желин
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Сүт эмүүчү айбандардын (мисалы, уйдун, койдун ж.б.) эмчектер аркылуу сүт чыгара турган сүт бези. Бээлердин желиндери жарылып кетмек болду (Сыдыкбеков). Байлоодо жулунуп турган музоо томураңдаган бойдон барды да, энесинин желинин сүзүп алды (Убукеев).
♦Желин салуу — желини чоңоюу, желиндөө (тубарына жакындаган бооз мал жөнүндө). Ой Калыйпа, билбейсиң, Арык кой желин сала албайт (Осмонкул). Кара желин — сүтү аз, сүтү кем желин. Эчкиче опо бербеген Кара желин уйлардан Каймак сүтүн алышат (Сыдыкбеков).