ЖЕР МЕНЕН ЖЕКСЕН КЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жок кылуу тыптыйпыл кылып жоготуу, кыйратуу, талкалоо. Фашисттик жырткычты жер менен жексен кылмайынча, артынан түшкөнү түшкөн (Баялинов). Бай-манаптар бейкам элди тарпка конгон жорудай канын соруп, жер менен жексен кылып, бейкут журтту кансыраткан (Бейшеналиев). 2. Баш көтөртпөй катуу запкы көрсөтүү, тебелеп-тепсеп колдон келет кылуу, кордук көрсөтүү. Алсыз кедейдин кызы болгону үчүн каардуу кайнене анда аны жер менен жексен кылып кордогон (Сыдыкбеков). В.: Жексен кылуу. Фашистти жексен кылууну Баатыр аскер билүүчү (Бейшеналиев). Душманды жексен кылууга, Балбандар турат тирелип (Бөкөнбаев).