жетиш
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Жеткиликтүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, тиешелүү санда болуу. Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт. Эркеги жетишпей жаткансып, кыздары кошо энтеңдейт (Сыдыкбеков).
2. Үлгүрүү, өздөштүрүү, бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). Колхоз бардыгынан жетишип жатат, бир кемчилиги ушул водопровод аркылуу кыштакка сууну жеткирбегенинде (Таштемиров).