ЖЕТКИЛЕҢ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бардык жагынан төп келишкен, жетик, билгич. Жеткилең бабаң зор Манас, Жердегени кең Талас («Сейтек). Жесир жүрүп ат чапкан, Жеткилең жеңен, ушул эр («Манас»). 2. Толук жетиштүү, жетишерлик даражада, жеткиликтүү. Абылдын оокаты тың, өз алдынча жеткилең, таза (Сыдыкбеков). Жети-Өзөндө жедигер, Кадимкидей беш ай болуп, Жеткилең кыйын той кылып («Сейтек»).