Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оордугу азаюу, салмагы азаюу, жеңил болуу. Чолпон жеңем жеңилдеген, Элечегин таштаган (Бөкөнбаев). Чал чоң ичигин чечкенге жеңилдей түштү («Ала-Тоо»). 2. Өзүн жакшы сезүү, сергий түшүү, кандайдыр бир оор абалдан кутулгандай болуп эс ала түшүү. Денеси чыйралып жеңилдей түштү («Эл акындары»). Муңдар үшкүрүк менен кошо алда кайда чачырап кеткендей жеңилдене түштү (Элебаев). Залда отурган көрүүчүлөргө үйүр ала түшкөндөй болуп, азыраак жеңилдей түшкөнсүдү («Эл акындары»). 3. Оңолуу, түзүк абалга келип өйдөлөй баштоо, кыйын оор абалдан чыга баштоо. Оорусу мурдагыдан жеңилдеп, айыгайын деп калды. 4. Оңойлоо, жөнөкөй боло баштоо, солгун тартуу. Иш жеңилдеп, бүтөйүн деп калды.