жең
Толковый словарь кыргызского языка (1969) I зат. Кийимдин колго кийилүүчү бөлүгү. Көйнөктүн жеңи. Чапандын жеңи. Жеңи чолок бешмант.
¨ Жең ичинен — башкаларга билгизбей, жарыя кылбай, тымызын.
ЖЕҢ II этиш. 1. Багынтуу, баш ийдирүү, жеңишке ээ болуу, жеңилүүгө аргасыз кылуу. Биз жеңебиз душманды, Убадасын бузганды (Тоголок Молдо). Совет эли жеңди деп, Тарыхта аты жазылды (Осмонкул).
2. өт. Күч, чебердик, өнөр ж.б. жагынан үстөм кылуу, беттешкен, каршы турган тараптан артыкчылыгы бар экендигин көрсөтүү (мис., спортто); ийгиликке жетишүү, жакшы натыйжага ээ болуу, басымдуулук кылуу. Кайсы команда жеңип чыкты экен? («Ала-Тоо»). Айтышып-айтышып отуруп, акыры силер жеңдиңер («Чалкан»). Иш бүткүл кайгыны жеңет, көңүлдүн кирин кетирет (Байтемиров). Кирипсиңер колхозго, Жокчулукту түбү менен жеңип сал! (Турусбеков).