ЖЕЛЕ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКулун байлаган желе менен жөргөмүштүн желеси, чымчыкка желе тарт деген учурдагы желе сөзүнүн эң алгачкы мааниси «тузак сыяктуу илмек» болушу мүмкүн. Анткени азыркы чуваш тилинде йала сөзү «тузак», «илмек» маанисинде гана айтылат (ЧРС, 120). Ушуга караганда алгачкы мааниси ал тилде сакталып кала берген. Кийин желе сөзүнүн мааниси кеңейип, «тузак» гана эмес, ага окшош жасалган нерселерди, маселен, «кулундун желесин» туюнтуп калган.