ЖЕП ЖИБЕРЧҮДӨЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аябай каарданган, жекире карагандай, жаалын төккөндөй, жек көргөндөй кебетеде. Езеф чукулдап келип Шволикти жеп жиберчүдөй карады (Ашымбаев). Шарапат көзүнүн кыйыгы менен Чечейбайды жеп жиберчүдөй тиктеп, эмне кыларын билбей турду (Абдукаимов).