Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирде катуулап, бирде акырындап согуучу абанын агымы, шамал. Коңур жел. Капчыгайдан сыдырым жел сого баштады (Абдукаримов). Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт (макал).
¨ Жел сөз — куру сөз. Жел өпкө — ала көөдөн, жеңил мүнөз. Баарыдан да, Талканбаевдин жел өпкөлүгүн! («Чалкан») Жел таман — көп баскан, бир жерде тура албаган, кыдырып эле басып жүргөндү жакшы көргөн. Парман менин Айымханым силер айткандай жел таман эмес (Бөкөнбаев). Жел таман желип-жортуп айылдап жүр, Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо). Жели чыгуу — көөп жүрүп, бой көтөрүп, эч кимди көзүнө илбей жүрүп бир катуу жазадан, кырсыктан улам эсине келүү, сынын, басына түшүү. Жел бакан — шамал болгондо боз үйдүн ичинен тиреп бекитүүчү башы ачакей бакан, шыргый. Жел боо — түндүктүн капшыт жаккы эки жанына тагылып, үйдү шамал учурбас үчүн коломтонун башына кагылган казыкка бекитип байлануучу жиптер. Жел кайык — шамал менен жүрүүчү кайык. Тор салып Иван азамат, Айдаганы жел кайык (Үсөнбаев). Жел тегирмен — желдин күчү менен жүрүүчү тегирмен.
ЖЕЛ II этиш. 1. Катуу басыктан ылдам, текиреңге жетпеген жүрүш менен жүрүү , жорто жүрүү. Бөрүчө желип бөксөлөп жөнөдү («Чалкан). Желип жүрүп отуруу.
2. өт. Үстүртөн кайып өтүү, тереңдеп барбоо. Жети күнкү жаандан, желип өткөн суу жакшы (макал).
ЖЕЛ III же этишинин туюк мамилеси.