ЖЕРГЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү бир жер, өлкө, аймак. Берекелүү Ала-Тоо Жергемден салам айтамын (Үмөталиев). Бактылуу элдин жергеси, Менин сүйгөн республикам (Үмөталиев). || Конуш, турак-жай. Жергеси короо, жети бак, Кандай хандын ордосу («Сейтек»). Конушу шибер көпкөк чөп, Келишкен экен жергеси (Токтогул). 2. Эл-журт, ага-тууган, айыл-апа. Нусканы өзүң үчүн кылба, жергең үчүн кыл (Жантөшев). Желикпегин Канчоро, Жергеге эсен жетелик («Сейтек»). Тобуңдан кетсем аман бол, Толгон кыргыз жергеси (Токтогул). || Белгилүү бир чөйрөдөгү адамдар, айлана-тегеректегилер. Жергеси чарчап болгону, Алты күн тартып толгоону («Семетей»).