ЖЕЛЕК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Түрдүүчө формадагы жана түрдүүчө түстөгү кездемеден таякчага же узун жыгачка байланып, бир нерсенин белгиси, символу катарында колдонула турган байрак, тилке кездеме. Желек көтөрүп жүргөн келин Настен эле (Убукеев). Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап (Тоголок Молдо). Аттын келер жолуна, Ак желек алсын колуна («Манас»). Бул күндө Октябрдын ийген кези, Кедейге кызыл желек тийген кези (Токомбаев). Желеги алтын туу менен («Манас» С. О.). 2. Желекче. Найзага таккан желеги, Аяш атаң Алмандын («Манас»). Сары желектерин булгалактатып, сурнайларын созолонткон вагончулар камбыл кыймылдоодо (Сасыкбаев).