ЖЕР КАЙМАКТАГАНДАН БЕРИ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Капкачан, атам замандан, алда качан, көптөн бери, небактан бери. Мындай расми жер каймактагандан бери жок эле дегеним да (Үмөталиев). Жер каймактагандан бери кошокторду бөктөрүп жүргөнсүп сүйлөйсүз да, жарыктык! («Ала-Тоо»). Биз ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди иш жүзүнө ашыра турган адамдарданбыз (Байтемиров). В.: Жер замандан бери. Алардын шилтээр шумкары баягы эле жер замандан бери кой багып атагы чыгып жүрчү эле, көрчү муну (Кыдырмышев).