаланган түрдө кармалган түспөлдөрү да бар. Мындай буюмда чыны шуру басымдуулук кылып, анын жүзүн ачат. Тал-тал бөлүнгөн бул шурулардын араларын бөлүп, беттери өтө майда-майда жылбырчыктата «чегелеген», «сиркелетилген» жана «тогуз төбөлөнгөн» кооздуктар менен тутумдашат. Кызыл шуру менен зер биринин кооздугун бири толуктап, ого бетер кулпунтат. Буга катар бой тумардын бүтүндөй бөлүктөрү түшөт. Анда тиш чукур, искек өңдүүлөрү болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чачык сыяктуу желбиреп, асылып турган абалда кооздук үчүн тагылган ар түрдүү жасалга. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү күнгө чагылышып жалтылдайт. 2. Короз, тоок, индюк сыяктуу үй куштарынын алкым жагындагы эт сыяктуу кызыл желбиреги. Желбирөөчүн салбыраткан кызыл короздор моюндарын керкейтип кыйкырышат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(түндүк боо) — таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, азыр көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө — түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Бул көбүнчө уук-керегеге кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп туруу үчүн аны эки жүздүү терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме жиптен деле жасалат.
      Эшик боо түндүк боого окшош согулат. Көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берген. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да «жел боодой» (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат. Натыйжада, эки жүздүү терме кылып согулат.
      Же мунун жөнөкөй эле сызмадан, кара таардан, эшме жиптерден бүткөрүлгөн үлгүлөрү да болот. Буюмдун эки четине экиден бир-төрт жип кетет да, «ургаачы» (астыңкы жип) 26 тал болот. Анын көк жиби алты жип экиден саналат. «Эркеги» (үстүңкү) да жыйырма алты тал жип келет. Көк жип экиден алты жип да экиден жупталат. Мында такай көк жип терилет. Демек, «аркакты» салбай туруп, кол менен астына кете турган бирөөн үстүнө чыгарат. Анан үстүңкү бир жипти астына түшүрүп, аркак салып согот. Муну курганда эриштин эки башына каалаган көчөттү түшүрүп, «күйөө чыбыкка» терилүүчү көк жип экиден чалынат. Эркек жип күзүктө түшөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атка артылган чаначтын оозуна тыгындалып, анда-санда жел чыгарыш үчүн алып, кайра сайып коё турган жыгач шиш, тыгын. Тоодон айылга келгичекти үч-төрт жолу чаначтын желгүүрүн алып, кайра сайды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. подниматься - о ветре;
күн желдей түшүп, мөндүр жаады погода стала ветреной, и пошёл град;
2. то же, что желден- 1;
желдеп келеличи давайте-ка немного проветримся, освежимся;
жуунуп муздак сууга, басты желдеп стих. умывшись холодной водой, он ходил (чтоб) проветриться;
3. перен. широко распространяться;
атагым журтка желдеген фольк. слава обо мне распространилась среди народа;
4. то же, что желден- 2;
тамыры желдеп турат тяньш. у него температура повышена.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛДЕЙБОЗ — эпизоддук кейипкер, Көз-камандардын бири. Кыргыздар чабылганда сүрүлүп кетип калмак болуп калган. Түбү кыргыз. Манастын аталаш туугандарынан. Манасты өлтүрүп келгиле деп Эсенкан атайын тапшырма менен жибергенде Ж. да тогуз уулу менен келген. Манаска алдап уу беришкенден кийин, Акаярды орго салып, Манастын ордосун талап алып, кытайга кайра качып баратышкан Көзкамандар Амбал тоону этектеп өргүп жатышканда кароолдо турган Ж. Бакай баштаган Манастын кырк чоросу аркасынан кууп жеткенин Көзкаманга кабарлайт. «Көзкамандар окуясынын» башында Чаңдуу аяк деген ат менен айтылып, Манаска уу беришкенден баштап Ж. делет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189 — 210; Курама варианты, 1. 267—292). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардын ичинде мындай ысымдагысы жок.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. обветриваться, подвергаться действию ветра; охлаждаться на ветру;
2. перен. возноситься, зазнаваться, мнить о себе;
желдеңге болуш болгон Семиз бала желденди, билемин деп, жалгыз даара стих. Семиз бала, став волостным управителем (рода) джелденг, зазнался, мол, я один всё знаю;
3. перен. стремиться, сильно желать; возбуждаться;
сен эмине желденип калгансың? что это ты так разошёлся?, что ты так беснуешься?
тамашаны көрүүгө желденгендер кыргыз арасында көп болот среди киргизов много таких, которые охочи посмотреть развлечения;
желденген кыз-келиндер, чогулуп, оюн салат охочие до забав девушки и молодухи собираются и устраивают игры.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. желде этишинин өздүк мамилеси. Көйнөгүнүн топчусун чыгарып, бир аз желденди. 2. өт. Күүлөнүү, көкүрөгүн көтөрүп менменсинген абалда болуу, желигүү. Томуктай эт жебесе да тамашасын көрүүгө желденгендер көп болот эмеспи (Жантөшев). Жабыккан, кылар иш жок жигиттери, Желденип, өздөрүнчө бүркүт болот (Токомбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛДЕҢБАЙ — кейипкер. Манаска келип кыргыз менен туруп калган калмак. Манасты баласындай көргөн Ж. «алты арам» Манастын бүлөсүн чапканда: «Калаабыз Манас барында, Көр Көбөш качан жан элең» — деп Көбөшкө каршы сөз айтат. Жга жинденген Көбөш аны карматып алып, мойнунан байлап сүйрөтүп өлтүрөт (Курама варианты, «Семетей», 14).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. прям. , перен. палач;
падышалык желдеттер царские палачи;
2. ист. рында (оруженосец), драбант (в этом значении наиболее часто встречается в богатырском эпосе);
желдет менен кароолчу телохранители и стражи;
Эсенканга кат берип, чоң желдетти жөнөттү фольк. написав письмо Эсенхану, он отправил старшего телохранителя.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Эзүүчүлөр тарабынан өлүм жазасына тартылгандарды өлтүрүү, уруп кыйноо кызматын аткарган адам, баш кесер. Желдеттерге кердирип, Сазайымды бердирип (Тоголок Молдо).
2. тар. Кандайдыр бир жогорку мансаптагы адамды, көбүнчө монархты кайтаруучу сакчы, аны ээрчиген, тейлеген адам. Үй көтөрүп, бээ союп, Желдеттерин ээрчитип (Тоголок Молдо).
3. өт. Ырайымсыз, таш боор, зулум. Биздин жерге желдеттин Буту эркин баса албайт! (Аалы).
ЖЕЛДЕТ II желде этишинин аркылуу мамилеси.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛДЕТ (арабча жаллад) — аким, эмирлердин буйругу боюнча өлүм жазасына же башкача бир өкүмүн жүзөгө ашыруучу кызматкер. Эпосто ушул маанисинде жана кызматчы жигит маанисинде учурайт: «Анда желдет кеп айтат, Ачууланып бек айтат» (Сагымбай Орозбаков, 3. 358).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эзүүчүлөр коомунда өлүм жазасына тартылгандарды өлтүрүп, уруп кыйноо кызматын аткарган адам, баш кесер. Бул кара мүртөз желдеттер өлтүрүп коюудан да кайра тартышпайт (Абдукаримов). Желе баскан желдеттер машкедей жойлошуп, Таабалдынын колу-бутун кишендешип түн катырып айдашты (Бектенов). 2. Кызматчы жигит. Желдет болуп барганы («Манас» С. О.). 3. тар. Кандайдыр бир жогорку мансаптагы адамды, көбүнчө монархты кайтаруучу сакчы, аны ээрчип, көбүнчө зордук-зомбулук көрсөтүүчү кызматкери, жигити. Желдеттер тепсеп кетпесин, Алтын такка тура тур («Эл адабияты»). Үй көтөрүп бээ союп, Желдеттерин ээрчитип (Тоголок Молдо). Кырк вазир, кырк жигит, Кырк желдетиң дагы бар (Токтогул). Кандын желдеттери «алал зекет», «түндүк зекет» дедиртип налогдорун жыйнашкан («Ала-Тоо»). Атын желдет алганы («Манас» С. О.). 4. өт. Киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган ырайымсыз, таш боор, канкор. Биздин жерге желдеттин, Буту эркин баса албайт! (Токомбаев). Чоң желдетин жиберип («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлмөнүн абасын жаңыртып туруу үчүн жасалган терезенин ачылып-жабылган көзү. 2. Ысык кезде бөлмөдөгү абаны салкындатууга атайын арналып жасалган курал, вентилятор. 3. Өндүрүш орундарын желдетүүдө аэропровод же трубопроводдор менен ташууда ж. б. абаны же башка газдарды жылдырып отуруп орун алмаштыруу үчүн алардын ашык кысымын туудура турган курал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кабат-кабат шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү. Желдиги жок ат минсең, Өркөч, бели жоор болот (Осмонкул). Алты кабат бир желдик Айлана басып капшырдым (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Желдиги жок ат минсең, өркөч, бели жоор болот» (Осмонкул). Бул — ээр токумдун бир бөлүгү. Тердиктин үстүнө коюлат. Ал — ээрдин эки каптаргасына кынала өлчөнүп жасалган кош кийиз. Муну чеберлер эки-үч каттай катуу шырып жасайт. Анын кайыштан кошогу болот. Бышык болушу үчүн мунун сыртына көбүнчө булгаары капташат. Көчмөңдүү турмушта кыз-келиндер токулуучу желдиктин бурчтарын жылдызчалап чегелеп, ээрдин астынан жалтылдап көрүнүп тургандай кылып койгон. Ал «музтердик» деп аталат. Муну айрым жерлерде «ээрдин жаазы» дейт. Анын оң жагы ээрдин оң актасына, сол жагы ээрдин сол актасына кынаптала түшө турган белгилери болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кат-кат кылып шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү. Алты кабат бир желдик, Айлана басып капшырды (Бөкөнбаев). Желдиги жок ат минсең, Өркөч, бели жоор болот (Осмонкул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Токулганын биринен болгон желдик сөзүн тердик сөзү менен салыштырып, тердик сөзү тер+дик бөлүктөрүнөн турарына таянып, желдик сөзүн да жел>дик деген морфемаларга ажыратууга болот. Бирок мунун жел уңгусунун мааниси эмнени билдиргени белгисиз бойдон калат. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде желдик сөзү жагелдирик (жәгәлдирик) болуп да айтылат (Юдахин, 210). Ушуга караганда сөздүн алгачкы формасы жагалдырык түрүндө болгон деп эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Сөздүн уңгусун түзгөн жагал сөзү алгачкы такал этиши болгон. Сөз башындагы т тыбышы й тыбышына өтүшүнүн натыйжасында такалдырык деген сөз йакалдырык> йагалдырык>йәгәлдирик>желдик болуп өзгөргөн. Желдиктин жээги кырданып, саал дөмпөйүп турат. Ошондуктан ээр ал кырууга такалып, алга же артка жылып кетпей, ээрдин эки капталы менен бирге болот. Кыргыздын «найза саймак эрдиктен, ат жоорутмак тердиктен» макалы кыруусу начар тердиктен ээр чыгып кетишине же тердиктин жука жасалышына байланыштуу айтылган. Сөзүндүн аягында келген -дырык мүчөсү кыргыз тилинде көмөлдүрүк, тамандырык, кычкылдырык, сагалдырык, моюнтурук, кескелдирик, бөлтүрүк, көкүлдүрүк, булдурук, чымылдырык, түйүлдүрүк, кыпчылдырык сыяктуу сөздөрдө кездешет. Айрым сөздөрдө -дырык мүчөсүн кыскартып, -дык түрүндө айтууга да болот. Мисалы: суулдурук – суулук, чымылдырык – чымылдык, кашкалдырык – кашкалдык, кыпчылдырык – кыпчылдык, кычкылдырык – кычкылдык ж. б. Ушуга караганда азыркы кыргыз тилиндеги -дырык жана -дык мүчөлөрү чыгыш теги боюнча бирдик түзөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. 1. Ыр уйкаштыгындагы ар кылдуулук, уйкаштыктын бир формасын (шыдыр, аттама, жуп, аксак уйкаш) карманбай, ыңгайына жараша ар түрдүү уйкаштыкка салып ыр куроочулук. 2. Мазмундук байланышка караганда уйкаштык байланыш биринчи орунга коюлуп, бир эле ойду бир канча вариацияга салып желдирип ыр куроочулук. «Алтындай сака калчадың ботом, Айлыңа жетпей чарчадың ботом, Күмүштөн сака калчадың ботом, Күнүңө жетпей чарчадың ботом» («Карагул»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о погоде, месте) ветреный;
күн желдүү болуп турат стоит ветреная погода;
желдүү жер место или местность, где дует ветер;
2. перен. ветреный, легкомысленный;
желдүү жигит ветреный парень;
желдүү болсо боз бала, аны акыр мактаба, - жетпес анын акылы тамашадан башкага стих. если паренёк легкомыслен, ты его не хвали, его ума хватает только на развлечение;
3. этн. (о пище) то же, что суук (см. ысылык 2).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жел жүрүп турган, жел согуп турган. Сары өзөн жумшак желдүү салкын жайда... (Осмонов). Күн желдүү болуп турат. 2. өт. Мүнөзү жеңил, көкүрөгүн өргө айдаган, желикме. Желдүү боз бала. Желдүү жигит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
желе I
1. привязь для жеребят (натянутая между двумя колышками);
2. привязь для скота;
желеде малым, уюм деп, сандыкта зарым, булум деп фольк. на привязи у меня, мол, скот, коровы, в сундуке у меня, мол, золото, деньги;
желеси менен бээ берем фольк. я дам косяк кобылиц;
өрүштөн кыркпа желемди, өксөтпө курган энемди фольк. не перерезай привязь на моём пастбище (т.е. не лишай меня скота), не доводи мою мать до горьких слёз;
желе узарт- увеличить количество скота (букв. удлинить привязь);
туугандары жергелеш конушат, желесин узартышат их родичи селятся рядом и тем увеличивают (в данном месте) количество скота;
3. силки, расположенные в ряд;
4. паутина;
жөргөмүш желе тартыптыр паук протянул паутину;
желе тарт- вытягиваться в ряд, двигаться вереницей;
каркыра-туруна, желе тарт! журавли, вытягивайтесь в ряд! (напутствие, которым дети сопровождают отлетающих журавлей);
желе тартып, каркыра, чубай учкан чуркурап стих. летят вереницей журавли один за другим и курлыкают;
желе бою келгенде когда подъехал (подошёл) почти вплотную;
жез кемпирдин желеси или көк желе радуга.
желе II
желе.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1.Эки башы эки казыкка керилип, көбүнчө саала турган бээлердин кулундары тизмектелип байлануучу аркан. Желе тартып бээ байлап, Жердеген колхоз айылы (Бөкөнбаев). [Күмүшай].. көнөгүн каруусуна илип, желеге карай басты (Аалы).
  1. 2.           Жөргөмүштөн бөлүнүп чыгарылган жабышкак суюктуктан пайда болгон жипчелер аркылуу тордолгон тор. Жөргөмүш желе тартыптыр. Жөргөмүштүн желеси.
  2. 3.           Кырка тизмек, катар. Каркыра-турна желе тарт. Келе жаткан кербендей желе тартып (Үмөталиев).

¨ Жез кемпирдин желеси к. кемпир.
ЖЕЛЕ II зат. Жемиштин суусунан жасалган килкилдек таттуу тамак.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кулун байлаган желе менен жөргөмүштүн желеси, чымчыкка желе тарт деген учурдагы желе сөзүнүн эң алгачкы мааниси «тузак сыяктуу илмек» болушу мүмкүн. Анткени азыркы чуваш тилинде йала сөзү «тузак», «илмек» маанисинде гана айтылат (ЧРС, 120). Ушуга караганда алгачкы мааниси ал тилде сакталып кала берген. Кийин желе сөзүнүн мааниси кеңейип, «тузак» гана эмес, ага окшош жасалган нерселерди, маселен, «кулундун желесин» туюнтуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки башы эки казыкка керилип, көбүнчө саала турган бээлердин кулундарын тизип байлай турган аркан. Желе тартып, бээ байлап, Жердеген колхоз айылы (Бөкөнбаев). Желеден айгыр минишип («Манас» С. К.). Топ-топ болуп бир басып, Желеге барып бээ саашып («Эл адабияты»). Күмүшай көнөгүн каруусуна илип, желеге карай басты (Токомбаев). // Убактылуу мал байлоо максатында керип тартылган аркан. Жакшы атасаң баланы, Желеси менен бээ берем («Сейтек»). Желеңде калды чүлүгүң (Тоголок Молдо). Желеден өзүң тандаган жалдуу жылкы кармап жетелет (Сыдыкбеков). Желедеги уйлар кулгуп кепшеп көздөрүн сүзөт (Жантөшев). 2. Жөргөмүштөн бөлүнүп чыгарылган жабышкак суюктуктан пайда болгон жипчелер аркылуу тордолгон торчо. Жөргөмүш желе тартыптыр. Тамдын бурчунан жөргөмүштүн желеси көрүндү. 3. Кырка тизилген тизмек, катар. Келе жатат жолоочулар тынымсыз, Каркырадай желе тартып чубалып (Бөкөнбаев).

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(анат.) белоктук без; жумуртканын агын чыгаруучу без, жыныстык бездердин кошумча бир бези. Ж. вилочковая — к. Вилочковая железа. ж. Гермафродитная (анат.) — кызтекелик без, аталык жана энелик клеткаларды жаратуучу без; ж. Глазная (анат.) — көз бези, сөөлжан сымак айбандардын баш жагында болот; ж. Гроздевидная (морф.) — тобурчаксымак без, түзүлүшү тобурчакка окшош без; ж. грудная — к. ж. молочная; ж. зобная — к. Вилочковая железа; ж. лимфатическая (анат.) — лимфа бези, тикен терилүү деңиз жандыктарынын амебоцит клеткаларын жаратуучу без; ж. Молочная (анат.) — сүт бези, желиндүү айбандардын сүт жаратуучу бези, желин; ж. ножная (анат.) — бут бези, сууда жашоочу кээ бир үлүлдөрдүн бутундагы без, былжыр чыгарат; ж. паращитовидная — к. Железы околощитовидные; ж. паутинная (анат.) — желе бези, жөргөмүштүн желесинин суюктугун чыгаруучу без; ж. поджелудочная (анат.) — уйку бези, желиндүү айбандардын айланчык (үч таман) ичегисинин жанында жаткан, тамак эритүүчү ферменттерди жана бөтөнчө гормон, инсулин жаратуучу без; ж. предстательная (анат.) — простата бези, желиндүүлөр классындагы эркек айбандардын бездеринин бири; ж. преутеральная (анат.) — жатын алдындагы без, жумуру мите курттардын жыныс органдарына жакын жаткан бир бези; ж. Синусная (анат.) — синус бези, крабдын ички секрециялык органдарынын бирөө; ж. Скорлуповая (анат.) — кабык бези, жумуртканын кабыгы болуучу затты чыгаруучу без, ж. Хвостовая (анат.) — куйрук бези, жумуру мите курттардын, мисалы, аденофореялардын куйругунун учундагы бездер, ж. цементная (анат.) — цементтик без, пипа бакаларынын көнөкпаштарын бир жерге жабыштырып туруучу орган; ж. шейная (анат.) — моюн бези, жумуру мите курттардын моюн жагында жаткан без, ж. щитовидная (анат.) — калкан сымак без; желиндүү айбандардын мууздоосунун үстүндө жаткан, гормон жаратуучу без; ж. клетки (цит.) — без клеткалары, бездерди түзүүчү клеткалар, бездердин функциясына жараша клеткалардын формалары да ар кандай болот; ж. орган (анат. ) — безден турган орган, без клеткаларынан жаралган орган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕМИРЖОЛ УНААСЫ – башкарууну транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жүзөгө ашырган жалпы пайдалануудагы транспорттун түрүнүн бири, өзүнө кирген өндүрүштүк жана социалдык багыттагы уюмдары бар бирдиктүү өндүрүштүк-техникалык топтолгу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. железо-го т.,
железный лом темир сыныгы;
железная кровать темир кровать;
железная крыша тунуке чатыр (үйдүн чатыры);
2. перен. (твёрдый непреклонный) темирдей, мыкты, катуу, чың;
железная воля темирдей кайрат, катуу кайрат;
железная дисциплина темирдей катуу дисциплина; катуу тартип;
3. перен. (сильный, крепкий) темирдей, мыкты, катуу, чың;
железные мышцы темирдей булчуңдар;
железное здоровье мыкты ден соолук;
железная дорога темир жол;
узкоколейная железная дорога тар колеялуу темир жол;
подземная железная дорога жер астындагы темир жол;
железный век ист. темир кылымы;
железное дерево бот. темир жыгач;
железный купорос хим. темир купоросу;
за железной решёткой түрмөдө.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. темир; тунуке (листовое, кровельное);
2. собир. темир-тунукеден жасалган буюмдар, темир-тезек;
3. мед. темир (дарынын бир түрү);
куй железо, пока горячо посл. темирди кызуусунда сок.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(анат.) бездер; организмдин биохимиялык процесстерине жана физиологиялык функцияларына катышуучу бөтөнчө заттарды жаратуучу органдар. Ж. анальные (анат.) — анус бездери, кээ бир муунакбут жандыктар коргонуу заттарды арткы тешигинен бөлүп чыгаруучу бездер; ж. андрогенные (анат.) — андрогендик бездер, эркектик кийинки белгилерди калыптоого себепкер гормондорду жаратуучу бездер; ж. антеннальные (анат.) — антенналык бездер, рак сымалдуулардын заара чыгаруучу бездери; ж. бронхиальные — колко бездери; былжыр чыгаруучу бездер, ж. бруннеровы (гист.) — Бруннер бездери; айланчык (үч таман) ичегинин былжыр челиндеги бездер; ж. височные (анат.) — чыкый бездери, жыландын уу жаратуучу бездери, ж. внешней секреции (физиол.) — сырткы секреция бездери, заттарын түтүкчө аркылуу чыгаруучу бездер, ж. внутренней секреции (физиол.) — ички секреция бездери, гормон жаратуучу бездер; ж. восковые (анат.) — мом бездери, мом затын жасоочу бездер; ж. выделяющие кислоту (анат.) — кычкылдык чыгаруучу бездер, мисалы, үлүлдөрдө болот; ж. головогрудые (анат.) — баш көкүрөк бездери, чалгыбут жөргөмүштөрдүн коргонуу суюктугун жаратуучу бездер; ж. желудка (анат.) — карын бездери, карындын зилин жаратуучу бездер; ж. кишечника (анат.) — ичеги бездери, ичегилердин зилин жаратуучу бездер; ж. клейкие (анат.) — желимдүү бездер, кээ бир үлүлдөрдүн желим жаратуучу бездери, ж. кожные (анат.) — тери бездери, ар кандай айбандардын тери бездери ар түрдүү функция аткарат, мисалы, кээ бир амфибиялардыкы уу чыгарат; ж. коксальные (анат.) — көчүк бездери, муунакбут жандыктардын кээ бир тукумдарында калдык бөлүп чыгаруучу функцияны аткаруучу бездер; ж. лобные (анат.) — маңдай бездери, боолукбут жөргөмүш сымалдуу жандыктардын бир органдары; ж. максиллярные (анат.) — максилла бездери, жаак бездери, рак сымалдуулардын бездери; ж. мускусные (анат.) — мускустук бездер, сасык зат чыгаруучу бездер, мисалы, сасык таш бакада болот; ж. носовые (анат.) — мурун бездери, игуаналардын денесинен туз бөлүп чыгаруучу бездер; ж. околоушные (анат.) — тарсылдак бездери, кулак бездери, кулактын тарсылдагын сыртынан жаап жаткан, шилекей жаратуучу бездер; ж. околоушные ядовитые (анат.) — тарсылдактын уулуу бездери, курбаканын кулагынын жанындагы уулуу бездери; ж. оолошиговидные (анат.) — калкан сымак бездердин жандоочтору, калкан сымак бездердин үстүндө жаткан бөтөнчө майда без эндокрин системасына кирет; ж. пахучие (анат.) — жыттуу бездер, кээ бир жандыктардын, айбандардын жыты күчтүү заттарды жаратуучу бездери; ж. пищеварительные (анат.) — аш эриткич бездер, жем эриткич бездер, тамак эритүү үчүн керектүү заттарды жаратуучу бездер; ж. Половые (анат.) — жыныс бездери, жыныс клеткаларын жаратуучу бездер; ж. потовые (анат.) — тер бездери, желиндүү айбандардын көпчүлүгүнүн терисинде жайгашып, тер жаратып, сыртка чыгарып туруучу бездер; ж. предротовой полости (анат.) — ооз босогосундагы бездер, муунак бут жандыктардын, мисалы, жөргөмүштөрдүн тамак эритүүчү заттарды жаратуучу бездери, ж. Прядильные (анат.) — жибек жасоочу бездер, жибек курттардын жибек суюктугун жаратуучу бездер; ж. "ректальные" (анат.) — "ректум" бездери, каскак жандыктардын суу соруучу бездери; ж. сверлильные (анат.) — көзөгүч бездер, кээ бир мите үлүлдөрдүн кабык көзөөгө жардам берүүчү бездери; ж. слезные — жаш бездери; көздүн жаш суюктугун жаратуучу бездер; ж. слизистые (гист.) — былжыр бездери, былжырдуу челдердин былжыр жаратуучу бездери; ж. цементные (анат.) — цемент бездери, чаптоочу желим жаратуучу бездер; ж. шелкоотделительные — к. Железы прядильные; ж. ядовитые (анат.) — уу бездери, айбандардын, жандыктардын уу жаратуучу бездери.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. флаг;
2. лёгкая верхняя мужская одежда (на подкладке и без стёжки);
3. детская безрукавка;
4. (в эпосе) наконечник флагштока;
желеги алтын туу фольк. знамя с золотым флагштоком;
5. ист. то же, что байрак 2 (но вместо пики шест, а вместо бунчука кусок материи);
желегим моя надежда, моя опора (ласк. обращение к маленькому сыну; букв. бунчук мой!);
аркамда калган желегим, алты жашар белегим фольк. ты, оставшийся после меня, моя надежда, мой дар шестилетний;
найзага таккан желегим, асылдан калган белегим! фольк. ты мой бунчук на копье, ты мой дар, оставшийся от моего дорогого! (т.е. от мужа).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Түрлүүчө түстөгү, формадагы кездемени таякка же узун жыгачка байлап, бир нерсенин белгиси, символу катарында колдонула турган байрак. Желек көтөрүп жүргөн келин Настен эле (Убукеев). Кызыл желек.
ЖЕЛЕК II зат. диал. Эркектердин кебез салынбай тигилген жука күрмөсү. Бир маалда.. үстүнө ак желек кийген.. жигит келди (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түрдүүчө формадагы жана түрдүүчө түстөгү кездемеден таякчага же узун жыгачка байланып, бир нерсенин белгиси, символу катарында колдонула турган байрак, тилке кездеме. Желек көтөрүп жүргөн келин Настен эле (Убукеев). Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап (Тоголок Молдо). Аттын келер жолуна, Ак желек алсын колуна («Манас»). Бул күндө Октябрдын ийген кези, Кедейге кызыл желек тийген кези (Токомбаев). Желеги алтын туу менен («Манас» С. О.). 2. Желекче. Найзага таккан желеги, Аяш атаң Алмандын («Манас»). Сары желектерин булгалактатып, сурнайларын созолонткон вагончулар камбыл кыймылдоодо (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желеге байлоо, желеге тизүү. Желелеп кулун байлаган. 2. Желе тартуу, желе жасоо, желе тор пайда болуу. Чаң басып, жөргөмүш желелеп, өңү өчкөн буюмдар эсимде («Ала-Тоо»). 3. Катар тизүү, катарлашып тизмектелген абалга келтирүү. Желелеп жибек түйөрмүн, Кеминде жети жылы күйөрмүн («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желик I
трусца, лёгкая рысь (ход лошади);
желиги жакшы ат лошадь с хорошей (мягкой) рысью.
желик- II
раззадориться, не знать удержу;
өз атыңды мингенсип, өз тонуңду кийгенсип, эмине мынча желиктиң? фольк. что это (ты) так разошёлся, будто сел на своего коня, будто надел свою одежду?
жейрен болсо, аталы, желиккенди басалы фольк. если будут джейраны, постреляем, душу отведём (букв. своё возбуждение успокоим)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ээлигүү, токтоно албоо, делебеси козголуп, бир орунга тура албоо, күүлөнгөн, эргиген көңүлдө болуу. Акылы жарым азамат, Алты сом тапса желигет (Осмонкул). Желигип калган экенсиң, Жериңден жетик кол жыйып, Ээлигип калган экенсиң («Манас»). Совет өкмөтү чыккандан бери бала да, чоң да окуу деп желигет (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсени жабыштыруу, чаптоо үчүн колдонулуучу жабыштыргыч зат; клей. Сары желим. Желим кыл.
¨ Ичкени ирим, жегени желим болуу — ичкен-жегени аш болбоо, тынчы кетүү санааркап, айласы кетүү. Эми алардын ичкени ирим, жегени желим болот (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Чиркей сыяктуу чага турган майда чымын. Чиркейи да чагат, көгөнү да кан сорот, жадаганда желимчи да тынчтык бербейт (Аалы).
ЖЕЛИМЧИ II зат. Желим жасоочу, желим сатуучу адам. Кадакчы менен желимчи, Куюшкан, жүгөн өрүмчү («Кедейкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чага турган майда чиркейдин бир түрү. Чиркейи да чагат, көгөнү да кан сорот, Жадаганда желимчи да тынчтык бербейт (Токомбаев). Мындай фонарлар чиркей, желимчи сыяктуу зыяндуу курт-кумурскаларды жоготуу үчүн эң пайдалуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вымя;
кара желин сухое вымя, вымя без молока;
уй кара желин тууптур корова отелилась, но молока у неё нет;
куу желин уйлар малоудойные коровы;
желин сал- набирать вымя (напр. о корове перед отёлом);
желин кап подвязка на вымени овцы, не дающая ягнёнку сосать;
2. сосок вымени;
желини карыш бээ кобылица с длинными сосками.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сүт эмүүчү айбандардын (мисалы, уйдун, койдун ж.б.) эмчектер аркылуу сүт чыгара турган сүт бези. Бээлердин желиндери жарылып кетмек болду (Сыдыкбеков). Байлоодо жулунуп турган музоо томураңдаган бойдон барды да, энесинин желинин сүзүп алды (Убукеев).
Желин салуу — желини чоңоюу, желиндөө (тубарына жакындаган бооз мал жөнүндө). Ой Калыйпа, билбейсиң, Арык кой желин сала албайт (Осмонкул). Кара желин — сүтү аз, сүтү кем желин. Эчкиче опо бербеген Кара желин уйлардан Каймак сүтүн алышат (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүт эмүүчү жаныбарлардын (уй, кой, жылкы ж. б.) сүт бездери орун алып, сүт жыйноочу эмчектүү органы. Желининде чака-чака сүтү бар, Өгүзүндө атан төөнүн күчү бар (Осмонкул). Уйлар басса желини чатына батпай ары-бери чайпалат (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көпкөлөң тартып, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей журуп, бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келуу, жини кагылып, козу ачылуу, мурдагысындай болбой калуу. Дардаңпостун жели чыксын дегенби, Тоймат кескин жооп кайтарды (Каимов). Желиң чыгып, демиңдин бөксөргөнү ушул (Сасыкбаев). Ошентип, өзүнчө ээлигем деп жели чыккан Тазабек, журш башына оор күн түшкөндө да айлына анча арка-тирек боло алган эмес (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көпкөлөң тартып, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей жүрүп, бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келүү, жини кагылып, көзү ачылуу, мурдагысындай болбой калуу. Дардаңпостун жели чыксын дегенби, Тоймат кескин жооп кайтарды (Каимов). Желиң чыгып, демиңдин бөксөргөнү ушул (Сасыкбаев). Ошентип, өзүнчө ээлигем деп жели чыккан Тазабек, журт башына оор күн түшкөндө да айлына анча арка-тирек боло алган эмес (Сыдыкбеков). Эми жели чыккан, Поп, молдо, душман (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желиш I
и. д. от жел- III
трусца, лёгкая рысь (ход лошади);
бөрү желиш волчья переступь (ход лошади);
калмак желиш тряская рысь;
бөкөн желиш размеренная, спокойная рысь;
кара желиш быстрая рысь;
бүлкүлдөк желиш тихая и мелкая трусца, спокойная трусца.
желиш- II
взаимн. от жел- III
совместно бежать лёгкой рысью, трусцой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. затылок, загривок;
чачын желкесин көздөй тарап зачесав волосы назад;
желкенин чуңкуру затылочная впадина;
көк желке место соединения шеи с затылком;
2. кожа затылка, загривка;
жээн эл болбойт, желке тон болбойт погов. жээн (см.) сородичем не станет, загривок на шубу не годится;
3. зад, задняя часть, задняя сторона чего-л.;
айылдын желке жагында за аулом;
коломтонун желкеси противоположная от входа сторона очага в юрте;
коломтонун желкесине келип олтурду он подошёл и сел за очаг (т.е. на почётном месте);
желкесинин чуңкуру жок скупой, неотзывчивый;
үйүн желкемдин чуңкуру көрсүн! ноги моей у него в доме не будет!;
жегени желкесинен чыгарылсын! чтоб ему подавиться (моим, твоим и т.д.) добром!;
элдин желкесине минип сидя на шее народа; эксплуатируя народ;
желке сугат с.-х. второй полив посевов;
желкесинен өткөрө тикте- см. тикте- 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. I. Моюндун арт жаккы бөлүгү, кежиге.[Эже].. уйпаланган чачын сылап, желкесине кайрыды (Байтемиров). Бай баласы муштап кетсе желкеге, Төгүп жашын, мөгдөп жерди караган (Бөкөнбаев).
  1. 2.           Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт (макал).
  2. 3.           Арт жак, бир нерсенин арка жагы. Айылдын желке жагында. Копер мунарасы дөбөнүн желкесинде болучу (Сасыкбаев). Бул таштын желкесине салган короо (Маликов).

¨ Желкемдин чуңкуру көрсүн к. чуңкур.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Моюндун арт жаккы бөлүгү, шили, кежиге. Эне уйпаланган чачын сылап, желкесине кайырды (Байтемиров). Бай баласы муштап кетсе желкеге, Төгүп жашын, мөгдөп жерди караган (Бөкөнбаев). Базыл малакайын желкесине түшүрө кийип, адырайып тиктеп турат (Касымбеков). 2. Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы, шили жагы. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт (макал). 3. Бир нерсенин арка жагы, арт жагы. Копер мунарасы дөбөнүн желкесинде болучу (Сасыкбаев). Бул таштын желкесине салган короо (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желкеден алуу, желкеден кармоо.
2. Бирөөнү алдына салып айдап алуу, бир жакка барууга, иштөөгө, айтканына көнүүгө аргасыз кылуу. Солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). «Баскын» деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. идти сзади;
кырк желдетим жетелеп, кырк увазир желкелеп фольк. сорок моих телохранителей впереди, сорок министров позади;
2. нести на загорбке;
желкелеп алып кет- унести, посадив себе на шею, на загорбок;
3. бить по затылку, по загривку;
эми желкелеп мени минбейсиң фольк. (говорит конь) теперь ты уже не будешь ездить на мне и хлестать по загривку;
кайын энем урса желкелеп, солубайбы жаш өмүр убагы-нан эртелеп! фольк. разве не завянет рано моя молодая жизнь, если свекровь будет бить по затылку!;
4. сев. с.-х. давать посевам второй полив.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желкеден алуу, желкеден кармоо. Томаякты желкелеп, Бай көрсөткөн мушту айт (Барпы). 2. Бирөөнүн артынан түшүп, ыкыстатып, демитип алуу, алдына салып айдап алуу. Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Баскын деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул). 3. Ыкыстатып жакын кирип келүү, аз калуу, жакын калуу, чукулдап калуу. Ошентип бул окуя жашым алтымыштан ашып, жетимишти желкелей барганда башыма келип отурат («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Такыр көрбөйүн, ага кайрылбайын, экинчи көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көргүм келбейт, экинчи муну көрбөйүн, мындан ары көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Экинчи бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн (Бөлөкбаев). Адам сөөктөрүн көргөндө көздөрү чанагынан чыгып, экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн деп, качып жүргөндөр андан көп (Бейшеналиев). Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев). В.: Көрөйүн деген көз желкенин чуңкурунда. Базарбайдын Акылбекти көрөйүн деген көзү желкесинин чуңкурунда.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуусу келүү, тырчый түшүү. Желкеңиз тырышпасын тууган. Сиздин оюңузча, ал киши оокат да жебесинби? («Чалкан»). Менин тилимен чыкпаган Субандын бул ишине таң калып, желкем тырыша түштү. Көрсө, сууну ылайлаган киши бар экен (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ачуусу келуу, тырчый түшүү. Желкеңиз тырышпасын тууган. Сиздин оюңузча, ал киши оокат да жебесинби? («Чалкан»). Менин тилимен чыкпаган Субандын бул ишине таң калып, желкем тырыша түштү. Көрсө, сууну ылайлаган киши бар экен (Жантошев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жакты карай жапырыла жыгылып сеңселүү, желп-желп этип бир калыпта теңселгендей абалда болуу. Жер кыдырып жел жүрсө, Желкилдеп турган жекени («Семетей»). Желкилдеген төө жедиң, Желини карыш бээ жедиң (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жеңил мүнөз, туруксуз. Жел колтук, ала көөдөн, ала канат Үчөө тең бир мүнөздөн орун алат (Тоголок Молдо). Дал ошо жел колтуктар... өзүңүз эшиткен жанытма казалдарды какшап жаттагандары мындай турсун, ...не бир шумдуктарды таркатууда (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жеңил мүнөз, туруксуз. Жел колтук, ала көөдөн, ала канат, Үчөө тең бир мүнөздөн орун алат (Тоголок Молдо). Далай жел колтуктар... өзүңүз эшиткен жанытма казалдарды какшап жаттагандары мындай турсун, ...не бир шумдуктарды таркатууда (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛКЫЗЫЛ — Тейиш кандын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта байгелүү орунду ээлеген тулпар катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).

Киргизско-русский словарь Юдахина
миф.
верблюд-скакун, верблюд, отличающийся быстрым ходом, неутомимостью и силой;
агар алтын, ак күмүш, Желмаян, билге жүктөп кет фольк. чистое золото, белое серебро увези, навьючив на Желмаян'а, на слона.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛМАЯН — төөнүн күлүгү. «Манас» эпосундагы зооморфтук образдардын бири. Байыркы кыргыздарда төө урмат-сыйга ээ. Илгери ал ботологондо сүйүнчүлөп, жентек беришчү. Аны адам сыяктуу эле ботосу өлсө же жоголсо кайгы тартууга, ал эмес жоктоого да жөндөмдүү деп эсептешкен. Казактарда да ак төө ыйык деп эсептелет. Аны аябай бир кубанычтуу учурларда курмандыкка чалышкан. Эки элдин диний ишениминен орун алган жогоркудай жалпы көз караштар алардын көркөм ойлоосунда окшош мотивдерди жараткан. Дегеле кыргыз фольклорунда Ж-дын образы аңыз-уламыштан баштап, «Манас» эпопеясына чейин орун алган. Манас өлгөндө Ж. «Аза күтүп, ээй, от жебей, Армандуу болуп ээй, суу ичпей» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 223), чөгүп, "адам сыяктуу кайгы-муңга батат. Семетей эр жетип элине келе жатканда алдынан тосуп чыгат жана аны ал курмандыкка чалганда: «Караса көзгө илинбейт, Кайда экени билинбейт... Жерге тамган каны жок, Желмаяны дагы жок» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 548-инв., 154-б.), кайып болуп жоголуп кетет. Эпос боюнча Ж. жөнөкөй эле төө эмес, аны Манаска Шай ата (Шаймерден) кайыптын элинен алып келгенин айтып тапшырат. Айрым этнографиялык маалыматтарга караганда кыргыздар кээ бир касиеттерин адамга окшоштурушкан, ага арнап ар түрдүү ырым-жырымдарды иштешкен. Ошондуктан мындай түшүнүктөр качандыр бир убактарда төө кыргыздарда (түркмөндөр сыяктуу) тотем болгондугун айгинелейт. Касиеттүү эсептелип, сыйынуунун объектилеринен болгон жер-суу, тоо-таш, булак ээлери да ак тайлак делип, төөгө байланыштырылгандыгынан да тотемдин калдыгын көрүүгө болот. Ж. кайып болуп кеткенден кийин бейшемби, жума күндөрүндө Манастын күмбөзүнө келип тургандыгы айтылат. Демек, эпостун негизги варианттарында баяндалган Ждын образы Манастын күмбөзүнүн колдоочу ээси катары элес берет.
С. Алиев

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Төөнүн ургачысынан чыккан күлүгүн желмаян деп коёт. Мая сөзү «ургаачы төө» маанисинде казак, өзбек тилдеринде колдонулат. Кыргыз тилинде анын аягына артык баш н тыбышы кошулуп, маян түрүнө келген. Кыргыз тилинде жел сөзү айрым сөздөрдүн астына келип айтылат: «жел таман» десек, «көп басканды жакшы көргөн, бир жерге тура албаган» деген маани берет. Жел өпкө десек, «мактанчаак» деген маанини түшүнөбүз. Желмаян сөзүндө да жел сөзү «желдей сызган күлүк» деген маани берет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Төөнүн түрү – күлүк жана чыдамдуу, күчтүү төө. Желмаянды чөгөрүп, Жез казанды көмкөрүп («Манас» С. О.). Жекейбоз тон кийгизип, Желмаянды мингизип («Сейтек»). Жети куржун бүктөтүп, Желмаянга жүктөтүп («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. миф. баба-яга;
жети баштуу желмогуз семиглавая баба-яга;
жети баштуу желмогуз болот, анын жети башын тең кыя чапмайынча өлбөйт есть семиглавая баба-яга, она не умрёт, если не отрубить семь её голов;
2. перен. обжора.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жок нерсеге ишенген адамдардын түшүнүгү боюнча: адамды жеп-жутуп жиберүүчү коркунучтуу жаныбар. Жалгыз көздүү желмогуз Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Ажыдаар болуп атырылат да, Желмогуз болуп умтулат (Шүкүрбеков).
2. Түрү суук, балакет; ырайымсыз, жырткыч. Диндин өкүлдөрүн Токтогул желмогуздай көргөн (Бөкөнбаев). Жалгызынан айрылган Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛМОГУЗ (түрк-моңголчо) — мифтик жандык. Көп элдердин фольклорунда киши кебетесиндеги Ж-дун образы кезигип, ал көпчүлүк учурларда башкы оң каармандар менен согушат. Адам баласынын байыркы мезгилдеги түшүнүгүнө байланышкан Ж-дун образы көп белгиси, аткарган кызматы жагынан түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында негизинен бирдей, окшош. Ал тургай мифтик бул кейипкердин ысымынын аталышынын үндөштүгү да алардын образынын теги бир экендигин айгинелейт. Мисалы, кыргыз мифологиясындагы Ж. казактарда «желмауз», өзбектерде «ялмогиз», алтайлыктарда «моңуз» («моос», «маңыз»), туваларда «маңгыс» («моос»), хакастарда «моос», моңголдордо «маңгас» («мангус»), буряттарда «мангадхай» деп аталат. Ж. элдик чыгармаларда тектеш, типтеш чагылдырылган менен көркөм образ катары улуттук мүнөздөгү айырмачылыктарга ээ. Алар дайыма элдик баатырларга каршы туруп, кыянаттык кылат. «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө чагылдырылган Желмогуз уулу Сарыбай дөө менен болгон күрөш (Курама варианты, «Сейтек», 210—229) бөтөнчө көркөм сүрөттөлүп, Ж-дун типтүү образы мүнөздөлөт. Ж-га каршы күрөш поэманын баатырдык багытын жогорку бийиктикке чыгарат. Сарыбай желмогуздун жеңилиши адилетсиздикти акыйкаттык, жамандыкты жакшылык жеңиши, эл мүдөөсүнүн жүзөгө ашышы болуп эсептелет. Бул сыяктуу жомоктук мифологиялык мотивдер Ж-дун эпосто чагылышын, учкул кыял көркөм сөздүн мыйзамына ылайык апыртмалуу, укмуштуу-кереметтүү жагдайда (сыпатта) баяндалышын көрсөтүп турат.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргыз, казак, элдеринин оозеки чыгармаларында картаң кемпир кебетесиндеги көпчүлүк учурда жети баштуу тири укмуштуу мифтик жандык. Байыркы түрк тилинде жел – карасанатай дух, жин-шайтандуу жандык. Бир желмогуз өттү деп («Манас» С. О.). Соргон сайын желмогуз түк тойбоду, Жумуруна али жук болбогондой (Үмөталиев). Жалгыз көздүү желмогуз, Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Жез кемпир сурап алып өгөөнү, Желмогузга бериптир, Төштүк («Эр Төштүк»). 2. өт. Түрү суук, ачкорок, соргок, залим, опкок, мыкаачы. Жалгызынан айрылган, Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»). Жетилип, кедей, кутулдуң, Желмогуздун оозунан (Токтогул). Желмогуз жетим тойбойт деп, Жек көрүмчү болорсуң (Осмонкул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз. Айдараалы жел өпкө мушташпаган киши калбагандыр (Абдукаримов). Жел өпкө көйрөң теңебейт Өзүн катардагы кишиге (Бейшеналиев). Бир жагынан жел өпкө жаштарды ээрчип кеткенине иренжиди (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз. Айдараалы жел өпкө мушташпаган киши калбагандыр (Абдукаримов). Жел өпкө көйрөң теңебейт өзүн катардагы кишиге (Бейшеналиев). Бир жагынан жел өпкө жаштарды ээрчип кеткенине иренжиди (Укаев). Жел өпкө көйрөң деген бар, Өпкөсү батпай ичинде (Тоголок Молдо). Айылдагылар аны Айдараалы жел өпкө деп аташчу (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
подражание лёгкому движению, лёгкому колыханию;
желп эт- колыхнуться, шевельнуться;
сакалы менен муруту желп эте түштү его борода и усы (от ветра) колыхнулись;
желп эткен жел чуть повеявший ветерок;
желп эткен жел, кылт эткен куурай, чыңылдаган чымындын баарынан коркот (из сказки) он боится всего: чуть повеявшего ветерка, хрустнувшей травинки, жужжащей мухи;
желп дегиз- колыхнуть, заставить колыхнуться.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I : жеңил-желпи — оңой, оңой-олтоң, оор эмес, ит бекер, анча убарасы жок. — Сиз үйлөнүүнү ошончолук жеңил-желпи нерсе деп ойлойсузбу (Каимов). Жеңил-желпи иштен койчудай иш табылар бекен? («Чалкан»).
ЖЕЛПИ II этиш. Ары-бери серпип желдетүү, шамалдатуу. [Жеңе].. колу менен
бетин желпиди (Убукеев). [Салык].. мадырайган башын калпагы менен желпип отурду (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ары-бери серпип желдетүү, шамалдатуу. Салык мадырайган башын калпагы менен желпип отурду (Каимов). Жеңе колу менен бетин желпиди (Убукеев). 2. Сапырган сыяктуу кылып экчөө, экчеп кебектерин, пыр-сырын учуруу. Чоң эне акшак желпип отурат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. развеваться;
желек желпилдейт флаг развевается;
2. (о верблюдё) трусить, идти мягкой трусцой;
желпилдеген төө жедиң, желини карыш бээ жедиң фольк. ел ты (мясо) верблюда с мягкой трусцой, ел ты (мясо) кобылицы с сосками (толщиной) в четверть.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Желге ыргалып желп-желп этүү, делбелектеп, ыргалган кыймылда болуу, желбирөө. Жыйылып үймөк чөптөр дөбө-дөбө, Желпилдеп желге эркелейт сайда камыш (Шүкүрбеков). Эки этеги желпилдеп, кулакчыны силкинди (Сасыкбаев). 2. өт. Токтоно албаган жеңил мүнөздө болуу, жеңилдик кылуу, ээлигүү, оолугуу. Жээниңмин деп желпилдеп, Жер чардаган эрсиңби? («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Желп-желп этип желге ыргалуу. Кең талаа, тым -тырс болду токтоп жели, Токтолду камыштардын желпингени (Үмөталиев). Бой теңешип эгин, кызылча, Желпинишет жерде өсүмдүк дүрүлдөп («Советтик Кыргызстан»).
2. Жеңилдик кылуу, мактанып, курулай күчөнүү, орду жок күүлөнүү. Кыйратып салган эмедей Кудаке сүйлөйт желпинип («Манас»). Желпинип катуу оолукту, Калыкбай менен Аманга (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от желпи- II
1. обмахиваться, овеваться;
2. перен. возбуждаться, горячиться;
эмне желпинесиң? ты что горячишься?
желпинбе! не горячись!;
жете келди эр Манас, желпине тосту кең Талас фольк. прибыл богатырь Манас, встретил его с душой весь Талас.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. желпи этишинин өздүк мамилеси. Бек көйнөгүн желпинип, скамейканы көздөй басты. (Каимов). 2. өт. Токтоно албоо, желпилдөө, жеңилдик кылуу, жеңил мүнөздө болуу, оолугуу, күүлөнүү. Оргу-баргы орой, желпинип жел өпкө, көпкөлөң, көйрөң болот (Убукеев). Кыйратып салган эмедей Кудаке сүйлөйт желпинип (Үсөнбаев). Желпинип катуу оолукту, Калыбай менен Аманга (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желпиниш I
и. д. от желпин-
возбуждение, сильное желание, стремление;
ылдам кадам - эпкин иш, зуулдаган желпиниш стих. быстрый шаг - ударная работа, стремительный бег.
желпиниш II
1. столкновение; встреча;
2. (чаще жердин түбү желпиниш или жер тугөнгөн желпиниш) край света, неизведанный страшный край (в эпосе, в сказках);
3. запад;
желпиниш менен күн чыгыш - өзүм чапкан жол эле фольк. запад и восток - это дорога, которую я сам проложил.
желпиниш- III
взаимн. от желпин-.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛПИНИШ — топоним. Эпосто күн батыш тагы жердин түгөнгөн чеги, бүтүшү:
Жер урунту Желпиниш
Ага кирип кетерсиң.
Канаты бардан жин жүрөт,
Кайраты бардан пил жүрөт
Андан бөлөк ким жүрөт? (Сагымбай Орозбаков, 3. 93)
— делип, жин-пери дөө сыяктуу жомоктук жандыктын жери катары сүрөттөлөт. Ж. барган жанды аман койбогон бороон-чапкын, шамалдын мекени, же түшкөн адам кайра чыга албаган туңгуюк маанисинде да айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. жетимурук деген мифтик элдин мекендеген жери, мифтик өлкө. «Жердин түбү Желпиништи жердеген Жаман элдин ээсине, Жарманас деген дөөсүнө» Манас карындашы Кардыгачты күйөөгө берет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 259—279).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. опахало, веер;
желпирүүн табак
1) тонкий поднос, который может служить и веером, опахалом;
2) черпак (лоток) для муки;
2. этн. большое неглубокое с тонкими стенками блюдо (служившее для очистки зерна провеиванием);
желпирүүн табак менен ыргачу, эми калбыр чыкпадыбы раньше очищали в желпирүүн'е, теперь появилось решето.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Салкындаш үчүн колдонулуучу бүктөлмө, жайык, жука кылып жасалган желпингич, желпүүгө ылайыкталган жазы, жука нерсе. Экөөбүзгө желпүүр болуп бүткөндөй, Жумшак желге ыргалганда дарагың (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Желпип салкындата турган же желдете турган, ар кандай желпигич нерсе, жыйналып бүктөлө турган, желпинүүгө туура келгенде жайылып жазы болуп кетүүчү, жука калакчалардан атайын ылайыкталып жасалган желпигич. Желпүүрүн кармап магдырап, Семиз бай шалдай жалдырап (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ишке ашпай турган, аткарылбай, орундалбай турган куру сөз, жалган сөз. Кайра куруу, жаңылануу, маалымдуулук, ачык айтып ак сүйлөө-мурдагыдай жел сөздөр эмес («Ленинчил жаш»). Бирок, жел сез жанга дары болмок беле (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куру сөз, орундалбай турган, аткарылбай турган жөн эле ооз көптүрүп айтылып коюлган сөз. Бирок жел сөз жанга дары болмок беле (Сыдыкбеков). Кайра куруу, жаңылануу, маалымдуулук, ачык айтып ак сүйлөө – мурдагыдай жел сөздөр эмес («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак. Жел таман желип-жортуп айылдап жүр. Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Арбакурган жел таман балдарды ээрчитип кайда кетип калды («Ала-Тоо»). 2. Жеңил мүнөз, туруксуз, шайкелең. - Анын эмнесине аза күтөсүң? Андай жел тамандар фронтовиктен айлансын! (Абдукаимов). Ал жел таман ойсоктогон мүнөздөрүнө жараша эң болбогондо коз жашы кылып тынуу керек («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак. Жел таман желип-жортуп айылдап жүр. Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Арбак урган жел таман балдарды ээрчитип кайда кетип калды («Ала-Тоо»). 2. Жеңил мүнөз, туруксуз, шайкелең. – Анын эмнесине аза күтөсүң? Андай жел тамандар фронтовиктен айлансын! (Абдукаимов). Ал жел таман ойсоктогон мүнөздөрүнө жараша эң болбогондо көз жашы кылып тынуу керек («Чалкан»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (становиться жёлтым) саргаруу, саргаюу;
листья уже желтеют жалбырактар саргара баштады;
2. (виднеться - о жёлтом) саргарып көрүнүү;
вдали желтела пшеница буудай алыстан саргарып көрүндү.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕЛТИЙБЕС — эпизоддук кейипкер. Эсенкандын атайын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан келген Көзкамандардын бири. Алооке кыргыздарды чапканда сүрүлүп кетип, калмак болуп калган. Түбү Манастын аталаш тууганы. Манаска алдап уу бергенден кийин аны өлдү деп, ордосун талап алышып кытайга кетип баратышканда аркасынан кууп жеткен кырк чоронун колунан өлөт (Курама варианты, 1. 267 — 292; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189—210).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Seriola) сары куйруктар; ставрида балыктарынын бир уруусу, булардын өкүлдөрү катары желтохвост кубинский (Ocyurus chrysurus) — Куба сары куйругу, ж. пятилучевый (Seriola quinqueradiata) — беш нурдуу сары куйрук ж. б. белгилүү.