ЖЕЛМОГУЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кыргыз, казак, элдеринин оозеки чыгармаларында картаң кемпир кебетесиндеги көпчүлүк учурда жети баштуу тири укмуштуу мифтик жандык. Байыркы түрк тилинде жел – карасанатай дух, жин-шайтандуу жандык. Бир желмогуз өттү деп («Манас» С. О.). Соргон сайын желмогуз түк тойбоду, Жумуруна али жук болбогондой (Үмөталиев). Жалгыз көздүү желмогуз, Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Жез кемпир сурап алып өгөөнү, Желмогузга бериптир, Төштүк («Эр Төштүк»). 2. өт. Түрү суук, ачкорок, соргок, залим, опкок, мыкаачы. Жалгызынан айрылган, Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»). Жетилип, кедей, кутулдуң, Желмогуздун оозунан (Токтогул). Желмогуз жетим тойбойт деп, Жек көрүмчү болорсуң (Осмонкул).