Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көпкөлөң тартып, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей жүрүп, бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келүү, жини кагылып, көзү ачылуу, мурдагысындай болбой калуу. Дардаңпостун жели чыксын дегенби, Тоймат кескин жооп кайтарды (Каимов). Желиң чыгып, демиңдин бөксөргөнү ушул (Сасыкбаев). Ошентип, өзүнчө ээлигем деп жели чыккан Тазабек, журт башына оор күн түшкөндө да айлына анча арка-тирек боло алган эмес (Сыдыкбеков). Эми жели чыккан, Поп, молдо, душман (Тоголок Молдо).