ЖЕТЕЛЕ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаТарыхый жагынан алганда жетеле этиши жет+еле морфемаларынан куралган. Байыркы түрк тилинде йет этишинин өзү эле «жетеле» маанисин берген (ДТС, 258). Ошол уңгу сөз кыргыз тилинде байыркы калыбында сакталбай, ага кыймыл-аракеттин көп кайталанганын билгизе турган -ала мүчөсү жалганган түрү менен бирге айтылганы гана колдонулуп калган. Ал эми жетек, жетекчи сөздөрүндө этиштин зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып, жетек сөзү жаралган.