Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаанын огу. Көпчүлүк учурда сыр жебе түрүндө сыпаттамасы кошо айтылат. Сыр жебе жаанын огунун жылмаланган абалын туюнтат. Алеңгир жаа, сыр жебе («Манас» С. О.). Алеңгир жаа, сыр жебе, Кошо тартат Чынкожо («Семетей»). Жебе зуулдап жетүүчү, Токсонун тешип өтүүчү («Сейтек»). 2. Жаа. Бугунун сөөгүн тилдирип, Жебеге кере тарттырып («Семетей»). Жай күнү төккөн мөндүрдөй, Жаадырган огун жебенин (Бөкөнбаев). 3. Жаа огунун учундагы учтуу темири. 4. Өлчөгүч, ченегич, көрсөткүч буюм, аспаптардагы керектүү сан, белгилерди көрсөткүч (мисалы, саатта, таразада ж. б.). Сааттардын жебелери тирелип, Жаңы гана он экиде турганда (Токомбаев). 60 грамм эт салынгандыгын таразанын адилеттүү жебеси көргөзүп турат.