~: желбир-жулбур болтающийся.
: желбир-желбир туур. Желп-желп эткен кыймыл, жука нерсенин (мис; чүпүрөктүн) желге ыргалганы. Жеңиш туусу, Желбир-желбир Жеңиш күүсүн чертейин (Үмөталиев). Желек желбир-желбир этет.
этиш. Желге ыргалуу, желбир-желбир этүү. Туу желбиреп, барабан кагылууда (Сыдыкбеков). Майрамдын көркүн чыгарат, Кызыл туулар желбиреп (Осмонкул).
1. (о ветре) веять;
2. развеваться (напр. о флаге).
flap флэп;
flutter ‘флатэ;
wave уэйв
Желге ыргалуу, желп-желп этип кыймылдоо. Туу желбиреп, барабан кагылууда (Сыдыкбеков). Тармал чачтары бир байлам жоолуктан чыгып, шамалга желбиреп келатат («Жаш ленинчи»).
Желбир-желбир эткен, желбиреп турган, желбиреп өзүнчө тилке болуп турган.
желбире этишинин аркылуу мамилеси.
желбире этишинин аркылуу мамилеси. Желбиретет жибек чачын жумшак жел (Үмөталиев).
Жука нерселердин желден, эпкинден козголо түшкөнүн, желп-желп этип кыймылдаганын билдирүү үчүн колдонулат. Желек желбир-желбир этет.
желбире этишинин кыймыл атоочу.
желбире этишинин кыймыл атоочу.
зат. 1. Асылып турган абалда кооздук үчүн тагылган ар түрдүү жасалга.
2. Короздун ээгиндеги салаңдап турган жумшак кызыл эти. Желбирөөчүн салбыраткан кызыл короздор (Каимов).
желбирөөч (желбүрөөч
эмес)
желбирөөчтү
моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп, ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине асыл таштар чөгөрүлүп, мунун эки учу күмүш зымдар менен чынжырланат. Ошондой эле торчолонгон бир нече сеңселген тал-тал чачылары төгүлүп турат. Ага жумурулган сүйрү жука темир илинип, анын сырты ипичке эшилген күмүш зымдар менен жиксиз торчолоно кынапталат. Мындан да жогорудагыдай кайрадан күмүш зымдар чынжырлана чыгып, анын араларына шуру тизилет. Андан төмөн учтарына сүйрүлөнгөн жука күмүш кулакчандар түйүлүп турат. Ушундай аземделип бүткөн желбирөөчтүн эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу, же жүрөкчө түрүндөгү зер жасалгасы ошол эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.
Мында күмүш бетине из түшүрүүгө, акак таш, айнек өңдүүлөрдү чөгөрүүгө да ойдогудай мүмкүнчүлүк болот. Ага «кыял», «жарым кыял», «мүйүз», айчык», карга тырмак» сыяктуу оюмдун өз ара ыргактуу элементтеринен турган кооздуктар кылдат берилет.
Желбирөөч ар кандай түрдө жасалып келинген. Анын көйнөктүн сыртынан моюнга тага турган чаканыраак, башкалардан айырмаланган түрдө кармалган түспөлдөрү да бар. Мындай буюмда чыны шуру басымдуулук кылып, анын жүзүн ачат. Тал-тал бөлүнгөн бул шурулардын араларын бөлүп, беттери өтө майда-майда жылбырчыктата «чегелеген», «сиркелетилген» жана «тогуз төбөлөнгөн» кооздуктар менен тутумдашат. Кызыл шуру менен зер биринин кооздугун бири толуктап, ого бетер кулпунтат. Буга катар бой тумардын бүтүндөй бөлүктөрү түшөт. Анда тиш чукур, искек өңдүүлөрү болот.
1. Чачык сыяктуу желбиреп, асылып турган абалда кооздук үчүн тагылган ар түрдүү жасалга. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү күнгө чагылышып жалтылдайт. 2. Короз, тоок, индюк сыяктуу үй куштарынын алкым жагындагы эт сыяктуу кызыл желбиреги. Желбирөөчүн салбыраткан кызыл короздор моюндарын керкейтип кыйкырышат (Каимов).
Жука нерселердин шамалдан, желден козголо түшкөнүн көрсөтүүдө колдонулат. Жоолугунун учтары желбирт-желбирт этет.
этиш. Тез-тез желп-желп этүү, желбирөө. Жоолуктун учтары желбирттеди.
развеваться;
жоолук учтары желде желбирттеген концы платка развевались на ветру.
Желп-желп этип тез-тез жеңил кыймылдоо, желбирөө. Көйнөктүн этеги желбирттеди.
желбиртте этишинин аркылуу мамилеси.
желбиртте этишинин аркылуу мамилеси.
желбирттөө
желгенине жел жетпөө
желбиртте этишинин кыймыл атоочу.
то же, что желбүрөөч
сөйкөнүн желбирчеги побрякушки на конце сөйкө (см. сөйкө I).