ЖЕЛДИК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаТокулганын биринен болгон желдик сөзүн тердик сөзү менен салыштырып, тердик сөзү тер+дик бөлүктөрүнөн турарына таянып, желдик сөзүн да жел>дик деген морфемаларга ажыратууга болот. Бирок мунун жел уңгусунун мааниси эмнени билдиргени белгисиз бойдон калат. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде желдик сөзү жагелдирик (жәгәлдирик) болуп да айтылат (Юдахин, 210). Ушуга караганда сөздүн алгачкы формасы жагалдырык түрүндө болгон деп эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Сөздүн уңгусун түзгөн жагал сөзү алгачкы такал этиши болгон. Сөз башындагы т тыбышы й тыбышына өтүшүнүн натыйжасында такалдырык деген сөз йакалдырык> йагалдырык>йәгәлдирик>желдик болуп өзгөргөн. Желдиктин жээги кырданып, саал дөмпөйүп турат. Ошондуктан ээр ал кырууга такалып, алга же артка жылып кетпей, ээрдин эки капталы менен бирге болот. Кыргыздын «найза саймак эрдиктен, ат жоорутмак тердиктен» макалы кыруусу начар тердиктен ээр чыгып кетишине же тердиктин жука жасалышына байланыштуу айтылган. Сөзүндүн аягында келген -дырык мүчөсү кыргыз тилинде көмөлдүрүк, тамандырык, кычкылдырык, сагалдырык, моюнтурук, кескелдирик, бөлтүрүк, көкүлдүрүк, булдурук, чымылдырык, түйүлдүрүк, кыпчылдырык сыяктуу сөздөрдө кездешет. Айрым сөздөрдө -дырык мүчөсүн кыскартып, -дык түрүндө айтууга да болот. Мисалы: суулдурук – суулук, чымылдырык – чымылдык, кашкалдырык – кашкалдык, кыпчылдырык – кыпчылдык, кычкылдырык – кычкылдык ж. б. Ушуга караганда азыркы кыргыз тилиндеги -дырык жана -дык мүчөлөрү чыгыш теги боюнча бирдик түзөт.