ЖЕРДЕН АЛЫП, КӨРГӨ УРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан катуу тилдөө, абийрин кетирүү, жер-жеберине жетип аябай жемелөө. Акунжанды жерден алып көргө уруп, күн сайын Эрке кыздын көзүнө суук көргөзө берди (Байтемиров). Күйөө баласын эми жерден алып, көргө уруп, жамандап жүрдү (Садыбакасов).