ЖЕЛКЕЛЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Желкеден алуу, желкеден кармоо. Томаякты желкелеп, Бай көрсөткөн мушту айт (Барпы). 2. Бирөөнүн артынан түшүп, ыкыстатып, демитип алуу, алдына салып айдап алуу. Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Баскын деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул). 3. Ыкыстатып жакын кирип келүү, аз калуу, жакын калуу, чукулдап калуу. Ошентип бул окуя жашым алтымыштан ашып, жетимишти желкелей барганда башыма келип отурат («Чалкан»).