этиш. Талкалоо, ойронун чыгаруу, ташын талкан кылуу, жок кылуу. Жексендеп сени, желмогуз, Жеткиребиз көрүнө (Бөкөнбаев). Жексендеп душман жезитти (Бөкөнбаев).
сровнять с землёй; уничтожить;
жексендеп көм- зарыть, сровняв поверхность.
Талкалоо, кыйратуу, жок кылуу, жоготуу, ойрондоо. Кутурган желдеттерди жексендедик, Жарк этип күчөп күйдү азаттык шам (Токомбаев). Жексендеп жерге жапшырдык, Желмогуз душман жезитти (Бөкөнбаев).
жексенде этишинин аркылуу мамилеси.