ЖЕТЕЛЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Маданият кичинекей бөбөгүн жетелеп ойноп жүрдү (Сасыкбаев). Коштоо атын жетелеп, Курман илгери жөнөдү (Убукеев). Ороктун үч эрден чыккан сойкусун жетелеп келген тура, мүшкүл (Сыдыкбеков). 2. Акыл айтуу, жол көрсөтүү, жол баштоо, ээрчитүү. Ар сабактан көмөктөш, Алга сени жетелеп (Нуркамал). Эрк таңына эмгекчини жетелеп, Бакты берип маңдайынан сылаган (Калык).