Киргизско-русский словарь Юдахина
1. скакун, скаковая лошадь, бегунец;
бөлүнүп чыгып келатса, күлүктүн көркү чаңында фольк. красота скакуна, когда он вырывается вперёд, в его пыли (которую он поднимает быстрым бегом);
ит күлүгүн түлкү сүйбөйт погов. быстроногую собаку лисица не любит;
дүйнөдө эмне күлүк? загадка что (самое) быстроходное в мире? (отгадка ой мысль);
жөө күлүк (о человеке) бегун (букв. пеший скакун);
мээси жок күлүк выдающийся скакун;
күлүк чап- участвовать в конских скачках;
күлүк чаптыр- пускать своего коня на скачки;
күлүк байла- готовить (скаковую) лошадь к скачкам;
2. перен. мечевидный отросток (у овцы, козы);
коо бузган күлүк см. коо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Катуу жүгүргүч, тез чуркагыч, катуу жүгүрүшү, чуркашы боюнча башкалардан айырмаланган. Күлүк атын атамдын Сурап келгин, кырк жигит («Курманбек»). Кеп көтөрбөй жакшы болбойт, Тер көтөрбөй күлүк болбойт (макал). Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мыкты жүгүргөн, жүрүшү, чуркаганы тез, ылдам. Күлүк атын атамдын Сурап келгин, кырк жигит («Курманбек»). Мүйүздөрүн алты кайрып орогон Тайган жетпес күлүк теке, кулжа бар (Осмонкул). Демейде кибиреген тумсак Керез күлүк Кычанга да караандатпай жөнөдү (Бейшеналиев). Күчтүү күлүк от араба Алга карай зыркырайт (Токомбаев). || Катуу жүгүргөн, күлүктүгү жагынан таанымал болгон жылкы. Күлүк күнүндө, тулпар тушунда (макал). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). Бөлүнүп чыгып келатса, Күлүктүн көркү чаңында («Мендирман»). Күлүк кетсе из калар, Күлдү журтта сөз калар (Калмырза). Таң-тамаша башталды, Күлүктөр тандап чабылып (Шүкүрбеков). Күлүк келет төрт аягы соруп жер, Күү-шаа түшөт тогуз балда согуп жел (Кулумбаев).2. Тынбай удургуй берген, тез-тез өзгөрүлүп турган, учкул. Көпчүлүк кызый-кызый сөзгө кирип, Күлүк ой барган сайын өзгөрүлүп (Осмонкул). Десеңчи чиркин санаа кандай күлүк (Турусбеков). 3. Алдыда, алдыңкы катарда экендигин, мыктылыгын, башкалардан өзгөчөлүгүн билдирүүчү эпитет катарында колдонулат. Мен кыргызмын, жигитмин, Байгеде чыккан күлүкмүн (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тез чуркоочулук, тез жугүрүүчүлүк. Күлүктүктүн белгисиЖер тандабай жүгүрөт (Токтогул). Атка жеңил, тайга чак Күлүктүгү бар экен («Эр Төштүк»).
  1. 2.                  өт. Ырдаганда токтолбой шар кетүүчүлүк, төгүп ырдоочулук. Күлүктүгүм карматсам, Жарышмакка кандайсың (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тез жүгүргөндүк, ылдамдык, күлүк жылкыга же башка айбандарга, транспорттун түрлөрүнө ж. б. таандык касиет, сапат. Күлүктүктүн белгиси – Жер тандабай жүгүрөт (Токтогул). 2. өт. Ырдаганда, сүйлөгөндө ж. б. токтолбой шар кетүүчүлүк. Күлүктүгүм карматсам, Жарышмакка кандайсың (Осмонкул).