ЖЕЛ ТАМАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак. Жел таман желип-жортуп айылдап жүр. Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Арбак урган жел таман балдарды ээрчитип кайда кетип калды («Ала-Тоо»). 2. Жеңил мүнөз, туруксуз, шайкелең. – Анын эмнесине аза күтөсүң? Андай жел тамандар фронтовиктен айлансын! (Абдукаимов). Ал жел таман ойсоктогон мүнөздөрүнө жараша эң болбогондо көз жашы кылып тынуу керек («Чалкан»).