ЖЕТИ ӨЛҮП ЖЕРДЕ КАЛСАМ ДА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! – деп, Дөөт күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). – Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).