седельные пуки (под лавками седла), джильдыки.
зат. Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кабат-кабат шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү. Желдиги жок ат минсең, Өркөч, бели жоор болот (Осмонкул). Алты кабат бир желдик Айлана басып капшырдым (Бөкөнбаев).
«Желдиги жок ат минсең, өркөч, бели жоор болот» (Осмонкул). Бул — ээр токумдун бир бөлүгү. Тердиктин үстүнө коюлат. Ал — ээрдин эки каптаргасына кынала өлчөнүп жасалган кош кийиз. Муну чеберлер эки-үч каттай катуу шырып жасайт. Анын кайыштан кошогу болот. Бышык болушу үчүн мунун сыртына көбүнчө булгаары капташат. Көчмөңдүү турмушта кыз-келиндер токулуучу желдиктин бурчтарын жылдызчалап чегелеп, ээрдин астынан жалтылдап көрүнүп тургандай кылып койгон. Ал «музтердик» деп аталат. Муну айрым жерлерде «ээрдин жаазы» дейт. Анын оң жагы ээрдин оң актасына, сол жагы ээрдин сол актасына кынаптала түшө турган белгилери болот.
Токулганын биринен болгон желдик сөзүн тердик сөзү менен салыштырып, тердик сөзү тер+дик бөлүктөрүнөн турарына таянып, желдик сөзүн да жел>дик деген морфемаларга ажыратууга болот. Бирок мунун жел уңгусунун мааниси эмнени билдиргени белгисиз бойдон калат. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде желдик сөзү жагелдирик (жәгәлдирик) болуп да айтылат (Юдахин, 210). Ушуга караганда сөздүн алгачкы формасы жагалдырык түрүндө болгон деп эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Сөздүн уңгусун түзгөн жагал сөзү алгачкы такал этиши болгон. Сөз башындагы т тыбышы й тыбышына өтүшүнүн натыйжасында такалдырык деген сөз йакалдырык> йагалдырык>йәгәлдирик>желдик болуп өзгөргөн. Желдиктин жээги кырданып, саал дөмпөйүп турат. Ошондуктан ээр ал кырууга такалып, алга же артка жылып кетпей, ээрдин эки капталы менен бирге болот. Кыргыздын «найза саймак эрдиктен, ат жоорутмак тердиктен» макалы кыруусу начар тердиктен ээр чыгып кетишине же тердиктин жука жасалышына байланыштуу айтылган. Сөзүндүн аягында келген -дырык мүчөсү кыргыз тилинде көмөлдүрүк, тамандырык, кычкылдырык, сагалдырык, моюнтурук, кескелдирик, бөлтүрүк, көкүлдүрүк, булдурук, чымылдырык, түйүлдүрүк, кыпчылдырык сыяктуу сөздөрдө кездешет. Айрым сөздөрдө -дырык мүчөсүн кыскартып, -дык түрүндө айтууга да болот. Мисалы: суулдурук – суулук, чымылдырык – чымылдык, кашкалдырык – кашкалдык, кыпчылдырык – кыпчылдык, кычкылдырык – кычкылдык ж. б. Ушуга караганда азыркы кыргыз тилиндеги -дырык жана -дык мүчөлөрү чыгыш теги боюнча бирдик түзөт.
Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кат-кат кылып шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү. Алты кабат бир желдик, Айлана басып капшырды (Бөкөнбаев). Желдиги жок ат минсең, Өркөч, бели жоор болот (Осмонкул).