Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Моюндун арт жаккы бөлүгү, шили, кежиге. Эне уйпаланган чачын сылап, желкесине кайырды (Байтемиров). Бай баласы муштап кетсе желкеге, Төгүп жашын, мөгдөп жерди караган (Бөкөнбаев). Базыл малакайын желкесине түшүрө кийип, адырайып тиктеп турат (Касымбеков). 2. Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы, шили жагы. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт (макал). 3. Бир нерсенин арка жагы, арт жагы. Копер мунарасы дөбөнүн желкесинде болучу (Сасыкбаев). Бул таштын желкесине салган короо (Маликов).