Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки башы эки казыкка керилип, көбүнчө саала турган бээлердин кулундарын тизип байлай турган аркан. Желе тартып, бээ байлап, Жердеген колхоз айылы (Бөкөнбаев). Желеден айгыр минишип («Манас» С. К.). Топ-топ болуп бир басып, Желеге барып бээ саашып («Эл адабияты»). Күмүшай көнөгүн каруусуна илип, желеге карай басты (Токомбаев). // Убактылуу мал байлоо максатында керип тартылган аркан. Жакшы атасаң баланы, Желеси менен бээ берем («Сейтек»). Желеңде калды чүлүгүң (Тоголок Молдо). Желеден өзүң тандаган жалдуу жылкы кармап жетелет (Сыдыкбеков). Желедеги уйлар кулгуп кепшеп көздөрүн сүзөт (Жантөшев). 2. Жөргөмүштөн бөлүнүп чыгарылган жабышкак суюктуктан пайда болгон жипчелер аркылуу тордолгон торчо. Жөргөмүш желе тартыптыр. Тамдын бурчунан жөргөмүштүн желеси көрүндү. 3. Кырка тизилген тизмек, катар. Келе жатат жолоочулар тынымсыз, Каркырадай желе тартып чубалып (Бөкөнбаев).