ЖЕТИК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кыраакы, акылман, кылдат, даанышман. Акыл менен иш кылат, Адамдардын жетиги (Тоголок Молдо). Жетигиң Ленин куткарды, Жезиттин жаккан отунан (Токтогул). || Бир нерсеге жөндөмдүү, шыктуу, тетик. Кадыр билген жар болсоң, Өзүң жетик билимдүү, Убадалуу жан болсоң (Тоголок Молдо). Ушунчалык эл сүйгөн, Өнөргө жетик устасы (Осмонкул). || Мыкты, чыгаан, кыйын. Жетик күлүк Тоо кызыл, Желиктирип чуркатып («Сейтек»). Арстан Бакай олуям, Айласы жетик шер ошол («Семетей»). Жети баш кемпир сыйкырчы, Жетик амал салыптыр («Манас»).