ЖЕЛИК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ээлигүү, токтоно албоо, делебеси козголуп, бир орунга тура албоо, күүлөнгөн, эргиген көңүлдө болуу. Акылы жарым азамат, Алты сом тапса желигет (Осмонкул). Желигип калган экенсиң, Жериңден жетик кол жыйып, Ээлигип калган экенсиң («Манас»). Совет өкмөтү чыккандан бери бала да, чоң да окуу деп желигет (Сыдыкбеков).