ЖЕЛДИРМЕ УЙКАШТЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015адаб. 1. Ыр уйкаштыгындагы ар кылдуулук, уйкаштыктын бир формасын (шыдыр, аттама, жуп, аксак уйкаш) карманбай, ыңгайына жараша ар түрдүү уйкаштыкка салып ыр куроочулук. 2. Мазмундук байланышка караганда уйкаштык байланыш биринчи орунга коюлуп, бир эле ойду бир канча вариацияга салып желдирип ыр куроочулук. «Алтындай сака калчадың ботом, Айлыңа жетпей чарчадың ботом, Күмүштөн сака калчадың ботом, Күнүңө жетпей чарчадың ботом» («Карагул»).