рогоз, ситник, куга (болотное растение).
зат. Сазда өсүүчү, сабагы жумуру жана узун келген өсүмдүк. Ал жердин арпа, сулуу, буудайы.. жел соккон жекендей болуп чайпалып турат (Байтемиров). Ээлесек сени, Ысык-Көл, Жээгиңде жекен сазыңды («Эр Табылды»).
Сабагы жумуру жана узун келип, суу жээгинде, сазда өсө турган өсүмдүк. Көлдүн айланасына өскөн камыш, балгын, жекендер көлдүн көркөмдүгүн арттырат (Жантөшев). Жер кыдырып жел жүрсө, Желпилдеп турган жекени («Семетей»).
~: жекенди тон (в эпосе) название верхней одежды.
жекенди: жекенди тон
(фольк.)
Эпостордо айтылуучу тыш кийимдин бир түрү.
ир.
маленькая узкая стёганая подстилка для сидения (прим. см. баяндос 2).
зат. диал. Алдыга салына турган эни тайкы, узун төшөк.
диал. Отурганда алдыга салына турган ичкерээк келген узун төшөк, көрпөчө. Жекендос жерден алдырып, Баяндос мамык салдырып («Манас»).
сын. Жекени бар, жекен өскөн.
Жекени бар, жекен өскөн. Жекендүү көл. Жекендүү саз.
(в эпосе) ремённый пояс;
жекене белге курчангаң фольк. он перепоясался ремённым поясом.
Кайыш кур (эпостордо). Жекене белге курчанган, Жети түмөн кол келсе, Желбегей кирип кол салган («Семетей»).