ЖЕЗ ТУМШУК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. миф. Тумшугу, тырмактары жез, көбүнчө аял кебетесинде кубулуп көрүнүүчү, кулак тундурган ачуу кыйкырыгы бар укмуштуу жан, жез тырмак. Же жез тумшук кыйкырдыбы? (Токомбаев). Мергенчи мылтыгын алып, карагайдын башында аңдып отурса, жез тумшук келип, чаңырып дөңгөчтү басып калат (Сыдыкбеков). 2. Ырайымсыз, канкор, мыкаачы. Фашист деген – Кан тырмактуу, жез тумшук, Кара жүрөк, эч кылмыштан кайтпаган (Маликов).