ЖЕЛКЕМДИН ЧУҢКУРУ КӨРСҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көргүм келбейт, экинчи муну көрбөйүн, мындан ары көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Экинчи бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн (Бөлөкбаев). Адам сөөктөрүн көргөндө көздөрү чанагынан чыгып, экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн деп, качып жүргөндөр андан көп (Бейшеналиев). Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев). В.: Көрөйүн деген көз желкенин чуңкурунда. Базарбайдын Акылбекти көрөйүн деген көзү желкесинин чуңкурунда.