ЖЕЛ ӨПКӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз. Айдараалы жел өпкө мушташпаган киши калбагандыр (Абдукаримов). Жел өпкө көйрөң теңебейт Өзүн катардагы кишиге (Бейшеналиев). Бир жагынан жел өпкө жаштарды ээрчип кеткенине иренжиди (Укаев).